Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:24

Кыргызстанда саясий элита алмашабы?


(Сүрөттө: 7-апрелдеги ыңкылап) Айрым талдоочулар Кыргызстандагы эки ыңкылапта тең саясий элита алмашкан жок деп эсептешет.
(Сүрөттө: 7-апрелдеги ыңкылап) Айрым талдоочулар Кыргызстандагы эки ыңкылапта тең саясий элита алмашкан жок деп эсептешет.

Кыргызстан элдик толкундоолордун натыйжасында келип чыккан эки ынкылапты баштан кечирди. Бирок талдоочулар экөөндө тең саясий элитанын алмашуусу жүргөн жок жана бийлик эрегишкен саясий кызыкчылык топторунун ортосунда гана биринен экинчисине өтүүдө деп мүнөздөмө беришүүдө.

Алдыдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен жаңы саясий элитанын калыптанышы мүмкүнбү деген суроо коомчулукта кабыргасынан коюлуп жаткан учур. Өткөн он тогуз жыл аралыгындагы социалдык-экономикалык реформалардын натыйжасыздыгы, башкаруу системасынын мажирөөлүгү жана ашынган жемкордуктун орун алышы өлкөнү итке миңген абалга кептеди. Элдик нааразычылык бийликтин бир эмес эки жолу күч менен алмашуусуна алып келди.

Элитабы же эрегишкен топторбу?

Мамлекеттик башкаруу эрегишкен саясий топтордун биринен экинчисине өткөнү менен талдоочулар өлкөдө жүктү көтөрүп кете ала турган жоопкерчиликтүү саясий элитанын калыптанбай жаткандыгын белгилешет.

Саясат талдоочу Турат Аким жалган демократтардын чапанын жамынган мурдагы коммунист-комсомолдордон турган саясий элита элдин мүдөөсүн аткара алган жок деп эсептейт:
Турат Аким

- Акыркы жыйырма жылга жакын убакытта биздин саясий элитанын деңгээли начар болуп элибизди оор сыноолордон алып чыгып кете алган жок. Тескерисинче өз көмөчүнө күл тарткан, уюлбастан туруп элдин акчасына кабат-кабат үй салган саясий элита элинин ырыскысын колунан тартып алып турду. Элди кыйнады, үмүтүн үзүп койду. Кудай буюрса булардын заманы дагы алмашат. Бирок качан? Ал элдин көзүн чоң ачып туруп тандоосуна байланыштуу. Алдыдагы шайлоо алардын акыркы канат жайуусу болот. Алар өздөрү эч качан алмашпайт. Эгерде ошондой ниети болсо мурда эле "кой, саясатты таштайлы, элди кыйнап койдук" деп күнөөлөрүн сезишмек. Бирок аларды мезгил өзү эле сыртка чыгарып койот.

"Өңү өчкөн эски карталар"
Бизде башка кишилер жок болгонсуп, бир эле адамдар канчалаган жылдан бери мамлекеттик кызматтардын ар кайсы жагында каалагандай каалгып жүрүшөт.
У. Кармышев

Коомчулукта бир канча жылдан бери мамлекеттик кызматтын биринен экинчисине секирип, бирок кылган ишинин жыйынтыгы жок жетекчилерди жедеп жешилип бүткөн эски карталарга салыштыргандар да эмес. Анткени өткөн он тогуз жыл ичинде болгону эки жүзгө жакын адамдын мамлекеттик жогорку кызматтын тегерегинде улам айланып жүргөндүгү байкоочулардын баамына урунган. Алардын башкаруу чөйрөсүндө көп убакыт кармалып турушунун себептерин серепчилер советтик бюрократияны мурастоо аркылуу каржылык-материалдык ресурстарга ээлик кылып алышкандыгы менен байланыштырышат. Мындай артыкчылыктарга ээ болгон мурдагы коммунисттер, же болбосо алардын жакындары кирешелүү ишкердик чөйрөсүн түзүүгө жана бийлик тепкичтерин алмаштырууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү алышкан.

Натыйжада талдоочу Урмат Кармышевдин баамында, мамлекеттик бийликти жеке кызыкчылыктарга колдонуп келген саясий кландардын калың катмары пайда болгон:

- Бизде башка кишилер жок болгонсуп, бир эле адамдар канчалаган жылдан бери мамлекеттик кызматтардын ар кайсы жагында каалагандай каалгып жүрүшөт. Он беш, жыйырма жылдан бери эч кандай жыйынтык, же жакшы бир ишин көргөзө алышпаса аларды ким кармап жүрөт. Булар таасир көрсөтүү чөйрөлөрү аркылуу бирин-бири жетелеп жүрүшүп ушул убакытка келишти. Кыйраткан иши болбогондон кийин кетейин деген ойлору жок болгону менен булар мамлекеттик кызматты жекече баюунун жана калган адамдарга үстөмдүк кылуунун куралына айландырып алышкан. Ошондуктан жаш адистерди тартыш керек. Бирок жаш десе тажрыйбасы жок бирөөнү олтургузуп койбой, иштеп кете ала турган жөндөмдүүлүгүнө маани беришибиз абзел.

Жыйынтык ботко болдубу?
Мен мындай саясатчылардын тобун саясий элита эмес, элинин шоруна жаралган саясий ботко деп эле ачык айтмакмын.
О. Ибраимов

Өздөрүн саясий элита деп эсептешкен бул кызыкчылык топтору мамлекеттеги болуп жаткан олуттуу кетирилген кемчилдиктер үчүн өткөн эгемендүүлүк жылдарынын ичинде бир жолу да жоопкерчилик тартышкан эмес. Мамлекеттеги бардык жасалган кылмыштуу иштерди жана жемсөөлүктү өлкөдөн куулган мурдагы мамлекет башчыларынын жана алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн гана дарегине жазып коюу өнөкөтү күч алган. Ошол эле учурда алар менен табакташ болуп, өлкөнү кургуйга салган “ат кошчулар” улам жаңы “жээктерге” сүңгүп кирип, сүзүп өтүүнү мыкты өздөштүрүшкөн. Талдоочулар мына ошол кызыкчылык топтору бул ирээт да тартынбастан туруп, саясий партияларды түзүү менен бийлик үчүн күрөшкө аттанышкандыгын белгилешет.
Осмонакун Ибраимов

Мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов учурдагы саясий элитанын деңгээлин мындайча сыпаттады:

- Азыр депутат болобуз дешип саясий партияларга лидер болуп жүргөн же болбосо башка дагы бир мамлекеттик кызматтан үмүттөнүп жүрүшкөн адамдарды көрүп туруп саясий элита ушулар болсо анда ал накта ботко саясий элита деп айтаар элем. Анткени саясат жасачуумун дегендердин арасында мамлекеттик чоң деңгээлдеги уурулар жүрүшөт, саткындар, жүзү, принциби жок ашынган коррупционерлер турушат. Эки-үч жумада ат тезегин кургатпай Россияга каттап Кыргызстанды дүңүнөн сатууга кызыкдар шылуундар жүрүшөт. Эптеп эле бийликке жетсек дегендердин Мамлекеттик катчы катары иштегендигин, Жогорку Кеңешке төрага болгонун дагы көрбөдүкпү. Мына ошолор 2 жыл мурун эле чыккынчылык келишимдерге кол койушкандыгына карабай, бүгүн болсо уялбастан туруп, мекенчил болуп чыга келишип, ураан көтөрүп жатышса башыңды кайда катаарыңды билбей калат экенсиң. Мына ушул саясий элитабы? Ошолорго ишенсе болобу дагы бир жолу элдин ишеничин сатпайт деп. Мен мындай саясатчылардын тобун саясий элита эмес, элинин шоруна жаралган саясий ботко деп эле ачык айтмакмын.


"Казакстанда кан алмашуу жүрүп жатат"

Казакстандын борбору - Астана шаары.
Токсонунчу жылдардагы партиялык номенклатуралык саясий элита эгемендүүлүк мезгилинде мыйзамсыз менчиктештирүүнүн эсебинен байыган бизнес элита менен толукталган. Мына ушундан тартып мамлекеттик бийликке тууганчылдык, жердешчилик жана каржылык кызыкчылыктардын негизинде келүү өнөкөтү өөрчүгөн. Мындай абал Кыргызстанда аң-сезимдүү жана мамлекеттин тагдыры үчүн жоопкерчиликтүү саясий элитанын калыптаныш жараянын кечеңдеткен. Ушундай эле көрүнүш өткөн он жыл аралыгында мурдагы советтик шериктеш республикаларга да мүнөздүү болгон. Бирок алардын ичинен Россия, Украина, Грузия жана Казакстан жаңы саясий элитасын жасалма жол менен болсо дагы жаңылоо багытында ат чабым алдыга кеткен.

Талдоочу Асанбек Сарыбаев бул багытта жок дегенде коңшулаш Казакстандан сабак алсак болмок деп эсептейт:

- Он, он беш жылдап бийликти чеңгелдеп олтурушат. Бир нерсе болсо четке чыга беришип, биз эмес кожоюн ушундай кылды деп жамандап чыгышат. Ошол учурда алардын жоопкерчилиги кайда калды эле. Бет деген болуш керек да. Бул багытта Казакстанда жакшы жөрөлгөлөр башталды. Президент Нурсултан Назарбаев азыркы учурда 35-45 жаштын айланасындагы чет жерден билим алып, тажрыйбасын арттырып келишкен улан-кыздарды жогорку кызматтарга бекитип жатат. Эл эски жетекчилерден жадагандыгын өз учурунда сезип, кан алмаштырууну жүргүздү. Мен Казакстандагы экономикалык секирик биринчи кезекте эң жакшы жолго коюлган кадр саясатына байланыштуу болду деп ойлойм. Биз алардын тажрыйбасын үйрөнө албадык. Анын ордуна бирибиз менен бирибиз чокулашып убакытты өткөрүп жибердик.


Чыныгы элита сыртта калдыбы?

Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн алгачкы жылдарында кесипкөй мамлекеттик башкаруучулардын, экономисттердин жана тармактык менеджерлердин жаңы муунун калыптандыруу аракети болгон. Бул багытта “Жыйырма биринчи кылымдын кадрлары” программасынын алкагында жүздөгөн жаш улан-кыздар чет өлкөгө окууга жөнөтүлгөн.

Бирок мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун айтымында, туура эмес жүргүзүлгөн мамлекеттик саясаттын айынан чет жерге кеткендердин көпчүлүгү кайра кайтып келишпегендигине токтолду:

- Чет өлкөлөрдөгү өтө беделдүү деген окуу жайларга, АКШга, Англияга биз деле балдарды жөнөткөнбүз. Биз ошол адистер өлкөнү көтөрөт деп абдан ишенчүбүз. Башында жүзгө жакын, андан кийин алардын саны миңге чукулдап калган болчу. Азыр ошолордун бардыгы эл аралык уюмдарда, банктарда жана чет өлкөлүк ири компанияларда иштешет. Аларды бул жакка чакырып келип, бийликке тартып иштете турган мамлекеттик саясат туура жолго коюлбагандыктан бүтүрүүчүлөрдүн көпчүлүгү кайтып келишкен жок. Биздеги коррупциянын деңгээлин, мамлекеттик кызматтын абалын көрүп турушуп, алардын көпчүлүгү ал жакка барсак жок болуп кетебиз деп ачык эле айтып калышкан. Бирок ушул нерсени туура пайдаланууга али да мүмкүнчүлүк бар.

Үмүттүн шооласы үзүлбөйт...
Дүйнөлүк тажрыйбада шайлоолор учурунда сөзсүз түрдө саясий элитанын алмашуусу жүрөт.
У. Ботобеков

Алдыдагы парламенттик шайлоого негизинен мурдагы эле көпчүлүк аттары белгилүү саясатчылар партиялар аркылуу ат салышып жатышканы менен жаңы жүздөрдүн келиши да күтүлөт. Талдоочулар мындай божомолдорун коомдун жаңы саясий күчтөргө суусап жаткандыгы менен байланыштырышат.
Уран Ботобеков

Талдоочу Уран Ботобеков бул жолку парламенттик шайлоодо саясий элита отуз пайызга жакын жаңыланышы мүмкүн деп болжолдойт:

- Азыркы шайлоого бара жатышкан саясий партиялардын тизмесинде буга чейин аттары белгисиз болгон, бирок дээринде бар жаштардын өкүлдөрү дагы келе жатышат. Алардын көпчүлүгү ишкер чөйрөлөрдөн, жарандык коомдон жана саясий партиялардын ичинде жүрүп дасыккан жаш жарандар. Дүйнөлүк тажрыйбада шайлоолор учурунда сөзсүз түрдө саясий элитанын алмашуусу жүрөт. Мен азыркы салыштырууларга караганда шайлоонун жыйынтыгында биздин саясий элита 30-40 пайызга чейин жаңыланып, мурда белгисиз, бирок жаңы демилгелери менен өлкөгө тааныла турган жаңы ысымдар пайда болот деп турам.

Жаңы шайлоо кодексине ылайык партиялык тизмедеги талапкерлердин он беш пайызын жаштар түзүшү керек. Ошого карата учурда шайлоого аттанып жатышкан партиялардын көпчүлүгү жаштардын өкүлдөрүн өздөрүнүн жүзү катары үгүт материалдарында алып чыгып, көрсөтүп жатышат. Бирок муну серепчилер жөн гана амалкөйлүк катары мүнөздөшүп, саясий өз алдынчалуулукка жетишип, өзүнчө саясий майданга чыгышкан жаңы муундун өкүлдөрү бир кыйла аз болуп жатат деп белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG