Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 14:45

Саясат

Кубалашкан курултайлар

Апта аягы биринин артынан бири удаалаш келген саясий партиялардын курултайлары менен жыйынтыкталды. 7-августта “Бириккен элдик кыймыл” партиясы курултайын өткөрүп, саясий кеңештин мүчөлөрүн жана төрагасын аныктады. “Ата мекен” партиясынын курултайынын биринчи бөлүгү да ушул күнгө кечкиге белгиленип, оюн зооктор менен коштолду.

x
Текст көлөмү - +
8-августтагы бөлүгүндө партиянын шайлоо алдындагы программасы жана партиялык тизменин жарыяланышы күтүлүүдө. Калган партиялар шайлоо күнүнүн аныкталышын күтүп, курултайларды өткөрүү мөөнөттүн аныкташа элек.

“Бириккен элдик кыймыл” партиясынын курултайында партиянын жаңы жобосу жана программасы кабыл алынды. Мындан сырткары партиянын саясий кеңеши түзүлүп, анын мүчөлүгүнө саясатчылар Мамбетжунус Абылов жана Муратбек Мукашев кирди.

Добушка салуунун жүрүшүндө партиянын төрагалыгына Азимбек Бекназаров шайланды. Депутаттыка талапкерлердин тизмесин бекитүү маселеси партиянын кийинки жыйналышында каралмай болду.

Партиянын мүчөсү Руслан Бекназаров тизмени бекитүү маселеси боюнча экинчи курултайды Ош шаарында өткөрүү мерчемделип жаткандыгына токтолду:

- Партиялык негизги тизмеге жетимиш-сексен пайызы мына ушул жаңы муундун өкүлдөрүн киргизебиз. Мындан сырткары ар бир багыт боюнча жаш партиялаштарыбыздын өзүнчө тизмеси болот. Мисалы, бирөөлөрдүн билими, жөндөмү бар. Бирок ишкердик кыла албайт, саясатка бара албайт, аткаруу бийлигинде иштей албайт. Биз мына ушул категориядагы жаштар менен иштешебиз.

“Ата мекен” социалисттик партиясынын курултайы 7-август кечкиге белгиленди. Анда негизинен партиянын шайлоо алдындагы программасынын жарыяланышы күтүлүүдө. Ошондой эле “Ата мекен” саясий партиясынын борбордук штабынын өкүлү Бактыбек Мамыразаковдун айтымында, 8-августка дайындалган партиянын курултайынын экинчи бөлүгүндө жалпы уюштуруу иштеринин жүрүшү жана партиялык тизменин бекитилиши мүмкүн.

- Курултайда партиянын лидери Ө. Текебаевдин шайлоо алдындагы программалык банядамасы болот. Анда өлкөнүн өнүгүүсүнө биз сунуш кылган программанын мазмуну жарыяланмакчы. Ошондой эле биздин партиядан депутаттыкка талапкерлердин тизмесин бекитүү маселеси күн тартибине киргизилген. Бирок шайлоо күнү жарыялана элек болгондугуна байланыштуу бул маселе артка жылып кетиши да ыктымал.

Ошол эле учурда бир катар саясий партиялар шайлоо күнүнүн жарыяланышын күтүп, өздөрүнүн курултайларын өткөрүүнү создуктуруп турушат. Анткен менен көпчүлүк саясий партиялар шайлоого бара турган партия мүчөлөрүнүн тизмесин аныктап бүтүп, аны бекитүүнү курултайдын жыйынында расмийлештирүү жагы гана калгандай.

“Республика” саясий партиясынын башкы штабынын өкүлү Кубатбек Болотканов шайлоого байланышкан маселелердин бардыгы алдыдагы курултайда чечиле тургандыгына токтолду:

- Биздин партиянын саясий кеңеши бийлик тарабынан шайлоо күнү жарыялангандан кийин курултайды өткөрүүнү белгилейт. Азырынча жер-жерлерде партиянын райондук жана облустук жыйналыштары өтүп жатат. Курултайда партиялык тизмеге кимдер киргендиги бекитилмекчи.

Мындан сырткары “Ата журт”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Ак шумкар” жана Социал-демократтар партияларынын штабдарынан курултайларды өткөрүү шайлоо күнүнүн жарыяланышына байланыштуу экендигин маалымдашты.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Кыргыз каяктан: Кыргызстан
08.08.2010 12:49
Мына туугандар,кайра башталды тууган урук,бала бакыра дегендин аттары чыга баштады бийликте отурган адамдардын.Кечээ апрелде эле соз берип атышты эле,андай кылбайбыз деп,акырындан чыга башташты.Бул бизде Кыргыздарда ушундай кылбасак болбойт го э,кыязы,созсуз боло турган нерселер окшойт.Азимбек Бекназаровдун баласы,Омурбек Текебаевдин иниси,Роза Отунбаеванын иниси угулуп чыга башташты,туугандарынар жок эле озунор иштеп бергилечи созунорго туруп,акыркы убакта оозунардан чыккан создор аткарылбай баштады урматтуу Бийликтегилер,арты жаман болот ушинтип элди нааразы кыла берсенер,унута баштадынар окшойт элдин каарын.Же отставкага кеттик деп коюп кетпейсинер,кайра эле ошол жерде журосунор,мындай кадамдарынар токтобосо шайлоонун тынч отоорунон умуттонбой эле коюш керек го.

кимден: Кыргыз каяктан: Бээжин
07.08.2010 21:22
"Ата-Мекен" өткөрсө болот, баары кубаттайт, "БЭК" өткөрсө болот, баары кубаттайт. А эмне "Мекен-Туу" өткөрсө болбойбу? Же алар эмне токол аялдан бекен? Бул убактылуулар Акаев, Бакиевден аша чапты го. Өзүңөр ошентип эле жүрчү эмес белеңер? Кара кылды как жарган калыстык кайда?

кимден: Мика каяктан: Ош
07.08.2010 21:15
Бэк ийгилик

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)