Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 14:38

Эл үнү / Коом

Бишкекте кырдаал тынчып калды

21-апрелде Бишкек шаарында жер басып алууну көздөгөндөргө түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлдү. Элдик кошундар коопсуздукту сактоого көмөк көрсөтүп жатышат. Курманбек Бакиевдин иниси Жаныш Бакиевди кармоо аракеттери уланууда.

Элдик кошундар коопсуздукту сактоого жардам көрсөтүүгө киришти.
x
Элдик кошундар коопсуздукту сактоого жардам көрсөтүүгө киришти.
Текст көлөмү - +
21-апрелде Бишкек шаарында жер басып алууну көздөгөндөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, кырдаал жөнгө салына баштады.

Бишкектин жака-белинде жер басып алуучулардын тополоңу басаңдап, алар менен сүйлөшүүлөр жүрүп, түшүндүрүү иштери жүрүп жатканын мэрдин басма сөз катчысы Муса Коңуров “Азаттыкка” билдирип, үй куруу үчүн жерге муктаждар мыйзам чегинде документтерин даярдап жатканын, үйдүн кезегинде тургандар үчүн эмки жумада “Туңгуч” кичи аймагынан көп кабаттуу үйдүн жер пайы казылаарын айтты.

Учурда Бишкектин четиндеги Маевка айылында абал тынч. Бул тууралуу “Азаттыкка” ИИМдин басма сөз катчысынын милдетин аткаруучу Рахматулло Ахмедов кабарлап, баш-аламандыкка жол берилбей, коомдук тартип сакталып турганын билдирди.

Убактылуу өкмөт элге каршы чыккандарга катуу чара көрүлөөрүн билдирип, калкка кайрылуу менен чыкты. Анда акыркы кезде болуп жаткан окуяларга байланыштуу Убактылуу өкмөт тез арада коомдук тартипти камсыз кылууну жана зомбулук, мыйзамсыздыкты токтотуу үчүн чукул чара көрөрү айтылган.

Чукул чарага ылайык, атуулдардын өмүрүнө коркунуч келтирип, алардын үй-жайына, жеке менчигине, жарандык жана аскердик обьектилерге каракчылык менен кол салгандарга укук коргоо органдары мыйзамдын чегинде ок ата тургандыгы да белгиленген.

Убактылуу өкмөт Кыргызстандын элин сабырдуулукка, чагымчыларга алдырбоого чакырып, күч менен коомдук тартипти жана улуттар аралык мамилелерди бузууга аракет кылгандарга чогуу сокку урууну өтүнгөн.

“Кыргызстан баатырлары” кыймылынын теңтөрагасы Нарынбек Сапаловдун пикиринде, Убактылуу өкмөт чечкиндүү аракеттерди көрүп, оболу К.Бакиевдин уулдарын, бир тууганы Жаныш Бакиев баштаган адамдарды кармоолору зарыл. Анткени абалды курчутуу аракеттерин дал ошол адамдар уюштуруп аткандары көрүнүп турат. Атпесе элдин көксөөсү суубай турат.

-Убактылуу өкмөт 7-апрелдеги кандуу окуя жана мамлекеттик мүлктү талап-тоноо боюнча айыпталып аткан кулатылган президент К.Бакиев, анын уулдары Марат менен Максим, иниси Жаныш Бакиев, мурдагы өкмөт башчы Данияр Үсөнов, MGN компаниясын башкарып келген Евгений Гуревич баштаган негизги фигуранттарды кармай албады. Мындай абал 7-апрелде курман болгондордун жакындарына, мурдагы бийликке каршы болуп келген башка кыргызстандыктарга жакпай, аларды колго түшүрмөйүн, көксөөлөрү суубай турат.

Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, генерал Артур Медетбековдун пикиринде, өлкөдө саясый кырдаалды курчуткан Жаныш Бакиев баштаган топтун мүчөлөрү жакында кармалып, жазасын алышат.

