Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 01:48

Саясат

А. Атамбаев: Күчкө таянган бийлик көпкө турбайт

Оппозиция лидери Алмазбек Атамбаев "Азаттыкка" берген маегинде эртеңден тарта Бишкектен Балыкчыны көздөй жөө жүрүш башталаарын билдирди.

Текст көлөмү - +
- Алмаз мырза, бүгүн бүткүл өлкөдө сиздер шайлоого нааразы эл чыгып өзүлөрүнүн ой-пикирлерин билдирет деп айттыңыздар эле. Бул канчалык деңгээлде ишке ашты?

- Бүтүн өлкө деп айтсак болот, ар бир облуста, ар бир региондо эл митингдерге, жүрүштөргө чыкты. Бирок ар бир региондо тилекке каршы бийлик бүт мыйзамдарды бузуп туруп, тынч митингге чыккан элди камап, сабады. Бул бийлик өзүнүн мыйзамсыздыгын дагы бир жолу көрсөттү. Бул бийликке мыйзам жок, 300 жыл мурунку Кокон, Кудаяр хандын бийлигине окшоп баратат, андан да өтүп баратат.

- Көчөгө, жөө жүрүшкө чыккан адамдарды Бишкек шаарында эле байкадык, кармап кеткендер болду милиция кызматкерлери?

- Кармап атат Бишкекте, Чүйдө, Нарында, Таласта, баардык жерлерде. Канчалык кармаса деле Чүйдүн батыш жагынан келип атат шаарга. Эртең менен биз тынч жөө жүрүштү улантабыз. Эртең кеңсенин алдынан эртең менен саат ондо чыгабыз. Башында өзүм болом, фракциянын айрым депутаттары, бир тобу региондордо. Эртең тынч жүрүштү Балыкчыны көздөй улантабыз. Анткени Балыкчыда добушту коргойбуз деп чыккан балдарды провокация уюштуруп камап, 30дан ашык биздин активисттерибиз камакта отурат. Аларды 3 берене менен камайын деп атыптыр. Биринчиден, шайлоого тоскоолдук көрсөткөн деп. Шайлоого ким тоскоолдукту көрсөткөнүн көрүп атабыз да. Экинчи дагы бир берене тополоң уюштурган деп. Тополоңду бийлик уюштуруп атат. Өздөрүн-өзү камаса болмок ушул берене менен чындыгында. Элибиз тынч эле чыгып атат. Биз мисалы төңкөрүш даярдаган жокпуз да. Бийлик күчкө салып атат. Албетте бул элдин кыжырын эле келтирип атат. Күчкө таянган бийлик эч бир мамлекетте көпкө туралчу эмес.

- Ушул жөө жүрүштө сиздерди кармап кетсе кандай болот?

- Эми Кудайдын жазганы болот. Эл кандай көрөт аны да бийлик ойлонушу керек.

- Бүгүнкү маалымат жыйынында айрымдар “Атамбаев үгүт жүргүзгөнүбүз үчүн бизге акча төлөгөн эмес 5 миң сомдон, ошон үчүн элге келип кайрылып атабыз деп айтышты...

- Атамбаев эч кимге төлөгөн эмес. Керек болсо эл өзү акча көтөрүп келип атты, пенсияларын которуп атышты. Акча үчүн иштегендер алар Бакиевге иштегендер. Ошолор уюштуруп атат ушундай провокацияларды.

- Мына жакынкы арада саммит өткөнү турат, ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн башчылары Кыргызстанга чогулганы турат. Дегеле азыркы акыбал боюнча кандай кайрылууңуз бар ошол башчыларга?

- Бүгүн биздин штабдын активисттери, БЭК кайрылууга кол койду, уят бул жака келгениңер деп. Бул жакты көрүп атасыңар, такыр эле демократия тепселип атат, кордоп атат элди булар басмырлап, албетте элибиз манкурт эмес, элибиз эч нерсе унутпайт. Азыр ЖККУ деп шылтоо менен келсе коңшу өлкөлөрдүн башчылары, кыргыз эли да аны унутпайт, уят болот өздөрү. Анын үстүнө көрүп турасыңар, кээ бир коңшу өлкөлөрдүн башчылары дагы эле куттуктай элек БШКнын чечими чыкканы менен.

- Маегиңизге рахмат.

Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: кыргыз каяктан: москва
02.08.2009 14:00
Кыргызстанга ПУТИН президент болгондо гана оңолот

кимден: Асан каяктан: Ош
01.08.2009 15:03
Нурлан сага 200% кошулам.

кимден: Esentur каяктан: USA
01.08.2009 10:00
Salam kyrgyz elim.menin aytar sozym biz kachan ushunday biylikten kutulabiz.bashka elderge uyat ele bolup jatabiz go aylanayin tuugandary.Almaz Atambaev jakshy prezident bolup berchydoy.erteraak oshonu kotoryp koldon kelse prezident kilip alsak...Bakievdin kilgan ishteri orsoyup ele korynyp turbayby.je bul biylik eldi mankurttay koroby....

кимден: Нурлан каяктан: Чуй
31.07.2009 19:10
Атамбаев татыктуу эркекче эч кимди сатпай жүрөт Бакиев Кыргызстанды эч убакта өнүктүрбөйт 200 % айта алам төрт жылда көрбөдүкпү туурабы, 2005-жылы банкрот болгон үй-бүлөсүн байытты Макс Жаныш Адыл деген туугандары жүрөт асмандан түшкөнсүп, дагы беш жыл олтурса куруйбуз кыргыздар

кимден: Belek каяктан: bosphor
31.07.2009 16:28
Aybek, oshol seni tayaktagan miliciyan dele kirgiz, vizyatka suraganin dele kirgiz. Alar dele saga okshogon biroonun baldari je tuugandari. Bakiev emne torolgondo ele eldi tonoym degen jaman oy menen torolupturbu? Kyz kezinde baari jakshy, jaman katyn kaydan chygat degen makal bar bizde Aybek. Bakiev dele Atambaev dele ushul obshestvodo chonoyup oskon. Bolup otkondorgo biraz alistan burkut kozu menen karasan, katanin Bakiev, Akaev je oshol nagliy miliciyalarda emes, sistemada ekenin korosun. Bul jerde saga chechendik je saga sabak bereyin degen oyum jok, ozumdun oy pikirimdi ele jazdim.

кимден: Айбек каяктан: Бишкек
31.07.2009 12:32
Бул жерге да бийликтин кошоматчылары толуп кеткен го. Кайсы жыргаганыңарга мактап жатасыңар, же чет жака оокат издеп тентип кеткен элди көрүп, милициядан таяк жеп өлгөн же инвалид болгондорду көрүп, же Каркыра менен Көлдүн сатылганына маашырланып, көчөдө тентип калган балдар менен карыларды көрүп мактап жатасыңарбы. Тезек терип, кышында свети жок отурганыңарды унутуп калдыңарбы. Ушундай хан болгондон көрө таптакыр болбой эле койгону жакшы.

кимден: жанна каяктан: бишкек
31.07.2009 10:11
Урматтуу SIS, сенин көзүң ачык эмеспи, кызыксың го оштуктардын көбү эле Атамбаевге добуш берген деп. Сен Атамбаевге салганда карап турдуң беле?

кимден: Mirlan каяктан: Korea
31.07.2009 06:58
K.Bakiev byt Eldi karap, Kirgizstandin kelechegin karap Kirgizstandi ondoso jakshi bolmok.

кимден: Ыслам каяктан: Москва.
31.07.2009 00:58
Эмил брат туура айтат мен ошонун пикирине кошулам.

кимден: эмиль каяктан: санкт-петербург
30.07.2009 22:22
Биздин оппозиция көрөсүңөр эртең эле тынчыйт. Эч нерсе кыла албайт. Ошондуктан элим тынччылыкка чакырам силерди. Элсиз жер болбойт. Элсиз хан болбойт. Мен элиме айтарым, бул көрүнүш да өтөт, чыдагыла, Акаевге 15 жыл чыдагансыңар го.
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)