Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 14:48

Саясат

Роза Отунбаева: Элди туңгуюктан алып чыгалы деп жатабыз

Өткөөл мезгилдин президенти Роза Отунбаева убактылуу өкмөттүн референдум жана парламенттик шайлоо алдында жүргүзүп жаткан ички, тышкы саясаты, өзгөчө пикирдеги саясий күчтөр менен мамилелер, маалымат жана идеология саясаты тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

Өткөөл мезгил президенти Роза Отунбаева "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүдө. Бишкек, 4-июнь.
Текст көлөмү - +

 
Алдыда эки чоң сыноо турат

"Азаттык":
- Роза айым, алдыда күтүлүп жаткан референдумга бир аз убакыт калды, үч жумадай. Ушул референдумдун кынтыксыз өткөрүү максатында Убактылуу өкмөттүн биринчи милдети кайсы?

Роза Отунбаева: Биринчиден, БШКга жардам берүүгө бул жерде штаб түзүлгөн. Ошол штабдын башчысы Өмүрбек Текебаев губернаторлордун баарын чогултуп, биз комплекстүү түрдө бул маселени карап чыгып, ар кандай тапшырмаларды бердик. Ал тапшырмалар боюнча абдан көп иш-чаралар жүргүзүлүш керек. Шаарларда, айылдарда, референдум боюнча жарнактарды, баннерлер, билборддорду жарыялоо.

Ошондой эле азыр шайлоочулардын тизмелерин такташ керек. Бизде 3 млн. 155 миңдей шайлоочу болуп атат, бул 2009-жылдын эсеби боюнча. Ушулардын баары барбы, жокпу, анткени бизде Кыргызстанда миграция процесси абдан жогору. Ошондой эле жай айларында жайытка көп кетишет, эс алууга кетишет балдар, алар менен бирге ата-энелери. Биз үчүн бул оор маал болуп атат, оңой эмес.
...Ушундай опурталдуу кырдаалда президенттик шайлоону ары жылдыра туралы деп чечтик. Элдин баары эле муну туура кабылдады.

Бирок ошого карабай ушул иштердин баарын биз жасашыбыз керек. Бул иштердин баары аткарылса, ошондо объективдүү түрдө, бул референдум жасалма болбош үчүн жагдай түзүлөт. Мына, бизде абдан көп эл аралык байкоочулар келет, бир эле ЕККУ аркылуу 300дөн ашык адам келип атат, ошондой эле башка уюмдар аркылуу келет. Бизде шайлоо комиссиянын мүчөлөрү да алты адам БУУнун көмөгү, мандаты менен келип атат. Демек бизде көп байкоочулар, башкача айтканда башка көздөр болот. Мына ушуну объективдүү түрдө карап чыгыш керек. Биз болсо ага даярдыкты жасап атабыз азыр.

 "Азаттык": - Дагы бир маселе, өткөөл президенттин милдетин аткаруу чечимин кабыл алдыңыз. Кайсы негиздерге таянып сиз ушул чечимге келдиңиз, эмне үчүн президенттик үчүн ат салышууну каалаган жоксуз? Айрым укук коргоочулар сизди бул кызматка барууга мажбурланды, ошол эле мезгилде өзүнүн шайлануу укугунан ажырап калды деп атышат?

Өткөөл мезгил президенти Роза Отунбаева "Азаттык-Медиа" мекемесинин башчысынын милдетин аткаруучу Бурулкан Сарыгулованын суроолоруна жооп берүүдө. Бишкек, 4-июнь.
Роза Отунбаева: - Коом бизде абдан татаал, бизде ушундай бир орчундуу окуялар өттү, биздин ойлорубуз туш тарапка жүгүп жаткан кези. Кайчылаш болуп, өзгөчө саясий майданында оюндар, амбициялар көп. Мен муну атайын айтып атам. Анткени биз азыркы күндөрү кандайдыр бир климатта жашап атабыз. Алдыда эки шайлоо болмок, президенттик жана парламенттик, ошондой эле референдум. Ошондо үч сыноодон өтүшүбүз керек болчу. Бул референдумду сөзсүз биз 27-июнда өткөрүп, кудай буйруса, Конституциябызды бекитип алсак, бул өзүнчө бир чоң иш болот.

Анан саясий партиялар баары өздөрүн көрсөтөйүн деп курултайларын өткөрүп атат, канча саясий сөздөр, келишимдер түзүлүп атат ушул күндөрү. Алардын баары октябрда боло турган шайлоого даярданып атышат. Бизде 100 партия бар деп айтылат го, андан да көп, ушул күндөрү канча партиялар түзүлүп атат. Ошентип октябрдагы эки шайлоого карата абдан көп оюн азыртадан эле башталган болчу. Эл азыр тынчсызданып атат да, бул шайлоолор тынч өтсө, бизде биринчи Конституция болсун, анан кийин парламент, анан президентти шайласак дегендей. Абал абдан кыйын болуп атат, мына түштүктөгү болуп аткан окуяларды көрүп атасыздар.
 
Түндүк жактагы абалды деле, Нарын облусунда болуп аткан окуяларды угуп атасыңар. Координациялык кеңештер ар бир облуста абдан тынчсызданып атат. Ушуну карап отуруп биз да Убактылуу өкмөттө ой калчап чечтик, күзүндө бир эле парламенттик шайлоо болсо, президенттик шайлоону бир жылдан кийинби, же эки жылдан кийинби ары жылдырып койсок деп. Ошол мөөнөттүн ичинде бирөө болуш керек, өкмөттө калыш керек.

Азыр референдумдан кийин баары кетип атат шайлоого, биздин бир топ саясий партиялардагы лидерлерибиз, ишмерлерибиз парламенттик шайлоодо өздөрүн партияларын баштап кетип атышат шайлоого. Демек биз курултайдан баштабадык беле 17-мартта. Ошол курултайдын талаптарын аткарганга, биздин БЭКтин ойлорун ишке ашырганга кимдир бирөө бийликте туруп турушу керек да. Ошон үчүн мен кароолдоп, керек болсо ушул жерде, биз максатыбыздан тайбайлы, тияка-бияка кетпейли, биз максатыбызга жетели дедик.

Булар шайлоого барбайбыз, аткени биз бийликтебиз деп айта албайт, сөзсүз шайлоого барыш керек. Анан ушулардын баарын ойлоп, биз президенттик шайлоону ушундай коркунучтуу учурда ары жылдырсак деп чечтик. Муну элдин баары эле туура кабыл алды, айрым саясатчылардан башка.

"Азаттык": - Шайлануу укугуман ажырап калдым деп ойлобойсузбу?
 Мен эски Конституциянын, 2007-жылдан 2010-жылга өтүп аткан Конституцияга механизмдин эле бир бөлүгү болуп атам. 

Роза Отунбаева: - Жок, мен антип ойлобойм. Анткени азыр менин оюмча биринчиден, биздин өлкөнүн, элдин кызыкчылыктары жогору болуп атат. Бизди сындап аткан оппоненттерге, ушунчалык эле кыйын болуп, сыртта туруп алып бизди сындап, таш ыргытып, өздөрүнө мөөнөттөрдү алып атат дегендерге мен айтат элем, булар өмүр бою Акаевге да, Бакиевге да иштеп жүрүп, өзгөчө Бакиевге катуу иштеп берип, ошонун өкмөтүндө жүрүп, азыр Бакиевдин өкүлдөрү болуп атат да, ошолордун ишин аткарып атышат. Азыркы убактылуу бийликти катуу сынга алып, бизди эмне себептен бир жарым жылга алдайт деп атканы. Биз азыр элди ушул туңгуюктан, ушундай абалдан алып чыгып кетели деп атабыз. Бир шайлоо эки шайлоонун ордуна, жанагыдай мөөнөттөр. Ушунчалык эле президенттикке жулунуп атса мына бир жарым жылдан кийин болот. Мен азыр президенттикке талапкерлигимди көрсөтүп аткан жокмун, чыгып аткан жокмун. Мен эски Конституциянын, 2007-жылдан 2010-жылга өтүп аткан Конституцияга механизмдин эле бир бөлүгү болуп атам.

