Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 14:47

Саясат

Элдик курултай: Аракеттер жана тоскоолдуктар

Оппозиция 7-апрелде жер-жерлерде боло турган Элдик курултайга даярдык көрүүдө. Деген менен оппозиция өкүлдөрү курултай алдында аймактык айрым мүчөлөрүнүн сабалышын, белгисиз бирөөлөр тарабынан коркутуп-үркүтүүлөр көп катталышын бийликтин курултайды болтурбоо аракети катары баалашууда.

Текст көлөмү - +
7-апрелде республиканын бардык аймактарында өтүүчү Элдик курултайда 17-мартта өткөн курултайдын талаптарына бийлик көңүл бурбай койгондугу эске алынат. Ошол себептүү Элдик бийликти калыбына келтирүү маселеси сунушталышы мүмкүн.

17-марттагы курултайда тарифтерди калыбына келтирүү, “Кыргызтелеком”, “Түндүкэлектрону” мамлекетке кайтаруу, саясий себептен камакта отургандарды бошотуу, Конституциялык реформаны токтотуу, Максим Бакиев башында турган агенттикти жоюу, сөз эркиндигин камсыздоо сыяктуу талаптар коюлган болчу.

Ушул тапта БЭКтин саясий бюросунун жетекчилери дээрлик бардык аймактарды кыдырып, эл менен жолугушууларды өткөрүп жатышат. Бир топ райондордо да аткаруу комитеттери түзүлгөн. БЭКтин лидерлеринин бири Азимбек Бекназаровдун айтымында, Элдик курултайдын чечимдерин колдогондор күндөн-күнгө көбөйгөн менен бийлик тараптан курултайды болтурбоо аракеттери күч алууда:

- Тоскоолдуктар абдан болуп жатат, чагым болуп жатат. Биз бул сапар бийликти кетсин деп жаткан жокпуз да. Жогорку Кеңеш таркасын деген жокпуз. Социалдык-экономиаклык маселелерди жалпы элдин кызыкчылыгын элге жеткирип, эл менен талкуулайлы деп жатабыз.

А.Бекназаров Ысык-Көлдүн Каракол шаарына Элдик курултайларды уюштуруу комитетинен барган топ да ушундай тоскоолдукка кабылганын белгиледи. Ал эми Ош шаардык мэриясы Элдик курултайды өткөрүүгө жай берүүдөн баш тарткандыгын, комитеттин өкүлдөрүн коркутуп-үркүтүүлөр күч алып, ал тургай бала-бакча, мектептеги балдарына да кысым көрсөтүлүп жаткандыгын Ош облусу боюнча комитеттин төрагасы Төлөгөн Келдибаев билдирди.

Эскерте кетсек, кечээ жакында эле Ош облусу боюнча Элдик курултайды уюштуруу комитетинин төрага орун басары, укук коргоочу Абдыкайым Кангелдиевди белгисиз бирөөлөр сабап кетишкен. Т.Келдибаев сабалгандар бир гана ал эмес экенин белгилеп жатат:

- Кандайдыр бир криминалдык чөйрөнүн, спорт кийимин, же жарандык кийимчен адамдар активисттердин ар биринин үйүнөн, артынан аңдып, эшиктерин тепкилеп күчөтүлгөн режимде жүрүп жатат. Бүгүнкү күндө бир гана Абдыкайым Кангелдиев эмес, кээ бир активисттердин жакын туугандары да запкы жеп жатат. Алардын көпчүлүлүгү ооруканада травмотология бөлүмүнө дарыланып жатышат. Ошого карабай биз курултайды өткөрүүгө алектенип жатабыз.

ИИМдин Оштогу бөлүмү Кангелдиевди сабаган адамдар изделип жаткандыгын кабарлаган.

Ал эми Нарында шаар бийлиги 7-апрелде Элдик курултайды драма театрда өткөрүүгө уруксат берди. Элдик курултайды өткөрүү комитетинин Нарындагы мүчөсү Эркин Асаналиевдин божомолунда, курултайга 10 миңден ашуун эл келээри күтүлүүдө.

- Жер жерлерде эл менен ар кандай жолгушуулар болуп жатат. Курултайга келгиле деген баракчалар таркатылып жатат. Мэрия бөлүп берген жерде бардыгы мыйзам чегинде өтөт.

Ал эми бийлик өкүлдөрү оппозиция каалаган убакта курултай, жыйындарды өткөрүп эле келе жатканын белгилеп, тоскоолдуктар болуп жатат дегенге макул эмес. Мисалы “Ак жол” партиясынын төрагасынын орун басары, депутат Табылды Орозалиев оппозиция коюп жаткан талаптар ультиматум менен чеилбей турганын белгилейт.

- Оппозиция болгондон кийин жети эмес он жети талап койсо да болот. Кеп анда эмес да. Кеп койгон талаптарын чоугу отуруп сүйлөшүүдө, бири-бирин угууда. Ынтымак курултайы пикир алышууга чоң аянт болчу. Идеалдуу шарт түзүлгөн болчу. Демонстративдүү келбей койсо эмне кылыш керек? Алардын артынан жалынып барыш керекпи. Маселе ушунда болуп жатпайбы.

Ошодой эле Табылды Орозалиев бийлик оппозиция менен диалого дале болсо даяр экенин билдирди. Ал эми оппозиция өзүнүн кийинки кадамдарын 7-апрелдеги Элдик курултайдан соң, анын чечимине жараша аныктай турганын айтууда.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: kg каяктан: ru
06.04.2010 18:27
BALTA'ga,
lokomotivinerde Tekebaev korunboyt go, je jazgandi unutup kaldiniz bi? bayagi ele atambaev jurot, oshonduktan ishenuu kiyin bolup jatat, 2005 jilki revolutsiyanin ulandisi bolup jatkanina. aytkaninardin baarina ishengim kelip jatat, jana jonokoy elimdi koldoym, birok...

кимден: Балта каяктан: Нарын
06.04.2010 15:14
RUдан KGге, оппозиция бийликтен орун алайын деген жок, бийликти элге кайрып берели деп жатышат. 2005-жылдагы элдин талабы аткарылган жок деп, ошол элдин талаптарын аткарууга белсенип жатышат. Демек бир жолу ооз күйдү деген туура эмес, 2005-жылдагы окуянын уландысы десек туура болот. Бекназаров айтып жатпайбы, биз бийликти кетсин деген жокпуз, бийликти элге кайрып берели деп жатабыз деп. Чыныгы революциянын локомотивдери Отунбаева, Исаков, Бекназаров, Атамбаев . Ал эми азыр бийликтегилер кокустан келген коноктор жана илгерки эле алдым-жуттумдар.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
06.04.2010 13:49
Азимбек Бекназаровтун 17 синде айткандары менен азыркы сүйлөгөнүнүн аралыгы асман менен жердей алыстык жаратып калыптыр.Олжурогон жумшактык,чабал саясатчын кейип кепшири байкалат.Эгерде чечкиндүү болуш колунан келбесе сүйлөп эмне кылам лидер өңдөнүп.Эртең эл бийликти алыш керек десе эмне кылышат,качып кетишет ко бул кейиптери менен.Экономикалык маселелер да,саясий маселелер да чечилбесин,бул бийлик уступкага барбасын,булар түшүнбөсө,Эл түшүнөт.Эл ушуларга ишенип жатса а булар суу кечпей калган маселелерди кайра кайра көтөргөндөн тажабай калшты.Урматту бийликтегилер,учурдагы ЗАМАН силердики окшоп калды,кардыңарды сылап,арам акчага туй тунуп камарабай жата бергиле эми.Бирок эсиңерде болсун силердин заман тарыхта кара тамгалар менен калат.Чындап эл үчүн күйгөн бир азамат төрөлүп,эзилген элди баштап чыкчу күн да келер буюрса.Урматтуу АЗАТТЫК менин жазгандарымды жарыялап койсоңор

кимден: Чебер каяктан: Кыял
06.04.2010 13:01
Орозалиевге:-Кандай ультиматум-эгер силердин бийлигинер ошол тил менен суйлошсо?...

кимден: kg каяктан: ru
06.04.2010 12:57
оппозициянын лидери ким? эгер максатына жетишсе кимди жогорку оорунга лайык коруп жатышат? ушул сыяктуу малыматтар да берилсе жакшы болот эле. анткени азыркы бийлике каршымын деп эле кочого чыга берген туура эмес болуш керек. бир жолу оозубуз куйду...

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине