Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 14:40

Кыргызстан

Эдил Байсалов кызматын таштап, жаңы партия түзөт

Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаеванын аппарат жетекчи Эдил Байсалов парламенттик шайлоого өзүнчө саясий күч менен барат. Бул тууралуу Э. Байсалов “Азаттыктагы” маегинде билдирди. Бүгүнтөн тарта ээлеген кызматын таштай турганын айтты. Убактылуу өкмөттү кадр саясатынан катуу аксап жатат деп сынга алды.

Э. Байсалов буга чейин Социал-демократтар партиясынын мүчөсү болчу
Текст көлөмү - +
 Э. Байсалов:  - Убактылуу өкмөттүн иштегенине эки ай болуп калды. Канкор Бакиевдин үй-бүлөсүнө каршы биздин баатырларыбыз көтөрүлүп, аларды төңкөргөндөн кийин катуу кырдаал түзүлүп, убактылуу өкмөттүн курамы бекиди. Акыркы эки айдын ичинде көптөгөн кризис болду, биздин мамлекеттүүлүгүбүздүн, тагдырыбыздын өзүндө чоң-чоң маселелер болду. Менин оюмча, төрайым Роза Отунбаеванын жетекчилиги менен көп маселелерди чечкенге жетишти.

Эми албетте, ошондой чоң-чоң маселелер азыр деле турат. Бирок ошолордун көбү менин оюмча шайлоо аркылуу чечилет. Убактылуу өкмөт – бул убактылуу. Жалпы элибиз кимге, кайсы саясий күчкө ишенерин ачык-айкын шайлоолордо тактап алышы керек. Ошондуктан мен дагы көптөгөн саясий күчтөрдүн, жарандардын кайрылууларын эске алып бир жаңы саясий чечим кабыл алдым. Чечим кабыл алгандан кийин, мыйзамдарды жана моралдык эрежелерди эске алып өкмөттүк кызматтан кетип, андан кийин атуулдук демилгечи катары ошондой саясий күчтү, жаңы саясий партияны түзүүгө чечим алдым. Роза Отунбаеванын аппарат жетекчисинин жумушун таштап, элге чыгып, элге кайрылып саясий партия түзүүнү баштоо тууралуу чечим кабыл алдым.

"Азаттык": - Өткөн жумада убактылуу өкмөт жыйын куруп, өкмөттүн айрым мүчөлөрү парламенттик шайлоого кызматтарын тапшырбай катышарын билдиришти. Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева алар саясий бюро катары иштей берет, деп айтты. Бул туура чечим болдубу?

Э. Байсалов: - Эми мен жеке өзүмдүн оюмду айтам. Дагы бир жолу кайталап кетейин, бул – Отунбаеванын көз карашы эмес. Анткени мен жеке жаран катары өзүмдүн оюмду эки айдан бери айта албаган жаным азыр айтам, айта баштайм. Албетте убактылуу өкмөттүн ар бир мүчөсү өзүнүн ишинен чыгып, жумушун ташташы керек. Аларга чейин эле Кыргызстан жашап келген. Административдик эч кандай ресурстарды пайдаланбастан баардыгы жеке саясий партия катары гана элди кыдырып добуш топтошу керек. Бул – мыйамга да ылайык. Р. Отунбаевага “эже ушул шайлоону өткөрүп бериңиз”, деген мандат беришпеди беле. Эми азыр кайра шайлоого барганы жатканда убактылуу өкмөттөн кетпейбиз дегени менимче туура эмес.

"Азаттык": - Бул эмнеге алып келиши мүмкүн? Коомдо нааразычылыктар күчөп кетпейби? Административдик ресурстар колдонулуп, айталы, маалымат каражаттары шайлоо маалында аларды убактылуу өкмөт мүчөлөрү катары көп көрсөтүп, көп жазып дегендей теңсиз шарт түзүлбөйбү?

Э. Байсалов: - Менин оюмча азыркы учурда эч кандай административдик ресурс иштебейт, иштебеши да керек. Анткени элибиз тагдырын өз колуна алган. Ким кандай кааласа дагы шайлоо ачык айкын өтөт. Ал үчүн элибиз кепил болуп берет деген ойдомун. Албетте сүйлөшүүлөргө ылайык, келишимдерге ылайык убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн баардыгы толугу менен кызматын таштап кетиши керек дагы, элдин добушун алгандан кийин эл ишенсе кайра келиши керек.

Эл убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө ишенет. Анткени алар эң кыйын учурда Бакиевге каршы чыгып элдин ишенимине ээ болушкан. Бирок ушул шайлоо учурунда баардыгы өкмөттөн чыгып кетип шайлоого катышуулары керек.

"Азаттык": - Кыргызстанда жүздөй саясий партия каттоодон өткөнү маалым. Сиз түзгөн жаңы партия кандай өзгөчөлөнгөн позиция, программа менен чыккан атат? Партия кандай ат менен чыгат?

Э. Байсалов: - Билесиздер, мен Акаевдин да, Бакиевдин да учурунда акыйкат үчүн, адам укуктары үчүн жөн эле сөз менен гана эмес, иш менен да күрөшүп келгем. Менин оюмча, революция болгондон кийин жаңы күчтөр келиши керек. Мен жактырбаган нерсе – бир жагынан ушул кадр саясаты эч кандай өзгөргөн жок. Жаңылануу деле жок. Мына акыркы жумаларда революциянын динамикасын, маани-маңызын да жоготуп койдук. Өзгөчө жер-жерлерди жаңы кишилер дайындалса болмок. Бул убактылуу өкмөт баягындай эле билими жок, эч кандай тажрыйбасы жок, бирок  бир партиядан болгондорду дайындап жатат. Экинчи жагынан, мурун эле коррупцияга малынган, Акаев, Бакиевдин учурунда элде нааразычылыкты жараткан адамдардын баары эле дайындалып атат. Жаңы кадрларды өкмөткө, дегеле бийликке алып келиш керек.

"Азаттык": - Партияңыздардын аты кандай болот?

Э. Байсалов: - Эми ал чечиле элек. Бирок алдын ала “Айкөл эл” деп атап жатабыз.

"Азаттык": - Маегиңизге рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Sary каяктан: KG
10.06.2010 07:12
Parlamenttik biylik degende partiyalaryn jaynady go???

кимден: Гулкайыр каяктан: Бишкек
09.06.2010 19:05
Эдил байке келерки шайлоодо да бюллетенди таркатып ийсениз, кайра эле УОтон да кууласызӨ

кимден: Бермет каяктан: кыргыз
09.06.2010 18:13
Байсалов демократ бирок бийликке келүүгө али эрте. Бышып жетиле эелек саясатчы. Аны "бюллетен играсынан" эле байкаганбыз. Жаш балача иш кылып мамлекетти канча чыгым тарттыртты. Анан бекинип калды. Эгерде "жирный" жерге илешпей калса анда ал дагы опозиционер болот. Бирок көпчүлүк Байсаловго ишеним артпайт. Ушунча жылдан бери чет мамлекетте жашап келип анан эле элге күйүмүш болгондорго түшүнбөйм. Элди түшүнүш үчүн Кыргызстандан эч жакка кетпей, карапайым калк тарткан кыйынчылыкты жон териси менен тартышы керек болчу. Партиялардан баш айланмай боду го. Баары бир "Ата Мекен" партиясынын авторитети жогору деп ойлойм.

кимден: Ак жол каяктан: Бишкек
09.06.2010 13:52
Э. Байсалов эсиндин барында этнгинди жап. Бюллетендин айынан уят болгонунду тез эле унуттунбу.Бироого сын айткандын ордуна озундун кандай принципте жургонунду тактап алсан болмок. Канкор Бакиев деп айтканга кантип оозун барды.Сен кандай жол менен бийликке келгенинди унуттунбу, озун канкор, 85 инсанды олтуруп келбединби, кетишинди ойло. 7 жылда кандай даражага жеткирди Бакиев, калыс созунду айтпайсынбы. Качып журуп даярга тап болбой. уятсыз!

кимден: Барбол каяктан: Кыргызстан
08.06.2010 12:38
Атамбаевдин эле колтугунда Бекназаров экөң жүрө бербейсинерби, же ошончолук шайлоого жете турган акчаны топтоп койдуңарбы? Дароо. Тооко теңелип каздын буту сыныптыр болосуң. СДПК неге силерден баары кача баштады. Демек бул ынтымактын кеткени. Ак жолдон качышса СДПКдан да маданияттуу кетүдө. Ойлор барбы.

кимден: Azamat каяктан: Istanbul-Chicago
08.06.2010 02:04
Edildin sodoru dele tuura bir jagynan. Azyrky okmotto murdagy ele Akaev jana Bakiev menen ishtegen parakor adamdar ishtep jatyshat. ozgoruulor bolgon jok. ooba baarybyz ele bilebiz, Edil amerikany jaktagan adam, birok bilimduu ekenin dagy unutpoo kerek. Edildin kachyshy boyuncha, Edil olkonu tashtoogo majbur bolgon, antkeni anyn JANY korkunuchta ele............
Azamat TASHTANOV
KYRGYZSTAN !!!! --President--

кимден: Aкип
07.06.2010 23:50
Эдил бул шеринедеги создорду окуп туура чечим кабыл ал демекчимин.Албетте сен да бычака сап мыкты жигиттерденсин.Бирок партия тузом,шайлоого барам деп шаып кеттинго дейм.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
07.06.2010 23:19
Бул кишиде бир эле принцип атын чыкпаса жер ортто.Бюлетень интернетке чыккан учун Бакиевдин мезгилинде жооп бере албаса эми деле тактап койсо болмок.Ошол суроо боюнча кандай 24млн деген оной эмес го.Партияныздын атын качкандардын атынан уюштурун,колдоочулар коп эле чыгат моменти келгенде качсанар да партиябыз ошондой деп кутулганга оной болот.

кимден: PROFESSOR каяктан: Bishkek
07.06.2010 22:16
EDIL SEN KANKOR BAKIEV DEGEN SOZUNO JOOP BERISHINDI OILOSON, NA ETOT RAZ KACHYP KETE ALBAISYN.!

кимден: Сагынбай каяктан: Ош
07.06.2010 19:57
Эдилдин бул аракети атын чыкпаса жер ортто дегенге барабар. Эми ал калп эле олбурулуп туруп, калп эле электорат топтомуш болуп, калп эле "менде баланча адамым бар" деп кокурок койгулап, анан СДП менен калп эле союз тузот. Союзу копко узабай кайра эле "калп эле" жолуна тушот. Ишенбесенер, анын жасаган буга чейинки "калп эле" иштерин анализдеп коргуло...
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)