Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:03

М. Турганбаев: Бакиевдердин баарын кармаганга күч жетет


Мелис Турганбаев, ички иштер министринин орун басары.
Мелис Турганбаев, ички иштер министринин орун басары.

Жалал-Абадда жүргөн ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев мурдагы президенттин иниси Акмат Бакиев кантип кармалганын "Азаттыкка" айтып берди. Ал ошондой эле калган Бакиевдерди кармоо боюнча да издөө иштери уланып жатканын, аларды кармоого күч жетээрин билдирди.

- Мелис мырза, апрель айынан бери издөөдө жүргөн Акмат Бакиев кандай шартта, кайсыл жерден кармалды?

- 21-июлда кечки саат ондор чамасында уюшулган кылмышкерлерге каршы күрөшүү башкармалыгы полковник Эргешбаевдин жетекчилигинде Жалал-Абадда атайын операция жүргүздү. Анын натыйжасында Спутник кичи районунун Жеңижок көчөсүндөгү бир үйдөн Акмат Бакиев кармалды. Ал оор кылмыштар боюнча апрелден бери изделип келген. Ага кылмыш кодексиндеги 229, 299, 233, 343, 234 – беренелер боюнча иш козголуп, издөөдө жүрөн болчу. Кармалгандан кийин ошол үйдүн ичин тинтүүнүн негизинде орусиялык өндүрүштөгү “Байкал” тапанчасы, ок-дарылар, бет кап жана жасалма чач, сакал-муруттар табылды. Акмат Бакиев жашырынып жүргөндө ошолорду колдонуп жүргөн.
Акмат Бакиев Жалал-Абаддагы митинг учурунда, 2010-жылдын 12-апрели.

Алгачкы иликтөөнүн жүрүшүндө үйдүн ээси Акмат Бакиевдин күйөө баласы болуп чыкты. Биз издеп атканда такташтырган дагы бир үйү бар болчу, ал жерде бир аял менен чогуу жашап турган. Ал аял дагы түндө кармалды. Ал үйдөн дагы эки бала кармалды, азыр бул боюнча тергөө иштери жүрүп атат. Түштүктө иштеп аткан аталган башкармалыктын балдары бүгүнкү күндө текшерүү иштерин жүргүзүп атат. Алар Акмат Бакиев качып жүргөнүнө кандай жардам, көмөктөрдү көргөзүп жүргөнү сураштыруунун негизинде ачыкка чыгып атат. Акмат Бакиев өзү көрсөтмөлөрдү берип, улуттар аралык жаңжалга да анча-мынча тиешеси бар экени белгилүү болуп атат. Жалал-Абадда бул кишини жашырып жүргөндөрдүн арасында айрым чиновниктер бар экени да билинүүдө.

- Кармоо учурунда Акмат Бакиев, же анын жанындагы адамдар каршылык көрсөткөн жокпу?

- Каршылык көргөзгөн жок, аталган башкармалыктын балдары өздөрү эле кармашты.

- Анын агасы, мурда мамлекеттик күзөт кызматын башкарган Жаныш Бакиевди да издөө жүрүп жатабы?

- Эми ал боюнча дагы издөөлөр жүргүзүлүп атат. Мына буга чейин Санжар Бакиев кармалды, эми Акмат Бакиев кармалып отурат. Азыр күч органдары оор кылмыштарды жасап, качып жүргөн бир тууган Бакиевдердин бардыгын кармаганга мүмкүнчүлүгү жетет жана аркеттенип атышат.

- Эки элди кагыштырууга алып келгендердин бири деп шектелген Жалал-Абад облустук өзбек маданий борборунун жетекчиси Кадыржан Баатыровду дагы кармоо иштери жүрүп жатабы, анын дайын-дареги сиздерге белгилүүбү?

- Ал кайда жүрүп жатканын биз болжол менен билебиз.
Акмат Бакиевдин жанынан табылган тапанча, бет кап, жасалма чач, сакал-муруттар.

- Мындан ары Жалал-Абад облусунда май, июндагыдай ар кандай тополоңдор дагы болуп кетпейби, азыркы учурда облуста абал кандай?

- Абал аябай жакшы, элдин маанайы дагы жакшы, талаачылык жумуштары жүрүп атат. Эл өзүнүн турмуш-тиричилиги менен алек. Тополоңдо өрттөлгөн, бузулган үйлөрдүн бардыгын Жалал-Абадда дагы, Базар-Коргондо дагы оңдоо иштери жүрүп, кээ бирлери чатырларын жаап коюшту. Үйлөнүү тойлор, башка тойлор болуп атат, эч кандай тополоң же каргаша болуп кетет деп мен айта албайм. Себеби Жалал-Абадда бүгүнкү күндө эл өзүнүн турмуш-тиричилиги менен алек болуп турган кез.

- БУУнун адам укугу боюнча башкы коммиссары Нави Пиллэй Кыргызстандын түштүгүндө кармалып жаткан өзбек тектүү жарандар кыйноолорго кабылып жатканын айтып чыкты. Чын эле ошондойбу?

- Кылмышкердин улуту жок, кылмышкерди биз улутка бөлбөйбүз. Эми ал киши айтса айтып аткандыр, ал өзүнүн эрки. Биз бүгүнкү күндө демократиялык мамлекетте жашап аткандан кийин ар ким өзүнүн оюн айтканга укугу бар. Бирок мени тынчсыздандырганы бул кишинин укук коргоо органдары менен жолугуп маектешип, сурап чынында эле ушундай болуп атабы, жокпу, ушуларды карап туруп анан жазса деген пикирим бар.

- Адам укугун коргоочу эл аралык уюмдардын ушундай баасы туурабы?

- Алар эч кимди көрбөсө, биз менен сүйлөшпөсө... Бирөөлөрдөн угуп эле бир тараптуу маалыматтарды ошолор жазып атат. Биздин эшик ар дайым ачык. Мисалы, Жалал-Абад облусунда мына бир айдан ашык иштеп атабыз. Көптөгөн кылмыштарды ачтык, кыргызы дагы, өзбеги дагы бөлүнбөй эле кармалып атат ким адам өлтүрсө. Мына акыркы эле табылган бир ишти айтсак, милиция ардагерин өлтүрүп, балонго байлап өрттөп, ушунчалык мыкаачылык менен өлтүрүшкөн экен. Ошолорду кармадык, тескерисинче өзбек туугандар өзүлөрү жардам берип, кармап беришти. Базар-Коргондогу участкалык милиционерди өлтүргөндөрдү да сүйлөшүүлөр менен бир сутканын ичинде өзбек туугандар өздөрү “кылмышкер болчу” деп чек арага кирип кеткен жеринен алып чыгып беришти.

Бул жерде эч кандай адам укугу кордолгон нерселер жок. Жакында мына 250 аялды чыгарып алышып жол тосушуп, укук коргоо органдары кыйнап, сабап атат дешти эле биз коммиссия түзүп, айыл аксакалдары, айыл кеңештин мүчөлөрү болушуп бардыгына жол бердик, текшерип чыгышты адвокаттары менен кошулуп. Тескерисинче биз оор кылмыш менен кармалгандарды гана кармоого аракет кылып атабыз. Калгандарын, баягы уурдоолорго катышкан кээ бирлерин биз үйүндө турганга кое берип атабыз тил кат менен. Эми көп сөздөр айтылып атат, ушактар, провокациялар көп болуп атат. Ошол 250 аял чыкканда машиналар менен ташып, акча тараткан фактылар бар. Муну кимдер жасап атканын биз билебиз. Баягы эле ошол тополоңду уюштургандардын куйруктары, качпай жүргөндөр түнү келип, күндүзү да келип элдин башын айландырып атышат.

Ошол күнү төштө турган кыргыз айылдардан көбү тынчсызданып, телефон чалуулур көп болду, кайрадан өзбектер көтөрүлүп атабы дешип. Биз кайрадан иш жүргүзүүнүн негизинде тынчтандырып, аксакалдар, айыл өкмөттөр менен жолугуп, акимдер барышып түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Мыйзамсыз жол тосконуңарды, чогулуп алганыңарды токтоткула дагы эмне көйгөйлүү маселеңер болсо келип айткыла деген маселелерди койдук. Мына бүгүнкү күндө эч кандай массалык баш аламандык болбойт деп айта алабыз.

Андан сырткары артыбыздан президентке “тоноп, сабап атат” деген көп нерселердин бардыгын жазып жөнөтүштү. Себеби биз кээ бир чагымчыларга, кылмышкерлерге кокосунда турган сөөктөй болуп турабыз. Анан алар жазышат да кетип калсын деп. Ошол эле бакиевчилер да бар алардын арасында. Эми мен Жалал-Абад облусунда Санжар Бакиев, анан Акмат Бакиев кармалганга чейин көп баш аламандык болду, эми тынчыйт го деп ойлойм. Эртең менен бир чиновник мага чалып калды. Келип учурашып кетпейсиңби, менин кабинетимде отурат десем “кой, аны менен учурашпай эле коеюнчу” дейт. Анткени алар бул жакта элдин жүрөгүнүн суусун алып койгон да...

- Рахмат маегиңизге.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG