Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Саясат

Сөгүш алган Ж. Жоробеков кызматтан кантип көтөрүлдү?

Петровкадагы тополоң. 26-апрель, 2009-жыл.

Петровкадагы тополоң. 26-апрель, 2009-жыл.

27.01.2010

Петровка окуясына түздөн-түз тиешеси бар деп эсептелген Москва РИИБинин мурдагы башчысы Жеңиш Жоробеков Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчисинин биринчи орун басары болуп дайындалды.

Чүйдүн Петровка айылындагы кыргыз, орус жана күрт улутундагы тургундардын ортосундагы чатактын болгонуна бир жыл болуп баратат. Чатак күрт улутундагы Абдулла Осмоновдун 4 жашар орус улутундагы кызды зордуктаганынан тутанган. Наристени зордуктады деп айыпталган А. Осмонов 20 азыр жылга эркинен ажырады. Ал эми ушул окуянын негизинде жаралган Петровка баш-аламандыгын уюштурган делген оппозициянын үч өкүлү учурда абакта олутурушат. Соттук териштирүү башталганына 6 айдан ашты. Азыр 300дөн ашык күбөнүн 100ү гана сотто көрсөтмө берди.
Петровкадагы чатактан кийин толкуган эл, 30-апрель,2009-жыл.

Көрсөтмө бергендердин дээрлик баары камакта жаткандар ак жеринен күнөөлөнүп жатканын мына мындай таризде байма-бай айтып келишет. Алардын бири Ольга Черных:

- Мен Петровка окуясын эмнеге саясатка айландырып жиберишкендерине түшүнбөйм. Бул айылдыктардын адаттагы көйгөйү болгон. Буга бир гана жергиликтүү милиция кызматкерлеринин күнөөсү бар. Себеби биз биринчи болгон окуяны ошолорго кабарлаганбыз. Алар убагында көңүл буруп, тиешелүү чара көргөн эмес.

Жергиликтүү тургундар гана эмес өлкө башчысы Курманбек Бакиев дагы Москва райондук ички иштер кызматкерлеринин кызматтык шалаакылыгы үчүн Петровка баш-аламандыгы жаралды деп айыптаган убагында. Кечээ жакында сотто көрсөтмө берген мурдагы аким Даукен Аринов дагы окуя болоор алды райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Жеңиш Жоробеков күрт, кыргыз жана орус улутундагылар ортосундагы маселелер туурасында эч кандай маалымат бербегенин баса белгиледи. Бирок окуя болгонго чейин, тактап айтканда өткөн жылдын 16-апрели күнү зордукталган наристенин чоң апасы Ольга Ёщенко ошол кездги РИИБ башчысы Жеңиш Жоробековго болгон окуяны айтып, чара көрүүсүн өтүнгөн.

Бул туурасында Петровка окуясы боюнча айыпталуучулардын адвокаты Азимбек Бекназаров буларды айтат.

- Өткөн жылдын 16-апрелинде зордукталган 4 жашар кыздын таенеси Ж. Жоробековго келип кайрылат. Ж. Жоробеков болсо 22-апрель күнү Петровка айылындагыларды чогултуп, 4 жашар кыз чынында эле зордукталганын жана андан жугуштуу оору табылганын өзү айтып атат. Бирок кылмыш ишин козгогон эмес. Бул милиция кызматкерлери менен кылмышкер А. Осмоновдун ортосунда кандайдыр бир байланыш бар экенин көрсөтүп турат. 

Чынында Петровка окуясынан кийин Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы Жеңиш Жоробеков иштеги шалаакылыгы, жоопкерчиликсиздиги үчүн кызматтан алынган. Бирок бүгүнкү күндө Жеңиш Жоробеков Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды. Ж. Жоробековдун "Азаттыкка" берген кыскача маеги төмөндө:

- Бизге буйрук берет, биз аткарабыз. Тескерисинче, кызматтан көтөрүлүү менен жоопкерчилигим мурункудан да күчөдү. Ал эми былтыркы жылы Москва райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы болгондон кийин Петровка окуясына тиешем болсо керек. Бирок өткөндө сотто белгилеп өткөндөй, башаламандыкка менден дагы азыр камакта жаткан оппозиция өкүлдөрүнүн тиешеси көп, алар башаламандыкты уюштурганы чындык. Алардын күнөөсү бар.

Ал эми адвокат А. Бекназаров бул кызматтык жогорулоону мыйзамсыздыктын бир көрүнүшү катары баалайт. 

- Москва райондук ИИБинин башчысы Ж. Жоробеков Петровка окуясына чейин болгон окуяны көргөн, билген. Айрым иште өзүнүн да тиешеси бар. Бирок сотко келгенде ал бардык күнөөнү камакта жаткандарга оодара салды. Бул атайын жасалган. Бийлик Ж. Жоробековду атайын жалган көрсөтмө бердирип, анан ошонун жакшылыгы деп жогорку кызматты сунушташкан. Албетте, азыркы бийликке ошондой мыйзамды сыйлабаган адамдар керек.

Бүгүн, 28-январда болсо Президент Курманбек Бакиев Петровкадагы чатакка байланыштуу кызматынан алынган Жеңиш Жоробековдун Бишкек ИИБинин жетекчисинин 1-орун басарлыгына дайындоо боюнча ички иштер министри Молдомуса Конгантиевдин чечимин карап чыгууну өкмөт башчы Данияр Үсөновго тапшырды. Буга байланыштуу өкмөттүн жыйыны бүгүн кечке жуук, саат он жетиге дайындалганын президенттин басма сөз кызматы кабарлады.

Бул шерине жабылды
Электөө
     
Пикир
кимден: Белек каяктан: Чүй
28.01.2010 17:05
Азимбек мырза туура айтат Бийлик өзү кызмат берип анан кайра саясат кылып жатышат бир ок менен экөөнү атып жатышат Конгантиевди дагы алышат туура кылат аны мурун эле алыш керек болчу...

кимден: Турат каяктан: Чуй
28.01.2010 16:28
Муса ыргыйт ко Туура болот

кимден: Элден каяктан: Жалал-Абад
28.01.2010 15:36
Менимче Муса "акеми" да булут ороп жатат окшойт ...

кимден: Шофер
28.01.2010 13:48
Конгантиевди алганы калды окшойт. Жоробековдун кызматка дайындаганы тууралуу иш каралат деп, өкмөттүн акырынан жем жеген КТР-МТР, 5-каналдарына болушунча баткактатып, шыбатат дагы, анан алып ыргытат. МВДнын орду бирөөгө керек болуп калды окшойт. Ким келсе да Молдомусадай иштеген киши келсе экен эми. ГАИлер бир аз жерге түшө башташты эле, жок жерден токтотконун токтотуп. Мурдараак тигип койгон көчөттөй тизилип турушчу, өзгөчө Субаналиевдин, Гуроновдордун тушунда.

кимден: Мурат
28.01.2010 12:44
Кыргызстанда баары боло берет экен. Уяты болсо Конгантиев мындай буйругу үчүн отставкага кетиш керек. Жок болсо,кала берет! Шордуу кыргыз элим!
     
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)