Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 07:21

Саясат

БШК төрагасы Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизген декретке каршы

Борбордук шайлоо комиссиясынын төрагасы Акылбек Сариев декрет менен мыйзамга өзгөртүү киргизүү туура эмес деп эсептээрин, ошондуктан ал Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизген декретке каршы экенин жана бул маселеде аягына чейин тураарын "Азаттыктын" түз обосунда айтып берди.

Текст көлөмү - +
- Акылбек мырза, Шайлоо кодексинде кандай олуттуу өзгөрүүлөр болду?

- Негизгиси жашап жаткан жеринде каттоосу жок жарандарга ошол жерден добуш берүүгө уруксат берилип атат, бул көп маселе туудурушу мүмкүн. Мен декрет менен мыйзамга өзгөртүү киргизүү туура эмес деп эсептейм. Ошондуктан бүгүнкү күнгө чейин мен буга макул болбой келе жатам. Менин оюм боюнча, кайсы бир партиянын жетекчиси мыйзам киргизсе ал бир партияга иштебей, жалпы партиялардын укугу бирдей каралыш керек. Ошондуктан бул декретке мен башынан каршы болгом жана аягына чейин турам.

- Шайлоо корунун суммасы дагы өзгөртүлдү деп айтылып жатат, канча болду азыр?

- Бул жерден дагы туура эмес түшүнүктөр кетип атат. Шайлоого коюлчу күрөө акысы 500 миң сом ошол бойдон калды. Кээ бир жаңы партиялардын лидерлери муну туура эмес түшүнүп атат. Бул шайлоо фондунун ченеми дегендик, партия 5 сому болсо деле шайлоого бара берсе болот, эгер алар акча жумшабай эле көңүлүн алабыз дегендер болсо. Негизгиси болсо ар бир партия 100 миллион сомго чейин чогултканга укуктуу болчу ошону 50 миллионго түшүрдүк дейт, бирок ал жерден эч ким эч нерсе утпайт. 100 миллион деген көрсөткүч эсептелип чыккан нерсе болчу. Азыр эгер тизмеде 120 талапкер болсо ошонун ар бири 500 миң сомдон салганга укуктуу болот, ар бири 500 миңден салса 60 миллион болуш керек. 50 милион кылып койуу - талапкерлердин укугун бузгандык болуп эсептелет. Анткени 120 кишинин бардыгы тең чогулта албай калышат. Мунун ченемин өзгөрткөндөн кийинки көрсөткүчтөрүнө өтүп, андан кийин оңдош керек.

- Жарандар эми катталган жерине карабастан эле жашап жаткан жерлеринде добуш бере алат турбайбы, бул кандайдыр бир терс кесепеттерин тийгизбейби?

- Тийгизет, тийгизгенде дагы бардыгына тийгизет. Анткени бул жерден партиянын кызыкчылыгы үчүн бир жерден чогултуп алып, ошол жерден өзүнө добуш бердиргиси келип жатат, андай кылбаш керек. Бизге азыр жаңы партиябы, жакшы партиябы, күчтүү партиябы айырмасы жок. Негизги шайлоо комиссиясынын көз карашы ошондой туруш керек, ошондуктан менин макул болбой жаткан себебим ошол. Экинчиден, киргизилген ченемдердин кээ бир өзгөртүүлөрү актуалдуулугун жоготуп алды, анткени 90 күнгө чейин шайлоо коюлат деген жобо киргизилген, ал бүгүнкү күндө иштебей калды. Мени ошону кандай колдонгонду билбейт деп айтып атышыптыр. Кеп колдонгондо эмес, кагазга жаза берсе боло берет, бирок анын аткарылышына караш керек.

- Аймактардан 0,5 пайыздык чектен жогору добуш топтоо тууралуу дагы айта кетсеңиз, ушул маселе көптөгөн талаш-тартыштарды жаратып жатпайбы.

- Ал маселелер ордунда калды. Андан башка дагы өзгөчө кырдаал шартында шайлоо болбойт деген норманы дагы калтырып коюшкан. Эгер андай эле мыйзам жагына караса ошону алып салса болмок. Бүгүнкү күнгө чейин шайлоо жарыяланбай жатканынын себеби – Шайлоо кодексинде эгер өлкөгө өзгөчө кырдаал киргизилген болсо шайлоо жүргүзүлбөйт деген чектөө бар. Азыр Ошто өзгөчө кырдаал бар. Ошондуктан бул мыйзамга каршы келет. Муну туура түшүнүшүбүз керек, эгер мыйзамды оңдосо туура оңдош керек жана колдонгондо дагы туура колдонуш керек.

- Рахмат маегиңизге.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: РАТКУМ каяктан: МОСКВА
26.07.2010 19:06
А.Сарыевич,сиздин айткандарынызга толук кошулам,эгерде шайлоочу катталган жеринде добуш бербей жашаган жериене добуш берсе шайлоочуларга акча таркатып,райондогу же шаардагы шайлоо участакторунун баарынан кайра -кайра откоро бериши толук мумкун.Ошондуктан шайлоо толугу менен бузулат-бул биринчиден.Экинчиден силер\шайлоо комиссиясынын мучолору\канча лык таза иштесенер да куноолуу боюнча кала бересинер.Мына ошондуктан сиз бул маселенин тескей жактарын даана корсотуп,кат жонотуп ганга тим болбостон УОко пресса аркыдуу кайрылуу жасабасанар болбойт.Эгерде ушул боюнча калса Кыргызстанда шайлоонун айынан дагы бир жолу тонкоруш болуп кетиши толук ыктымал.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
26.07.2010 16:21
А эмне билдирсе болбойт азыр БШКда чон полномочия бар ал мыйзамдуу институттун бироосу деп ойлойм. Анан да элдин укугу менен эсептешуу керек. Жебегиле элдин акысын .

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
26.07.2010 15:18
Акылбек байке туура айтасыз да, декрет бул убактынча документ го, анан кодексти да ушинтип озгортсо боло береби. Эми муну Текебаев эле ойлоп чыгарса керек го, ал озунун кониституциясын дал ушундай жол менен откорду го. Оз позицияныз учун рахмат, Кыргызда сиздей инсандар кооп болсун!

кимден: Бек каяктан: Озгон
26.07.2010 11:52
Казанчыны оз эрки, кайдан кулак чыгарса.
Элдин куну ушундай, кече айткан созунон бугун кайтатурган орду жок саясатчыларга калды.

кимден: Жони каяктан: Бишкек
26.07.2010 11:51
Акылбек мырзанын оюна мен толук кошулам. Декрет боюнча жашаган жеринен каттоосу жок шайлоодон өтүш мурунку автобус, машина менен шайлоочуларды ташып шайлоодон өткөрүп жүрүшкөндөрдүн чырагына май тамызып берери айдан ачык көрүнүп турбайбы.

кимден: Патик каяктан: Бишкек
26.07.2010 10:52
А балли Акылбек Сариевич! Мен ушул кишиге рахмат айтат элем бул ВПшниктер оз билгенин жасап жатса эч ким кын дебей жатса бир ушул киши оз позициясын билдиргенине рахмат. ВПшниктердин арасында ушундай кишилер коп болсо баардык нерсе акыйкат болот деп ишенет элем. Азыр буларга эч ким ишенбей калды го.

Онлайн шерине