Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:41

Көчөдө курултайлар, бийлик жанында Гуревичтер...


Нарындагы митинг, 2010-жылдын 10-марты
Нарындагы митинг, 2010-жылдын 10-марты

Кыргызстанда кырдаал курчуп баратканын Нарын, Алайдагы митингдер тастыктап турат. Максим Бакиевдин эң жакын өнөктөшү Евгений Гуревичтин мафия менен байланышы бардыгы тууралуу маалымат Ак үйдүн чүмбөтүн ачкандай болду.

Эгемен кыргыз бийлиги кыска тарыхында эл аралык алдамчылардын колуна жеңил түшүп келет. Эгерде Акаевдин учурунда Бирштейн Кумтөр алтынын алдап кетсе, Бакиевдин учурунда Гуревич жана анын командасы Кыргызстандын ири ишканаларын, финансылык активдерин кокодон алууга жетишти.
Гуревич Кыргыз өкмөтүнүн, кыргыз бийлигинин Телеком менен "Түндүк электрону" приватташтыруудагы кеңешчиси болгон Ө. Текебаев

Максим Бакиев жана Гуревич командасы өткөн жылдагы президенттик шайлоодон кийин өзгөчө шардана чыгышып, кирешелүү тармактын баарын колуна ала баштаган.
Өмүрбек Текебаев

“Ата мекен” социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев “Түндүкэлектро” жана “Кыргызтелекомду” сатуудагы Гуревичтин ролун мындай белгилейт:

- Гуревич Кыргыз өкмөтүнүн, кыргыз бийлигинин Телеком менен "Түндүк электрону" приватташтыруудагы кеңешчиси болгон, ошонун кеңеши менен 500 миллиондон 1 млрд. долларга чейин турган биздин эки байлыгыбыз, ар бири 500 млн. доллардан жогору турат, бири 3 млн. долларга, бири 40 млн. долларга сатылды. Эмне үчүн Гуревич бизге келди? Гуревич телекоммуникация тарабындагы афераларга маш болгон адис. Булар Италиянын Телекомун 2 млрд. 700 млн. долларга отургузган.

Гуревич жаңжалы, саясий куугунтуктар саясий элитаны биротоло иренжитсе, электр энергиясы, жылуулук, байланышка тарифтердин көтөрүлүшү калың калкты каржалтты. Натыйжада Бишкекте, Нарында тарифтердин көтөрүлүшүнө каршы эл көчөгө чыгып, ар кандай кыймыл, бирикме, уюмдарды түзүүдө. Алардын каршылыгы 17-мартта өзүнүн туу чокусуна чыгышы ыктымал.

Анткени 17-мартта Элдик курултайда тарифтер менен катар “Түндүкэлектро”, “Кыргызтелекомдун” сатылышы, саясий куугунтук негизги темалардан болмокчу. Бийлик Элдик курултайды өткөрүү үчүн “Спартак” стадионун жана Кожомкул атындагы спорт ордосун сунуштап жатат. Бирок Элдик курултайдын катышуучулары алгач Бишкектин Алматы көчөсүндөгү “Форум” ишканасынын алдында чогулуп, мына ошол жерде чечим кабыл алышы күтүлүүдө.
Абал опурталдуу... Кризис чыгып кетиши мүмкүн.
О. Молдалиев

Саясат таануучу Марат Казакпаев абалдан чыгуу үчүн тарифтердин кайра каралыш керектигин айтса, президент алдындагы стратегиялык иликтөө институнун жетекчиси Сергей Масаулов өлкөнүн саясий талаасында олуттуу күчтөр пайда болуп жатканын ырастап, бирок бийлик тарифтер маселесин чечүү үчүн аудит жүргүзүп жатканын белгилеген.

Орозбек Молдалиев
Абалдын олуттуулугунан чочулаган бийлик көз карандысыз маалымат булактарын элге жеткирбөө аракетин катуу жасоодо. Маселен, бир нече сайттар тосмолонду, “Азаттык” радиосунун уктурууларын эфирге чыгарбоо аракеттери күчөдү.

Саясат таануучу Орозбек Молдалиев азыркы кырдаалды опурталдуу деп баалады:

- Абал опурталдуу болуп жатат. Көрүп атабыз. Бул жерден кризис чыгып кетиши мүмкүн.

Дагы бир саясат таануучу Жолборс Жоробеков абалдан чыгуу учүн бийлик сүйлөшүү, калктын таламын канааттандыруу, түшүндүрүү иштерин жүргүзүш керек деп, Гуревич, Надель, Генкин сыяктуу адамдардын ишине мындай баасын берди:

- Биздин байлыгыбыз, акчабыз, башка жактан келген акчаларыбыз кимдин колунда, кандай пайдаланылып жатат? Мунун бардыгы абдан ачык элге көрсөтүлүш керек. Анан аны бирөөлөрдүн колуна салып берип, ал кумга сиңген суудай жок болуп...Элдин шорун катырбаш керек.
Генерал Исаковдун ден соолугу жакшы. Ал бийлик элге залакасын тийгизип койбосо экен деп тынчсызданууда
А. Бекназаров

Бийлик калктын нааразылыгын басуу үчүн ар кандай жолдорду пайдаланууда. Нарын митингисинин уюштуруучуларын Ак үйдө кабыл алышты.

Абактагы Исмаил Исаковго кылмыш дүйнөсү аркылуу кысым көрсөтүлүп, Алайдагы нааразылык акциясын токтоттурууга мажбурлап жатканы тууралуу сөздөр айтылууда. Исаков менен 11-мартта жолугушуп чыккан Азимбек Бекназаров буларды билдирди:

- Исмаил Исаковдун ден соолугу жакшы. Руху мурдагыдай эле, генералдай. Болгону Исмаил Исаков алайлыктар үчүн тынчсызданууда. Алайлыктар актабаса, чыгарбаса 15-мартта жүрүш кылабыз деп талап кылып жатпайбы. Ошого байланыштуу бийлик элге залакасын тийгизип койбосо экен деп жатат. Ошондон чочуп жатат.

Турсунбек Акун
Акыйкатчы Турсунбек Акун 12-мартта президент Бакиев менен жолугушуу учурунда Исмаил Исаковго байланыштуу маселени козгогонун, эгерде Исмаил Исаков президенттен кечирим сураса, анда аны боштондукка чыгаруу жагын караарын Курманбек Бакиев билдиргенин айтып чыкты:

- Президент менен Исмаил Исаков тууралуу сүйлөштүк. Өлкө башчысы “Исмаил Исаковго мен айттыргам, эгер мага расмий түрдө кайрылса, мен ага ырайым кылуу маселесин кароого ниетим бар",- деп айтты

Исмаил Исаковдун, Эркин Бөлөкбаевдин, Сапар Аргынбаевдин, Уран Рыскуловдун жана Балыкчыда айыпталгандардын боштондугу Элдик курултайдын катышуучуларынын негизги талаптарынан болуп калмакчы. Аны бийлик угаар-укпасы азырынча белгисиз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG