Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:19

Губернатор район акиминен акча талап кылганбы?


Маратбек Жумабеков, Баткен облусунун губернатору.
Маратбек Жумабеков, Баткен облусунун губернатору.

Кадамжайдын мурдагы акими А. Ташов кызматтан алынышын облус башчысынын акча топтоо талабын аткарбай коюшу менен байланыштырса, губернатор М. Жумабеков аны четке кагууда.

Кадамжай районунун акимдигинен беш күн мурда (18-сентябрда) бошогон Асамидин Ташов кызматтан алынышына облус жетекчиси Маратбек Жумабековдун президенттин туулган күнүнө миң доллардан топтоп берүү талабын аткарбай койгону себеп болгонун белгилеп, губернатордун дарегине ачуу сын пикирлерди айтууда. Ошол эле учурда облус жетекчиси мурдагы акимдин бул сөздөрү чындыкка коошпостугун, бул үчүн аны сотко берүүгө ниеттенип жатканын билдирди. Төмөндө бул маселе боюнча мурдагы аким Асамидин Ташовдун маегин жана облус жетекчиси Маратбек Жумабековдун анын сын-пикирлерине карата жообун сунуштайбыз.

Асамидин Ташов: "Губернатордун миң доллардан топтоо талабын аткарбай койдум"

- Асамидин мырза, сиздин кызматтан бошотулганыңызга нааразы болгон таламдаштарыңыз эки күн мурда жол тосууга чейин барышты, ага эмне себеп болду дейсиз?

- Алар негизи таламдаштарым деле эмес. Болгону жасалып жаткан иштерди, өзгөрүүлөрдү көрүп, ошого ынанган адамдар, ынанган адамдар тобу десе болот. Нааразылык чарага менин туугандарым эле эмес, райондун дээрлик айыл өкмөттөрүнөн эл, айыл өкмөт башчыларынын баары, райондук мекеме-ишкана жетекчилеринен дээрлиги катышты. Эмне себептен менин кызматтан бошогонумду билели деген максатта чогулган экен. Мен да албетте адаммын да, жарлыкты алгандан кийин бир аз ооруп калып, үйдө жаттым эле. Эл топтолуп калгандан кийин облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы келди. Мен барып, андайга барбагыла, Кыргызстандын ичинде мыйзам чегинде иш жасалат деп элге ыраазычылыгымды билдирип, таркатууга жетиштим.

- Сиз жетектеп келген райондо жумуш кандай кетип жатты эле негизи?

- Айтып коюш керек, район аймагында акыркы мезгилде бир топ жетишкендиктер болду, активди, элди ынтымактуу болуп бирдиктүү аракеттерди жасоосуна жетиштик. Эл аралык уюмдар менен жакшы кызматташкандыгыбыздан 3 мектеп курдук, экономика да өстү, айта берсе көп эми. Анын баарын менин жеке кызматым дебейм, баарыбыз чогуу иштедик. Бир топ жакшы максаттар дагы бар эле.

- Анан ушундай жакшы иштер жүрүп жатса сиздин кызматтан четтетилишиңизге эмне себеп болду дейсиз?

- Ушу себепти мен дагы эл алдында айтып бердим. Муну мен жеке облус губернатору Марат Жумабековдун ар дайым Ак үйгө менин үстүмдөн тескери, туура эмес маалыматтарды берип, ошонун кылган иши деп эсептейм. Себеби губернатордун кээ бир талаптарын аткарууга макул болбой койгом. Губернатордун акыркы талабы: “райондук мекеме-ишканалардын жетекчилеринен бир миң АКШ долларынан жыйнап алып келесиң, мен президенттин туулган күнүнө барамын” деген талабын мен аткарбай койгом. Мен ага бериш үчүн кимдир бирөөдөн алышым керек да. Андан мурдараак губернатор Кадамжайдан үйлөнгөн кийинки аялын менин батириме суранганынан киргизип койгон болчумун. Андан кийин аялын ал жерден чыгарып, башка үй сатып бер дегенине мен каршы болгом. Азыр ошол менин квартирамда аялы жашап турат. Беттешсем далилдеп бере алам. Ушундай майда барат жеке нараазычылыктардын артынан мен жөнүндө терс пикирлерди жеткирип, мени кызматтан кетирүүгө жетишти.

- Демек сиздин кызматтан четтетилишиңизге губернатор менен жеке пикир келишпестигиңиз, акча себеп болду дейсизби?

- Мен так ошондой деп эсептейм. Бир нерсени дагы кошумчалап кетишим керек. Быйыл Кыргызстандын туңгуч жетекчиси Абдыкадыр Орозбековдун 120 жылдыгын абийрдүүлүк менен өткөрүп, кээ бир объектилерди бүткөрүп, анан өзүм эле арызым менен ушул кызматтан кетсемби деген оюм бар эле. Себеби губернатор Марат Жумабеков менен иштеш азыркы мезгилде өтө татаал. Бул киши өтө катуу тиет. Мурунку кызматтарда жүргөндө да такшала алган эмес. Ушундай киши менен иштешүү кыйын экен, акыркы мезгилде телефон аркылуу сүйлөшкөндө тартышып калбайын деп, жүрөгүм калтырай бштаган болчу. Ошондуктан кызматымдан кетүүнү чечкен элем.

- Маегиңизге рахмат.


Маратбек Жумабеков: "Маселени сот аркылуу чечебиз"

- Маратбек мырза, Кадамжай районунун мурдагы акими Асамидин Ташов кызматтан бошогонуна байланыштуу сиздин дарегинизге бир топ сөздөрдү айтып жатат, бул сөздөрдүн чындыгы канчалык?

- Эми ачыгын айтышым керек, Асамидин Ташовдун “Азаттыкка” берген маегине таптакыр эле таң калбайм. Себеби ал кишинин акыл деңгээли мага бир топтон бери эле белгилүү деп айткым келет. “Балчыкка таш ыргытпа, ыгрытсаң балчык өзүңө чачырайт” деген макал бар эмеспи, ошо сыңары ал киши менен алым сабак айтышкым келбейт.

- Асамидин Ташов губернатор менен акча, үй маселеси боюнча келишпей калдым деп жатпайбы...

- Эми ар ким өзүнүн сүйлөгөн сөзү үчүн жооп бериш керек. Анан аны менен мен алым сабак айтышып мен өзүмдүн туура, туура эместигимди аныктагым келбейт. Маселе чечүүнүн жакшы маданиятуу жолдору бар. Мен айткым келет, “Азаттыкка” өз оозу менен айткан интервьюсу боюнча мен аны сотко берсем, маселе маданиятуу жол менен чечилет. Себеби анын айткандары баары жалган, баары негизсиз. Эми интервьюсун уктуңуздар да, мен бул кишини көптөн бери билген киши катары аны орулуу болуп калганбы деп сезип жүрөм да, болбосо телефондон да коркобу? Болбосо сөздөн коркобу дегендей да. Ошон үчүн ар ким өзүнүн жасаган ишине, айткан сөзүнө сааты келгенде жооп берет деген пикирдемин.

- Асамидин Ташов жумуштан четтелишинин себебин билбей жатканын да айтты эле...

- Эми чынында ошол жетекчиликке деген, же болбосо облус губернаторуна деген өзүнүн ой-пикири, же болбосо сын көз карашы болсо ошо жумуш учурунда айтса болмок. Биз мамлекеттик кызматчыларды ишенип кызматка койгондон кийин ошо кызматты абийрдүүлүк менен аркалашты билишибиз керек. Кызматка келүүнү да билишибиз керек, кызматтан татыктуу кетүүнү да үйрөнүшүбүз керек. Анан “мени кызматтан алып койду, себебин билбей жатам, менин кемчилигим кайсы?” - деген өзү туура эмес. Себеби кимди болбосун кызматтан алаарда баягы “жети өлчөп бир кес” дегендей, ар бир иштеп жаткан мамлекеттик кызматчынын күнүмдүк, керек болсо айлык, жылдык ишине баа берилип турат.

- Маегиңизге рахмат.

XS
SM
MD
LG