Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 14:53

Саясат

Апта: Оштогу жаңжалды ким баштады?

Коолаңдан кийинки Оштогу кырдаал турукташуу жолуна багыт алды. Тополоңго карабай референдум 27-июнда болоору белгиленди. АКШнын жогорку даражалуу дипломаты Роберт Блейк Кыргызстанга келди.

Ош кара түтүндүн кучагында калды, 12-июнь.
Текст көлөмү - +

Оштогу бүлгүндүн башталышы...


10-июндун кечинде Ош шаарында жаңжал чыгып, ал улут аралык кагылышууга айланып кетти. Расмий маалымат боюнча кагылышууларда каза тапкан 195 кишинин сөөгү табылды. Бирок Убактылуу өкмөттүн жетекчиси Роза Отунбаева каза болгондордун саны алда канча көп болушу мүмкүндүгүн билдирүүдө.

Бириккен Улуттар уюмунун качкындар боюнча комиссарлыгынын маалыматы боюнча, качкындар саны 400 миң кишиге жетти. Ал эми Өзбекстан 75 миң качкынды кабыл алганын билдирүүдө. Ошондуктан бул жерде ички качкындар саны дагы арбын экени байкалып турат.
Тополоңду биринчи 10-июнь күнү кечинде өзбек улутундагы жигиттер баштап, "Алай" мейманканасынын тегерегиндеги имараттарды бүт өрттөштү. Алар абдан агрессивдүү эле, кыргыздар эртеси күнү гана чыкты. 
Болот Нышанов

Бир нече күнгө созулган кагылышуулар басаңдаган соң маалыматтык согуш башталууда. Бир тарап Ош, Жалал-Абаддагы окуяларды тукум куруттук катары баалоону, алар гана жабырлануучу тарап болгонун айтууда.

Бирок ошол эле кезде алар 10-июнда кечинде жаңжалды ким баштап, күйгүзүү иштерин ким жүргүзгөнүн айтпай жатышат.

Окуянын кандай башталганы тууралуу ошол кездеги Ош шаардык милициясынын башчысы Болот Нишанов буларды билдирди:
 


Оштогу тополоң, 11-июнь.
- 10-июнь күнү саат 22:45те мага күзөт бөлүмүнөн телефон чалышып, “Алай” мейманканасынын алдына келишимди сурашты. Ал жерде өзбек улутундагы миңден ашуун жаран чогулуп, тополоң чыгарып жатышат деген маалымат келди. Анан мен орун басарларымды алып, ошол жерге чыктым. Барсам бир-бир жарым миңдей өзбек жигиттер топтолуп алыптыр. Аябай агресивдүү болуп алышкан. Мен сүйлөшкөнү бардым. Бирок кыргыз экенимди билип калып, өзбек жигиттер кол салышты. Бирөө бычагын көтөрүп жүгүрдү. Анан менин орун басарларым (өзбек) сиз алыс эле туруңуз, биз өзүбүз сүйлөшөбүз деди. Ошондо эки-үч саат сүйлөшүү жүргүздүк. Бирок өзбек жигиттер кепке келбей, агрессивдүү боло беришти. Кыйкырып-өкүрүп, чабуул жасай беришти. Колдорунда арматура, союлдар, бычактар бар эле. Биз барганга чейин эле “Алай” мейманканасынын тегерегиндеги имараттарды өрттөп жиберишкен. Биз студенттердин баарын чыгарып кеттик. Ошол күнү болгон окуяга кыргыз жигиттердин эч кандай тиешеси жок. Кечинде болгон окуяны угуп алып, анан чыгышты алар.  Анан “Алай” мейманканасынын айланасында эмне күйгөн болсо, баарын өзбек жигиттер өрттөгөн.

Болот Нышановдун айтымында, кыргыз жигиттер ошонун эртеси, 11-июнда гана көчөгө чыккан.

Баш аламандык абдан күчөгөндүктөн ошол мезгилде криминалдык топтор авангардга чыкканын күбөлөр белгилеп жатышат.

Бул окуяларда Кыргызстандын тартип коргоо органдары, бийлиги алсыздыгын көрсөтүп, кырдаалды колдон чыгарып жиберген.

Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча өкүлү, коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаковдун айтымында, аскерлердин даярдыгынын начардыгы мурдагы бийлик учурунда эпсиз кыскартууларга байланыштуу болгон. Натыйжада аскердик техникаларды айдоочу адистерди кайрадан топтоп, техникаларды жолго койгончо убакыт өтүп кеткен.

Кыргыз аскерлери өзбек улутундагы жарандарга каршы болду деген сөздөрдү генерал Исаков четке кагып, бирок мындай сөздөрдүн чыгышына негиз берген жагдайлар тууралуу буларды айтты:

Генерал Исмаил Исаков
- Бирок армияны бир багытта иштетип атышат, бир тараптуу болуп атат дегендер атайын карама-каршы келтирип, чагылдырып, күчөтүп, башка өлкөлөрдү дагы чоң чатакка тартканга аракет жасап атат. Мына ошонун негизинде айтылган сөздөр болушу ыктымал. Кээ бир учурларда көп, 2-3 миңдей адамдар блокпостто тургандарды, же ошолорду тартипке салайын деп барган армия кызматкерлерин, кээ бир техникаларын тартып алган фактылар болгон. Ошол техникаларды айдашып, аскерлерди уруп, алардын колунан автоматтарды алып, эки БТРди алып алган факты болгон Ош шаарына биринчи келгенде. Ошол техникалар бир жарым-эки күн алардын колунда болгон, андан кийин биз кайра кайтарып алдык. Ошол техника менен жүргөндөрдү көргөндөр аскер бир тарапка кошулуп алып, бизди атып атат деп айткан сөздөр чыгып жатканын мен уккам, мага да келип айтышкан. Ошондуктан аны факты катары көрсөтүшүп, ошону айтышы мүмкүн.

Бириккен Улуттар уюму болсо Оштогу кагылышууларды иликтөөгө чакырды.

19-июнда АКШнын жогорку даражалуу дипломаты Роберт Блейк менен жолугушуу учурунда Убактылуу өкмөттүн жетекчисинин орун басары Өмүрбек Текебаев түштүктөгү трагедияны иликтөө үчүн жакын арада мамлекеттик комиссия түзүлөрүн билдирди.

Криминал. Наркомафия....

Оштогу кагылышууларда криминалдык топтордун алдыга чыкканын күбөлөр белгилеп келишет. Ошол эле мезгилде бул каргашалуу окуянын артында кайсы күч турат дегенде ар кандай божомолдор айтылууда. Убактылуу өкмөт Ош окуясында мурунку президент Бакиевдин жакындары турат деген пикирди айтууда. Бул каргашада наркомафиянын ролу да өзгөчө экени белгиленүүдө.

Коогалаңдын чыгыш себеби тууралуу Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Алишер Абдымомунов буларды белгиледи:

- Бул окуянын чыгышын себебин үчкө бөлсөк болот. Анын биринчиси, ички жагдайларга байланыштуу. Жетишпөөчүлүк, талаш-тартыш, бийлик талашуу. Экинчиси, наркомафиянын, трафиктин орду бул жерде чоң. Биздин коомдо, саясатта, турмушта ошолор көп нерсени чечип калды. Азыркы конфликтте алардын кызыкчылыгы абдан көп. Андан сырткары Жаныш Бакиев бул ишке (наркомафия) мурун эле аралашып келген. Кийинчерээк өзү жетектеп алган. Үчүнчүсү, сырткы күчтөр. Албетте, биздин кошуналар, башка күчтөр. Алар аралашпаса, мындай масштабдагы окуя болмок эмес.

Бул ойго карата саясат таануучу Орозбек Молдалиев мындай пикирин кошот:

Орозбек Молдалиев
- Наркомафиянын ролу биздин региондо чоңоюп келаткан. Мурунку бийлик менен наркобарондордун максаттары кырдаалды туруксуздаштыруу болууда. Мына, Ооганстанда абал туруксуздугунан пайдаланып, наркозаттарды ташуу токтолбой жүрүп жатпайбы. Ошондой абалды биздин регионго алып келиш керек болуп жатат алардын максаты. Наркомафиянын акчасы мурда эле иштей баштаган. Укук коргоо органдарынын ичиндеги коррупциянын өтө чоң деңгээлге жетип калганынын себеби да ушул жакта жатат. Ошол акчаларды карап, ошолорду коргогон топтор пайда болгон. Ошолордун бардыгы жаңы бийликке каршы болуп жатат. Ичтен дагы, сырттан дагы ушундай каршылыктар болуп жатпайбы.

Карапайым калк, өзгөчө түштүк региондо Кадыржан Батыровдун кыргыз калкынын намысына тийген сөздөрү, Убактылуу өкмөттүн айрым өкүлдөрүнүн Конституциянын долбоорун мамлекеттик жана расмий тилден башка тилдерде чыгаруу аракети, эки тараптын ортосундагы теңтайлашуу жана тирешүүлөр, ачыкталбаган сепаратизм ушуга алып келгенин айтып жатышат.

Кыргызстандык серепчилер жана саясатчылар бул каргашалуу окуяда өзбек президенти Ислам Каримовдун позициясын жогору баалап жатышат. Белгилүү болгондой Ислам Каримов Кыргызстан түштүгүндөгү окуяны сырткы күчтөр уюштуруп, анын максаты ал жаңжалга Өзбекстанды тартуу болгонун билдирген.

Өзбек президентинин мына ушундай көз карашына жараша Ташкен качкындарды кабыл алып, бирок Өзбекстандан Кыргызстанды карай эч ким кирип барбасын ачыктаган. Бул өз кезегинде эки мамлекет ортосунда кагылыш коркунучун четтетти.

Өлкө түштүгүндөгү окуялар кыргыз калкынын биримдигин көрсөттү. Бул өзгөчө жабыркаган элге жалпылап гуманитардык жардам көрсөтүүдө айгине болду.

Мөөнөтүндө өтө турган референдум

Мына ушундай каргашалуу окуялар болгонуна карабай Убактылуу өкмөт 27-июнда Конституциянын долбоорун кабыл алуу жана Роза Отунбаевага 2012-жылга чейин президенттик ыйгарым-укуктарды берүү боюнча референдумду өткөрүүнү чечти.

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева Оштогу сапардан кийин, 18-июнь.
Бир жагынан өлкөнүн жарымы бүлгүнгө түшүп, жүздөгөн адамдар набыт болгон шартта референдум өткөрүү акылга сыйбаган нерсе катары аталууда. Экинчи жактан, бийликти тезирээк легитимдештирбөө коомдо туруксуздукту, ар кандай саясий күчтөрдүн башаламан жүрүштөрүн жаратууда. Андан сырткары легитимсиз өкмөттүн тышкы өнөктөштөр менен иш жүргүзүүсү өтө аксап жатат.

Ошондуктан Убактылуу өкмөт референдум өз мөөнөтүндө өткөрүлүш керектигин белгилеп, добуш берүүнү жеңилдетүү боюнча чараларды көрүүдө.

Түштүктөгү кырдаалдын жөнгөрүлүшү менен саясий кармаш кайрадан күчүнө кире баштаары турган иш. Анткени референдумдан кийин парламенттик шайлоо белгиленет.

Саясат талдоочулардын баамында, түштүктөгү коогалуу окуялардан айрым саясий партия жана лидерлер күчтөнүп чыкса, Убактылуу өкмөт жалпысынан бечелдигин көрсөтүп, мурунку топтогон упайларынан ажыроодо.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Чынгыз каяктан: Ош
06.07.2010 13:49
Мен Ош шаарынын элине кайрылып кетер элем кыргызына да озбегине да: Бул ишти баштагандар даана эле корунуп турбайбы 10 июнь куну биринчилерден болуп которулгондор кимдер эле? Албетте булар оз жазасын закон ченеминде алышы керек

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
22.06.2010 22:25
Урматтуу Азаттык радиосунун кызматкерлери, сиздерге чон рахмат! Эми, менин айтайын деген оюм мындайча: Урматтуу мекендештер, эгерде объективдуу бул маселени талкуулап корсок бул жерде Курманбек Салиевичтин эч кандай деле тиешеси жок. Бул ВПнын безисходный положениеден чыгып кетиш учун эле баардык уй-эшектердин олугун арта салып бакиевчилер кылды, бакиевчилер деструктивдештирип жатышат деген шылтоосу. Эгерде УОттун мучолору бул революцияны кылбаганда биз тынч эле жашап атканбыз го? Айлый акылар, пенсиялар, пособиелер убагында эле тийип жаткан.

кимден: Патриот каяктан: Бишкек
22.06.2010 20:36
Жаны окмоттон суранып кетет элем. Армияны, милицияны ушул даражага жеткизген Акаев, Кулов, Бакиевдер эл астында айтып жооп берсин.

кимден: инсан каяктан: Кыргызстан
22.06.2010 16:41
Кытайдан жазган Кылым, эң акылдуу пикирди жазыпсың. Ал баштады бул баштады менен биз эч качан Кыргызстаныбызда ТЫНЧТЫК орното албайбыз. Тескерисинче эки элди кайрадан бири бирине кайрап коёбуз. Кудай сактасын өлкөбүздү абдан жаман абалга салып коёбуз. Келгиле токтотолу мындай сөздөрдү. Анын ордуна кантип ТЫНЧТЫКты бекемдейбиз ушул нерсе жөнүндө ойлонолу. Болуп жаткан жакшылыктарды жазалы.

кимден: инсан каяктан: Кыргызстан
22.06.2010 16:23
Оштук Тимурга. Бир нерсеге көңүл бурушубуз керек: бул ишти Бакиевдер кылбаган болушу мүмкүн, бирок бул ишти баштагандар деле өздөрүнчө башташкан эмес. Сөссүз түрдө үчүнчү күчтүн колу бар. Ошол жаш, эч нерсеге аклы жетпеген өзбек балдарды үчүнчү күч колдонгон. Ош калкы ар дайым тынчтыкты каалайт. Өз шаарына зыян берүүнү каалабайт. Окуяны баштагандарга каргыш, алар адам эмес! Алар террорист! Террористтин улуту жол, алар инсан душманы. Достук жана ынтымактын Ошто күчөп бара жаткан мезгилинде ал улут бул улут деп бирбирибизди күнөөлөнү токтолу! Ар бир кыргыз жана өзбек үй-бүлөсүнө тынчтык аманчылык каалайм!

кимден: нурлан каяктан: москва
22.06.2010 12:27
Oshcity сага чоң рахмат,кийинки интервьюларыңды конкреттүү кишиден кичине алдын ала даярдап чыгарып кой.Жабыркагандарды көбүрөөк тартсаң,сага окшогон кыргыздар аз болуп атат.

кимден: Mars(mb10) каяктан: кыргыз
22.06.2010 11:01
Мен жаны бийликке бир нерсени эскертким келет.

Байыркы жазмаларды жана андагы падышалардын бийлигинин бек турганынын бир гана жолу бар экенин ачык жазган. Ал жол "АКЫЙКАТТУУЛУК жана АДИЛЕТТУУЛУК" менен башкарган падышалардын бийлиги гана копко турганын далилдейт. Элди коркутуу, уркутуу, ушакчылардай шыбырашкан, жана элди алдоо менен эч кандай падышанын бийлиги копко турган эмес.

Менин айтайын дегеним жаны бийликтегилер силерге эмне керек:
- Кара кылды как жарган адилеттуулук
- Чынчылдык
- Мыйзамды элден мурун озун так жана кемчиликсиз аткар.
- Жонокой адам менен тууганындын же досторундун ортосунда Акыйкат сот жургуз
- Сот адиси озундун сот экенинди иш жузундо далилде.
- Акча учун оз абийиринди, оз кесибинди булгаба.
- Мамлекеттин кайсы кызматында болбогун оз абийиринде адилеттуу сот жургуз анткени сот жургузуу Кудайдын иши.
- Бирден бир айта турганым, Мамлекеттик бийликке Кудайдын тиешеси жок деп ойлобо, Тескерисинче мамлекеттик мыйзамдын баарын Кудай негиздеген, ал элди да кызматчыны да адилет коз менен карайт.

кимден: Mars(mb10) каяктан: кыргыз
22.06.2010 10:36
Урматтуу калайык калкым, урматтуу биздин бийлик башындагы агаларыбыз, кенешчи акыл айткан ошол аталарыбыз.
Мына ушу откон 20 жылдан бери жен ичинен пара алып, акты каралап, канкорлорду актап, адилеттуулукко умтулбай адилетсиздик менен оз кампанарды толтуруп келгенинердин результаты.
Элибизди, айрыкча жаштарды мункуроттунор, тентиттинер, Жада калса бир узум нанды тен экиге болуп бералбай бет карамалык кылган агаларыбыз, биз жаштар сиздерге нааразычылыгыбызды билдиребиз. Адилеттуулук учун оз уулунарды, оз туугандарынарды тыя албагандан кийин кантип эл башкарам деп бийликке чуркап атасынар. Эл, жер учун оз уулун курмандыкка берген Датка энебизче жоксунарбы кыргыздын эркектери. Адилеттуулукту, чындыкты, озундун ким экенинди тушунбой туруп кур намыс менен бийлик талашуу бул Кудайга да жакпаган иш. Кудай бул адилет, акыйкат сот жана ал реалдуу. Эч ким анын алдында жазасыз калбайт жана анда бет карамалык жок.
Адилетсиз жургузгон саясатынардын айынан далай кыргыз жаштарынын тагдырына балта чабылды, далай жаш улан, кыздардын келечегине бутундой алардын омуруно зыян кылдынар урматтуу биздин бийлик башындагылар.

кимден: Сейид каяктан: Oзгон
22.06.2010 09:58
Кыргыз Республикасында титулдук улут болуп КЫРГЫЗ гана эсептелет

кимден: http://www.blive.kg/video каяктан: http://www.blive.kg/video
22.06.2010 05:19
http://www.blive.kg/video:31733
Жалпы 5 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)