Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 14:48

Саясат

Роза Отунбаева: “Саясатты эми биз, аялдар жасайбыз”

Президент Роза Отунбаева Ош облусунунун активист аялдары менен жолугушуу учурунда алдыдагы паламенттик шайлоодо Жогорку Кеңешке алты-жети партия келээрин болжолдоп, алардын арасынан кыз-келиндерге көбүрөөк орун тийээрине үмүттөнүп жатканын билдирди.

Президент Роза Отунбаева оштук аялдар менен жолугушууда сөз сүйлөөдө, 31-июль.
Текст көлөмү - +
Өз кезегинде сөз сүйлөгөндөр ак жоолукчандарга карата зордук-зомбулук күчөгөндүгүн, жетекчи кызматтарга алар азыраак тартылып келаткандыгын белгилешти.

Роза Отунбаева аялдар менен жолугушуу убагында алдыдагы парламенттик шайлоонун күнүн белгилөө эмне үчүн кечеңдетилип жаткандыгын мындайча түшүндүрдү:

- Өзгөчө кырдаал убагында шайлоо жарыялоого тыюу салынган.
Президент Р. Отунбаева Оштогу жолугушууда, 31-июль

Президент айым ошого карабастан айрым саясий партиялар Шайлоо кодексинин талаптарын эмитен одоно бузуп жатышкандыгын билдирди:

- Өзү мындай убакта а түгүл жер-жерлерде жыйын, же башка иш-чара өткөрүүгө да тыюу салынат. Ошого карабастан бүгүн көптөгөн партиялар мыйзамды каалагандай тебелеп-тепсеп, чогулуштарды чакырып жатышат. Бул акылга сыйбаган жорук. Укук коргоо органдары муну билип-көрүп туруп, ага уруксат бергенинин өзү туура эмес.

Оштогу бейөкмөт уюмдардын биринин башчысы Авазкан Ормонованын кебине караганда, жаңы бийлик деле элден алыстап бараткандыгы жашыруун эмес:

- Себеби, эл азыр өкмөткө ишенбей калды. Анткени, гезит беттеринде өкмөттө иштегендерди каралаган материалдар байма-бай басылууда. А ага тил кайрыган бирөө жок. Экинчиден, Ош облусундагы бейөкмөт уюмдар биргелешип, июндагы тополоңдо жабыркагандарды реабилитациялоо борборлорун ачтык. Учурда зордукталган же үй-бүлөсүн жоготкон аялдар бизге көбүрөөк кайрылып жатышат.
Президент менен жолугушууга келген оштук аялдар, 31-июль.

Авазкан Ормонова зордук-зомбулукка кабылган кыз-келиндерге карата мамлекет тарабынан азыртан камкордук күчөтүлбөсө, анын аягы кайгылуу бүтөөрүн эскертти.

Бул арада Араван районундагы үй-бүлөлүк медицина борборунун башчысынын орун басары Замира Атабаева энелерди элдин ынтымакчылыгын, мамлекеттин бүтүндүгүн сактап калууга чакырды:

- Базарыбыз да, мазарыбыз да бир. Сиздер өткөн ишке өкүнбөстөн, мындан аркысын ойлоп, стабилдүүлүктү кармап калууга аракет кылыңыздар. Бала-чакабыздын жаркын болочогу үчүн, Кыргызстанды кыйратпай сактап калуу үчүн баарыңыздарды күрөшкө чакырамын.

Карасуулук ардагер, көп жылдар бою партиялык-советтик жетекчи кызматтарды аркалаган Айкөкүл Мырзакаримова башчылык орундарга аялдарды тартуу жемсөөлүктү азайтып, өлкөнү өйдөлөтүүгө көмөктөшөт деген пикирде:

- Эр азамат эки президентибиз качып кеткенден кийин кадр маселеси айымдардын мойнуна түштү. Ошондуктан, мындан ары идиректүү кыз-келиндерди жетекчилик жумушка көбүрөөк тартпасак болчудай эмес. Себеби аялдар ит жандуу эмеспи, күндүзү тыным, түндөсү уйку билбей чарчабастан эмгектенет.
Президент Р. Отунбаеванын Оштогу сапары.

Жооп иретинде сүйлөгөн Роза Отунбаева бул сапар Жогорку Кеңешке алты-жети партия келээрин болжолдоп, алардын арасынан кыз-келиндерге көбүрөөк орун тийээрине үмүттөнүп жатканын айтты:

- Бийлик биздин колубузга тийди. Чындыгында, биз, аялдар, Кыргызстандын жарымын түзөт экенбиз. Саясатты, керек болсо, мына биз сиздер менен жасайбыз.

Андан тышкары Роза Отунбаева Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун түштүккө жөнөтүлчү полициясынын кеңешчи тобуна, балким Орусиянын, Казакстандын жана Украинанын өкүлдөрү кирип калаарын кыйытты. Ошондой эле президент айым учурда Шаңхай кызматташтыгы уюму, анын ичинде Кытай менен сүйлөшүү жүрүп, этникалык кагылышуудан катуу жабыркаган Ош шаарына ШКУнун шаарчасын куруп берүү маселеси көтөрүлүп жаткандыгын кошумчалады.

Анткени менен айрым жергиликтүү коомдук жана саясий ишмерлер олуттуу ойлору бар оштук айымдар Роза Отунбаевага жолотулган жок деп айтышууда.
Президент Р. Отунбаеванын Оштогу сапары.

- Байкашымча, Оштогу жолугушууга көбүнчө эле атайын тандалган аялдар чакырылыптыр. Мына эки айдан бери мэриянын жанына тигилген боз үйдө ондогон кыргыз кыз-келиндери боздоп олтурушат. Алардын муң-зары Ак үйгө жете элек. Мына эми президент дагы укпай кетти. Анткени, алардын арманын чоңдорго угузчу кишилерди тизмеге кошпой коюшту, - деди “Асаба” партиясынын Оштогу лидери Жамийла Кадырова.

Кыргыз президенти Роза Отунбаева Ошко сапарынын экинчи күнүндө түштүк жергесинин район-шаар жана облус башчылары, ошондой эле укук коргоо органдарынын жетекчилери менен да жабык жыйын куруп, аймактагы коомдук-саясий акыбалды талкуулашты.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Кыргыз жигит каяктан: Москва
03.08.2010 18:10
Урматту Роза эже!!! Биринчиден бул саясат аял-затынын иши эмес, аял затынын асыл иши уйдо балдарына таалим-тарбия бериш.Азыр сиз мындай кыла турган болсонуз аялдардын баары саясатка аралаша баштайт, анан балдарды ким тарбиялайт?! Аялдардан башка эркектер калбай калдыбы.Чет-элден бутуп келген жаштарга, мекеним деп жанын берген адистерге бергиле кызматты!!! Туура айтышат, саясатты эмес, элди ойлогула, азыркы учурда элибиздин абалы абдан оор. Тагыраак айтканда ушул кыйын абалдан алып чыга турган силерсинер жана да отургузуп сала турган да силерсинер.Сураныч саясатынарды туура жургузгуло. Этренки куну Бакиевдердей болуп олкодон кантип куулуп калганынарды билбей калбагыла.

кимден: aja каяктан: usa
02.08.2010 20:38
opppa roza eje.siz kagazdan okusanyz jakshy oilordu aitasyz,ozunuz suilosonuz negedir naarasy kylasyz eldi.ajalby erkekpi kim ish bilgi bolso ishtesin.anan ajaldar kelet dep ish bilbegen ajal kyzdardy alyp kelip maktagan kyzynar toido ozurat bolbosok boldu

кимден: Rossia каяктан: Moskva
02.08.2010 18:46
Assalom aleikum KYrgyz elim."saiasatty emi biz aialdar jasaibyz"! degen sozgo koshuluu kyiyn! birinchiden musurmanchylykka jatpait bul ish.ekinchiden saiasatty bashtai elekte ele aial erkek dep bolup jatasyz Urmattuuuu ejeke!bizge bugunku kundo tynchtyk,birimdik kerek.kyrgyzstandyn bugunku abaly parlamentte emes eldin kolunda kaldy.oshonduktan urmattuu tuugandar esibiz barda etekti japasak,ertenki kunubuz oorloshup kalshy mumkun!Baarynardy birimdike chakyrabyz aial erkekdebei!!!!

кимден: TTT каяктан: Moskva
02.08.2010 18:40
Saiasatty aial erkek debegilechi soz bashtala elekte ele bolunup jatasyz suilogondo tuura suilonuzchu!

кимден: Nurgul каяктан: Kitai
02.08.2010 09:35
Roza ejege mymkynchylyk bersek. Biylikke kelgeni el takyr ele ishtegenge mymkynchylyk berbei jatyshat.

кимден: Данбагар каяктан: Москва
02.08.2010 02:32
Урматтуу Роза Исаковна!
Иш стилиңизди өзгөртүп,өз министрлериңизди, атка минерлериңизди эл аралатсаңыз.Ата-бабаларыбыз ачык асмандын астында эле,кеңешме өткөрүшкөн, бей бечера аялдарды нааразы кылбасаныз!Элди экиге бөлбөсөңүз.Сизге, бийлик алып берген ошол кара тамандар.Эртең кызматтан кетсеңиз,Сизди жандап жүргөндөр,кийинки бийликке келгенге кол куушуруп,сиз кармаган шыпыргыдай болуп жүрө беришет.
Москвага 8-майда келгениңизде,шаар аралап жүргөнунузду коруп ,учурашып кубанган элем ,кыргыздын Обо-энеси келиптир!- деп. Сиз, откоргон жыйналышка чакырылгандар гана кирет деп ошол жердеги кыргыздарды киргизбей коюшкан эле,дип корпустун шыпыргылары.
Сиз ,элди ак-карага бөлбөй,жыйналышыңызга кирем деп келсе, жүрөгүндө дарты бар аялдардыр. Тапшырма берип койсоңуз эшик ачык болсун!-деп.Эл ,Сизди тытып кетпейт.
Урматтуу Азаттыкчылар!
Ушул тексти Президент айымыбыздын сайтына жөнөтүп койсоңуздар сураныч! Сиздерге ырахмат,силердин акыйкатчыл маалыматынарга ыраазыбыз!

кимден: жениш каяктан: кара-балта
02.08.2010 00:42
саламатсынбы азаттык? мен роза айымдын айтканына кошулбайм.илгертен экинчи орунда келген аял заты кыргызстанды ондошуна кумонмун. бул кеп бироону жамандаганда эмес. ай отот, жыл отот, айткан создор иш жузуно ашпай калат, калып келген. эгерде аялзаты ондой турган болсо, кыздарыбызды аскерге чакырыш керек. мен ишенем Атамбаев мырзага. дегеним менен ондосо кыргызстанды койчу да ондойт. гулдосун КЫРГЫЗСТАН!!!!!!!!!!!

кимден: RUSLAN DJUMAGULOV каяктан: ISIK GOL
01.08.2010 22:15
Rosa Eje, sayasat kilbay bul jerde Mamleketibiz uchun ishtehisbiz kerekbiz azir! Ayal Erkek dep bolunboy, kim kaysil jumushka jondomdu bolso oshol jerde ishtesh kerek.

кимден: Бактыгул каяктан: Измир
01.08.2010 16:51
Жогоруда Кыялбек айткандай,аял эркек дебей олконун негизин,фундаментин укутук эрежелерге ылайык бекемдейлик.Кыргызстандын ар бир гражданы озунун укугун билгендей болсо.Карангылыктан эл конуп алган,кызматкер болсо эле ийиле бергенге.Беш-он тыйын бере коюуп ишинин женил бутургонго конгон биздин эл. Кыргызда бир кеп бар го "оруска пара бергенден бара бер "деген.Бара берип ишибизди бутургонго уйронушубуз керек деп ойлойм.

кимден: Ali каяктан: kitay
01.08.2010 16:25
menin jeke oyum bul tuura emes.sebebi bul kyrgyzstanga kyzmat kyluu uchun erkek ayal jas debey kimisi kaysy ishke jondomduu bolso oshol adamdy koyup anyn ustunon kontroldu kuchotuu kerek.bul ideya kyrgyzstandyn ichki jana syrtky sayasatyna tuura kelbeyt.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)