Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 14:37

Саясат

И. Исаков: Түштүктө абал турукташты

Убактылуу өкмөт төрайымынын түштүк аймагы боюнча өкүлү, коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков өлкө түштүгүндө абал турукташканын, бирок айрым чек ара аймактарында кооптуу маселелер бар экенин айтат.

Исмаил Исаков Жалал-Абаддагы жолугушууда, 22-май.
x
Исмаил Исаков Жалал-Абаддагы жолугушууда, 22-май.
Текст көлөмү - +
Ырысбай Абдыраимов
Генерал Исмаил Исаковду Жалал-Абадда коменданттык сааттын бүтүшүнө арналган жыйындан кийин аймактагы кабарчыбыз сөзгө тартты.

- Коменданттык сааттын бүткөндүгүнө байланыштуу мен Жалал-Абад шаары менен Сузак районунун бир топ жарандарын сураштырганымда алар өзгөчө абал мөөнөтүн бир ай, же жыйырма күндөй узартса болот эле, анткени дагы эле кооптуу жагдайлар бар деген жоопторун айтышты. Жарандардын тынчсызданууларына сиз кандай жооп айтаар элеңиз?


- Албетте бүгүнкү күндө Жалал-Абад шаарында, Сузак районунда, жалпы эле Жалал-Абад облусунда абал туруктуу, стабилдүү десек жаңылышпайбыз. Себеби бүгүнкү жагдай ошондой нукта кетип атат, бардык мекемелер, базарлар, дүкөн, окуу жайлар өз убагында иштешти. Азыр экзамен тапшырылып атат. Демек келген күчтөр өз милдеттерин 10 күндүн ичинде так, өкмөттүн тапшырмасын ак ниет тилек менен аткарышып, ушундай жагдайга бүгүн алып келишти.

Элдин суроосунун жөнү бар. Себеби элибиз абдан чарчады, көп учуруда коопсуздугу сакталбай, жол тосуулар көп болду. Азыр алар тартипти сагынып калган. Мунун экинчи жагы бар, биз 1-2 ай деле кармап турсак боло берет, бирок кээ бир адамдардын укуктары чектелип калып атат. Саат ондон кийин эч жакка чыгалбай калып атышат, азыр студенттер окуу жайларды бүтүп атат, тойлор уланыш керек, дүкөн, мекемелер иштеши керек, мына ушул жагын карап көргөндө көп нерсеге тоскоолдук болуп калат экен.

Ошонун негизинде бүгүндөн тартып токтолсун деген чечим чыкты. Мен ойлойм, укук коргоо органдарыбыз, милиция кызматкерлерибиз бизден тапшырма алышты, коменданттык саатта кандай тартипти сактасак, ошондой тартипти сактап бергиле деген. Алар дагы убадаларын беришти. Кудай кааласа мындан кийин милдетти так аткарганга биз бардык профессионалдык деңгээлибизге карата күчүбүздү, билимибизди жумшайбыз деп. Элдин коопсуздугу сакталат. Керектүү жерде өзгөчө болуп калса биз ал жерге башкача көңүл буруп, башкача нукта ишти алып барабыз.

- Коменданттык саат учурларында адам укугунун сакталышы кандай болду?

- Коменданттык сааттын учурунда укуктары бир топ чектелип турду. Бирок тартипти сагынган элибиз ушул жакшы экен деп, чындыгында жакшы кабыл ала башташты. Бирок ушул учурда биз көп мыйзам бузгандарды кармадык, унаада кетип аткандарды, башка адамдарды, тергөө жүрүп аткандыктан, тергөөнүн өзүнүн жагдайы бар, мен ага көп токтобойун, бирок чынын айтканда коменданттык саат элдин турмушунда коопсуздугун сактаганга чоң жардам берди.

- 20-майда Жалал-Абаддагы “Телтору” ат майданында өзүңүз катышкан митингде жаштар өзбек сыналгылары аркылуу сүйлөй берип, улуттар аралык мамилеге себепчи болду делген таанымал ишкер К. Батыровду жоопко тартуу талабын коюшкан эле. Ал маселе кандай чечилүүдө?

-18-19-майдагы окуя ушул маселенин тегерегинде болуп атат. Муну баарыбыз билебиз, тергөө иштери жүрүп атат. Кээ бирлери айтып аткан экен, Исаков убада берди эле үч күндүн ичинде деп. Биз эч кандай андай убада берген эмеспиз. Биз айтканбыз, биздин укук коргоо органдары болгон мүмкүнчүлүгүн жумшайт, ушунун аягына чыкканга деп. Азыр эле мага маалыматтарды прокуратура, укук коргоо органдары беришти, ушунун негизинде тергөө жакшы нукта кетип атат деп. Кудай кааласа эртедир-кечтир бул иштин аягына чыгып, анан элге жарыя кылабыз.

- Ушу убакта чек ара жайларындагы абал туруктуубу? Баткен облусунун Согмент айылы менен Өзбекстандын Хушяр айылындагы абал кандай чечилүүдө?

- Жалпысын алганда стабилдүү десек болот. Бирок кээ бир чек ара жерлерде кооптоно турган маселелер бар. Бүгүнкү күндө Сохтун тегерегинде чоң маселе чыгып атат, өзбек туугандар айтып атат, бизге кыргыздын жайыттарынан орун бергиле, малдарды жаялы, мурдагыдай эле жүрөлү деп. Эми мурда булар айыл өкмөттөр мененби, кимдер менен келишип алып, малын жайып жүргөн экен. Азыр биз "жок, андай болбойт, эки мамлекеттин ортосунда келишим түзүлсүн, эки жактын тең милдети бирдей белгиленсин, ошонун негизинде биз өз милдетибизди алсак, аны так аткарабыз, силер алсаңар да так аткаргыла" деген талапты коюп атабыз.

Бүгүн Баткен облусунда, чек ара жетекчилери менен да, губернаторлор ортосунда да бир топ жолугушуулар болуш керек. Жакын арада мен да барып көрүп келем. Кудай кааласа биз туугандарга эч качан жок деп айтпайбыз, бирок анан баары мыйзамдын чегинде, келишимдин негизинде болуш керек. Биз ошого чоң аракет жасайбыз.

- 30-майда Сохко Өзбекстан миң чакты өзгөчө багыттагы күчтөрүн киргизди деген маалыматтар айтылды. Ушундай маалыматтардын чындыгы барбы?

- Мунун чындыгы бар. Себеби анклавдын ичинде аскер кызматчылары бүгүнкү күндө бар, аны билебиз. Биз да мындай маселени коюшубуз керек, эгерде биз тууганчылыкта жашасак, кылымдар бою бир болуп келсек, эч талаш-тартыш болбосо, ошол аскер кызматчыларынын ал жерде кереги барбы, же жокпу деген маселени да биз коюшубуз керек, эгерде келишимдин тегерегинде иштеп калсак.

Мен ойлойм, аскер кызматчылары болгону менен алар эч качан Кыргызстанга чабуул жасабайт, алар өздөрүнүн элдерин тынчытканы, коопсуздугун сактаганы гана кирсе керек. Себеби чындыгында алардын эли да жетекчилердин, акимиаттын имаратынын алдына барып алып, талаптарды коюп атышат. Кечээ да биздин маселени чечип бергиле деген талаптарды коюшту. Менимче аскерлер ошонун негизинде алынып келинсе керек. Бирок эч качан Кыргызстанга атайын чабуул жасабайт. Себеби биз кылымдар бою бирге жашаганбыз, эки ортодо келишимдер бар, көп келишимдер. Анын негизинде өзбек жетекчилери, туугандарыбыз андай чараларга эч качан барбайт деп ойлойбуз.

- Мурдагы бийлик Баткен облусунда аскердик окуу борборун түзүп, ага АКШ акчалай жардам көрсөтмөк болгон. Эми ошол окуу борборунун айланасындагы маселелер кандай абалда? Ал тууралу америкалык тарап менен Убактылуу өкмөт сүйлөшүү жүргүзүүдөбү?

- Мен тактап койоюн, ал жерде аскердик окуу борбору салынган жок. Ал жерде биздин аскердик бөлүктөр орнотулуп, азыр отурукташты. Мен жакында барып баарын көрүп келдим, алар өздөрүнүн милдеттерин биздин документтердин негизинде аткарып, элдин, Баткен облусунун коопсуздугун сактаганга толук мүмкүнчүлүк алышты. Эми ошол аскердик борборду салуу боюнча биз бүгүн келишимдин үстүнөн иштеп атабыз. Ал жерге салганга туура болбой калат. Себеби аны салыш үчүн көп негиздер болуш керек. Ошондуктан ушул келишимди кайрадан карап, башка жерге ачуу боюнча келишимдин үстүндө иштеп атабыз.