"Азаттык": -Референдумга Конституциянын долбоору коюлуп жатат, ошол эле мезгилде Өткөөл президент да киргизилип атат. Өткөөл президент деген референдумдун бюллетенинде эмне үчүн өзүнчө коюлган жок, мунун себептери эмнеде?

Роза Отунбаева: Мен азыр айтып кеттим ушул жөнүндө. Ар бир Конституция ишке ашырылышы үчүн жанагыдай өткөөл мезгил, анан бул Конституцияны кантип иш жүзүнө киргизебиз деген ошондой өткөөл жоболор иштелип чыгат. Ошол жоболордун ичинде биз атайын мыйзам иштеп чыктык. Бул Конституция кантип ишке киргизилет дегенде, ошонун ичинде азыркы өткөөл президенттин орду бул бир статья эле, өзүнчө бир тепкич. Мен болсо мени сынагыла, мен президент болоюн, элдин арасында атайын президенттик жарыштай болуп чыгып аткан жокмун. Мен муктаж эмесмин. Мен жаңы Конституцияны ишке кантип киргизиш керек дегенде ортодо турган адаммын. Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү шайлоого кеткенде мен келерки шайлоо ачык, айкын, объективдүү түрдө өтсүн деген мага жүктөлүп атат. Мен ошону жасашым керек.

"Бийликтин баардык бутактарына демонтаж жасап, кайра куруп жатабыз"

"Азаттык": - Жанатан бери сиз да айтып атасыз, биз да угуп атабыз, азыркы Убактылуу өкмөткө көп сын-пикирлер айтылып атат. Албетте ишиңиздер жеңил болгон жери жок. Сиздер менен пикирлери келишпеген да саясий күчтөр тургандыгы бул маалым нерсе ушундай дооматтардан кийин. Сиз өткөөл президент катары алар менен кантип иштешесиз? Иштөө ыкмаңыз кандай?
  Биз элди акаевчилер, бакиевчилер, дагы кимдер деп бөлбөй, элди кандайдыр бир интеграция кылып, саясий күчтөрдү топтоп, бири-бирибиз менен сүйлөшүп турушубуз керек 

Роза Отунбаева: Биз иштеп атабыз. Мисалы, бүгүн (4-июнда) саат төрттө биздин Убактылуу өкмөттүн алдындагы масилет кеңешинин жыйыны болот. Биринчи жолу мен эки жума мурун ушул кеңештин жыйынын өткөрдүм эле. Буга саясий партиялардын өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдар, белгилүү инсандар, ошондой эле биздин структуранын өкүлдөрү кирип атат. Мисалы, Муралиев, Масалиев жана дагы бир топ инсандар бар бул кеңеште. Кулов, Мадумаров да бар, бирок алар өткөндө келген жок, бүгүн көрөбүз келеби, же келбейби. Булардын баарын биз киргизип, анан 10 чакты саясий партиялар, азыркы 7-апрелден кийин пайда болгон коомдук уюмдардын өкүлдөрү, коомдук патриоттук уюмдар бар.

Роза Отунбаева оппозициянын Элдик курултайында сөз сүйлөөдө. Бишкек, 2010-жылдын 17-марты.
Биз мындай деп кайрылып атабыз аларга: "7-апрелден кийин уткандар, же утулгандар деген болбосун, биз элден жарым жылдык мөөнөттү сурап алдык, биз Бакиевдин заманынан жаңы заманга өткөргөнгө жооптубуз деп, азыр колдон келген аракетибизди жасап атабыз. Сиздер да көмөк көрсөткүлө, жөн гана сын берип турбагыла, бизге кандайдыр бир кеңештериңерди айтасыңарбы, туура эмес жасап атсак ошону айтасыңарбы, бул жерде баарыбыз Кыргыз Республикасынын атуулдарыбыз, абдан оор заманга учурап турганда биз баарыбыз колдон келген ишти жасап коелу деп ушундай консультативдик кеңеш түздүк. Башкача айтканда, биз элди акаевчилер, бакиевчилер, дагы кимдер деп бөлбөй, элди кандайдыр бир интеграция кылып, саясий күчтөрдү топтоп, бири-бирибиз менен сүйлөшүп турушубуз керек. Биз диалог жасап, сүйлөшүп турсак ошондо гана уруш-талаш болбойт да.

