Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Саясат

Көчөдө курултайлар, бийлик жанында Гуревичтер...

Нарындагы митинг, 2010-жылдын 10-марты

Нарындагы митинг, 2010-жылдын 10-марты

12.03.2010
Айданбек Акмат уулу

Кыргызстанда кырдаал курчуп баратканын Нарын, Алайдагы митингдер тастыктап турат. Максим Бакиевдин эң жакын өнөктөшү Евгений Гуревичтин мафия менен байланышы бардыгы тууралуу маалымат Ак үйдүн чүмбөтүн ачкандай болду.

Эгемен кыргыз бийлиги кыска тарыхында эл аралык алдамчылардын колуна жеңил түшүп келет. Эгерде Акаевдин учурунда Бирштейн Кумтөр алтынын алдап кетсе, Бакиевдин учурунда Гуревич жана анын командасы Кыргызстандын ири ишканаларын, финансылык активдерин кокодон алууга жетишти.
  Гуревич Кыргыз өкмөтүнүн, кыргыз бийлигинин Телеком менен "Түндүк электрону" приватташтыруудагы кеңешчиси болгон  Ө. Текебаев

Максим Бакиев жана Гуревич командасы өткөн жылдагы президенттик шайлоодон кийин өзгөчө шардана чыгышып, кирешелүү тармактын баарын колуна ала баштаган.
Өмүрбек Текебаев

“Ата мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Түндүкэлектро” жана “Кыргызтелекомду” сатуудагы Гуревичтин ролун мындай белгилейт:
 

- Гуревич Кыргыз өкмөтүнүн, кыргыз бийлигинин Телеком менен "Түндүк электрону" приватташтыруудагы кеңешчиси болгон, ошонун кеңеши менен 500 миллиондон 1 млрд. долларга чейин турган биздин эки байлыгыбыз, ар бири 500 млн. доллардан жогору турат, бири 3 млн. долларга, бири 40 млн. долларга сатылды. Эмне үчүн Гуревич бизге келди? Гуревич телекоммуникация тарабындагы афераларга маш болгон адис. Булар Италиянын Телекомун 2 млрд. 700 млн. долларга отургузган.

Гуревич жаңжалы, саясий куугунтуктар саясий элитаны биротоло иренжитсе, электр энергиясы, жылуулук, байланышка тарифтердин көтөрүлүшү калың калкты каржалтты. Натыйжада Бишкекте, Нарында тарифтердин көтөрүлүшүнө каршы эл көчөгө чыгып, ар кандай кыймыл, бирикме, уюмдарды түзүүдө. Алардын каршылыгы 17-мартта өзүнүн туу чокусуна чыгышы ыктымал.

Анткени 17-мартта Элдик курултайда тарифтер менен катар “Түндүкэлектро”, “Кыргызтелекомдун” сатылышы, саясий куугунтук негизги темалардан болмокчу. Бийлик Элдик курултайды өткөрүү үчүн “Спартак” стадионун жана Кожомкул атындагы спорт ордосун сунуштап жатат. Бирок Элдик курултайдын катышуучулары алгач Бишкектин Алматы көчөсүндөгү “Форум” ишканасынын алдында чогулуп, мына ошол жерде чечим кабыл алышы күтүлүүдө.
Абал опурталдуу... Кризис чыгып кетиши мүмкүн.
О. Молдалиев

Саясат таануучу Марат Казакпаев абалдан чыгуу үчүн тарифтердин кайра каралыш керектигин айтса, президент алдындагы стратегиялык иликтөө институнун жетекчиси Сергей Масаулов өлкөнүн саясий талаасында олуттуу күчтөр пайда болуп жатканын ырастап, бирок бийлик тарифтер маселесин чечүү үчүн аудит жүргүзүп жатканын белгилеген.

Орозбек Молдалиев
Абалдын олуттуулугунан чочулаган бийлик көз карандысыз маалымат булактарын элге жеткирбөө аракетин катуу жасоодо. Маселен, бир нече сайттар тосмолонду, “Азаттык” радиосунун уктурууларын эфирге чыгарбоо аракеттери күчөдү.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев азыркы кырдаалды опурталдуу деп баалады:
 
- Абал опурталдуу болуп жатат. Көрүп атабыз. Бул жерден кризис чыгып кетиши мүмкүн.

Дагы бир саясат таануучу Жолборс Жоробеков абалдан чыгуу учүн бийлик сүйлөшүү, калктын таламын канааттандыруу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек деп, Гуревич, Надель, Генкин сыяктуу адамдардын ишине мындай баасын берди:

- Биздин байлыгыбыз, акчабыз, башка жактан келген акчаларыбыз кимдин колунда, кандай пайдаланылып жатат? Мунун бардыгы абдан ачык элге көрсөтүлүш керек. Анан аны бирөөлөрдүн колуна салып берип, ал кумга сиңген суудай жок болуп...Элдин шорун катырбаш керек.
 Генерал Исаковдун ден соолугу жакшы. Ал  бийлик элге залакасын тийгизип койбосо экен деп тынчсызданууда
А. Бекназаров

Бийлик калктын нааразылыгын басуу үчүн ар кандай жолдорду пайдаланууда. Нарын митингисинин уюштуруучуларын Ак үйдө кабыл алышты.

Абактагы Исмаил Исаковго кылмыш дүйнөсү аркылуу кысым көрсөтүлүп, Алайдагы нааразылык акциясын токтоттурууга мажбурлап жатканы тууралуу сөздөр айтылууда. Исаков менен 11-мартта жолугушуп чыккан Азимбек Бекназаров буларды билдирди:

- Исмаил Исаковдун ден соолугу жакшы. Руху мурдагыдай эле, генералдай. Болгону Исмаил Исаков алайлыктар үчүн тынчсызданууда. Алайлыктар актабаса, чыгарбаса 15-мартта жүрүш кылабыз деп талап кылып жатпайбы. Ошого байланыштуу бийлик элге залакасын тийгизип койбосо экен деп жатат. Ошондон чочуп жатат.

Турсунбек Акун
Акыйкатчы Турсунбек Акун 12-мартта президент Бакиев менен жолугушуу учурунда Исмаил Исаковго байланыштуу маселени козгогонун, эгерде Исмаил Исаков президенттен кечирим сураса, анда аны боштондукка чыгаруу жагын караарын Курманбек Бакиев билдиргенин айтып чыкты:

- Президент менен Исмаил Исаков тууралуу сүйлөштүк. Өлкө башчысы “Исмаил Исаковго мен айттыргам, эгер мага расмий түрдө кайрылса, мен ага ырайым кылуу маселесин кароого ниетим бар",- деп айтты

Исмаил Исаковдун, Эркин Бөлөкбаевдин, Сапар Аргынбаевдин, Уран Рыскуловдун жана Балыкчыда айыпталгандардын боштондугу Элдик курултайдын катышуучуларынын негизги талаптарынан болуп калмакчы. Аны бийлик угаар-укпасы азырынча белгисиз.
Бул шерине жабылды
Электөө
 Мурдагы   Кийинки 
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
кимден: Опер каяктан: МВД
13.03.2010 12:26
Туура айтасыңар,дүйнөдөгү эң жаман,ыраймсыз мафия бул Италияныкы,'Коза Ностра' делет.Алар эч качан күбөлөрдү калтырышпайт.Себеби уурдалган сумманы карагыла-2млрд.евро!Кыргызстандын 3 жылдык бюджети!Бул адамды,Гуревичти алар жөн коюшпайт!Аны менен бирге иштеген компаньён адамдар да жабыр тартышы мүмкүн.Максимге бул чоң сигнал! А Кыргызстандын дүйнөдөгү аброюна аябай чоң шек келди.Мафия менен байланыш экен деп.Тез арада ГСНБ башчысы,замы отставкага кетиши керек.Бул нерселер алардын иши эле.

кимден: Билген киши
13.03.2010 11:16
Гуревичтин, Наделдин, жана балким Максимдин жок болооруна аз калды. Биздин маалыматтар боюнча Италиянын мафиясы ишке киришти. Анткени Италияда булардын куйругу чуу болгон. Мафия болсо ачыкка чыгып калган, көп маалыматтарды билген кишилердин баарын тазалап жүрүп отурат.

кимден: Салам каяктан: Бишкек
13.03.2010 10:17
Гуревич эч кайда кеткен жок. Анын МГН компаниясы мурункудай эле иштеп, Кыргызстандын акчысын кармап, Кыргыздарга кайра процент менен берип жатат. Максим аны иштен кетиртти кылып, бирок Италиялыктар алып кетпесин деп жашырап койду.

кимден: Бека каяктан: Москва
13.03.2010 04:46
Путинге рахмат биздин ушундай келесоо дөө-шааларга ишенип убада кылган акчаны кармата бербегенине. Кантсе да Россиянын агенттери жакшы иштейт экен, андыктан Гуревичтин ким экенин билишкен да. Кантсе да кыргыз элин бир түйшүктөн сактады.
Ал эми ит арзан сатылган "Түндүк электро" менен "Кыргыз телекомду" кыргыз эли сот аркылуу кайрып алар деген үмүтүм чоң!!!
Исмаил Исаковду соттогону аз келгенсип абакта жөн олтургузбай жатканы эмнеси? Деги эмне деген акмакчылык, зөөкүрчүлүк бул?
Анан да Турсунбек Акундун "И.Исаков Бакиевден кечирим сураса, ырайым кылып боштондукка чыгарууга ниети бар"-дептир- Мына биздин акыйкатчынын тантырак сөзү. Бакиев өзүн кудай сезип калган го. Эми эмне дейбиз бары "Эшегине жараша тушагы болуп жатпайбы". Президентибиз ал, акыйкатчыбыз бул, аферистер тигил, оппозицияны да жакшы билесиңер...!!!

кимден: studentka каяктан: USA
13.03.2010 04:08
Өлкө башчысы “Исмаил Исаковго мен айттыргам, эгер мага расмий түрдө кайрылса, мен ага ырайым кылуу маселесин кароого ниетим бар",- деп айтты
Bakiev uyatsyz adam ekensin, oshoncho eldi ubara kylyp oturup alyp emi suilogon sozun karagyla, uyaty zhok!

кимден: Манас каяктан: Орусия
13.03.2010 02:41
Менимче, Бакиевдердин ээрден жылбышарына аз калды. Максиминин досу Гуревичтин мафияга тиешеси бар деген шек менен Италия сотунун чыгарып берген чечими асмандан түшкөн чагылгандай эле болду. Бирок муну Ак жолдун депутаттарынын билсе да билмексенге салганы күйгүзөт. Жок дегенде кичине ыйманы бар жыйырмасы мандатын таштаса, калганы өзүнөн-өзү эле тарамак. Гуревич боюнча бийликтин эрки жетпесе. оппозиция Италия бийлигине кат жолдош керек. Ал бул жакта эле жүрөт, бизди такыр сызга отургуса электе, алып кеткиле деп. Бакиев болсо бери дегенде Максими менен Жанышын кызматтан алуусу керек.

кимден: кайранэл каяктан: маскоо
12.03.2010 23:41
Ассаламу алейкум туугандар.Кыргыз элим озуңдун ким экендигинди дагы бир жолу далилдеп бердиң окшойт. Ханды хан кылган оз эли экенин унуткан хандын жургоуно кол салып.
Сали чалдын балдары кыргызды коркутуп башкарчу эл эмес экенин эсиңерден чыгарып салган окшойсңар эсиң барда этегиңди жап дегендей убакыт бар туура пайдаланып бийликти менчигиңерден чыгарып элге кайрып берип Курманбек акадан башкаң уйуңо барып эсалгыла б.а бошсуңар.
Кыргыздын жини келсе Акай аканин куүнүн башыңарга кондуруп койот.

кимден: Бакыт каяктан: Бишкек
12.03.2010 22:57
Ушул Ү.Сыдыковго эмне жок? Кайсы майрамды өткөрөм деп жүрөт? Өлкөдөгү эл кембагалчылыкта отурса.Эптеп эле балам аэропорт президенти болуп иштей берсин деген амалыбы?.Кайдагы майрам!

кимден: alim каяктан: Бишкек
12.03.2010 21:59
Ушул информацияларды (чындыкты) элине жеткирип турган Айданбекке кыргыз элинин атынан чооң ырахмат. Ишиңе ийгилик, калемиң курчуй берсин.
Убакыт келээр, алар да кылган ишине жооп берет. Кантип ушунча кыргыздын каргышы, убалы тийбесин.

кимден: кыргыз жараны каяктан: бишкек
12.03.2010 21:48
урматтуу калайык калк!
өлкөдгү болуп жаткан акыркы кабарларга туура терең талдоо жолу менен баа берип, өлкөнүн тынчтыгы биздин артыбыздагы муундарга келечек орду кенен болушуна арубак ойумдун түздүгүн билдирем!
 Мурдагы   Кийинки 
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

Сөздүн күчү бүткөн жерде музыка башталат Видео тасма

Бишкекте “Толеранттуулук – тынчтыкка карай жол” аттуу концерт өттү. Анын негизги катышуучусу Москвадагы эл аралык пианисттер сынагынын лауреаты, Москва консерваториясынын аспиранты, белгилүү пианист Азамат Сыдыков болду.

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)