Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 14:49

Саясат

Алайда ачкачылык жарыялагандардын саны 12ге жетти

Алайда буга чейин ачкачылык жарыялаган Исмаил Исаковдун тарапкерлерине бүгүн дагы сегиз аял кошулуп, алардын жалпы саны 12ге жетти. Ачкачылык жарыялагандар баштарына ак тасма байланып, И. Исаков бошотулмайынча наар албайбыз деп чыгышты.

x
Текст көлөмү - +
Мындан сырткары Исмаил Исаковдун жакындары, жыйырмадай киши бензин куюлган бөтөлкөлөрдү жанына алып, өзүн-өрттөөгө даярдык көрүшүүдө. Алар жергиликтүү бийлик башчылары алардын талаптарын аткара албашына нааразы болушууда.

Сопу-Коргондогу нааразылык иш-чарасы өтүп жаткан жерде 100гө чукул милиция кызматкерлери түнү менен кетпей, акция өтүп жаткан жерди кайтарып чыкты. Мындан тышкары айрым милиция кызматкерлери үймө-үй кыдырып, нааразылык акциясына катышкан адамдарга “мыйзам бузуп жаткандыгын” эскерип кетишкен. Бул тууралуу Сопу-Коргондо жүргөн кабарчыбыз Жанарбек Акаев кабарлады.

Саясий камактагыларды бошотуу талабы менен Бишкекте башталган ачкачылык акциясы да уланып жатат. Иш-чаранын демилгечиси Т. Тургуналиевдин “Азаттыкка” кабарлаганы боюнча Сейил Кыштобаеванын кан басымы көтөрүлүп кеткенине байланыштуу дарыгер-кардиолог Т. Балтабаевдин сунушу менен ачкачылыкты токтотуп, үйүнө кеткен. Ачкачылык жарыялагандардын катарына бүгүн 10-киши – Кара-Суу районунун тургуну Алима Турганбаева кошулду.

Т. Тургуналиевдин айтуусунда азырынча саламаттыкты сактоо министрлиги акциянын катышуучуларынын абалы менен тааныша элек. Ачкачылык жарыялагандар өздөрүнүн ден соолугуна көзөмөл кылуусун өтүнүп, саламаттыкты сактоо министрлигине кат менен кайрылган.

Саламаттыкты сактоо министрлиги буга байланыштуу жообун бере элек.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Кайрат каяктан: Алай
18.01.2010 20:21
Негизи бул дагы аз Жолду кан буугандай тосуп ташташ керек эле

кимден: Оппозиционер каяктан: Кыргызстан
15.01.2010 23:51
Эл - бул машинанын мотору, а оппозиция - стартери. Стартер жакшы эле тегеретип жатпайбы. Кудай уруп моторубуз дохлый болуп атса не кылалы.

кимден: Чынгыз каяктан: Кыргызстан
15.01.2010 19:59
Алга кыргыздар силер менен бирге чет элде жургон мигранттарда бирге болот. Акырына курошкуло. Эч качан бийликтин алдаганына конбогуло.

кимден: Patriot 2
15.01.2010 19:30
Men elim, jerim menen syimyktamgym kelet. Birok azyrky uchurda men elim, jerim ychyn yilagym kelet, janym keyiyt. Ooba el birikse jense bolot. Birok eldin arasyndagy jyrgon, ichki ishterinde ishtegen, mamlekettegi joopkerchiliktyy adamdar jada kalsa militsia, degi emneni oiloit. Militsiada ishtegen baikush pendelerdi - erki jok, akylsyz, ozdorynyn joopkerchiliginin manyzyn tyshynbogon adamdar dep basa aita ketkim kelet.
Militsia, taptakyr bashka jaktyn tartibin karash kerek ele al "abiyrsiz mamleket". Alardyn en bashky funktsialardyn biri eldin ukugun saktoo, birok, alar bir gana mamlekettin ukugun korgosh kerekpi, oz elinenbi? Men munu tyshynboim. Mymkyn bul sozdordy jok degende bir militioner okup kalar, oshondo al oilonor beken.

кимден: алайлык кыз
15.01.2010 18:15
Патриот - рахмат, ойлондуруп койдунуз. Кандай окунучтуу. Мен озум алайданмын, ал жакка баралбай турам. ошол камерага тартып алып элдин уйун кыдырган, коркутуп, тымызын алардын уройун учуруп жаткан бакиевдин куйруктары - милиция же гкнб - наалат!
Бирок Исаковдун эмгегин, элине , армияга жасаган кызматын Сопу-Коргондун кээ бир манкурттары баалабаса, бут Кыргызстан билет, баалайт жана колдойт! Бирок мен озум Сопу Коргондонмун, жана Бишкекте болсом да кайрат жана жылуу соз менен колдоого аракет кылып жатам. Чындык баары бир женет!

кимден: Руслан каяктан: Кемин
15.01.2010 17:41
Аман болгула эл сиздер менен

кимден: Патриот
15.01.2010 17:31
Бугун Сопу-Коргонго барып, жол тоскондордун бироон да коро албадым. Кочолордо жайнаган милициялардан башка бирин серин эле киши журбосо андай эле куйуп-бышкан деле эч ким жок. Торт боз уй тигилген экен анысы деле жок. Милициялар жол тоскондорду камерага тартып алышкан экен, катышкандардын ар биринин уйун кыдырып бирден суракка алып журушот. Эл деле бирдиктуу эмес экендиги корунуп турат. Ар кимиси оз кызыкчылыгын гана коздогондой. Исаков бизге эмне кылып коюптур, шайлоодо бизге тартпай койгон дегендер да жок эмес. Карап олтуруп "кайран гана эл генералы кыргыз эли, армиясы учун жасаган эмгектерин элине кыпынчалык дагы корунбоптур. Кээ бир башка атка минерлерге окшоп жылмандап, эки суйлоп турганында, жалпыга эмес жеке адамдарга жардам берип, команда топтонунда ошол жардам бергендерин чимириктей чимирилмек экен. Биздин эл ким-бироолор айтмакчы манкуртташа баштаган турбайбы. Эл учун иштеген адам козго корунбой калса,,, " Нарын эл менен, Талас эл менен ж.б. деп жазган ураандар эч кандай суу кечпей, куру создор гана экенине кейип, Бакиевдин тамырлары терендеп бышыкталып калганына кайгырып келе жаттым. Мейли Бакиевди деле убагында аябай колдогом, таза иштесе дагы деле колдомокмун. Ушул окуядан кийин ага болгон сыйым такыр очту. Оппозициядагылар деле баары оз кызыкчылыктары учун гана кыйкырышкан адамдар экен. Алар эч качан бириге алышпайт. Мен Исаковго эч кандай тааныштыгым, тууганчылыгым, жердешчилигим деле жок, бирок жасаган иштери тууралуу кабарым бар, патриоттулугуна баа берем. Ысмайыл ага кудай колдосун эми, ак ийилет, бирок сынбайт, бул кундор да отот, кайратыныздан жанбаныз!

кимден: Чынара каяктан: Нарын
15.01.2010 15:19
Урматтуу Сопу-Коргондук туугандар биз да сиздер мененбиз! Сууктун күнүндө ушинтип элин кыйнаган бүгүнкү бийликтин жүзү бул. Эмне кылабыз Акаевдин он беш жылын беш жылда жашап, жарыла турган чегибизге жеттик көрүнөт. Артка эч жол жок, алдыга кана кетиш керек, 2005-жыл 24 -марттагы ЭЛдин күчүн дагы бир жолу Бакиевге көрсөтүш керек. ЭЛДИН БИРИМДИГИ, ЫНТЫМАГЫ ГАНА БУЛ БИЙЛИКТИ ЖЕҢЕТ! АЛГА КЫРГЫЗДАР БИРИГЕЛИ!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)