- Америка тарап менен сүйлөшүү болгон жокпу?

- Азыр биз өзүбүздүн кол алдыбыздагы жетекчилерге тапшырма бергенбиз, алар ошол маселелер боюнча иштеп атышат. Ал кандай деңгээлде, качан чечилээрин азырынча биз айта албайбыз. Себеби бул акырына чейин чечиле элек.

- Түштүктөгү үч облустун жарандарынын Убактылуу өкмөткө кандай көз карашта экендигин сураштырып биле алдыңызбы?

- Мен абдан көп жолугушууларды өткөрдүм, карапайым жарандарыбыздан тартып облустук жетекчилер, мугалимдер менен да жолугушуулар болду. Чындыгында бир тараптуу айтуу өтө оор. Себеби канча адам болсо ошончолук пикир бар. Бир тарабы колдоп, ишти жакшы алып барып атасыңар, аягына чыккыла десе, экинчи тарабы айтып атат, бул ишиңер туура эмес, бул жерде кемчиликтер бар, үчүнчүсү, тезирек эле шайлоону өткөрүп койбосунарбы дешет. Бул абдан жакшы. Биз ушул көп пикирлердин ичинен элдин маселесин чече турган, элдин ишенимин актай турган чечимдерди кабыл алсак, биз, Убактылуу өкмөт, элдин ишенимин толук алабыз.

Бүгүн чынын айтканда, кемчиликтерибиз көп. Биздин келгенибизге аз эле убакыт өтпөдүбү, эки айга жакындап калды. Биз эки айдын ичинде көп ишти аткардык десек жанылышпайбыз, аткарып жатабыз. Эң негизгиси - жакынкы боло турган референдум. Референдумда эл колдоп берсе келечекте биз жакшы өкмөт, жакшы парламент, жакшы президентти шайлап алсак, келечегибизге жакшы жол салган болобуз. Ошондо өнүгүп-өскөнгө да жакшынакай шарт түзүлөт.

- Рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Назарбек каяктан: Бишкек Аламудун
10.06.2010 09:22
Жалын Маматказиев дегенге
_____________________
Менин атым Назарбек Нышанов! Сен биринчи жакшылап кыргызча уйрон ука!
Акаевдин окул баласы О.Текебаев азыр бийлике умтулууда. Конституцияны бурмалап, уруу Акаевди кыргызстанга алып келуу аракетин коруп жатат. Кадыржан Батыровго ишараат кылып кыргыз-озбек жанжалын баштап жибере жаздады. Туштукту кадыржанга кулдука берип койгусу бар. Бул интриганды силер али билбейсинер. Туура нерсени туз кылат Омукебиз.
Булардын арасында Исмаил Искаков туура жургон жигит.
Тиги ырда жакшы айтыптыр: Кыргыз эли - элибиздин арасында туура жургон, ак журок, чынчыл адамдар коп болсо гана жашайт!
Ошондуктан сен - Жалын иним Текебаев деп кобуруп жабырбай, озунду ойло! Чындыка баш ий. Билебиз го кыздарды бузуп шоруна калган Текебаевди. Ал менин айылдашым. Керек болсо мени Назарбек Нышановду таап кел ука. Ушул пикиримден жанбайм.
Парламент деген менен, ошол парламентти пайдаланып Текебаев бийликти алып алайын деген максат менен иш кылууда. Текебаевде катылган диктатордук муноз, арамы ашкан интригандык бар - КЫМБАТУУ КЫРГЫЗ ЭЛИМ!!

КЫРГЫЗДЫН келечеги учун курошобуз деп четте журуп тошун урат да бул бала. КЫРГЫЗДЫН келечеги учун бул жерде башын олумго байлап, корбогон азапты коруп биз журсок бул жерде!

кимден: Жалын Маматказиев каяктан: Los Angeles California Us
08.06.2010 12:52
Эмне деп додуроп атасынар долдурлор! Кыргыз Эли исмаил учун жашамак беле?Кыргыз Эли учун жашаг керек, керек болсо элим учун,жерим учун курманлыка даяр болуш керек! Мурда 2005 ж тонкорушто мен активду катышкам, ошондо Текебаевди ж.б абдан жамандаган Бакиев , ошонун желдетери азыркы исаков бечарага окшоп жамандап кудай кылган! Ошондо эч ким ишенген эмес , азыр да кайталанып атат, Текебаевди жамандап кайтып , бийлике(уй булолук башкаруга) жетем деген ой максат ! Акаевдин, Бакиевдин убагында элди бийлик учун олсун десе, азырда исаков учун олсун деп атат! Бакиевтин бийлигин кетириш учун олду 87 жигит, эми келечекте диктатор исаков бечаранын былишин кетириш учун 8000 жигит олуш керекби?. Аныс теле Акаев, Бакиев деп журуп мне болдук? Дагы Ленинли эстебейсигерби бирото эле, камунизимге алып келет деп. Булардын алып келгени уйбулолук башкаруу, бакиевди ким колдосо ,ошолордун адамдары исаковду колдоп атат!Буларды биз кетиребиз жаштар! Менин атым Жалын Маматказиев Канжар жаштар кыймылынын лидери! Биз парламентик система учун купошобуз ,кыргызым учун,кыргызымдын келечеги учун. Биз жаштар абдан чон кучбуз! Биздин максат суйу менен жаша,курош менен ол! Эми коралбагандар бизди каралай бергиле , копобуз курош мнеге алып келет!!!!!!!!

кимден: Алыш каяктан: Алатоодон
07.06.2010 20:55
Исмаил Исаковго алкыштар болсун!!! Ооруну айыктырган дарыгерге караганда ал оорунун алдын алган инсан кымбаттуураак болуш керек... Исаковдун кызматын тарых унутпайт. Эми кун сайын кадыр-баркы которуло баштаган Исаковду азыркы коллегалары "эшектин эмгеги адал, эти арам" дебесе болду... Кудай сактасын...

кимден: Batyr каяктан: Ala too
07.06.2010 20:44
Ismail ake Sariev , Beknazarov bolup algan 1000000 siz dagy bar dep imiwter bar, owol akzany kanzaga bolduguz 3 je 4 bu? Iw butkondon kiyin tuwtuko wyltap bolup alypsygar,Tuwtukto siz ulam katap jurbodugor bele, eger siz akzany algan jokmun deseger anda ozugustun avtoritet menen iw buturgonsus bolup kyiyndygygysdy bildiresis a Sariev Beknasarovdor uruu bolup kalat! Eger akzany algam anan tuwtuktogu problemalarga akzanyn kuzu menen buturdum deseger, anda akzaga keleso dele iwti buturot da, demek avtoritetigis jok eken.Je tigi da emes bu da emes akzany boluwtuk jana anza mynzasyn ketirdim kalganyna azyr kyiyn bolup presidentikti eldin dobuwun satyp alam deysigerbi?Kysyk emi bawtalat ko ? Azattyk kesek kelgende Sariev,Beknasarov,Isakovdordon tagyrak suragylazy 1000000 kayaka jumwady? Kim aldy? Kimderge tolodu? Aty jonu tolugu menen , azyr kyiyn bolup atkandardy korot elek? El biliwkerek zundykty! Sezip turam bir zon syr jana zatak bar?Mamleketin eldin akzalaryn basyp alyp ,akzaga ozdorun piar kylyp iwtetip atat!

кимден: Сураныч каяктан: Алатоо
07.06.2010 20:16
Убактылуу Окмоттогу саясатчылардын арасынан И.Исаковдун позициясы Атажуртубуздун тагдырына туздон-туз таасирин тийгизет. Ал каякка карап кетсе, мамлекетибиздин багыты да ошого жараша болот. Ооба, Оболу Кудай... Айтайын дегеним, азыркы окмоттогу сая-дын бири да олконун аба-ырайын озгортууго жондомсуз, кудуретсиз. А Исаковдо шанс бар. Муну терикпей эле моюнга алыш керек.

кимден: Жамалжан каяктан: Токмок
07.06.2010 18:31
Студенмин деп, ана кийинкилер деле бир почер менен жазат го. Же буларды жалдагандарга акча жетпей жатабы?
Уяты жокторго айта турган соз: ИСМАИЛ ИСАКОВ эч качан Бакиевге жалдырап кеирим суроону каалаган эмес! У.Сыдыков башкалар Бекназаровдон турмого кечирим сурасын К. Салиевичтен, жамандап коюптур деп айтсын, чыгартып алабыз дегенде да кайран Исмаил андан баш тарткан!
Бул чыныгы жигит! Узонгу Кууш сатылганда, Бакиев элди баса баштаганда мына ушул аадам гана принциптуу турдо каршы турган. Коркон эмес, качкан эмес, саткан эмес!!!!

