Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 14:47

Саясат

Өкмөт башчы нарындыктардын талабын аткаруудан баш тартты

12-мартта Нарындагы “Электр кубатына бааларды төмөндөтүү” кыймылынын 19 өкүлү өкмөт башчы Данияр Үсөнов менен жолугушуп, жыйынтыгында алар “бийлик элдин талаптарын аткаруудан баш тартты” деген чечимге келишти.

Нарындагы митинг, 2010-жылдын 10-марты.
x
Нарындагы митинг, 2010-жылдын 10-марты.
Текст көлөмү - +
Ушундай эле жолугушуу ишембиде кыймылдын мүчөлөрү менен оппозиция лидерлеринин ортосунда болду.

"Жообуңузга нааразыбыз, өкмөт башчы!"

Нарындагы “Электр кубатына бааларды төмөндөтүү” кыймылынын 19 мүчөсү бүгүн Бириккен элдик кыймылдын кеңсесиндеги жолугушууда өкмөт башчы Данияр Үсөновго нааразычылык билдиришти. Алар премьер-министрдин Улуттук канал аркылуу жолугушуу тууралуу бурмаланган маалымат берди деп, аны алдамчылыгы үчүн катуу сынга алышты. Жолугушууга катышкандардын бири Таалайгүл Жумабекова буларды айтат:

- Дароо түз эфирге чыгып мен нарындыктар менен макулдаштым дептир. Бул деген алдоо. Мен ошол жерде кыйкыргам “сиздин жообуңузга нааразыбыз” деп. Эл журт мындай калптарга эч качан ишенбейт! Өкмөт башчы 20 адамды алдаган жок, бүтүндөй Нарын элин алдады. Кудай карап турат, ушунтип каратып туруп калп айтса, кудай уруп кетет бул бийликти!

Кыргыз бийлиги Нарын элинин бардык талаптарын аткаруудан баш тартты, эми биз Бишкекке карай жөө жүрүшкө чыгууну көздөп жатабыз дейт Асыл Жаманова:

- Бул эмне кылганы? Ушундайда кызматтан кетип калсын өкмөт башчы! Нарын эли козголсо кылым козголот! Эми мындан аркы кадамдарыбыз жөө жүрүш болот, митингдер токтобойт!

Данияр Үсөнов парламентте, 2009-жылдын 21-октябры
Кечээ өкмөт башчы Данияр Үсөнов Улуттук канал аркылуу сөз сүйлөп, Нарындан келген өкүлдөр менен төрт саат бою ачык сүйлөшкөнүн, алардын бардык суроолоруна жооп берип, өкмөт тараптан жардам болоорун айттым деп билдирген эле. Үсөнов ошондой эле жалган маалымат таратып элдин нааразылыгын жаратууга аракет кылууда деп оппозицияны да сынга алган.

- Нарындан келген өкүлдөр мага эки саат бою суроо беришти. Мен эки саат бою жооп бердим. Бир топ маалыматтар бүгүнкү келген кишилер үчүн жаңылык болду. Ушунча миң адамдар, ушунча миң үй-бүлөөлөр жардам алып атат турбайбы. Түз айткан суроолор да болду. Макул, урматтуу Данияр Токтогулович, биз түшүндүк. Бирок мына биз базарда отурабыз, мен фермер, бирок биз тиги тизмеге кирбей калыппыз, жолу барбы биз дагы мамлекеттин жардамын алганга дешти. Бар деп жообун бердим.

Оппозицияга айтылган арман

Өкмөт башчы менен жолугуу максатын көздөп келген нарындыктар Бириккен элдик кыймылдын лидерлери менен жолугушууда оппозиция 17-мартка белгилеген курултайга тилектештигин, бул күнү курултайды колдоо иретинде Нарында митинг уюштуруларын билдиришти.

Жолугушуудан кийин БЭКтин лидери Алмаз Атамбаев “Азаттыкка” берген интервьюсунда бийликтин туура эмес саясаты караламан калктын оппозицияны колдошуна шарт түзүп жатат деп эсептеди:
Алмазбек Атамбаев, 2009-жылдын 28-июлу, Бишкек

 - Өкмөткө нааразы болуп, тил табыша албай койдук деп келишиптир. Курултайды колдойбуз, андан аркы жагы кандай болот дешет. Биз айттык, баарын 17-мартта курултайдан чечебиз дедик. Мен ойлойм, азыр Кыргызстандын басымдуу көпчүлүгү бизди эле колдоп атат го. Көрүп атабыз да, бул бийлик элди каякка алып баратканын. Айткандарынын баары курук сөз, тил эмизмей. Ошого нааразы болуп бүгүн нарындыктар келип кетишти.

Ошол эле мезгилде расмий бийликтин тарапкерлери элди козутуп, өзүнө упай топтоп атат деп оппозицияны сынга алып келет. 

Бийликтин ишениминде, электр кубатына жана жылуулукка бааны көтөрүү аргасыз кадам болду жана өкмөт энергетика саясатын туура багытта жүргүзүп жатат.

Анткен менен өкмөттүн бул кадамы тынымсыз нааразылыктар менен коштолуп келатат. Мындай ири акция 10-мартта Нарын шаарында өтүп, ага катышкан 5 миң кишинин атынан бийликке жоон топ социалдык жана саясий талаптар коюлган. Ал эми 14-март күнү "220" кыймылы тарифтерди төмөндөтүү талабы менен сары тасмаларды байлап автожүрүшкө чыгууга камынышууда.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Austria
16.03.2010 03:13
15 марта 2010 года. Решения продать госпакет акций компании «Северэлектро» и «Кыргызтелеком» экономически оправданы. Об этом сегодня на пресс-конференции в Доме правительства заявил премьер-министр Данияр Усенов.

По его словам, правительство страны, продав компанию «Северэлектро», приняло правильное решение, так как по новым тарифам убытки компании составляют 2,88 млрд сомов в год. «За последние 6 лет проводилось более 10 тендеров, их них два прошли в 2009 году, на которые не поступило ни одной заявки. Потому что, купив эту компанию, инвестор имел бы 2 млрд долгов ежегодно. Сейчас, при новой тарифной политике, если довести потери до 15 процентов, компания может стать прибыльной», - сказал он.

Относительно «Кыргызтелекома» глава кабинета министров отметил, что в 2003 году у компании насчитывалось 460 тысяч абонентов, в это время компания оценивалась в 165 млн долларов, а 2004 году бывшая власть продала «Кыргызтелеком» за 16,7 млн долларов: «После революции мы расторгли договор с немецкими инвесторами. После мы выработали новые условия и 7 лет искали инвестора, но не находили, так как рынок резко менялся все эти годы».

На сегодняшний день число абонентов сотовых компаний выросло в 400 раз, а у «Кыргызтелекома» выросло с 460 до 560 тысяч абонентов.

Также Д.Усенов сообщил, что объявлены тендеры на продажу «Ошэлектро», «Джалалабадэлектро» и «Востокэлектро»: «Если кто-то из кыргызских бизнесменов скажет, что готов купить на условиях правительства, мы готовы продать все три компании за один доллар». (Н.Султамбаев)


кимден: Мигрант каяктан: Россия
15.03.2010 13:05
Данчик бул Бакиевчилердин куурчагы !!!

кимден: Кадырбек каяктан: KG
15.03.2010 12:26
"Жаз келип кыргыздардын митинг,пикет деген улуттук ойундары башталды" деп башка улуттагылар айтып жатышат. Бирок арга жок,
"улуттук" ойундарыбызды ойнобоого арагабыз жок. Бийликтегилер
оңолбосо дагы бир "революция" жасайт окшойбуз. Эл бир көтөрүлсө мурдагы "революция" жаш баланын ойуну болуп калат го. Андыктан ойлонгула айнанайын атка минерлер. Кымбатчылыктан, кышкы суук,караңгылыктагы жашоодон, "тил кесмей", "баш кесмейден" эл тажап,тажап,тажап бүттү. Дагы кыргыз экенбиз чыдап, сабыр кылып келе жатабыз. Бирок "чаша" толойун деп калды. Акаев го Москвага качты, эми бул Президентибиз кайда качат болду экен? Билсеңер айтып койгулачы эртерээк, алдын ала тосуп туралы. "Нанесённые обиды возвращаются" дейт орустарда. Акаевдин обидасы Бакиевге кайтканы калды көрүнөт. Бирок чын эле баласын бийликке алып келгени туура болбой калды. Ал өз бизнеси менен алектене бербеди да. Акаевди да баласы "жеген", бул президентти дагы "баласы" жайлайбы? Анда Президенттерибизге доо кеткен болот.

кимден: Кудайменде каяктан: Бишкек
15.03.2010 10:32
Айланайын Нарындыктар, Сиздер Данчикке улуу башыңарды кичүү кылып барбай эле койсоңор болмок экен. Силердей таза, аруу, улуу тоонун карапайым калкынын баркын билмек беле. Билсеңер дүйнөдө улуу тоонун элиндей жан дүйнөсү таза, арамдык деген эмне экенин билбеген, баладай баё эл жок. Данчик Сиздердин ар бир баскан изиңерден айланып кетсин. Андан көрө баштаган ишиниерде катуу туруңуздар. Биз Сиздер мененбиз тоолуктар. Биз Сиздерди, Алайлыктарды жалгыз таштабайбыз.

кимден: Абдулла каяктан: Бишкек
15.03.2010 08:15
Алмаз Атамбаев жакшы эле баштайт да, же көпүрө болуп же орто жолдон чычалап чыга качат. Өткөндө миңдеген Кыргызстандыктарды кандай уят кылды эле эсиңердеби? Ал эми чоңдордун калптары боюнча, бул көнүмүш болуп калды го? "Балдарым, үй-бүлөм чоң же кичине бизнеске аралашпайт, мамлекеттик кызматтарга кийлигишпейт" ж.б. Буга таарынбай эле койгула мекендештер. Таарынганда , таарынганды түшүнгөн кишиге таарыныш керек.

кимден: МММ каяктан: МММ
14.03.2010 11:56
Бул бийликтегилер копту, негизи Курманбек Бакиев уулун койбой эле койсо болмок, Биринчиси деле ошол болчу например Аскар Акаев, ошону коруп коркпогон Бакиев. бул деле башкарып кыйратпайт, алга алга Нарын эли биз силер менен.

кимден: Men
14.03.2010 11:05
Соз баркы Кыргыз элинин маданиятында эн биринчи орунда турчу, азыр болсо элибизда чын суйлоп туз жургон адамдарыбыздыда жактырбай куйтку калпычы эки жуздуу адамдарды жактырып калыптыр. Ошол адам акылдуу кыйын деп. Европа элдеринде калп айткан ууручулук жок, алар так журот айткан убагында айткан нерсесин жасайт. А бизде жиндилер гана айтканын оз убагында жана так аткарат экен, а оздорун акылдуу мен кыйынмын дегендер алар- бугун минтип айтсам эртен башкача айтам дейт. Ошолорду акылдуу деп качанкыга чейин журо биребиз.

кимден: Салидин каяктан: Аламүдүн
13.03.2010 23:06
Айланайын Алмаз уулум, мен Бакевден корккон жокмун, мен сенден коркуп атам. Ушундай чыңалууда сен бек турсан экен, өткөндөгүдөй болуп көпүрө сала койуп аркы өйүзгө өтө качпай. Мен ушундан корком, айланайын Алмаз.

кимден: Х5
13.03.2010 22:24
Путин бул Данчик менен 5минут жолугуп,кандай адам экенин билген экен,кыраакы чекист Володя! Кийин жолукбай эле койдуго,кой репутацияны бузбайын деп.Туура кылыптыр,чекист....Баарын 1 долларга (40 сом) сат,атан-апандан калган мулк да! Уят деген,намыс деген,парасат деген касиет кармаган долларынын ичине кирип кетиптир да.Бул элдер эмнеге ыйлашат деп суроого жооп издебейби... Путин бул адам менен жолукканга уялыптыр да...Туура кылыпсын,Володя!!!...

кимден: Х5
13.03.2010 22:10
Жалган айтуу азыр бийликте мода! Жалган өкмөт, жалган шайлоо, жалган депутаттар....

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)