Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 03:51

Саясат

Кол тийбестик жана жоопкерчилик

Кыргызстандын тунгуч президенти Аскар Акаев кол тийбестик укугун алуу боюнча Убактылуу өкмөт декретин баш мыйзамга каршы, шайлоо алдындагы саясий авантюра катары мүнөздөдү. Декрет демилгечиси Азимбек Бекназаров эки бозгун президент тең мыйзам алдында бирдей жоопко тартылышы керек деп эсептейт.

Аскар Акаев "Азаттыктын" суроолоруна жооп берүүдө, 2010-жылдын 23-марты.
Текст көлөмү - +
Анткен менен талдоочулар Аскар Акаевдин жоопкерчилиги эртеби-кечпи каралышы керектигин, бирок анын кол тийбестик укугун декрет аркылуу алып салуу мыйзамга туура келбей тургандыгын белгилешти.

Москвада жашап жаткан Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаев кол тийбестигин алууга парламенттин гана укугу бар деп эсептейт. Ал эми мындай маселени карай турган Жогорку Кеңеш 7-апрелден кийин ыңкылапчыл бийлик тарабынан таратылган. Аскар Акаевдин айтымында, Убактылуу өкмөттүн бул чечими жаңыдан кабыл алынган баш мыйзамдын талаптарын одоно бузууга жатат.

- Убактылуу өкмөт өзү мыйзамсыз бийликке келди. Анан мыйзамсыз декреттерди чыгарып, баш мыйзамга каршы келген чечимдерди кабыл алып жатат. Өздөрү демилге көтөрүп, референдумда кабыл алынган баш мыйзамдын талаптарын өздөрү бузуп жатышат. Анда кара тамга менен ак кагазда парламент гана президентке айып коюуга укуктуу деп даана жазылып турат.

Баш мыйзамды кабыл алуу боюнча референдумдан кийин президент Роза Отунбаева башында турган жаңы өкмөт курамы бекитилген. Буга чейинки Убактылуу өкмөт болсо жаңы парламент түзүлгөнгө чейин декреттер аркылуу мыйзам чыгаруу милдетин өзүнө алган.

Аскар Акаевдин кол тийбестигин алуу боюнча декретти анын он бир мүчөсү колдоп, Темир Сариев, Элмира Ибраимова жана Абдыганы Эркебаев каршы добуш беришкен.

Аталган декреттин демилгечиси Азимбек Бекназаров өлкөнүн ушундай абалга кептелишине эки качкын президент тең жооптуу деп эсептейт:

- Эки ынкылаптын тең талабы ушул адилеттүүлүк менен мыйзамдуулукту калыбына келтирүү болгон. Аксы окуясы боюнча президент А. Акаев, К. Бакиев апрель окуясы боюнча кандай жооп бериш керек болсо, ошондой жоопкерчилик тартышы керек. Экинчиден Үзөңгү-Кууш, Каркыра маселелерине ошол Акаевдин учурунда кол коюлган. Аны унутпашыбыз керек. Мамлекеттин башкы кол башчысынын элин ташап качып кеткендигинин өзү кылмыш иши деп эсептелинет. Эки президент тең качып кетишти. Экөөнө бирдей жоопкерчилик болушу керек бул жагдай боюнча.

Анткен менен тунгуч президент Аскар Акаев менен кийинки мамлекет башчысы Курманбек Бакиевди салыштырууга мүмкүн эмес дегендер да аз эмес. Мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов өткөн окуяларды талдоодо тарых кимдин ким экендигин өз ордуна койооруна ишенет:

- Биринчи президенттин кол тийбестигин алып, Бакиев менен катар койгондун өзү туура эмес. Себеби Курманбек Бакиевдин эмне иш кылгандыгын, анын элди кантип кыргынга учуратып коюп качып кеткендигин бардыгыбыз билебиз. Аскар Акаев болсо бирөөнүн бир тал чачы жерге түшпөсүн деп, тынчтыкты биринчи орунга коюп кетип калды. Эгерде дайым эле ушинтип, тарыхыбызга түкүрүп, замбирек менен ата берсек, тарых бизди бир күнү танкасы менен тебелейт.


Анткен менен мыйзамсыздыктын деңгээли эки башка болгону менен экономиканы эңшерип, элдин эркин жанчууда эки президенттин “эмгеги” окшош эле дегендер четтен табылат.

“Ата-Журт” партиясынын теңтөрагасы Садыр Жапаров Аскар Акаевдин кол тийбестигин алуу жана аны жоопкерчиликке тартуу маселесин жаңыдан келе турган парламент караса деген ойдо.

- Бүтүндөй он беш жыл бою бийликте туруп, биздин мамлекеттин коррупцияга малынып калышына себепкер ошол киши болбодубу. Менимче, ошонун негизинде Убактылуу өкмөт шашып кетип, декрет менен анын кол тийбестигин алууну чечип жатышпайбы. Бир четинен туура эле. Бирок бул маселе жаңы парламент келгенде карап, колго салганда деле ал мыйзам өтмөк. Өзү негизи кол тийбестик дегенди депутаттардан да, балким президенттен да алып салышыбыз керек.

Ошол эле учурда айрым талдоочулар Аскар Акаевдин кол тийбестигин алуу маселеси туура көтөрүлгөндүгүн белгилешет. Бирок серепчи Мирсулжан Намазалиев бул чечимди кабыл алуудагы эрежелердин өзгөчөлүгү анын укуктук негиздерине шек келтирет деп эсептейт:

- Кыргызстандын элинин эркиндигин жана укуктарын тебелеген президенттердин бардыгы жазага тартылышы керек. Бирок мына бул декрет аркылуу Аскар Акаевдин кол тийбестигин алуу маселесинде анын мыйзамдуулугу боюнча маселе чыгып жатат. Азыр жаңы баш мыйзам бар, анда Убактылуу өкмөт жөнүндө, же декреттер тууралуу эч нерсе жок да. Ошондуктан декреттин легитимдүүлүгүн карап, анан чыгарышса анын мыйзамдык күчү дагы логикага туура келмек.

Убактылуу өкмөт Аскар Акаевдин кол тийбестигин алууга анын Аксы окуясына болгон катышы жана Үзөңгү-Кууш сыяктуу жерлердин четке кетишине жол бергендиги сыяктуу мамлекеттик кызыкчылыкка каршы аракеттери негиз болгондугу белгиленген.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 6 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Мигрант каяктан: Москва
17.08.2010 21:23
Бугунку учурда томонку формула тура:

Илим жагынан алганда:
Акаев=Бакиев+Отунбаева

Демократия онуктуруу жагынан алганда
Акаев=Бакиев+Отунбаева

Канкордук жагынан алганда:
Бакиев=Акаев+Отунбаева

Озунун тууган уругун бийликке алып келуу жагынан:
Бакиев=Акаев=Отунбаева

Алдамчылык жагынан алганда
Бакиев=Акаев+Отунбаева

Аксы окуясына катыштыгы боюнча:
Акаев=Бакиев

Ош окуясына катыштыгы боюнча
Отунбаева=Бакиев+Акаев





кимден: кылым каяктан: москва
17.08.2010 20:02
Акаевди жаман дедик,Бакиев жакшы дедик, эки эсе жаман экенин кордукү.Эми кезек, айым Отунбаевада коруп жатабыз уч эсеге жаман болуп баратканыбызды коруп жатабыз ,эмне кылганда жакшы болобуз?качан 19-жыл бойюу бирде бийликте бирде оппазицияда болуп келгендерди туп тамырынан тазалаганда кана эртенки кун тычтыктын,ынтымактын,онугунун,бардык жакшы нерселердин жалыны тутана баштайт.Эмнеге кыргыз элдин наразычылыгын коруп туруп ЕККУнун полициясын киргизип жатат,бийлигинен коркушуп жатабы.Бекназаров шайлоонун астында дагы бир корунойун дегенго элге,туура эле бирок башка кылган иши айкалышпай жатат мурункуга окшоп.

кимден: Рома каяктан: Карамык
17.08.2010 18:28
Вор ВОР ВОР ВОР ВОР АКАЕВ и БАКИЕВ в законе.
Айран жокто максым бар
Айдар жокто Максим бар
Эми Максим жокто ким бар экен ае??????

кимден: Дуйшон каяктан: Аксы
17.08.2010 16:09
Азаматка, 1000 киши болобу бир киши болобу баарибир адам олуп жатат, Аксылыктарды бийлик аткан омондорду Акаевдин чечими менен киргизген, тынч куралсыз, талаада келе жаткан адамдарга афтомат колдонгон, ошон учун Акаевке жазанын жогоркусун бериш керек.Оштогу окуя эки улуттун ортосунда болду, бийлик аларды аткан жок.

кимден: Тууганбай каяктан: Ош
17.08.2010 13:54
Бакиевге дагы бир жолу ыразы болдум. Декрет менен кол тийбестигин алып салганда Акаевге окшоп чуу салган жок. Айтмакчы, Бакиевди 86 атуулду атты деп айыптоо туура эмес. Эгер азыр деле курал кармап алып Отунбаева отурган жерге журуш жасасан Отунбаева деле атат. Керек болсо Барак Обама да, Путин да атат. Аябайт.

кимден: Журоктун уну каяктан: Бишкек
17.08.2010 13:51
Акаевди Кыргызстанга алып келуунун пайдасы жок. Аны тируулой жазалай турган ыкманы табыш керек. Кыргызстандагы бардык тоз-тополондун башкы куноокору Акаев. Ал кыргыз жерин, Кыргыз ССРынын байлактарын жеке менчикке башаламан таратып, элди тозутту. Бийликке жалан таанышы барлар, акчасы барлар келе алат деген тушунукту коомго синирди. "Пулун болсо кулунмун", "Заманын боору болсо, боору бол!" деген идеологияны коомго синирди. Жаштардын таалим-тарбиясы бул жакта калып, саясатта ыплас технологиялар осуп-онукту. Шайлоолор бурмаланып, коррупция кучоду. Буларды оз колу менен жасап жаткан улуу муунду оз козу менен коруп оскон жаш муун жегичтердин армиясын толуктады. Акыйкаттан түңүлүп, иши журушпогон жаштардын бир тобу чет олколорго агылып чыга баштады. Туштукто оз элин (кыргыздарды) эмес, эптеп бийлигин сактап калуу учун башкаларды тобосуно которуп сыйлады. Анын акыбетин мына эми коруп жатабыз. Кыскасы Акаевди тируулой жазалоого толук негиз бар....

кимден: Азамат
17.08.2010 11:20
Аксы окуясына такап Акаевдин кол тийбестигин алып салды азыркы бийлик - бул кадам баш мыйзамдын принциптерине каршы келип жатканына да карабай. Бул чечимине карата негиздерди болсо Бекназаров "кулагынан суйроп чыгып" жаткандай.
Акаев коп каталыктарды кылды, жазасын алыш керек, бул туура. (Бакиев тем более). Бирок азыркы бийликтин каталыктары деле тигил экоонон кем калбай баратат.. Эгер минте берсе, УОнун убагы да жакында бутуп, андан сон аларга да сыйыртмак ыргытчылар табылаарын унутушпаса.
Маселен, Аксы окуясындагы каза болгон адамдардын саны, кайгысы жана мамлекетке болгон зыянын, азыр туштуко болгон апаат менен салыштырып болобу??!! Демек, азыркы бийлик жоопкерчиликти алып "тактыга" отурганы менен "таажысын" которгонго дарамети жетпеген чабалдыгы учун, Акаевден да артык куноолуу. Же баарын Бакиевге шылтап койсо эле болдубу аларга?
Эгер силер ишке азыр калыс карасанар гана, кийин силерге да калыстык болот. Антпесе, "эмнени сепсенер, ошону оруп каласынар"!

кимден: Кыргыз кызы каяктан: Ысык-Кол
16.08.2010 18:38
А.Акаев менен К.Бакиевди салыштырганага болбойт.Бакиев кача баштаган куну эле 86 кырчындай омурду алып тынды.Элестетиеп коргулочу жалгыз баланды ошол куну атып кетсе кандай болот элек?Бакиев андан кийин канчалаган адамдардын канына забын болду.Акаев канча кемчилиги болсо да,элине бир да олум алып келбей чыгып кеткен.Бакиевдей жаман адам болсо,Улуу держава Россия кабыл алат беле?Акаев озу жакшы адам,аялы коп нерсени кылып кетпедиби?Аялын биринчи иретте жазаласа ыраазы болмокмун.

кимден: Мигрант каяктан: Москва
16.08.2010 16:15
Эгерде 2005 жылы Мартта Бакиев сыяктуу Акаев элди атса болмок беле? Албетте атып анан качып кетсе да ушул жерге комментарияди жазып кала бермекпиз кудайга тобо дейли, ошол адам тузгон орто азиядагы демократиялык аралча, Бакиев келгенден кийин кылмышкерлер аралча болуп калгандыгын моюнга алайлы.
Россияда да оз ордун таап, жогорку кызматта иштебесе да жогорку денгээлдеги экономикалык маселелердин математикалык моделдерин тузуп озу суйгон кесип менен алектенип келет. Россияда журбой Кыргызстанда журсо элге канча пайдасы болмок айрыкча билим беруу тармагында.

Ош окуясы чыкканда озу кайрылуу жасап элди тынчтыкка угуттоду, а Бакиев куноону У.О ко шылтоолоп суудан куру чыкканга аракеттенди.
Кылмыш, жаза, олумдун да ар кандай турлору болот. Мен Акаевди тикеден тике мактаган жерим жок, албетте куноолору толтура. Ал эми Бакиевге салыштырганда ал аброю жогору жана накта кыргыз жаараны!

Кытай болгон Алманбетти батырган Кыргыз элинин кечиримдулуугу азайгандай корунот...

кимден: Турсун каяктан: Чуй
16.08.2010 14:29
Бакиевден эч айрмасы жок экоосун тен камаш керек, башкаларга сабак болсун.
Жалпы 6 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине