Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Саясат

Кыргызстан: Машыгуу базалары, Кремль иллюзиясы...

Бишкектеги 'Манас' авиа базасы.26-февраль, 2009-жыл.

Бишкектеги "Манас" авиа базасы.26-февраль, 2009-жыл.

09.03.2010
Илим Жанузаков

АКШ өкмөтү мындан мурдараак Токмокто Кыргызстандын Коргоо министрлигине аскердик машыгуу базасын курууга көмөк кылган. Эми АКШ ошол сыяктуу эле аскердик машыгуу борборун Баткенде да курууга көмөк кылмакчы. Ал арада АКШ менен Кыргызстандын мындай жакындашуусунан Москва менен алака бузулаары тууралуу пикирлер да айтылды. Бирок бул жоромолду жергиликтүү адистер четке кагат.

Ал арада АКШ менен Кыргызстандын мындай жакындашуусунан Москва менен алака бузулары айтылууда.

АКШ баш болгон эл аралык коалициялык күчтөр “Манас” аба майданында аскерий база ачкандан бери алардын дарегине абдан көп сындар айтылды.

Көбүнчө андай сындарды Орусия каржылаган маалымат каражаттары көтөрүп, Ооганстанга жүк ташууда колдонулчу азыркы транзиттик борборду “маң заттарын ташыйт”, дегенден баштап “террорчуларды даярдайт” дегенге чейин айыптоого үлгүрүштү. АКШнын ырасмий өкүлдөрү менен ырасмий Бишкек андай сөздөрдү ар качан төгүндөп келатышат. Талдоочулар болсо мындай сөздөрдү ири империялардын маалыматтык согушунун учкундары катары да баалашат.
 Кыргызстандын АКШ менен базаларды куруу боюнча макулдашуусу же демилгеси – бир эле учурда Орусияга да, Кытайга да чакырык таштайт.
 А. Князев

Жакында эле Дубайдан келаткан кыргызстандык компаниялардын бирине таандык учак Иранда күч менен кондурулуп, ичинен Бишкекке бараткан террорчу Абдулмалик Риги кармалганы тууралуу маалымат тарап, Ирандын маалымат каражаттары “Кыргызстандагы АКШнын аба базасы террорчуларды даярдайт” деп айыпташкан эле.

Эми Баткенде машыгуу борбору курулуп атканы тууралуу маалыматтан кийин кайрадан Орусия каржылаган маалымат каражаттары чуу көтөрө башташты.

Орусиялык саясий серепчи Александр Князевдин пикиринде, Кыргызстан өз аймагында АКШнын аскерий базаларын кеңейткенге мүмкүнчүлүк берип атканы биринчи кезекте Москва менен Бээжинди тынчсыздантат. Абал ушул тейден улана берсе Кремль Кыргызстанга жана анын миңдеген мигранттарына карата катаал чараларды колдонушу да мүмкүн:
А.Князев

- Менин оюмча, бул (Токмоктогу, Баткендеги машыгуу борборлору) – кыргыз бийлигинин беш жыл аралыгындагы эң эле жоопкерчиликсиз иши. Менин оюмча бул боюнча кырдаал дагы да курчуйт. Анткени Кыргызстандын АКШ менен базаларды куруу боюнча макулдашуусу же демилгеси – бир эле учурда Орусияга да, Кытайга да чакырык таштайт.

Аскерий көз караштан алганда, Кыргызстандагы АКШнын кандай базасы болбосун Орусиянын кызыкчылыктарына коркунуч туудура албайт.

Орусия ар дайым бул чөлкөмдө артыкчылыкта болот. Бул жерде Орусиянын кыжырын келтирген нерсе маселенин саясий жагы болуп турат. Ушундан улам Кыргызстанга инвестиция кылуу токтотулууда.

Биз Орусия стратегиялык өнөктөш деп айтканыбыз менен алар эмне жардам кылып коюптур. Жанагыдай коркуткан саясаттан башка эч нерсе жок болуп атпайбы. 
О. Молдалиев

Кыргызстандык белгилүү саясий серепчи Орозбек Молдалиевдин айтымында, Орусия эмнегедир ич күйдүлүк кылып АКШнын Кыргызстанга берген жардамдарынан да кыр издеп келатат. АКШ куруп берип аткан аскерий машыгуу борборлору эң эле керектүү нерсе экенине токтолгон талдоочу, Кыргызстан баардык мамлекеттер менен ынтымакта болуп, ошол эле кезекте Орусия сыяктуу мамлекеттин алдында чөгөлөбөй, бүжүрөп коркпой эле башка күчтөр менен да ишенимдүү кызматташа билүүсү керектигин айтат:
О.Молдалиев

- Баланча жаман көрөт, түкүнчө жаман көрөт деп жасалбайт саясат. Мамлекеттин кызыкчылыгы эмнеде, ошого карап жүргүзүлөт мамлекеттин саясаты. Маселен биздин коопсуздугубузга кепилдик жок. Казакстан андай кепилдикти алып алган 1993-жылдары. АКШ кепил болуп, Орусия да макул болгон.

Биз болсо Орусия стратегиялык өнөктөш деп айтканыбыз менен алар эмне жардам кылып коюптур. Жанагыдай коркуткан саясаттан башка эч нерсе жок болуп атпайбы. Бул – неоимпериялык, империялык саясат.

Ошондой эле талдоочу О.Молдалиевдин пикиринде, Орусия өзү АКШ баштаган мамлекеттер, аскерий уюмдар менен тыгыз кызматташып келет.

Бирок Кыргызстандын ошол өлкөлөрдөн аскерий жардам алып, кызматташуусун каалабаганы таң калдырат. Андыктан бул өлкөнүн империялык амбициясына, Кыргызстанды деле өз аймагы сыңары башкаргысы келгенине карабоо керек.

АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин коомчулук менен байланыш кызматы билдиргенге караганда, учурда Баткенде АКШ каржылаган аскерий машыгуу борбору курулууда. Токмоктогу база сыяктуу эле Баткендеги машыгуу борбору да Кыргызстандын күч органдарынын карамагына берилип, ал жакта өлкөнү террор көйгөйүнөн сактоо үчүн аскерлер даярдалмакчы.

Орусиялык талдоочулар буга ишенбей, “АКШ аскерлери өздөрү келип алат” дешкени менен бир катар талдоочулар муну “Орусиянын иллюзиялык илдети” катары баалашууда.
Бул шерине жабылды
Электөө
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
кимден: dos каяктан: kg
21.03.2010 20:42
ulakti bir ari tartip bir beri tartip aytor koldon chigarbashibiz kerek. oshon uchun kirgizstanga keldim. az aylik bolso da bul jerde ishteyin salimim bolsun elime dep.

кимден: Кыргыз каяктан: Москва
19.03.2010 19:41
Урматтуу туугандар! Казакстандын президенти "Орусия биздин кудай берген кошунабыз" деп айткан жана ар дайым Орусия менен мамилесин бузбай, бир эле убакта башка өлкөлөр менен жакшы мамиле кылып келет.Мисалы, Казакстанда АКШнын 500 компаниясы бар.Демек, 500 фирмада он миңдеген казактар, чет өлкөгө тентибей эле доллар алып жүрүшөт.Казактын ийгиликтеринин баарын эле кудай берген мунай затка байланыштырганыбыз туура эмес да.Биз, Кыргызстан, АКШга да, Орусияга да жагалданып жүрөбүз.Бирок Орусия да, АКШ да бизди Казакстанды сыйлаганчалык урматтабайт.Кыргызстанда АКШнын канча фирмасы бар? Карапайым калк үчүн жумуш жана эмгек акы маанилүү да.Бир эле убакта мага жана дагы бир башка жигитке жылмайган кызды мен деле жактырбайм.

кимден: ilim каяктан: jer
17.03.2010 10:50
urmatuu jerdeshter, kozdu chonguraak achali. bul mamleketter jondon jon ele bizdin jerge akchasin sapirgani kelgen emes, bir az akcha korotot da(chigasha) anan andan kireshe alish kerek, bisnestin zakonu. kireshe ala albasa investisiya je bashka turdogu jardam ech kachan kelbeyt. ozubuz uchun ozubuz joop berishibiz kerek, ozubuz kurushubuz kerek, ozubuz onukturushubuz kerek, ilim kerek, oyundun planin anan resultatin bilip anan oynosh kerek. oygonsuh kerek elim.

кимден: асан! каяктан: СНГ
12.03.2010 10:05
Жаңыласыңар! Мына карап көргүлө-кай жерде АКШнын базасы болсо ошол жерде тынчтык жок! Мына картаны карагыла ишенбесеңер.

кимден: дуйно каяктан: Бишкек
12.03.2010 00:13
Менимче Америка Кыргызстанга миллиарддаган долларларды коротуп жатат, бирок ошол акчаны база, жана биздин аскерий кучторго инфраструкутра салгандан коро жол курса, мектептерди курса, больницаларды курса - эл андай жардамды дароо кормок да и колдомок.
Биздин бийлик акылы болсо Манастагы базаны жайгаштыргандыгы учун ушундай талапты койсо болмок. Америка Филипинде жайгашып турганда ал мамлекеттин окмоту АКШ базалары жайгашкандыгы учун так ушундай талаптарды койгон.
Ал эми карап корсонор дуйнодо Америка менен достошкон мамлекеттер эч убакта жаман ахвалда болгон эмес, тескерисинче онугуп келе жатышат.
Бекеринен АКШ - супер бийлки деп эсептелбейт да. Америкага биздикиндей кичине мамлекеттердин онугушу жана туруктуу болушу пайда алып келет, себеби алар мындай туруктуу олколордо оздорунун инвестицияларын коротуп акча тапкылары келет (Чыгыш Европалык жана Чыгыш Туштук Азиядагы мамлекеттерге конул бурсанар).
Ал эми Россияга онуккон Кыргызстан кереги жок, себеби биз онугуп кетсек оз башыбызды билип НАТОго кирип кетебишибиз мумкун, ошондуктан аларга выгодно, чтобы биз алардан дайыма коз каранды болуп турганыбызга. 8% ВВП нын осушун Россияга ким берип турат - мигранттар, болбосо Россия экономикасын эч онуктуро алмак эмес.
Миллиарддарды алып клеген нефть скважиналарында жана алмаз кендеринде ким иштейт - мигранттар. Мигранттар биринчи орунда Россиянын озуно керек.

кимден: асан' каяктан: раша
10.03.2010 11:23
Маратка!Эми баары эле көчө шыпырат дегениң болбойт!Баары өз кесибине жараша иш таап жатышат.Мен билгенден кыргызстандыктар банктарда,Лукойлда,ГАЗПРОМдо,Курулуш Компанияларда менеджментин арасында иштеп жатышат.Албетте мектепти бүтүп эле дароо Орусияга келгендер кайда бармак.Эгер специ болсо,бир жөн.А так жөн эле көз жумуп тобокелге салгандар сансыз.

кимден: асан' каяктан: раша
10.03.2010 11:09
Молдалиевге!!!Кыргызстанга кризиске чейин 1млрд.$ Орусиядан мигранттардан келип турган.Бул Кыргызстандын бир жылдык бюджети!Бул деген мигранттардын Мекенине болгон түздөн-түз инвестициясы!!!Азыр эми азайгандыр эки эсе.Кыргыз швеяларынын продукциялары сатылып жатат пошлинасыз!Эгер сиз айткандай тең ата болуп сүйлөшөм десе-Орусия биздин ахвалды билет.Дароо эле биринчи иретте экономикалык санкцияларын салып,асмандан жерге түшүрүп койот!Мындан жалаң эле жөнөкөй эл жабыр тартат.Мына ушуларды да эске алып,Молдалиев мырза саясий серепти салып жүрүң!!!

кимден: Марат каяктан: Бишкек
10.03.2010 07:42
РАШАдагы Асанга. Чындыкты айтуу бул провокация эмес. Мигранттар
биринчи кезекте Россиянын өзүнө керек. Арзан, оор жана таза эмес ишти аткарган жумушчуну орустар кайдан табышат. Москвадан кыргыздар кетип калса көчөлөрүн Лужков шыпырабы? Орустар дагы эле бизди илгерки колониясы катары эсептейт. Орустар менен душман да, аларга каршы да болбошубуз керек. Бирок азыркы Орус бийлиги менен дос болуу да коркунучтуу. Алар Кыргызстанга көз артып турганын ачык эле айтып жатышат.

кимден: Марат каяктан: Бишкек
09.03.2010 20:59
Молдалиев абдан туура айтыптыр. Орустар биздин башка мамлекеттер менен ымалабызды коро алышпайт. Алардын максаты башка. Кыргызстан жакында экиге болунот, туштугу Озбекстанга, тундугу Казакстанга кетет деп айтышкан. Демек, Кыргызстан болунбос учун, алардын ойунча, Орустарга кайрадан "кошулуш" керек. Ошон учун Россияда жургон кыргыздарга пачкалап орус паспортторун берип жатышат. Кийин, Абхазиядагыдай кылып, "Биз оз граждандарыбызды коргогону келдик"- деп, аскерин кийришет. Кыргыз жерине ким кызыгат? Биринчиден -кошуналар, экинчиден - мурунку "кожоюн". Америка болсо жардамын берет, анан Кыргызстан демократиялык болсо деп аракет кылышат. Американын жерге кызыпуусу жок.

кимден: Асан каяктан: раша
09.03.2010 18:42
Молдалиевге! Сиз мындай ачык провокациялык оюнузду бизге айтпай эле коюн!Мындай ойду кийин Кыргызстан бутуна турганда айтын,ошондо жарашат! Эмне эми КР Орусия менен конфронтацияга барсын дейсизби? Сиз бул кыска оюнуз менен канчалаган,млндон ашык россиядагы кыргызстандыктардын тагдырына балта чабайын дейсизби?Алар жонундо ойлондунуз беле?Суйлойт десе эле урдура бересизби? АКШ кайда,Орусия каерде?Эмне АКШ биздин эмгек мигранттарын жакшы кабыл алуудабы? Суйлойт десе эле айта бересизби?
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)