"Азаттык": - Өзүңүз билесиз, Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн арасында ар кандай партиялар болгонго жараша ар кандай пикирлер бар. Убактылуу өкмөттөгү партия лидерлери парламенттик шайлоого кетеби, же калып иштешеби өкмөттө? Кечээки талаш-тартыштан кийин, кечээки өкмөт жыйынындагы талкуудан кийин тактап алгыбыз келип атат...

Роза Отунбаева: Кандайдыр бир эрежелерди бара-бара эле иштеп чыгып атабыз. Анткени биздин басып аткан жолдун баары эле пионердик жолдор, биринчи жолу жасап атканыбыз, тегеректеги башка өлкөлөрдө мындай болгон жок да, биз бийликтин баарын демонтаж жасап, азыр кайра куруп атабыз. Биздин өкмөт мүчөлөрү шайлоого барат деген маселени кечээ биз талкууладык. Азыр үч бийликтин: аткаруу, мыйзам чыгаруу жана президенттик бийликтин ролун биз аткарып атабыз. Мага да эки чоң түйшүк жүктөлгөн, Убактылуу өкмөттүн башчысымын, ошондой эле өткөөл замандын президентимин. Качан ушундай иштер бир моюнга артылат эле.

Ошондой эле Убактылуу өкмөттүн ар бир мүчөлөрү бир эле учурда өкмөт мүчөсү, ошол эле учурда булар депутат катары иштеп атышат. Анткени биз декреттерди чыгарып атабыз. Декрет болсо мыйзамга барабар. Мына ошентип булар өкмөт мүчөлөрү катары кетет, бирок бир айдын ичинде шайлоо өтүп аткан маалда булар мыйзам чыгаруучу адамдар катары 14 кишинин тобунда кала берет, булар келип турушат. Кырдаал ар кандай болуп кетет, өйдө-төмөн болот. Биз керек болсо саясий кеңешпиз, биз 17-марттан чыкканбыз өзүбүздүн талаптарды коюп. Анан кийин 7-апрель болду, анан биз элге берген убадаларыбызды ишке ашырышыбыз керек. Анан кийин алар кеткенде мен азыркы тилге салганда техникалык өкмөт менен иштейм.

Чек арадагы жана өлкө ичиндеги тирешүүлөр кандай чечилүүдө?

"Азаттык": - Жалал-Абаддан кийин Баткендеги чек арада чыр чыгып кетти, Ысык-Көлдө да бир топ митингдер өтүп атат, кадрдык маселе боюнча Нарында өтүп атат. Ушундай өңүттөрдү эске алганда референдум учурунда кырдаал дагы курчуп кетпейби? Абалды курчутпаш үчүн алдын алчу кандай чаралар көрүлүп атат?

Роза Отунбаева: Митингдер өтүп атканы, бул көп жылдар бою топтолгон маселелер экен. Булардын ар биринин өзүнүн тарыхы, себептери бар. Баткендеги маселе татынакай эле чечилди. Акыркы жылдары чечилбеген маселелер, Сох анклавынын айланасындагы маселелер чечилди.

Ар бир облуста, ар бир райондо координациялык кеңеш деген бар. Булар болсо элдин өкүлдөрү, 7-апрелдеги революцияда эски бийликке тике туруп, эч нерседен корпой чыккан эл. Ошолор шайлады акимдерди көп учурларда, губернаторлорду шайлаганга, тапканга таасир этишти. Бирок координациялык кеңеш кээ бир кезде аша чаап, мисалы, Нарында өзүңөр көрүп атасыңар, бул элдин ызасы, элдин бугу. Акаевдин заманында иштегендердин канчалары Бакиевдин колутугуна кирип кетишти, азыр деле ошолор иштеп атат деп, 60тан ашык тизмени түзүп алып, “кетсин эле кетсин” деп отургандар ошолор болуп атат.

Бизде Кыргызстанда люстрация - тазалануу процесси болуш керек. Мисалы, резонанстуу иштерге тике тиешеси бар деп туруп, аларды четтетип салыш керек. Андайларды 10 жыл такыр өкмөттүк жумушка тартпаш керек деген Балтика өлкөлөрүндө бар. Биз ошондойлорду колдонбой атабыз. Анткени бир жагынан кичинекей эле коомбуз, ушинтип элдин баарын эле бөлгөнгө болбойт. Алардын ичинде мыкты адистер көп, баары эле 1917-жылдай болуп чечилбейт да. Азыр биз канча алдыга кеттик, илим болсунбу, мейли кеңседеги жумуштар болсунбу, биз көчөдөн алып келип эле бирөөнү ишетете албайбыз да. Ошондуктан биз өзүбүздүн кадрларыбызды коргошубуз керек, аларды баалашыбыз керек. Мисалы, ректорлордун да бир тобун өзгөрттүк. Ал биздин токтом менен өзгөртүлөт. Аларды жааматы чыгарып, четтетип атат. Ректорду өстүргөнгө 20-25 жылдай убакыт керек, ар кандай тажрыйбаны топтош керек. Ошон үчүн мен айтат элем, биз адистерибизди да коргошубуз керек.

Маалымат согушу: ким утуп, ким утулууда?

"Азаттык": - Идеологиялык саясат жаатында эмне айта аласыз деп сурагым келип атат. Себеби идеологиялык ар кандай чабуулдарга жооп кайтаруу, ыкчам, ынанымдуу жоопторду берүү жаатында Убактылуу өкмөттүн иши аксап жатат деген пикирлерди угуп атабыз.

Роза Отунбаева: Аксап жатат окшойт. Ал боюнча биз иштешибиз керек.

"Азаттык": -Кандай сунуштарыңыз, ойлоруңуз бар?
"Асман" гезити мени Англиядан үй алыптыр деп жазып чыгыптыр. Бул таптакыр чындыкка коошпойт...

Роза Отунбаева: Бизде өкмөттө ошондой бөлүм бар. Биз гезиттер, телевидение менен биргелешип иштешибиз керек. Ал жөнүндө суроо жок, иштеш керек. Биз өкмөт катары да, адам катары да көп учурда кечигип, колубуз тийбей, бошобой калабыз. Мисалы, "телефонгейт" деген боюнча абдан көп ызы-чуу болду. Ал боюнча биз колдон келгенче аракет жасап түшүндүрдүк. Азыр болсо өкмөт мүчөлөрү бири-бирибиздин алдыбызда убада алдык, биз бири-бирибизге тике айтып ушундай маселелерди чечип алсак деп.

Силер деле өкмөттүн жыйындарында болуп атасыңар, көрүп атасыңар, бизде революциялык жол менен кетип атышат. Мурда Совет заманында, мейли ал тазараак заман экен, ошондо да болбогон ыкмалар менен кетип атабыз. Эки ай болуп калат го жакында, бул окуяларга, биздин жаңы бийликтин маалы дегендей, убакыт жок. Бизде, өзүңүздөр көрүп атасыңар, абдан убакыт тар болуп атат.
 
Роза Отунбаева Убактылуу өкмөттүн төрайымы, 2010-жылдын 8-апрели.

Кечээ күнү «Асман» деген гезитти мага атайын бирөө алып келип берди, "сиз жөнүндө жазыптыр, Англиядан үй алыптырсыз" деп. Мен милдетим катары көрөм, расмий түрдө жооп беришим керек, барбы же жокпу дегенге. Анткени мен коомдун, элдин элегинде турган адаммын. Мен айтат элем, чындап эле бул маселеде биз артта калып атабыз, өз маалында жооп бералбай калып атабыз. Менин кызым чындап эле Лондондо жашайт, ошол жерде күйөөдө, алардын өздөрүнүн үй-жайы бар. Отунбаева Лондондон үй алды деген такыр чындыкка коошпогон нерсе.

"Азаттык": - Азыр Убактылуу өкмөттүн тышкы дүйнө менен байланышы кантип атат ушул тапта? Убактылуу өкмөт катары мурдагы стандарттуу, салттуу байланыштардын баары өзгөрүп кетти. Азыр кандай байланыштар болуп жатат?

Роза Отунбаева: Бизде көп өзгөрдү деп айта албайм. Себеби өзүңөр көрүп атасыңар, азыр эл аралык уюмдардын баары эле тыгыз иштешип атат. Мисалы, эл аралык финанасы уюмдары биз легитимдүү өкмөт болбосок да бизге миллиондогон жардамдарды беребиз деп айтып атышат. Азия банкы, Ислам банкы, кечээ эле Торугарт-Бишкекке чейин чоң жол бар го, ошол жерде Нарын шаары менен Долондун ортосундагы 93 км. жолго легитимдештирүү болгонго чейин эле 100 миллиондон ашык акчаны бөлүп беребиз деп Ислам банкы убада берди. Бул абдан жакшы.

8-июлда донорлордун чоң конференциясы болот Кыргызстанда. Бул эл аралык финансылык институттар бизге бюджетти жапканга жардам берет. Өлкөлөрдү айтсак, мына Орусия канча жардам берип атат, мына жакында эле 20 миң тонна күйүүчү майды гуманитардык жардам катары берди. Ошондой эле 2 жарым миң тонна элиталык уруктан берип атат. Бир учак келди чоң гуманитардык жардам менен, анын ичинде абдан бизге керектүү медициналык жабдыктар бар. Муну Орусия берди. Казакстан, Өзбекстан менен да абдан тыгыз эле иштеп атабыз. Мен ойлоп атам, Сохтун айланасындагы маселелер чечилди, муну Өзбекстан менен болгон мамиленин жакшы жышааны катары карасак болот.

Тышкы саясат кандай болот?
 Тышкы саясат президенттин колунда эмес, өкмөттүн колунда болот. Эң эле орчундуу маселелер парламентке келип түшөт. Тышкы саясатта өтө деле көп өзгөрүүлөр болбош керек...

"Азаттык": - Кошуна мамлекеттерден, постсоветтик өлкөлөрдөн айырмаланып Кыргызстан парламенттик өлкө катары кетип баратат референдум, шайлоо өтсө. Ушул өңүттөн алганда Кыргызстандын тышкы саястынын келечегин кандай көрөсүз?

Роза Отунбаева: Тышкы саясат президенттин колунда эмес, өкмөттүн колунда болот. Эң эле орчундуу маселелер парламентке келип түшөт. Тышкы саясатта өтө деле көп өзгөрүүлөр болбош керек. Биз негизги тышкы саясатыбызды куруп, түзүп алганбыз. Бул биздин кошуналарыбыз, биринчиден.

Экинчиден, стратегиялык башка чоң өлкөлөр. Биринчи кезектеги кошуналар менен тең эле Орусия да бизге маанилүү. Ири өлкөлөр деген Кытай, Америка, Батыш менен жалпы ЕККУ аркылуу биз катташып атабыз, ошондой эле акыркы жылдары Араб мамлекеттери менен биз көп катнашта болуп атабыз. Ошондой эле Чыгыш Түштүк Азия өлкөлөрү да бизге кол кабыш жасап, көп керектүү жардам берип атат. Демек бул өлкөлөр менен биздин ортобузда салттык тегерек болуп калды, булар менен 20 жылдын ичинде карым катнаштарыбызды түзүп, иштешип келатабыз. Мен ойлойм, тышкы саясатыбыз көп деле өзгөрбөйт го.

Биз акчабызга, финансалык каражаттарыбызга жараша, ким билет, балким бир күнү Латын Америкасына чейин, же Африка континентиндеги Магриб өлкөлөрүнө жететтирбиз. Алар менен алака түзүшүбүз мүмкүн. Бирок бизде приоритеттер белгилүү, ошол приоритет өлкөлөр менен биз иштеше беребиз.

Роза Отунбаева АКШнын мамлекеттик качысынын орун басары Роберт Блэйк менен, Бишкек, 2010-жылдын 14-апрели.
"Азаттык": - Азыр Американын транзиттик базасы боюнча АКШ менен кызматташтыктын бүгүнкү абалына эмне айта аласыз? Мен  учактарга май куюуга байланышкан акыркы маселени сурап атам.

Роза Отунбаева: - Биз азыр бул маселени чечип атабыз. Биздин өкмөт абдан терең карап чыгып, америкалыктар менен бир топ сүйлөшүүлөр өттү. Ал жердеги фирмалар күйүүчү майларды абдан чоң көлөмдө алып, буларга куюп турган ушул күнгө чейин. Азыр биз «Аалам сервис» деген чоң базаны мамлекеттештирип туруп, ошол жерде турган коррупциялык схеманын баарын жоготуп жатабыз, башка компаниялар келбейт. Өкмөт балким түз куюп бергенге кудуретибиз, алыбыз жетет деп бир линияны иштеп чыкканбыз. Азыр көрөбүз ушул сүйлөшүүдө такталат окшойт. Демек мурун үй-бүлөнүн чөнтөгүнө кетип аткан акча эми биздин бюджетке түшөт деп терең ишенебиз.

"Азаттык": - Америка муну туура түшүнүп атабы?

Роза Отунбаева: - Туура түшүнүп атат, Конгрессте чоң, кеңири талкуу болду бул жөнүндө. Алар эмне себептен ушундай коррупциялык схемаларды колдош керек деп, ошол схемаларды көзөмөлдөп, тапканга макул болуп атат. Анткени алардын коомчулугуна окумуштуулары конгрессте айтып беришти, эмне себептен биздин өкмөт ошол схемаларга ушул күнгө чейин колдоо көрсөтүп жүрдү эле, ошого биз макул эмеспиз деп. Азыр эки тараптан тең биздин эркибиз, кандай жол менен чечебиз деген маселе бир болуп атат.

"Азаттык": - Ташкенде 10-11-июнда Шанхай кызматташтык уюмунун саммити болгону атат, ага Кыргызстан катышабы?

Роза Отунбаева: - Катышат, биздин Тышкы иштер министри барат ошол жерге. Биз күтүп атабыз.

"Азаттык": - Маегиңиз үчүн чоң рахмат. Ийгилик каалайбыз.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 6 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: диля каяктан: ош
17.06.2010 13:27
Роза онтоп отура бербей козунду ач кан тогуу менен бийликке келдинер кайра кан итогуп кеттесинер го силер келгенден бери эч тынчтык жок

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
16.06.2010 12:16
Кыргызстанда Роза айымдан башка президенттикке таттыктуу мырзалар жокпу ??? Кыргызстанды тунгуюктан алып чыгабыз деп кайра эле тунгуюкка батырып жатасыз го. Сиздин бийликке келишинизге кыргыз баары нааразы болуп жатат го. Кыргызстанды башкарашынызга нааразыбыз. Сиз бийликке келбегенинизде мындай иштер болбойт эле, баарына азыркы УӨ кунолуу болуп жатпайбы. Кыргыздарга кандуу РЕФЕРЕНДУМДУН кереги жок, токтоткула баарыны.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
09.06.2010 10:39
Бакиевдин кучуктору,шестеркалары Курманжандатка менен Роза эжеден айланып тегеренип кеткиле угомонитесь окей, на до е ли!

кимден: Kurmanjan-Datka каяктан: Bishkek
09.06.2010 01:13
alaidan kurmanjan-daatka kyrgyz taryxynda on kaarman bolup jazylyp kalsa, talastan roza-otunbai-kyzy taryhta ters kaarman bolup kyrgyz taryxyna jazylyp kaldy.!

кимден: та-но каяктан: москва
08.06.2010 23:15
Азыркы жаны бийликтегилер;бычакка сап болоор киминер бар,колунардан балекет келбегенден кийин жон эле отурбайсынарбы

кимден: boxa
08.06.2010 20:01
Силер тескерисинче элди тунгуюкка алып бара жатасынар,баштапкы эки ажобуз олкону бала-чака,бир тууган,катын,балдыздары эмне кылып жаткандарын козомолдой албай шерменделери чыкты эле.
Эми канча депутат болсо баары башкаруу укугуна ээ болсо,кыргызстандын аш-малтайы чыгат.
О,Текебаев Венецияда биздин конс-к долбоорду жактырды деп инт-ю бериптир,биздин европалык мамлекеттердин ан-сезимине жеткенге кеминде отуз-кырк жыл бар,басмачылык доордон чыкпай жатып куйдуросунор.

кимден: Калыс
07.06.2010 23:37
Эми баардык сын бутуп Роза эжеге анын кийген кийимине оттук.Ой,ой,ой
бойроктон шыйрак чыгарабыз.
Жапжакшынакай офиске ылайыктуу,озуно жарашып таптатынакай эле го.
Эмне мынчалык асылып критикалайсынар яяяяя!
Анча болду паранжа кийсин дебейсинерби.
Катуу сынчылар,анда эл башына келип силер башкаргыла!
Азыркы УОтто Роза эженин ролу чон экенине баарыбыз кубо болуп атабыз го,болбосо мырзаларыбыз бийлик талашып,миллиондорду талашып бири-бирин буттан тартып ,баары бир ункурго тушуп калат беле??
Ошону менен бирге Роза эжени катуу мактагандан да алысмын.Аны да оз убагында талкуулап,шеринеде кездешербиз.

кимден: молодец каяктан: Кыргызстан
07.06.2010 20:44
"Элди тунгуйуктан алып чыгыш керек" дегини эки жуздуулук. Эл азыр тунгуйукта эмес, оздору тунгуйукта... Булар оздорун тунгуйуктан алып чыгуу учун элди пайданашып жатышат. Т.а. эл эртеге референдум аркылуу Отунбаеваны тунгуйуктан алып чыгат. Эки жуздуулуктун да чеги болот Роза айым... Оз тунгуйугунузду жымсалдап, куйтуланып, элдин башын айландырбаныз...

кимден: Ар-намыс каяктан: Кыргызстан
07.06.2010 18:58
Отунбаевага ар тараптан алкыш айтып, аны кыргыздын аялдарынын символу катары корсото баштаган мекендештериме айтарым: шашпагыла... ойлонуп анан баалагыла... кыргыздын чыныгы аялдары эч качан ушул жашка (Отунб-нын жашына) келгенде тизесине жетпеген койнок кийип алып элдин алдына чыккан эмес... анан дагы Роза айымдын чыныгы, таза (!) кыргыз экендигин билип-билбей туруп эле кыргыз энелеринин беделин тушурбогуло. Кыргыздын чыныгы айымы Жамал Сейдакматовадай болот.

кимден: meken каяктан: Beijing, China
07.06.2010 09:36
Urmattuu shernenin katyshuuchulary! ushul kyrgyz elinin bashyna tushkon kuyun otkool mezgilde sabyrduulukka koburook konul buraly. Eptep ele syn aituunun da negisi bolush kerek. Ichki syrtky oi pikirdi aituunun da kalsytygy bolush kerek. Jigit, Chynarbek syaktuu jigitterdi salkyn kanduulukka chakyrat ketein. Roza ejenin tegeregindegi adamdar atayin chechim chygaryshyp presidenttikke shaylaganyn eldin kopchulugu tuura kabyl alyp jatyshat. Teetigi Koreiada je kalp ele Jajaj -Abadda jatyp alyp Bakievdin yryn yrdagandy toktottkula jigitter! Ich kuiduluktun dagy chegi bolish kerek da, ketip bara jatka kerben kangkyldap urgon kandekke okshop kalbagyla. Duynodo kalystyk kerek da. men dele silerdey alysta okup jurom, buulugup ichip ortonnup kuyup jurom, kyrchyndai jash jigitter bey ajal okko uchup ketkenine, alardyn ubaly kimge. Emi kayra artka kylchaktap kachyp ketken akalardyn kuyruguna kypchylbay elge koshuluuga ubakyt jetti.
Жалпы 6 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)