Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 03:55

Саясат

Телефонгейт: чын-төгүнүн ким билет?

Узаган жумада Убактылуу өкмөт өкүлдөрү А. Атамбаев менен А. Бекназаровдун бажы кызматынын жетекчилигине дайындоодо 400 миң доллар пара алуулар жөнүндө сүйлөшкөнү ачыкка чыгып кеткен эле. А. Атамбаев жекшембидеги маалымат жыйынында мындай сүйлөшүү орун алганын, бирок эч кимден пара албаганын айтып чыкты.

Алмазбек Атамбаев 23-майдагы маалымат жыйынында эч качан пара албаганын билдирди.
x
Алмазбек Атамбаев 23-майдагы маалымат жыйынында эч качан пара албаганын билдирди.
Текст көлөмү - +
Жуманын ортосунда маалымат каражаттарына Убактылуу өкмөттүн айрым өкүлдөрү ортосунда болгон телефон аркылуу сүйлөшүү ачыкка чыккан. Анда Азимбек Бекназаров Алмазбек Атамбаевди “400 миң доллар пара алгансың” деп айыптаган:

А.Бекназаров: - Мына кечээ күнү Сооронбай ыйлап аткан адамдан да 400 миң доллар алып, башка кишини коюпсуңар.

А.Атамбаев: - Эгерде алган киши болсо, анда кама алган кишини.

А.Бекназаров: - Камайбыз.

А.Атамбаев: - Камагыла. Мен, мисалы, эч кимден бир тыйын алганымды билбейсиң.

А. Бекназаров:- Силер ушинтип эле ыңкылапты жалгыз жасап эле, көрүнгөн жерге силер коюп калдыңарбы. Биздин да мээнет бар...

Алмазбек Атамбаев ачыкка чыгып кеткен чуулгандуу телефон сүйлөшүүсү боюнча 23-майда маалымат жыйынын өткөрүп, ушундай сүйлөшүү болгонун мойнуна алды. Бирок анын айтымында, сот жана прокуратура тармагын тейлеп аткан Азимбек Бекназаровдун “400 миң доллар пара алгансың” деген сөзү чындыкка жатпайт:

- Бекназаров өзү деле мен эч качан пара албаган адам экенимди билет. Ал болсо мени 400 миң доллар алгасың деп күнөөлөдү. Муну менен ал менин аброюма шек келтирип атат. Ошон үчүн мен жөн калбастан өзүмдүн таза экенимди далилдөөнү эп көрдүм. Менин башым үчүн көп акча сайылганын билем, андыктан дагы канча жашаарым белгисиз. Ошон үчүн мүмкүнчүлүк барда өзүмдүн актыгымды далилдейин деп атам.

Алмазбек Атамбаевдин айтымында, тиешелүү органдар ушул маселе боюнча күнөөлүүлөрдү таап, Убактылуу өкмөттүн өкүлү экенине карабастан кылмыш ишин козгошу зарыл:

- Мен Баш прокурорго бүгүнкү маалымат жыйынына катыш деп чалсам, ал Ысык-Көлдө экен. Орун басарларынын бири да келе албайт деди. Бул иш тергелип, күнөөлүүлөр жазага тартылышы керек. Эгерде менин күнөөм аныкталса анда мени камашсын, башка бирөө айыптуу болсо анда ал адамды камакка алышсын.

Баш прокуратуранын маалымат кызматынын өкүлү Улан Дыйканбаев бул иш боюнча азырынча эч кандай маалымат бере албасын "Азаттыкка" билдирди.

Бул маселе боюнча Азимбек Бекназаровдун өзү менен байланышууга мүмкүнчүлүк болгон жок. Ал эми анын жардамчысы Анарбек Кайназаров Бекназаровдун бул ишке тиешеси жок экенин "Азаттыкка" буга чейин айткан:

- Бекназаров түнкү саат он бирге чейин элди кабыл алып жатат. Биз 12-апрелден 12-майга чейин төрт жарым миң адамды кабыл алдык, ар кыл суроолор боюнча. Жанагындай акча-сакча дегенге аралашканга убакыт да болгон жок.

Коопсуздук кызматынын мурдагы кызматкери, коомдук ишмер Иманберди Жалилов сөз болуп аткан телефон сүйлөшүүлөрдү жазып алып, коомчулукка жарялоонун артында үчүнчү күчтөр турушу мүмкүн деген пикирде:

- Учурдагы кырдаалда Казакстандын болобу, Орусиянын болобу же башка мамлекеттердинби, айтор үчүнчү күчтөрдүн кызыкчылыктары жок деп айтууга болбойт. Анын үстүнө телефон аркылуу сүйлөшүүлөрдү жаздырып алуу анчалык деле кыйын иш эмес. Бирок биз тыштан күнөөлүүлөрдү издегенди адат кылып алдык. Анын ордуна сүйлөшүүлөрдү ошондой мыйзамсыз жаздырып алгандарга укуктук баа берүү зарыл.

И. Жалиловдун пикиринде, кептин баары Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн үчүнчү күчтөргө аларды каралоого мүмкүнчүлүк берип атканында. Андыктан бийлик башындагылар таза иштөөгө аракет кылуусу керек.

Саясат таануучу Бакыт Мааткеримовдун пикиринде, бийлик башында тургандардын ич ара ызы-чуусу калктын Убактылуу өкмөткө карата ишенимин ого бетер начарлатып жибериши мүмкүн:

- Ансыз деле абал курчуп турганда булар өз ара бийлик талашып аткандай сезилип атат. Ушундай чыр-чатактарды элге чыгарбастан бири-бири менен сүйлөшүп, маселени чечип алышса болмок. Бирок бул жерде партиялар ортосундагы оюндар, “мен акмын, эл үчүн иштейм, тигил таза эмес” деген пиар акциялар дагы болушу мүмкүн. Анткени парламенттик шайлоо алдында ушундай оюндардын күчөшү турган иш.


Буга чейин интернет айдыңына Убактылуу өкмөттүн өкүлү Темир Сариев менен Азимбек Бекназаровдуку делген телефон сүйлөшүүсү да чыгып кеткен. Анда бир миллион доллардын изин жашыруу тууралуу кеп болгон. Темир Сариев бул сүйлөшүү тууралуу "Азаттыкка" комментарий берип, каражат өлкөнүн коопсуздугу үчүн жумшалганын айткан.

Алмазбек Атамбаев болсо жакын арада бийлик башындагылардын бул эки үн тасмадан да курч телефон аркылуу сүйлөшүүлөрү же башка сенсациялуу фактылар ачыкталышы мүмкүн экенин, андыктан буга даяр туруу зарыл экенин айтты.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 12 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: каршы каяктан: Бишкек
28.05.2010 17:03
120 депуттаттын кереги жок балдары туугандары менен 1000 кишини Кыргызстан бага албайт же болбосо кол тийбестигин алыш керек ,Президенттин кол тийбесгин алды ,Ал эми озулорунукун алгандан эмнеге коркот? Кеп ошондо турат, Деги 75 депутат жетет 3\1 болугу партияда жок жонокой эл болуш керек ошондо гана ишенебиз кирелик десек озулорунун тааныштарын гана киргизип кабыл албайт жонокой элди булар бийликти алганда гана элди эстейби? биз 3 жума кире алган жокпус жеке биз эмес жонокой эл кире алган жок азыртан булардын жуздору корунуп турат го? референдумду ондосун каршыбыз азыркыга

кимден: Fara каяктан: KG
26.05.2010 14:29
Эй кыргыздар, туугандар. Бул кишилер саясатчы соройлор тажатты го тажатты. менн бул суйлошуулорду угуп коруп экоосун тен куноолдодум. Кобунесе Атамбаев аябай бийликке суусаган, эмне айтып эмне койгонун билбеген адам окшойт. Бакиев бийлигинин тушунда жагалданып, медаль алганда эле тунулгом. Жаштар кыргыз саясатынын канын алмаштырбайлыбы. булардын каны бузуулуп бутту.

кимден: Озгоруш каяктан: Бишкек
26.05.2010 13:35
Атамбаевге акчанын кереги жок. Эл учун куйуп бышкан жигит.Бекназаров 2005 жылкы тонкорушту эстесениз Акаевдерге каршы жуздон ашуун кылмыш ишин козгоп кобун аягына чыгарбай таштап койгонсуз.Биртоп миллондордужыйгандан кийин Бакиевга каршы болушумуш болуп.оюндан чыгып кеткенсиз.Азырдагы ошондой кылган жатасыз.Азаттыктын ынгайсыз суроолоунда телефон аркылуу берген жигиттин айтымында 16-млн дун бешин озун алып кеткенсин деген суроосун так жооп берген жоксун.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Austria
26.05.2010 01:22
Baarynar ele Atambaevdi jamandap jaza beriptirsinerda, telefond suiloshuudo dele ugup jatbaisynarby , " echkandai akcha algan jokmun degenin" Mendele Atanbaevdi jaman korchumun murda, byljyragan dep. Azyr telefonnyi rozgovordu ugup alyp, Sariev menen Beknazarovgo karaganda on ese oido eken. Beknazarov kaisy beti menen Bakievdi jamandap koiyot, ozu andan da otot ekengo. Eshe Beknazarov emne uchun kachyp jurot,joop berbei? telefondo tim ele tv suiloshuugo chakyram dep jatbady bele.Jardamchysy bularga tieshesi jok dep aitkanyn kara, anynda beti jok.Yavno korunup turat NAMISI JOKDOR ekeni. Kudai korsotot silerge dagy. Kaza bolgondordun ubalyna siler kaldynar.

кимден: Арман ай
25.05.2010 21:20
Элим, ушул сайттагы записьти угуп чыгып озунор чечкиле, кимдин ким экенин!!!
http://www.blive.kg/video:29204/

кимден: Саджи каяктан: АКШ
25.05.2010 20:45
Эй кыргыздар,кара соз айткандан корок суйнбойсунорбу. Бизге парламентик башкаруу келе жатат. Ошонун биринчи белгиси бул "телефон-гейт". Келечекте ар бир бийлике келген партиянын жетекчилери, болок,бийлике жетпей калган партиялар аркалу чон козомолго алынып турат деп суйнбойсунорбу. Бийликтен кеткен партия жана анын жетекчилери коррупциягa бир малынып кетсе "саясий олук" болуп калат. Ошол учун, бийлике келем деген партия кадр маселесин азыртан чече бериш керек. Алам-жутам деген адамдардан азыртан эле бошош туура болот. Иштин козун билип, элге жугумду кишилерди тандаш керек. Кыскача айтканда, ар бир кишиде "харизма" деген болoт. Ошо харизмасы жакшы, ишмер инсандар тандалса жакшы болот. Эл деген кыракы болот. Онуно жана созуно, баскан,турганына карап эле: "бул жарайт, бул жарабайт" деп эле баа койёт.

кимден: Аркар каяктан: Бишкек
25.05.2010 17:50
Кыргызстанда бийлике мамлекетти башкаруунун ыкмаларын билбеген инсандар келди.Копчулугу кат жазганды да жакшы билишпейт.Эми билимине, тазалыгына, кесиптик чеберчилигине карап коймой азыркы кезде оор болууда.Себебин Отунбаева озу деле айтты го, биринчи кезекте революциялык салымына карап коюп жатабыз, бирок убакыт отору менен алмаштырабыз деп.Азыркы убактылуу бийлике барып жаткандар ойлонгула, эртенки кунунорду,себеби эч нерсе билбесенер элдер силерди озулору эле кетирет.Ал эми жанагы снайперди атып тушурдум деп мактанган эргулга айтар элем, сен абдан туура эмес иш кылдын кудайдын жана мыйзамдын алдында.Сен эч ким буйрук бербесе деле киши аттын.Ал эми тиги военныйга ат деген буйрук болгон, ал мыйзам алдында ак, бирок кудай алдында кара.Аны да кудай,сени да кудай жазалайт.Телезвезда болуп менин кыжырымды кайнатпагын.Сени таап курал менен бийликти басып алганга катышкан жана адам олтургон деп сот жообуна тартып, пожизненный турмого отургузуш керек.Антпесе бул онокот болуп кетет.Бирок бул бийцлик турганда мындай болбойт, бирок акыры сен оз жазанды аласын.Ал эми элди аткыла деп буйрук берип, анан озулору четке качып кеткен эргулдар колго тушосунор, силерди да кудай жазалайт.

кимден: СДПКалык каяктан: Кант
25.05.2010 17:33
Я состою в партии СДПК. В прошлом году все лето работал на Атамбаева. Сегодня Атамбаев сказал- «Было ОНД и есть люди, которые к нам вскочили буквально в последние недели». Это он про Сариева так говорит. Я лично был перед революцией на сборе оппозиционных партий, когда они обсуждали о предстоящем митинге 7 апреля. Он чуть-ли не наколенях просил Сариева присоединиться к ним и извинился за все грехи и оскорбления в адрес него в предвыборных гонках в президенты в 2009 году перед ним публично. А теперь видать Сариев им не нужен, хотят с ВП убрать. А то, что Текебаев Атамбаеву в ушко подсказывает свой план это точно. Че-то слишком Текебаев притих. В тихом омуте черти водятся. Только Атамбаев дурак не догоняет план Текебаева до конца, что следующим будет он и это будет руками Бекназарова. Все теперь я ухожу с этой партии.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
25.05.2010 17:27
атамбаев шолоктоп ыйлагандан башка эмне билет эле ал от души ыйлабады просто элге жагынып шолоктогону трибунада суйлогонучу маска окшоп

кимден: azimbek каяктан: aksy
25.05.2010 15:42
azimbekke emne ele asylasynar! je siler dagy super gen prokuror bolgynar kelebi A .
Жалпы 12 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)