Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:16

Геннадий Павлюктун долбоорунун сыры жана чыры


Журналист Г. Павлюктун сөөгү Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылына коюлду. 2009-жылдын 24-декабры.
Журналист Г. Павлюктун сөөгү Ысык-Көлдүн Кара-Ой айылына коюлду. 2009-жылдын 24-декабры.

Маркум журналист Г. Павлюктун үй-бүлөсү казак полициясынын тергөөчүлөрүнө берген айрым материалдар Интернетке чыкты. Анда өлкөдөгү саясий кырдаал, ММКнын абалы жана “Ата Мекен” партиясынын сайтын, басылмасын ачуу долбоору тууралуу маалыматтар камтылган.

Жыл соңунда Алматыда киши колдуу болгон журналист Геннадий Павлюктун үй-бүлөсүнүн макулдугу менен Казакстандын полициясынын тергөө кызматына берген айрым материалдыр Интренет сайттарга жарыяланды. Анын долбоорунун негизги идеясы катары “Мамлекеттик идеологияны жана бийликти алмаштыруу” көрсөтүлгөн.


Ишке ашпай калган долбоор

Геннадий Павлюктун каттарында жалпыга маалымдоо каражаттары тууралуу ийгиликтүү долбоор жаңы өнөктөштөрдү тартууга, чет өлкөлөрдөн коомдук-саясий колдоо табууга аккумулятор жана курал болорун, бул иш саясий жеңишке алып келээри белгиленген. Ал учурда кызыккан тараптар жалпы кубатын топтоп, мобилдүү команда түзүү керектигин, бул иштин башталышында каражат менен каржылоо зарылдыгын да айткан.

Г. Павлюк өз долбоорунда акыркы беш жылда өлкөдөгү массалык маалымат каражаттарынын 90 пайызы бийликке бир тараптуу кызмат кылып, бир дагы күчтүү маалымдоо каражаты жок калгандыгын белгилеп, социалдык маалымат айдыңында көз карандысыз “Ата Мекен” деген аталыштагы интернет сайтын жана гезит ачууну пландаштырган.

Ошондой эле президенттин башкаруу системасында жүргүзүп жаткан реформасына, коопсуздук кенешинин жоюлуш себебине, президенттик кеңештин түзүлүшүнө, эмне себептен Данияр Үсөновдун премьер-министр болуп дайындалышына байланыштуу маселе козгоп, президент кенже уулу Максим Бакиевди мураcкорлукка даярдап жатабы?- деген суроого жооп издеп, бул маселелерге өз көз карашын да билдирген.

Анын материалдарын жеке электрондук почтасынан алып, Казакстандын полициясынын тергөөчүсүнө бергенин аялы Оля Павлюк тастыктап, бирок интернет сайтка жарыяланган материалды окубаганын билдирди.

- Мен бардык материалдарды, азыркы окуяга байланыштуу кагаздарды бир гана тергөө органдарына бергем. Алар жарыялабайбыз деген. Балким аны менен мурда кат алышып жүргөн бирөө жарыялашы мүмкүн.

Ачыкка чыккан каттар сыр түйүнүн ачабы?

Бул каттардын жарыяланышы - кылмышкерлердин жүзүн ачканга, аларды тактаганга коомчулукка жардам берет деген ойдобуз. Ө. Текебаев
Интернет сайттарга чыккан Геннадий Павлюктун каттарында анын жеке маселеси каралбаганын, анда коомго, элге маанилүү маселелер каралгандыгын “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев тастыктады. Анын айтымында, журналист киши колдуу болуп
өлгөндөн кийин ал жазган долбоор, каттарын коомчулукка жарыялоо зарыл, анын бул кагаздарынан атуулдук кайратын, позициясын, эмне үчүн күрөшкөнүн, ким менен күрөшкөнүн билүүгө болот.

“Геннадийдин масштабдуу долбоорунан чочулаган бийлик өкүлдөрү, муну колдогондор ичтен эле эмес, сырттан дагы чыгышы мүмкүн деп чочулап, анын өмүрүнө кол салышы мүмкүн”,-дейт Текебаев.

- Бул документтин жарыяланышы - кылмышкерлердин жүзүн ачканга, аларды тактаганга коомчулукка жардам берет деп ойлойбуз. Өзгөчө казак кызматтары "Геннадийди кыргызстандыктар өлтүрдү, жөн эле адамдар эмес, алар Кыргызстандын контрчалгындоо кызматынын офицерлери”, - деп айткандан кийин Геннадийдин бул каттары чоң мааниге ээ.

Өмүрбек Текебаев ошондой эле Геннадий Павлюктун долбоорунда Кыргызстанда орус тилдүү басылмаларды чыгаруу менен дүйнөлүк чөйрөгө таасир кылууга аракет кылып, орус-кыргыз мамилелерин бекемдөө үчүн ишарат кылганын белгилеп, анын өлүмүн саясий өлүм катары эсептерин кошумчалады.
Бийлик андан коркуп, ушундай кылды деген сөздөр эч бир негизсиз. И. Карыпбеков

Президенттин катчылыгынын өз ара аракеттенүү кызматынын жетекчиси Илим Карыпбеков болсо журналисттин өлүмүнүн
себептери укук коргоо органдары тарабынан дыкат иликтенип бүткөнчө, анын мерт болгонуна жазган каттары же долбоорлору себеп болду дегенге кошулбастыгын билдирди.

- Тилекке каршы кайсы бир деңгээлде Геннадий Павлюктун каза болушун кээ бир оппозициялык күчтөр жана башка дагы бир күчтөр колдонуп, бийликке карата кылган шылтоосу деп ойлойм. “Бийлик андан коркуп ушундай кылды деген” эч бир негизсиз. Бул саясий өңүттө колдонулуп жаткан ыкма.

16-декабрда Алматыда 51 жашында өмүрү кыйылган кыргызстандык журналист Геннадий Павлюктун өлүмүнө “Кыргызстандын контрчалгын кызматкерлеринин тиешеси бар”, деп Казакстандын КТК телеканалы жаңы жыл алдында маалымат тараткан эле.

Ал эми Кыргызстандын Улуттук коопсуздук кызматынын басма сөз кызматы болсо бул маалыматты четке кагып, бул окуяга кызматкерлеринин тишеси жоктугун билдирди.

Тасмада: Жакындары маркум Геннадий Павлюк менен коштошууда (23-декабрь, Бишкек.)

Геннадий Павлюк менен коштошуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:35 0:00

XS
SM
MD
LG