Ошентсе да Убактылуу өкмөт мүчөлөрү өлкөдөгү кырдаалды көзөмөлдөп турушканын, коопсуздук маселеси биринчи орунда экенин айтышууда.

Коопсуздукту сактоого элдик кошуундар жардам беришүүдө. Октябрь райондук элдик кошундун жетекчиси Дайыр Кеникеевдин айтымында, дээрлик жаштардан турган элдик ыктыярдуу кошуундар Бишкек шаарында милиция кызматкерлерине тартипти сактоого көмөк кылышууда.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Эдик каяктан: Бишкек
22.04.2010 13:10
Коопсуздук кызматы- да иш ташташкандай болуп көрүнүп жатат. Себеби кичинекей эле мамлекеттеги издөөдө жүргөн адамдарды кармабайт, же алар менен бирге "табакташ" болушкан.

кимден: Maratix каяктан: TR-BATKEN
22.04.2010 11:43
Мамлекеттик улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары, генерал Артур Медетбековдун пикиринде, өлкөдө саясый кырдаалды курчуткан Жаныш Бакиев баштаган топтун мүчөлөрү жакында кармалып, жазасын алышат.

Kayra ele bayagi jomogunardi bashtadinar go. "Jakinda" "jakinda" "jakininar" kele turgan jakinbi ozu, "azir kelem" degendey bolup atabi silerdiki. 2 kishini tappay jatsanar olgon ekensiner jariktik.

кимден: Кубанычбек каяктан: бишкек
22.04.2010 11:01
Айланайын кыргыздар. келгиле ынтымакка келели. Өнүгөлү өсөлү. биз канткенде бир жер алып калам деп ойлобостон, канткенде кыргызстандын өнүгүүснө салым кошом деп ойлонушубуз керек.

кимден: немис каяктан: Германия
22.04.2010 01:11
Бакиевтер уюштурган атайын топтор кыргыз жаштарын , провокацияга үндөп атышат. Бул маалыматты, шаардын ичинде досторумдан, туугандардан угуп атам. Бакиевдин инилери, шаарда акчасы жок, кыйналып жүргөн жаш балдарга коп акча берип, жаман провокацияларга түртүп атышат. Бакиевдер бийликтен жөн кетпей, атайын баш аламандыктарды жасап атышат, ушунчалык өз элине наадандык мамиле кылгандарды көргөн эмесмин. Бакиевтерди жактагандар кыргыз элинин душманы болосуңар, эсиңерде болсун!!! Андан көрө убактылуу өкмөткө жардам берип, Кыргызстанда тынчтыкты сактап, өлкөбүздүн экономикасын көтөрөлү, колубуздан келишинче, патриотуулук менен ар бирибиз өз салымыбызды кошолу!!!

кимден: кылым каяктан: москва
22.04.2010 00:54
19-жылдан бери бийликтин камчысын чаап жүргөндөрдүн бирден ашкан турак жайын алып берсе болмок же басып алышса тура эле болмок аз дегенде 1га.жерлери болуш керек Разымын бакиев бийлигин кулаткан баатырларга курман болгондордун акрети абат жайлары жанат болсун.Алардын үй-бүлөсүнө бакиевчилердин бирден ашкан үй жайын мал окатынан бериш керек калгандарды сабырдуулука чакырам

кимден: мигрант каяктан: Москва
21.04.2010 21:15
Урматтуу мекендештер!!! Менин да бир метр да жерим жок.30 га келейин деп калдым.эч бир байлыгым жок.Бирок бироонун жерин басып алгым кеобейт.таза эмес жол менен табылган байлыктын кесепети балдарынарга тиет.мандай теринер менен акча тапкыла. ырыскынарды акаев жана бакиев тартып алганы чын. ал эми жер ээлеринин куноосу жок да.мен алыста журуп кыргызстанымдагы баш аламандыкка абдан кейидим.козумо жаш алдым.бакиевди кубалаганынарда суйундум эле. менин элим ушундай баатыр деп. бирок анын артынан мыйзамсыз жана маданиятка туура келбеген иштер болуп кетти.
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу