Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 03:55

Саясат

Президент Курманбек Бакиев Баткенге барды

Президент К. Бакиев 19-мартта Баткенде аскер бөлүгүн ачып, “Айгүл-Таш - Самат” жогорку чыңалуудагы электр линиясынын курулушун баштоо аземине катышты. Өлкө башчысы эл менен жолугушуп жатып, азыркы митингдер 2005-жылдагыга такыр окшобостугун айтты.

Президент Курманбек Бакиев Баткенде, 2009-жылдын 30-октябры. ("Азаттыктын" архивиндеги сүрөт)
x
Президент Курманбек Бакиев Баткенде, 2009-жылдын 30-октябры. ("Азаттыктын" архивиндеги сүрөт)
Текст көлөмү - +
Өлкө башчысы Баткен шаарына жакын жердеги коргоо министрлигинин тоо аткычтар бөлүгүнүн ачылыш аземине катышып, аскер шаарчасынын абалы, шарты менен таанышты. Аталган аскер бөлүгүнүн курулушу өткөн жылы апрелде башталып, өлкөнүн бюджетинен 168 млн.сом сарпталган. Анан да бул жерде жалаң келишимдик негизде кызмат өтөгөн жоокерлер болушат.

Ачылуу аземинде сөз сүйлөгөн башкы кол башчы аскер бөлүгүн курууга Баткен бекеринен тандалбаганын айтты:

- Батальондун жайгашуу ордун тандоо жөн жерден болгон жок. Азыр эл аралык террористтик уюмдар Ооганстан жана Пакистандын аймактарында орун алганы белгилүү. Андыктан улуттук коопсуздукка коркунуч келтирген негизги багыттар түштүк чектери аркылуу өтөөрүн эске салгым келет. Биз үчүн азыр Ата Мекендин чектерин коргоо, аймактык бүтүндүгүн камсыз кылуу эң биринчи жана ыйык милдет. Жаңы түзүлгөн бөлүктүн экинчи маанилүү мамлекеттик милдети - бул өлкөбүздү эл аралык чөйрөдө татыктуу көрсөтүү.
 Жолуңар оңолуп, электр жарыгы да өчпөй, жашоо деңгээлибиз жакшы болооруна ишенем. 
К. Бакиев

Андан ары президент Айгүл-Таш - Самат жогорку чыңалуудагы электр өткөргүч линиясынын курулушун баштоого катышты. Бул курулушту Ислам өнүктүрүү банкы каржылап, 11 жарым миллион АКШ долларын бөлүп берген. Курулуучу линиянын жалпы узундугу 140 чакырымды түзөт. Ошондо буга чейин Тажикстан аркылуу электр кубатын алып келген Лейлек району менен Сүлүктү шаарына өз аймагыбыз аркылуу электр кубаты жеткирилмечи.

Бул жерде сөз сүйлөгөн өлкө жетекчиси аймакты баардык тармактан кошуна өлкөлөргө көз карандысыздыкка чыгарышыбыз керек деди:

- Лейлек районунун, Сүлүктү шаарынын тургундары, жалпы эле Баткен облусу Тажикстанга көз каранды болбой өзүбүздүн электр энергия менен толук камсыз болуп, электр жарыгыңар да өчпөй, жолуңар да оңолуп жашоо деңгээлибиз жакшы болуп калат деп мен толук ишенем, урматтуу туугандар.

Ушул жерден шаар тургундарынан бирөөсү өлкө жетекчисине кайрылып, 2005-жылкы бийликтин алмашуусуна салымын кошокон санаалаштарыңызга телекөрсөтүү аркылуу чыгып, ыраазычылык билдирип койсоңуз деген сунуш жолдоду. Президент Курманбек Бакиев ага жооп берип жатып, азыр митингдерге, нааразылык чараларына чыккандар акчанын күчү менен чыгып жатканын, ал эми мындан беш жыл мурда өлкөнүн бардык аймактарынан эл өзү көтөрүлүп чыкканын айтты:
Азыр митинг уюштургандар акча менен уюштуруп жатат. 2005-жылы болсо өлкөнүн бардык аймактарынан эл өзү көтөрүлгөн.
К. Бакиев

- 24-март күнү мен сөзсүз чыгып айтам. Бул өзүмдүн оюмда да бар. Себеби жакында менин китебим да чыкты, бул революциябы, же төнкөрүшпү дегендерге жооп иретинде. Азыркы митинг уюштургандар акча менен уюштуруп атат. Акча берет, тияктан, бияктан алып кел деп. 2005-жылы эч кандай акча берген эмес эч ким. Эл өзү көтөрүлгөн, көтөрүлгөндө да Кыргызстандын бүт аймактарынан көтөрүлгөн.

Ал эми Баткен шаарынын тургуну Асылбек Сулайманов болсо мамлекет куралдуу күчтөргө, коопсуздукка өзгөчө маани берип, күч кызматтарын колдоого алынганы жакшы, бирок коопсуздук жаатында бир туруп Орусия, бир туруп Американын колун кармаганыбыз кайра коркунуч алып келиши мүмкүн деген пикирин “Азаттыкка” билдирди:

- Азыр өлкө башчысынын коргонуу жагына аскерий күчтөрдү чыңдап атканы жакшы эле болуп атат. Бирок Орусиянын, Американын аскерий базаларын да киргизип алып, биз дагы Ооганстанга окшоп аскерий бир полигонго окшоп калбашыбыз керек.


Президент Курманбек Бакиевдин Баткен облусундагы иш сапары ушул эле күнү соңуна чыкты.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Жамиля каяктан: Бишкек
22.03.2010 14:39
Бакиев Ноорузду борбордо Ала-Тоо аянтында эле эл менен бирге өткөрсө болмок. Башка күндөрү деле Ош, Жалал-Абадына барса болмок да. Же Ала -Тоо аянтына чыккандан элден корктубу."2005-жылы болсо бардык аймактардан эл өзү көтөрүлгөн"-деп койот, а Жалал-абад банкынын тонолгон акчалары, Баяман жана башка криминалдардын берген акчалары каякка кетти деп ойлойсуз урматтуу президент?

кимден: Руслан каяктан: чуй
20.03.2010 14:36
Айтпайсызбы урматтуу Бакиев мен санаалаштарыма ыраазылык билдиргем деп, бир болугун жок кылдым, бир болугун каматтым, бир болугун оппозицияга айдадым деп. АЛГА менен дос болдум деп, ошолорго ыраазычылык билдирем деп.

кимден: Айта албайм каяктан: жоголуп кетпейин
20.03.2010 13:59
Урматтуу президент! Сиз Кыргызстандын территориялык бутундугун камсыз кыла албай калдыныз.Кызматтан кетип калынызчы.

кимден: Боздогон мигрант каяктан: мигрант
20.03.2010 10:50
Урматтуу Курманбек Салиевич! Далил жана соттун чечими жок туруп, кимдир-бироонү күноолоо, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына караманча-каршы экенин билбейсизби?
"Азыркы митинг уюштургандар акча менен уюштуруп атат. Акча берет, тияктан, бияктан алып кел деп." деп айтыпсыз.
Ким кимге акча бериптир? Алайлыктар акча үчүн чыктыбы? Нарындыктарга ким акча таркатты? "Азаттыкты" жактагандар да акчага сатылгандарбы?
Эгер андай болсо, КРнын мыйзамдарынын чегинде, сотко кайрылып, далилдүү жана негиздүү түрдо айыптабайсызбы?

кимден: nurik каяктан: Germany
19.03.2010 23:54
24-Marttagi pikette morodyerstvo bolgon tundun ertesi kunu ak uydun aylanasin korup, pikettegilerdin suyloshkondorun ukkan elem. 1-2 ayaldin "bayagi akchani kachan taratasinar" degenin oz kulagim menen ukkam...
Bakievdin bul kilgandari sahnadagi oyunga okshoshup ketet negedir: baari tamashanin jalgan ekenin bilishet, birok berilgen roldu atkarip iyla degende iylap, kol chap degende kol chaap turushattar

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)