Исмаил! - бар болгон учун сендейлер,
Кыргыз жашайт эл болуп!
Исмаил! - болгон учун сендейлер,
Кыргыз кетпейт чоо болуп!
Исмаил! - болгон учун сендейлер,
Жалын болуп куйобуз!
Адилеттуу акылдуу,
Элибизди суйобуз!!

кимден: Коз ачык каяктан: Бир жер
07.06.2010 14:38
Эң кызыгы 3 ай мурда оппозицияга ушундай болот деп айлдылай бирө айтса эмне дейт болучу, дейм да? Алибете анда эч ким ишенбейт болучу , тушуно да кирбейт эле. Азыркы мен дегендердин бири Исаков турмөдө эле , ошондо ал киши мени Бакинвге биролор жамандап койуптур Президенти менен Курманбек Салиевич менен суйлошум керек деп жалдыраган болучу ,чындыгында! Азаттыкта дагы эле интервью калган .Атаңдын көрү дүнүйө эми жеңгенден кийин мен кыйынмын сен дамансың деп бир бири менен кырылышып атканы абдан окүнүчтү! Президентик( үй-булөлүк) бийлик менен курөшүп эми бизге Президентик(үй-бүлөлук) бийлик керек жана мен Акаев-Бакиев-Искаков болом деген абдан акылсыздык деп эсептейм. Мен сизди Исмаил билбейм бирок дикататорлук темир тартип бийликти жактырган учун сыйлабайм жана каршымын. Жалпы азыркы атка минерлер силерге Кудай бир шанс берип турат, тарыхты озгортуу элдик бийлике а силер эски президентик системага аттанып атасынар, абдан туура эмес!Парламентик башкару керек! Мен айтарым ким гана болбосун президен сиз би же башка бы? Акаев-Бакиевден да жаман болуп уй булоңор менен тытырап качасынар абдан жаман болот! Бирдеме чечкенде же кылганда ушу создорду эстеп элестетип жургуло ,кутурсанар силерди келечекте эмне болорун. Мен башында айткандай алдылай эмне болорун айтып жатам, көз ачык катары ушундай болот!

кимден: matkerimov каяктан: Oborona
07.06.2010 13:33
erkek! kyrgyz generaly-aman bolunuz

кимден: Tekebai каяктан: Bishkek
07.06.2010 01:52
Daa, I.Isakovdu Supper General kylyp jiberdinergo, Nu kone4no tushtuktu tartipke salam dep 1 MILLION DOLLARDY algandan kiiin Anan kim barmak ele Tushtukko, Algan akchasyn aktap jatat, Meni okungondyrgondugu I.Isakovdu jash balany aldagandai ishtetip jatysgat, Andan surabai ele PREZIDENT PEREHODNOGO VOZRASTA dep OTUNBAIEVANY shailap alyshty.

кимден: Дос
06.06.2010 13:26
Мага студентин жазганы жакты, боорум эзилип ыйлаганча чейин кулдум.Чын эле абдан коп мактагандык кошоматка айланып кетиптир. Баардыгындын пикири окшош жазылып атат, ошону учун ишенбейт экенсин. Мен башка коптеген форумдарга кирсем башкаларды мактап президентке татыкту деген жазуларды окуп атам,анан ойлонот экенсин да мында бир мандем бар болуш керек. Бизге ушунча коп президентер болобу баардыгы ыйлаганча жанталашып укмуш сонун, ушул бизди кыйратат,бул татыктуу,куйом олом жашасын Ташмат Пешмат дей берсе чындап шектенип ишенбейт экенсин. Душман суйдуруп айтат, дос куйдуруп айтат дегендей балким ушу бечараларды мактап бир бирине туртуп кырылышсын деп аткандай корунот? Чолок -солок, майрык-туйруктарды, ырайы суук, акылы кемдерди да Сен сулусун, сен акылдусун деп бир бири менен кырылышсын деп атабы, ким билет? Бир нерсени унутпагыла болунгонду боору жейт, бийликти кетирерде биригип женгенсинер! Эмида кол кармашып ажыдар ( президент)болом дебей эл бийлигине(парламентике башкаруну) колдоп ,ажыдардын бийлигине азгырбай, кайра жок кылбайсынарбы туп тамырын менен?! Азыркы корунуч ууланган душмандын татуу зоздору угуп убактылуу жыргап атасынар! Бир жебенин огун сындырса оңой, бир уч жебенин огун сындырыш кыйын!!!!!!!!!
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)