Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:49

Сот башталды... негизги соттолуучуларсыз


Мурдагы коргоо министри Бакыт Калыев (оңдо) жана Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Нурлан Темирбаев (солдо) сот залында.
Мурдагы коргоо министри Бакыт Калыев (оңдо) жана Мамлекеттик күзөт кызматынын жетекчисинин мурдагы биринчи орун басары Нурлан Темирбаев (солдо) сот залында.

17-ноябрда 7-апрелдеги окуялар боюнча сот башталды. 86 кишинин өлүмүнө алып келген бул кандуу окуя боюнча 28 кишиге айып коюлган. Бирок негизги шектүүлөр деп саналгандар өлкө ичинде жок.

7-апрелдеги кандуу окуя боюнча мурунку жетекчилер Курманбек Бакиев, Данияр Үсөнов, мамлекеттик күзөт кызматынын башчысы Жаныш Бакиев, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Мурат Суталинов, Максим Бакиевге “массалык киши өлтүрүүлөр” боюнча сырттан айып коюлган. Булардан сырткары Мамлекеттик күзөт кызматынын атайын багыттагы “Арстан” аттуу тобунун жетекчиси Эсенбей уулу Байышка да күнөө коюлган.

Бул инсандардын ичинен Курманбек Бакиевдин Минскиде, Максим Бакиевдин Англияда экени маалым. Ал эми калгандарынын дареги тууралуу түркүн сөздөр айтылып жүрөт.

Азимбек Бекназаров
Техникалык өкмөттүн вице-премьер-министри Азимбек Бекназаров Суталинов, Жаныш Бакиев, ДаниярҮсөнов Эсенбай уулу Байыштын так дареги белгисиз экендигин тастыктады:

- Маалымат жок. Иши кылып чет өлкөдө жүрүшөт. Кыргызстанда жок. Биздин КПК менен Конституция боюнча эгерде соттолуучулар өлкөдө болбой качып жүрсө, сырттан соттоого жол берилет.

Бакиевдердин коомдук коргоочусу Бүайша Арстанбекованын “Азаттыкка” билдирүүсүнө караганда, Бакиевдер өздөрүн коргоо үчүн сырттан адвокат жалдап алышкан. Ал адвокаттар аны менен байланышууга тийиш болгон. Бирок андай боло элек. Ошондуктан Бүйаша Арстанбекова 17-ноябрдагы сотко катышкан жок. Белгилүү болгондой Бүйаша Арстанбекова буга чейин Санжар Бакиевдин кылмыш иши боюнча сотко адвокат катары катышып келген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик кызматтын башчысы Кеңешбек Дүйшөбаев 7-апрелдеги окуялар боюнча айыпталып, бирок сыртта жүргөндөрдү алып келүү боюнча тийиштүү чаралар көрүлүп, андан майнап чыкпай жатканын билдирген. Маселен, Курманбек Бакиевди Минскиден кайтаруу боюнча бир нече талап коюлган. Бирок расмий Беларус Бакиевдин соттолуусунда саясий себептер бар деген жүйөө менен Бишкектин өтүнүчүн канааттандыруудан баш тарткан.

Максим Бакиев
Ал эми Максим Бакиев болсо Англиядан саясий баш паанек сурап кайрылган. Эгерде Лондон Максим Бакиевдин өтүнүчүн канааттандырып калса, анда анын Кыргызстанга берилиши өтө күмөндүү болуп калат. Анткени Кыргызстан эмес,
өтө салмактуу эсептелген Орусия Борис Березовский, Ахмед Закаев сыяктуу бир канча жарандарын Англиядан кайтарып алалбай келатат.

Азимбек Бекназаровдун маалыматы боюнча, Мурат Суталиновдун адвокаттары 17-ноябрдагы сотко катыша баштады. Бул келечекте Суталиновдун кайтып келүү мүмкүнчүлүгүнөн да кабар берет.

Спорт сарайында башталган сотто негизинен экинчи пландагы жана катардагы кызматкерлер жоопко тартылып жатат. Ошондуктан айрым укук коргоочулар булар буйрукту аткарган үчүн күнөөлүү эмес десе, бийлик өкүлдөрү “кылмыштуу буйрукту” аткарбай коюуга жоокерлердин укугу бар деген жүйөөнү айтып келатат.


  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG