Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 07:51

Саясат

"Ата Журт" менен "Ата Мекен" каттоодон өттү

БШКдан биринчилерден болуп эки партия - "Ата Журт" жана "Ата Мекен" каттоодон өттү. "Ата Журт" партиясынын тизмесиндеги талапкерлердин катарында кылмыш иши козголуп, издөөдө жүргөн адамдардын болгондугу БШКда бир катар талаш туудурду. Бирок БШКнын көпчүлүк мүчөлөрү сот чечими чыкмайынча эч ким күнөлүү деп эсептелбейт деген жүйөөгө таянып, тизмедеги адамдарды толук бекитип беришти.

Текст көлөмү - +
10-октябрга белгиленген парламенттик шайлоого катышууну каалап, Борбордук Шайлоо Комиссиясына тиешелүү документтерин тапшырган 29 партиянын экөөсү - "Ата-Журт" жана "Ата Мекен" партияларынын талапкерлери бүгүн каттоодон өттү. Мындай чечим он үч кишиден турган Борбордук Шайлоо Комиссия мүчөлөрүнүн отурумунда кабыл алынды.

«Ата Мекен» партиясынан шайлоого барчу 120 талапкердин ичинде 81 эркек, 39 аял, 33 жаштардын өкүлү жана 23 башка улуттун өкүлдөрү бар. “Ата Журт” партиясынын талапкерлеринин курамына 84 эркек, 36 аял, 28 жаштардын өкүлдөрү жана 18 ар улуттун өкүлдөрү кирген.

Борбордук Шайлоо Комиссиясынын мүчөсү Эрик Ирискулбеков партиялар тиешелүү талаптарга ылайык каттоодон өткөрүлүп жаткандыгын билдирди:

- Партияда 70 пайыздан ашык бир жыныстагы адамдар болбош керек. Мисалы, 70 пайызы эркектер, 30 пайызы аялдар. Же тескерисинче болушу мүмкүн. Бул биринчи баалуулук. Экинчиси жаштардын баалуулугу. Партияда 35 жашка чейинкилер 15 пайыздан кем болбош керек. Үчүнчүсү болсо партиялардын 15 пайыздан кем эмес бөлүгүн ар кыл улуттагылар түзүшү абзел.

Мындан сырткары партиянын мүчөлөрү 21 жаштан өйдө болушу талапка ылайык жана партия мүчөлөрү сот жообуна тартылбаган болушу абзел. Борбордук Шайлоо Комиссиясынын мүчөсү Жеңиш Акматов билдиргендей, буга чейин “Ата Мекен” партиясынын төрт мүчөсүнө каршы кылмыш иши козголгон. Бирок бул боюнча соттун чечимдери болгон эмес. “Ата Журт” партиясынан болсо партиянын мүчөлөрү Нариман Түлеев, Фархат Исмаиловго издөө салынган. Партиянын дагы бир мүчөсү Нурлан Сулаймановго каршы кылмыш иши козголуп, кайсы бир чечим чыккан эмес.

Борбордук Шайлоо Комиссиясынын дагы бир мүчөсү Абдымомун Мамараимов билдиргендей, партиялардын кылмыш иши козголуп издөөдө жүргөн мүчөлөрү да депутаттыкка талапкер макамына ээ болушту. Депутаттыкка талапкер адам, кодекске ылайык, сот жобуна тартылбайт:

- Баягы Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер деген иммунитети болот. Аны камакка алууга, сот же башка кылмыш жоопкерчилигине тартууга тыюу салынат, ал талапкер болгону үчүн.

Шайлоо жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Кодексинин 28-беренесинде катталган талапкер шайлоонун жыйынтыгын шайлоо комиссиясы жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыялаган күнгө чейин Борбордук Шайлоо Комиссиясынын макулдугу болмоюнча кылмыш жоопкерчилигине тартылышы, камакка алынышы же сот тартибинде көрүлүүчү административдик жаза чараларына кириптер кылынышы мүмкүн эместиги жазылган эле.

"Ата Журт" партиясынын мүчөсү Нариман Түлеевдин издөөдө болушу Борбордук Шайлоо Комиссиясынын айрым мүчөлөрүндө күмөн суроолорду туудурду. Бул себептерден улам комиссиянын үч мүчөсү аталган партиянын талапкерлерин каттоого каршы деген добуштарын беришти. Ошол эле учурда “Ата Журт” партиясынын өкүлү Александр Мощин соттун чечими чыкмайынча кайсы бир адамды күнөөлүү деп эсептөөгө негиз жок экендигин өз кезегинде билдирди.

Август айынын он бешине чейин шайлоого катышуу ниеттерин элүүдөн ашык партия билдирип, алардын экиден өкүлдөрү каттоодон өткөн. 30-августка чейин партиялар жер-жерлерде курултайларын өткөрүп, партиянын 120 кишиден турган мүчөлөрүнүн тизмесин жана шайлоого катышуу үчүн 500 миң сомдон турган төлөм акыларды бериши керек эле. Белгиленген мөөнөткө чейин 29 партия бул шарттарды аткарып, документтерин тапшырган. 10-сентябрга чейин партиялардын тиешелүү документтери каралып чыгып, парламенттик шайлоого катыша турган партиялардын анык тизмеси жарыяланмакчы.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Танкалуу каяктан: Ош
04.09.2010 17:11
Мени тан калтырган бир нерсе: бул Партиялардын гимнине, гербине, атрибуттарына жасаган ып-ысык мамилесин карап туруп тан калып жатам. Эмне учун Кыргызстаныбыздын атрибуттарына мынчалык чон маани бербей келдик. Партиялардын лидерлерин президент катары ак кийизге которуп, туу тутуп жатышат. Мен корко баштадым: эми Кыргызстандын ичинде ондогон олколор пайда болот окшойт.

кимден: Кыргыз кыз каяктан: Каракол шаары, Ысык-Кол
04.09.2010 14:23
Саясий оюндар башталганы, ал-ахбал ден соолуктан эмес, кайсы партиядансың деп суроодон башталчу болду. Кыргызстандыктар, ойлонгула! Балдардын келечегин ойлогула! " Патриот бололучу" деп суранмакмын. Кыргыздар менен сүйлөшсөң "канча акча берет экен" деп сурашат дароо эле. Орус достор менен сүйлөшсөң "Ким чынчыл, демократчыл" деп, акча жөнүндө ооз ачышпайт. Биз ушунча эле "дешевый" болуп калдыкпы, акчага сатылып? "За Державу обидно!" Эсиңерге келгилечи

кимден: бишкектин четинен
03.09.2010 11:32
бир жаш тааныш бала айтты "тизмеге кириш учун баланча мин доллар бер" деп. азыр эптеп пертиянын казынасына акча кошсон парламентке орноршосун. мен бурок буга каршы эмесмин. ЭМНЕСИН КЫЛСА КЫЛСЫН БИЙЛИК ЭПТЕП ТЫНЧТЫК БОЛСО ЭКЕН! орустар айткаандай "чем бы дитя не тешилось, лижь бы не плакало" адамга омур бир берилет экен ошону жакшы жашап отсом дейм...

кимден: Бакир каяктан: Баткен
03.09.2010 10:34
Ата Журт партиясынын тизмесин коруп, Осмоновдорго тан каласын, баары кирип алышыптыр, акчан болсо каалаганды киргизет окшойт. Алып караганда мындай болбошу керек эле, бирок баары борот дегендей, партиянын абройу ушундан да тушот.
Ата Мекендики болсо бир топ жагдайларды алып тузулуптур, алдыдагы бир айлык марафондо женишти каалайбыз.

кимден: Азизбек каяктан: Ош
03.09.2010 10:01
Кыргыз Элим биз чакан жана бай жашоого мумкунчулу бар мамлекетбиз. онугуп жаткан мамлекеттер арасына кирууго саясатчылар тоосколдук жасабай, кайра экономиканы которуп эртенки жаштардын келечегин ойлоп аракет жасаныздар демекчимин.

кимден: Асангайгы каяктан: Теңиртоо
03.09.2010 08:09
издөөдөкүлөрдүда шайлоого талапкер кылуу бул кандай закон. мундай закон болбостук керек. болуп калса тезден оңдоо зарыл. издөө салынган кылмышы бар деп шектелгендер болсо талапкерликтен сөзсүз алып салуу же каттоодон аптоматтик түрдөө өткөрбөстүк керек. бул тууралу кеңешип кеп кылуунун кереги жок. жок мундай болбойт дечүүлөр болсо анда ал мурунку бийлике кайтып барабыз дегенден башка еч кеп емес. бул бойунча элдерда өтө зергек болуулары тийиш. андай шектүү адмдар кокус тизмеге кирип калса андайларга добуш бербестик керек. бул маселе тууралуу шайлоо борбору өтө кылдат болбосо чыр чыгып кетүүсү мүмкүн. ары таарык алдында күнөкөрлөр болуп калуусу турган еле кеп.

кимден: Kiyalbek каяктан: Kipr
03.09.2010 05:05
Kilmish ishi kozgongon bolso, ani mamleketke ziyan keltirgen dep kunooluu dep tapkan bolsolor anan emne kayra deputattika talapker kilip bekitishet. Emi alar deputattikka talapker boluu menen sot joobuna tartilboogo ukuktuu bolup kalishti.Kaydagi sot ishteri kaydagi reforma kaydagi kadrdik sistema.Tushunboysun.Kuchtuu bolup oz pozisyanardi bilgilechi biylik!

кимден: Кыргызбала каяктан: Бишкек
03.09.2010 01:37
Партиялык тизме менен откозгондо жабырап эле толгон-токой адамдар катталып, бет мандайга жык-жыйма талапкерлер чыга калды.Мен озум билген эки-уч партиядан жапжаш балдар-кыздар талапкер болушту. Бирисинин байкеси ошол партияда чон орунду ээлегендиктен эки инисин, карындашын да талапкер кылып койду. Жердештер Кудай буюрса аябай кызык, саясий оюндарга туш болобуз. Сактаганды кудай сактайт демекчи сак болунуздар жана ойлонуп иш кылгыла. Материал абдан жакшы болгон. Бали Кубатбей, ар дайым калемин очпой алдыга умтулуп, жакшы жаныылктарды жарата бер. Сен алдыга осчу жаш кыргыздын жигиттериненсин. Келечек жаштарда. Ар дайым бар бол. Оз салымынды кош!

кимден: Ашым каяктан: Бишкек
02.09.2010 21:10
"Ата Мекен" партиясынын 2007-жылкы шайлоодогу Бакиев тарабынан уурдалган добуштарды бул партиянын шайлоочулары дагы бир жолу бекемдеп берсе керек. Негизи шайлоо таза жана адилет отсо экен деген тилек. Партиялардын лидерлери бийлик учун жанталашып бири бирине коо шыбаганды токтотушуп, Кыргызстандын келечеги жонундо ойлошсо жакшы болот эле. Эмнеси болсо да оз ара суйлошуулорду жургузушуп, элдин тынчтыгы жана балдардын келечеги жонундо ойлонушу керек.

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)