Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:40

Жаныш Бакиев эмне үчүн кармалган эмес?


Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиев Тейит айылында, 2010-жылдын 11-апрели.
Мамлекеттик күзөт кызматынын мурдагы жетекчиси Жаныш Бакиев Тейит айылында, 2010-жылдын 11-апрели.

Убактылуу өкмөттүн тапшырмасы менен Сузактын Тейит айылына Бакиевдерди кармоо тапшырмасы менен барган атайын кызматтын генералы Артур Медетбеков бул операция эмне үчүн ишке ашпай калганын, мурдагы президент менен ошондогу жолугушууда кандай сөздөр болгонун "Азаттыкка" айтып берди.

- Артур мырза, сиз мурда Курманбек Бакиевдин учурунда Улуттук коопсуздук кызматынын төрагасынын орун басары болуп иштеп туруп, капыстан эле кызматтан кетип калгансыз. Анын себеби эмнеде эле?
Артур Медетбеков "Азаттыктын" студиясында, 11-июль.
2007-жылдагы парламенттик шайлоодо "Ата Мекен" партиясы 50-60 пайыз добуш менен алдыга чыккан...

- 2007-жылы парламенттик шайлоо болбоду беле, ошондо “Ата Мекен” партиясы чынын айтканда 50-60 пайызды утуп алган. Шайлоо бүтүп, өзүнчө чогулуш болгондо “Ата Мекенди” парламентке кое бергиле, болбосо элдин көбү көчөгө чыгат, көчөдө кыйкырып жүргөндөн көрө өздөрү депутат болуп, сессиядан болгон маселелерди туура айтып чыгып турса элге да, силерге да пайда, болбосо кийин иш чатак болот десем, алар мага терс көз карашта карап, башкача чечим чыгарышкан. Экинчиден, 2007-жылдын декабрында Кыргызстанга АКШ фирмасы аркылуу Түркмөнстандан эки учак учуп келген эле. Анда 100 тоннага жакын ок-дары, “Калашников” автоматтары, пулеметтор бар эле. Алардын бардыгы контрабандалык жол менен келген. Ага биз иш козгоп, мен аларды кармаганга аракет кылсам ошол убактагы УКМК башчысы Суталинов менен Бакиевдин баласы Марат каршы чыгышып, ал учакты коё берип жиберишкен. Анан көп өтпөй эле “сага жардык чыкты, сен жумуштан кете бергин, башка жумушка барышың мүмкүн” дешкен.

- Курманбек Бакиевдин баласы Максим Бакиев менен кандайдыр бир карама-каршылыкка барган жок белеңиз?
Курманбек Бакиевдин өзүнө баласы Максимди тыйбаса арты жаман болоорун 2005-жылы эле айткам...

- Максим Бакиев менен 2005-жылы декабрь айында “Бител” телефон компаниясы боюнча Жогорку Сотто чоң карама-каршылыктар болгон. “Бителди” Орусиядан келген бир чоң компания – НТС 150 миң долларга сатып алганына карабай четке кагып, алдап башка фирмага сатып жиберген. Ошонун тегерегинде Максимдин атасы Курманбек Бакиевге уулуңуз ушундай туура эмес иштерди жасап атат деп айткам. Себеп дегенде бизге кабар түшкөн, “Максим Бакиев эгер бизди четке кагып, алдай турган болсо аны жоготууга чейин барабыз” дегендей. Анан мен айткам, ушунун айынан чатак чыгышы мүмкүн, бул балаңызды тыйбасаңыз кыйын болот деп. Бул 2005-жылы декабрь айында болгон эле. Курманбек Бакиев болсо: “Көрөбүз, сен өз ишиңди жасай бер”, - деп койгон. Ошону менен ар кимибиз өз оюбузда калганбыз.
Курманбек Бакиев бийликтен кулатылгандан кийин эл аралык журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө, Жалал-Абад облусу, 2010-жылдын 9-апрели.

- Быйыл 7-апрелдеги ыңкылаптан кийин, Курманбек Бакиев Тейит айылына барган учурда аны кармоо боюнча операцияга сиз жетекчилик кылган экенсиз. Айрымдар Бакиевдерди атайын коё беришкен деп айтып жүрүшөт, ушунун чын-төгүнү канчалык?

- 10-апрелде мага Убактылуу өкмөттөн сунуш кылышты. “Бизге мурдагы ордуңда иштеп, жардам бер”, - дешкенинен макул дедим. 12-13-апрелде “Бакиев элди чогултуп кырдаалды туруксуздаштырышы мүмкүн, Жалал-Абадга барып, ал кишини Кыргызстандан чыгып кетишин талап кылышыңар керек, жанында жүргөн иниси Жаныш Бакиев, менен мурдагы коргоо министри Бакыт Калыевди кармап келишиңер керек”, -дешти. Мен мага укук берсеңер барайын, бирок Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнөн бирөө барыш керек десем, “ойлонуп көрөбүз, эртең сага жообун беребиз”, - дешкен. Бирок убактылуу өкмөттөн эч кимиси барган жок, оозеки чечим чыгарышып мени жиберишти, бирок эч кандай кагаз жүзүндө чечим чыккан эмес. Анан биз 15-апрелде учуп кеттик, ага чейин оперативдүү булактар аркылуу жакын туугандарына байланышка чыгып, Курманбек Бакиев менен жолуктук.

- Сиз анан жалгыз бардыңызбы?

- УКМКнын Ош, Жалал-Абаддагы башкармалыктарынын башчылары жана атайын операция боюнча башкармалыктын жетекчиси болуп төртөөбүз бардык. Бакиевдердин Тейиттеги үйүнө жеткенде автоматчан 15ке жакын киши чыгып, көкүрөгүбүзгө автомат такап, чөнтөктөрүбүздү тинтишип эч нерсе таппагандан кийин киргизишти. Короонун ичине киргенде карасам, эшикте костюм-шымчан Курманбек Бакиев, Жаныш Бакиев менен Бакыт Калыев жана жакын туугандары турушуптур. Ары жак четинде 50-60 киши, бери жагында 20-30 киши куралчан жүрүшүптүр. Биз чынын айтканда байкоо салганбыз. Алар кандайдыр бир кармоо аракеттерине каршы даярдыктарды көрүп коюшуптур. Анан Курманбек Бакиев менен учурашып, убактылуу өкмөттүн атынан сүйлөшкөнү келгенимди, Убактылуу өкмөт үй-бүлөсү менен өлкөдөн чыгып кеткенге жол берип атканын, Жаныш Бакиев баштаган жакын туугандары жана Бакыт Калыев колго түшүп, эл алдында жооп бериш керектигин айттым.

- Бакиевдин реакциясы кандай болду?
Курманбек Бакиев Тейит айылында, 2010-жылдын 15-апрели.

- А киши бир аз ойлонуп туруп “макул” деди. Бир убакта телефон чырылдап калып “Александр Васильевич”, - деп Лукашенко менен сүйлөшүп калды. Лукашенконун телефондон “мен сени колдойм” дегени угулуп атты. Менимче, ошол убакта эле сүйлөшүлсө керек Белорусияга бара турганы.

- Жаныш Бакиевчи?

- Жаныш Бакиевге мен агасынын көзүнчө деле айттым колго түшүп бериши керектигин. Эгерде мындай бош жүрө берсең баары бир “атабыз, өлтүрөбүз” деген кишилер көп десем: “Менин анча күнөөм жок, бирок эл аралык коммиссия, БУУдан байкоочулар келсин ошондо гана колго түшөм, азыр мени силер алып кетсеңер мени тытып саласыңар же элге алып барасыңар, алар өлтүрүп салышат. Мен азыр барбайм, атышканга чейин даярмын”, - деди. Мен ага мындай сөзүңдү кой, мынакей сени менен мурда чогуу иштеген Дүйшөбаев кепилдигин берип атат десем: “Курманбек Бакиев кетсин, эртең менен саат 10до курал-жарактарды өткөрөлү да анан сүйлөшөлү, бул генералдык сөзүм”, - деди. Мен ага карабай азыр десем агасы Курманбек Бакиев “бул качпайт, бул жерде болуп турсун, чечишип алалы” деп калды.

Анан Курманбек Бакиев: “Декретиңер барбы, мен азыр сүйлөштүм, ЕККУдан атайын декрет бар экен деп айтышты, ошол боюнча кагазды бергиле?” – деп сурап калды эле менде андай кагаз жоктугун айттым. Чынында мага убактылуу өкмөттөн эч кандай декрет, же кагаз берилген эмес эле. Мен бир сааттан кийин биз дагы жолугушалы дедим да, чыгып кеттим...

Анан Убактылуу өкмөткө телефон чалып, Курманбек Бакиев Декрет сурап атканын айтсам учакка чыгаарда баратканда колуна беребиз дешти. Ошону менен биз Тейитке кайра барып, Курманбек Бакиевди жана үй-бүлөсүн алып, Жалал-Абаддагы аэропортко чыгып кеттик.

- Артур мырза, ошондо Курманбек Бакиев менен кошо кимдер кетти эле, жанында бир туугандары жок беле?

- Жок, бир туугандарынан эч ким кеткен жок. Кечки саат жетиде Казакстандын учагы учуп келди АН-26 деген үлгүдөгү. Андан Казакстандын бир майору учуп келиптир, сыртка чыгып доклад берди да Курманбек Бакиевди учакка түшүрдү. Мурдагы президент чакан сумкасы менен аялы жана кичинекей эки баласы болуп, учакка түшүп кетишти.

- Анын жанындагыларды ошол жерден эле кармай калган жоксуңарбы?
Курманбек Бакиев Тейитте, 13-апрель.

- Курманбек Бакиевди узатып мурдагы коргоо министри Бакыт Калыев дагы барган. Биз Калыевге сен эми эч жаңжал чыгарбай колго түшүп бер, болбосо бул жерден чоң чатак чыгып көп киши каза болуп калышы мүмкүн, - деп айттык ошол жерден эле. Ал макул болду. Биз аны ошол жерден түз эле Ошту көздөй жөнөттүк, учак менен алып кетиш үчүн. Бир нече убакыттан кийин бизге опретаивдүү маалымат келип түштү, ага каршы буктурма (засада) даярдап атыптыр деп. Биз анан аны кайра Жалал-Абадга алып келип, башка унаа менен балдарды кошуп Бишкекке жөнөтүп жибергенбиз. Ошол эле убакта, түнкүсүн Жалал-Абаддын Коопсуздук кызматынын башкармалыгынын жанында Бакыт Калыевдин 200-300 кишиден ашык туугандары чогулуп калышты. Алар “Б.Калыевди бошотпосоңор башкармалыкты басып алабыз”,-деп талап коюшту. Эгерде биз аларга каршылык көргөзүп күч колдонсок, анда акыбал абдан татаалдашып кетмек.

- Бакыт Калыевдин тарапкерлери менен алектенип, бери Тейитте калгандарды кармоо аракети болгон жокпу?

- Биринчиден, мен өзүмчө чечим кабыл алууга укугум жок эле. Себеби мени кагаз түрүндө, документтештирип операцияга жетекчи кылып дайындаган эмес. Оозеки эле Курманбек Бакиевди Кыргызстандан чыгарып, Жаныш Бакиев менен Бакыт Калыевди кармап келүүгө тапшырма берилген. Эгерде башкармалыктын жанындагы кишилерди күч менен басып, Тейит айылындагы Бакиевдердин үйүн чабуул койгонго буйрук берсем бейкүнөө далай кан төгүлмөк. Анын үстүнө түн ичинде мындай операция жүргүзүү абдан опурталдуу. Ошол эле убакта мен Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаевага, Коопсуздук кызматынын жетекчиси Кеңешбек Дүйшөбаевге дагы кырдаалды түшүндүрүп, эгерде биз чабуул кылсак жөнөкөй жарандардын далайы каза болушу мүмкүндүгүн айттым. Роза Отунбаева болсо: “Бул иш боюнча бир тамчы дагы кан чыкпашы керек, кан чыгарбай сүйлөшүү, тынчтык жолу менен кармашыбыз”,- керек деди. К.Дүйшөбаев дагы ошондой ойду айтты.

Алардын айткандарына макул болуп, эртеси күнү саат ондо облустук прокурорду, 3-4 тергөөчүнү алып, Бакиевдин үйүнө бардык. Ал жерден бизди Бакиевдин бир туугандары Каныбек, Акматтар тосуп алып, чатырда сүйлөшүп, Жанышты алып чыгып бергиле десек “ал үйдө жок”, - деп жооп беришти. Аңгыча 3-4 аял жулунуп кирип келип, бакырып-өкүрүп бизди жулмалап киришти. Сыртта толтура кишилер. Алар дагы биз турган чатырды өрттөйбүз, буларды барымтага алабыз деп, кийимдерибизди тытмалашып ортого алышты. Ошол жерден чыгарбай кармай турган болушту. Аңгыча бир аксакал киши бар экен, ал киши тигилерди тыйып, бизге жол ачып берди. Биз кийимдерибиз тытылып, өзүбүз барымтага калып кала жаздап, араң чыктык. Жаныш болсо ошол аялдардын аркасына жашынып, ошол жакта калып калды.

- Силердин жаныңарда жоокерлериңер, күч органдарынын кызматкерлеринен жок беле?
Жаныш Бакиев Жалал-Абадда, 12-апрель.

- Бар болчу. Бирок ал жерде жөнөкөй айылдын адамдарынан бөлөк куралчан жигиттер дагы бир топ болчу. Анан мен Бишкекке телефон чалып, болгон окуяны Убактылуу өкмөттүн жетекчилигине айттым. Ошол эле күнү Болот Шерниязов баш болгон атайын даярдыктагы дагы бир топ келди. Эртесинде ал топ менен кошо 40 кишини оперативдик-иликтөө тобуна топтоп туруп, Бакиевдин Тейиттеги үйүнө кирдик. Бирок ал жерде Жанышы да, Каныбеги да, Акматы да жок болуп чыкты. Жалаң айылдаштары, карылар, аялдар калыптыр. Анткени Бакиевдин бир туугандары биз тамашасы жок чындап кармап отургузуп коерубузду түшүнгөн окшойт. Түн жамына качып кетишиптир...

- Сизди ошол Бакиевдерди кармоо операциясын ишке ашыра албай калды десе болобу?

- Бул жерде ар түрдүү себептер болду. Бакиевдер элди тирүү тосмо кылып, катуу коргонушуптур. Анткени Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү биз Жалал-Абадга жөнөөр алдында эле телевидение, гезиттерде, маалымат каражаттарында Бакиевдерди кармаганы атайын даярдыктагы “Альфа” тобу баратат деп жарыялап жиберишти. Мындай атайын иш чараны жашыруун өткөрүү керек. Анын үстүнө укук коргоо органдарында да Бакиевдерге жан тарткандар толтура болчу.
Жаныш Бакиев ошондо Өзбекстандын кыргыз чек арасына жакын аймагына өтө качкан. Кийин Тоолуу-Бадахшанда жүрүп, Оштогу окуядан кийин башка чет мамлекетке чыгып кеткени тууралуу маалыматтар бар.

- Алар кайсыл жакка качып кетти деп ойлойсуз, ушул күндө чет мамлекетке чыгып кетти дейт, сиздин маалыматыңыз барбы?

- Биздин ишенимдүү маалымат булактарыбыздын айтуусуна караганда, Жаныш Бакиев ошондо чек арага жакын жердеги Өзбекстандын аймагына кире качкан. Андан кийин Акмат деген иниси “Кара Айбек” деген криминалдын башчысы экөө аябай жакын болчу. Үчүнчүдөн аларды бардыгы эле билишет. Баңги каналды көзөмөлдөп турушканын. Андыктан алардын “наркобайланыштары” Тоолуу-Бадахшан, Мургаб жакта дагы бар болчу. Ошолор жардамга келиши мүмкүн. Менимче азыркы мезгилде Тоолуу-Бадахшандын Хорог жагында жүрөт болуш керек. Дагы бир божомол бар, Ош окуясынан кийин алар чет мамлекетке чыгып кетти деген. Эгерде чет мамлекеттерге чыгып кеткен болсо, анда аларга биздин абийирсиз чиновниктер жардам берип, жасалма паспортту Кыргызстандан же Тажикстандан жасап туруп, чыгарып жибериши толук ыктымал.

- Демек алар кармалбай калышы да мүмкүн турбайбы?

- Аларды кармоо кыйын. Бирок кармаса болот. Ал үчүн Убактылуу өкмөт чукул арада ИИМ, УКМКдагы мыкты адисттерден ыкчам топ түзүп, көп каражат бөлүп, жалаң ошолорду кармоо керек деген буйрук болсо гана Бакиевдер Кыргызстанда болобу же чет мамлекетте болобу күнү-түнү иштесе, мен ойлойм жакын арада эле кармалат. Алардын өтө жашыруун, алыска качып кеткендей мүмкүнчүлүктөрү жок.

“ОШ КООГАСЫНЫН АЛДЫН АЛСА БОЛМОК"

- Ош окуясында дагы сиз жетектеген “Альфа-Антитеррор” тобу, күч органдарына бир топ жардам берди деп уктук?


- Ооба, Оштогу окуя башталганда эле эртең менен 11-июнда биздин ардагерлер тобунун “Альфа-антитеррор” кору чогулуп, ушундай абалда кантип турат элек, түштүккө барып жардам берелик деп чечтик. Анан мен ошол убактагы ички иштер министри Болот Шерниязовго кайрылдым, биз баралык, 100 дөн ашуун кишибиз бар, курал-жарак бергенге мүмкүнчүлүгүңөр барбы десек, “биз сүйлөшөлүк, эртең келгиле”,- деди. Эртеси күнү барсам “кечирип кой курал-жарак бере албай калдык, себеп дегенде бул жактан өкмөттүн мүчөлөрүндө башка түшүнбөстүктөр болуп атат”,-деди.

Анан “Альфа-антитеррордун” ардагерлери кеңешип, ошол кезде Оштун ИИБ башчысы болуп дайындалган Өмүрбек Суваналиевге телефон чалып кайрылсак, ал макул болуп милициянын кызматкерлери менен чогуу иштегиле деди. Анан биз өзүбүздүн акчабызга ИЛ-18 деген 1970-жылы чыгарылган учак бар экен, ошону жалдап алып, 10 тонна гуманитардык жүк менен 50 киши Ошко учуп барып Суваналиевге жолуктук. Анан өзүнчө план түзүп, мен штабдын жетекчиси болуп иштеп, балдар күнүгө түнкүсүн таң атканча Ош шаарына жана тегерегине күзөткө чыгып коомдук тартипти калыбына келтирип турдук. Эми анын баарын майдалап айтуунун кажети жок.
Ош тополоңу, 12-июнь.

Бир маанилүү окуяны айтып берейин. 14-июнда штабга Матлюба деген аялдан 3-4 жолу телефон чалуу болуп, ал ХБК деген аймакта бир имарат өрттөнүп атканын, жанындагы чакан мекемеде радиоизотопный жабдыктар бардыгын айтты. Ошолор өрттөнүп кетип жарылса, анда 30-40 чакырым тегеректеги адамдар радиоактивдүү ууланууга кабылмак экен. Биздин маалымат боюнча ошол аймакта снайперлер көп болчу. Биз тез арада ыкчам аракеттеги топ түзүп, тиги Матлюба деген аялды алып жанагы мекемеге бардык. Ал жерден жанагы аял айткан затты контейнерге салып алып чыгып, башка коопсуз аймакка алып барып, катуу бекитүү менен көзөмөлдү күчөттүк. Октон коркпой биз менен кошо барып жанагы контейнерди жардыртпай сактап калганы үчүн мен ошол Матлюба деген аялга ыраазычылык айтып коюшум керек. Эгерде ал аял болбогондо бул кырсыктын аягы эмне менен бүтөөрү айтпаса дагы түшүнүктүү болсо керек.

- Ош, Жалал-Абад коогалаңы жөнүндө кеп болуп калды. Сиз Улуттук коопсуздук кызматында иштеп жүргөн адам катары ушул каргашалуу окуяга кандай баа бересиз? Мунун артында кимдер турат, Бакиевдерби же башка дагы күчтөр барбы?

- Мен биринчиден бир нерсеге токтоло кетейинчи. Чынында Ош коогалаңын болтурбай койсо болмок. Буга негизги себеп, Жалал-Абад окуясы болбоду беле. Эгерде биздин өкмөт, жергиликтүү бийлик башчылары, тартип коргоо сакчылары 12-14-майда эле Ош шаарында жана анын тегерегиндеги райондордо оперативдүү иштерди жүргүзгөндө бул окуя болмок эмес. Мисалы, Жалал-Абадда бир-эки жума коменданттык саатты киргизип, кайра токтоп калбадыбы. Аны биринчиден узартыш керек болчу. Оштун өзүнө дагы өзгөчө кырдаал түзүп, коменданттык саат киргизип, ал жерге штаб түзүп, кыргыз-өзбек арасындагы мамилелерди алдын-ала изилдеп иштей баштаганда мындай кандуу окуя болмок эмес. Бирок тилекке каршы алдыда келе аткан референдум, шайлоо деп ар кимиси эле өздөрүнүн зоболосун көтөрүүнү, жеке кызыкчылыктарын ойлоп, башка нерсеге азгырылышып, коопсуздук маселесине жакшы көңүл бурулбай калды.

- Артур мырза, менин суроомдон четтеп баратат окшойсуз, Түштүктөгү ошол кандуу окуяларды кимдер уюштурушу мүмкүн?

- Кандуу окуя атайын кандайдыр бир топтор аркылуу алдын-ала түзүлгөн маселе деп койсок болот. Биринчиден, бул жерде саясат менен алектенип жүргөн айрым саятчылар ушундай окуядан өздөрүн көргөзүш үчүн жасалышы мүмкүн. Экинчиден, акыркы кезде “Бакиевдин кланы” деп анын тегерегиндеги кишилерден жүзгө чукул адамдын айрымдарына кылмыш иши козголгон. Алар үчүн ушундай кырдаалдын курчушу кызык болгон. Анын үстүнө жакында эле жакын туугандары, жээндери, Санжар жана башкалары кармалды деген маалыматтар да эл арасына таркап кетти.
Кара түтүн чулгаган Ош, 12-июнь.

Үчүнчүдөн, бул жерде диний экстремисттердин көбү бизде түштүк тарапта жайгашкан. Мисалы үчүн “”Хизб-ут Тахрир”, “Вахабий” жана башка бизде тыйуу салынган диний уюмдар көп түзүлгөн. Мына ошолордун кээ бир топтору көп жылдан бери Фергана өрөөнүнө “халифат” түзөбүз деген ниет менен дайыма чуркап, өз аракеттерин жасап атышат. Жанагы экстремисттик топтордун көбү өздөрүн Түркстан Ислам кыймылы, Өзбекстан Ислам кыймылы деп атап алышкан уюмдар менен байланышы бар.

Негизги маанилүү роль ойноочу жагдай - Ооганстандан Тажикстан аркылуу, анан биздин Ош, Жалал-Абад өрөөнү аркылуу көптөгөн баңги заттарын ташыган каналдар өтөт. Ошол маңзат каналдардын кээ бир башчылары, жанагы “наркобарон” дегендер өздөрүнүн кызыкчылыктары үчүн ушундай баш аламандыкты пайдаланып кетишти деген да божомолум бар. Эми бул окуяга атайын укук коргоо органдары тарабынан тергеп-иликтенип чыккандан кийин баа берилет деген ойдомун.


ТАБЫШМАКТУУ ВАСИЛИЙ ИВАНОВИЧ – АРТУР МЕДЕТБЕКОВБУ?

- Артур мырза, Бакиевдин уулу Максим байкеси Жаныш менен телефон аркылуу сүлөшүп жатып , Василий Иванович деген ысымды сөз кылышканы коомчулукка интернет аркылуу жайылып кетти. Коомчулукта ошол Василий Иванович сиз экен деген сөздөр да чыгып кетти?

- Эми менин Василий Иванович дегенине тиешем жок жана болгон эмес. Василий Ивановичти мен экен дегени болбогон нерсе. Коопсуздук кызматында иштеген он чакты адамдын аты-жөнү ушулар Василий Иванович экен деп интернетке дагы чыгып кетпедиби. Мени Василий Иванович экен дегендер балким мени көрө албастар же жамандык издеген тайкы адамдар дээр элем. Максим менен Жаныштын интернетке чыккан телефон сүйлөшүүсүндөгү аты-жөнү аталган адамдар деле текшерилди. Алардын жанагы 500 мыкты даярдыктагы куралчан жигиттерди чуу салдырабыз дегенинин баары элди психологиялык жактан коркутуу ыкмасы. Жаныш менен Максимге окшогон адамдардын аракети 7-апрель окуясында кан көрүп калган элди психологиялык жактан дүрбөлөңгө салып, мамлекетти, элди бөлүп-жарып, коомдо баш аламандыкты уюштуруу. Ошондуктан мен элге айтар элем ар кандай ушактарга, чагым сөздөргө ишенбей, дүрбөлөңгө түшпөй андан көрө мамлекетибиздин келечегин ойлогонубуз жакшы.
Артур Медетбеков "Азаттыктын" студиясында, 11-июль.

- Сизди Жаныш Бакиевдин көздөй кишилеринин бири деген дагы кеп бар. Аны менен мамилеңиз кандай эле?

- Эгерде Жаныштын көздөй кишиси болсом 2008-жылдан 2010-жылга чейин бош жүрөт белем. Анын жакын кишилери кабат-кабат үй салышып, кымбат баалуу машинелерде сайрандап, жаман иштерди жасап жүрүшпөдү беле? Анан кандайча мен Жаныштын жакын кишиси болуп калам? Экинчиден мен Жаныштын жакын кишиси болсом 15-апрелде алар менен сүйлөшкөнү Тейитке эмнеге барат элем? Барган күндө дагы мен ошондо жогорку кызматым бар эле, жанымда куралдуу көп жоокер бар эле. Жаныштардын аскерлерин кошуп алып кайра Убактылуу өкмөттү басып албайт белек. Анда Убактылуу өкмөттү бир күндө эмес, бир саатта басып алып кайра Бакиевди бийликке отургузуп койбойт белек. Бул ушактарды айткан адамдарга эми айла жок. Бирөөнүн жакшы ишин тескери жагынан карап, жамандыктан башканы ойлобогон адамдардын арабызда көбөйүп кеткени өкүнүчтүү.

Үчүнчүдөн, Жаныштын жакшы досу болсом, эмне кылам Бакыт Калыевди, алардын дагы 3-4 жакын адамдарын кармап эмне кылам? Дагы айтарым, мен атайын топ түзүп Бакиевдердин баалуу кагаздары боюнча иликтеп-текшерүү жүрүгүзгөнүбүздө “Балтика-Итернешнл банкка” 400 миллион евро которулуптур. Анын эсептерин таап туруп Башкы прокуратурага өткөрүп бердик. Эгер мен жакын кишиси болсом аларды эмне кылам жасап?

Мен иштеп жүргөндө Жаныш менен эч убакта жакын болгон эмесмин жана жакын дагы болгум келбейт. Ал иштеген жердеги абдан ыпылас, акмак киши болчу.

- Рахмат маегиңизге.

XS
SM
MD
LG