Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 00:33

Саясат

Ө. Текебаев: Президенттин сөзү ишине дал келбейт

Кайрадан шайланган президент К. Бакиевдин алдыдагы беш жылга алган багыты тууралуу “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Ө. Текебаевди сөзгө тарттык.

Текст көлөмү - +
 - Президент Курманбек Бакиев президенттигинин экинчи мөөнөтүнө расмий киришти. Президент инаугурацияда сүйлөгөн сөзүндө өлкөдө күчтүү президент, көп партиялуу парламент, анан натыйжалуу өкмөт, өнүккөн жарандык коом идеяларын ишке ашырууга аракет кылааарын билдирди. Сиз бул ниетти кандай чечмелейт элеңиз?

- Мен муну чын ниеттен айтылган сөз деп эсептебейм. Анткени акыркы жылдары болуп жаткан окуялар президент Бакиев жүргүзгөн саясат айткан сөзүнө 180 градус каршы келе турганын көргөздү. Ошондуктан бул айтылган сөздөр кооздук үчүн айтылган сөздөр деп эсептейм. Бул сөз иш менен сөздүн дал келбегендигинин чоң күбөсү болуп эсептелинет.

- Сиздин оюңузча, күчтүү президент, көп партиялуу парламент кылыш үчүн эмне керек?

- Күчтүү президент - бул биринчи кезекте мыйзамдын чегиндеги президент, мыйзамдын аткарылышынын кепили болгон президент, адам укугунун, сөз эркиндигинин аткарылышына кепил болгон президент. Ал эми бизде Бакиевдин түшүнүгүндө күчтүү президент “өзүм билем, өтүгүмдү төрүмө илем” деген зомбулук, басмачылык саясатын күч деп билет. Ошондуктан бүгүн баардык маселе президенттин өзү гана эмес, анын айланасындагы жакын туугандары, анын айланасы мыйзамдан жогору туруп, бүт маселелер ушулар аркылуу чечилип жаткандыгында.

- Айрым талдоочулар көп партиялуу парламенттин айланасындагы сөздү парламентти кайра таратып, кайра шайлоо болушу ыктымал деген божомол менен улап атышат. Сизде кандай көз караш бар бул боюнча?

- Ал божомол бир гана учурда болушу мүмкүн, ички кландык күрөш мурункудай жанданып, күч алып кеткенде. Азыркы парламенттеги “Ак жол” партиясынын мүчөлөрүнүн жарымынан көбүн маркум Медет Садыркулов тизмеге киргизип түзгөн. Муну мына ошого кирбей калган күчтөрдүн реванш алуу аракети катары, үй-бүлөлүк күрөшүүдө экинчи тараптын үстөмдүк кыла башташынын белгиси катары караса болот. Экинчиден, ошол эле үй-бүлөлүк маселеде проблема бар, бул президенттин өз ыйгарым укуктарын күтүүсүздөн бирөөгө өткөрүп берүү зарылдыгы келип калышы мүмкүн ар кандай себептерден улам. Ошондо ким убактылуу анын милдетин аткарат деген маселе жаралат. Азыркы парламенттин ичинде андай адам жок деген ойду бүгүнкү бийликтегилер карманат. Ошондуктан алар өзү ишенген, биздин үй-бүлөлүк кызыкчылыкты сактап калат деген адам парламент курамына кирип, эстафетаны алгандай саясий кырдаал түзүү зарылдыгы пайда болушу мүмкүн.

Мына ошондон улам парламенттик шайлоолор кайра болушу мүмкүн. Болбосо бүгүнкү “Ак жол” партиясы Бакиевди толук канааттандырат. Анын каалоосун айттырбастан туруп аткарат. Бакиевдин түшүнүгүндө мындан өткөн парламент жок. Аны шайлоо алдындагы региондорго барган жолугушуусунда кайра-кайра баса белгилеп, “мына алтын парламент, ушулар келип менин ишим оңолуп атат” деп жарыя кылып жүрдү.

- Курманбек Бакиев үгүт өнөктүгү учурунда дагы, андан кийин президенттикке расмий таанылгандан кийин дагы айткан, кайталаган сөздөрү “ Кыргызстанды экономикасы байгер, стабилдүү өлкөгө айлантуу - биринчи максатым” деген сөздөр болуп атат...

- Эми баардык саясатчылардын, саясий партиялардын негизги максаты - элдин турмуш деңгээлин жогорулатуу. Бирок адам реалдуу максат кое билиш керек. Мисалы, Казакстан дүйнөдөгү 50 алдыңкы өлкөнүн катарына кирсек деген тилек койгон, аны түшүнсө болот. Ал эми шайлоо бүткөнүнөн 2-3 күндөн кийин Курманбек Бакиев элге кайрылуу жасады, анда дүйнөлүк державалардын катарына жакынкы жылдары киребиз деди. Дүйнөлүк держава бул 5-6 өлкө. Ал элинин саны, территориясы, аскердик жана экономикалык кубатуулуугу менен тарых аныктап койгон 5-6 өлкө. Алардын саны жакынкы кылымда көбөйүшү мүмкүн эмес. Мына көрдүңүзбү, ушунун өзү тапшырманы кое билбегендиги, Кыргызстандын тарыхый мүмкүнчүлүгүн так билбегендиги. Сырттан келген саясий технологдор жазып берген сөздү айтып кою менен Кыргызстандын жаңы курсун, анын улуттук приоритетин аныктоо мүмкүн эмес.

- Маегиңизге рахмат.

Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: venera каяктан: bishkek
08.08.2009 15:22
men sizdi ushunchalık sıylachu elem sizdin aitkan sozunuz menen kılgan ishinizdi kordum www.xexpress.kg den vidionustu korup ushunchalık zjiirkenip kaldım.

кимден: Омур каяктан: Бишкек
07.08.2009 14:44
Эшимканов азыр Максим м-н дос болгонуна жетине албай жүрөт, Кудай м-н дос болгондой болуп!

кимден: кубан каяктан: бишкек
07.08.2009 13:52
арзымат эщимканоff

кимден: Аман каяктан: бишкек
07.08.2009 13:29
эшимканов азыр Максим жана Курманбек Бакиевдердин досу. Аларга ишенем деп мактап жатпайбы.

кимден: don каяктан: Борбор
07.08.2009 13:16
Мурунку эл сыйлаган Текебаев азыр жок! Сен өзү аткаруу бийлигинде кыйратып иштейт элем десең качан эле иштемексиң да туурабы? Сенин колуңдан эч нерсе келбешин баары эле билип калды го дейм. Теория башка, практика башка да согласись....

кимден: Азиз каяктан: Ысыката
07.08.2009 12:16
Кыргыз эли ойгоно элек, быша элек, демократиянын сайранына Бийлик керек Бакиевге, бийлик керек Атамбаевге же Текебаевге ошолордун акчасы эле керек элге төлөсө чыгышат ызылдап, бербесе Эшимкановдун телесине жамандашат эл өзүбүз жумуру башпыз кечиргиле жердештер малдан эмне айырмабыз бар патриот, идея ойгонбосо аз күндө Бишекек ТЭЦи сатылат анан эмнеси калат Алмаздай Өмүкедей жигиттерибизди колдой албасак ыштаны жок каласык тезек сасып Мелистей дежур жигиттерге баракелде ээчигиле

кимден: Tina каяктан: Bishkek
07.08.2009 09:45
Эшимканов күн тийген жердин күкүгү, ким бийликте турса ошонун сөзүн сүйлөп "мурунку айткан сөздөрүмдү артка алдым ашыгып туура эмес сүйлөптүрмүн" дейт дайыма.

кимден: Мэлис каяктан: Чуй
06.08.2009 10:46
Өзүнүкү дал келеби? Эшимканов айтты го, ишенбегиле деп. Досу, кан досу!

кимден: Nurchik каяктан: Bishkek
05.08.2009 13:22
Айтканына кошулам, туура сындай алат, бирок өзү жөнүндө элде кандай ушак бар экендигин билет болду бекен Текебаев, нормалдуу болсо жакшы эле лидер чыкмак.

кимден: чынара каяктан: КР
05.08.2009 11:21
Бакиев антында айткандай КР мыйзамдары менен иш кылса биздин жашоо жакшырмак. Текебаев айткандай иши менен сөзү дал келбейт. Мыйзам чегинде иш кылбайт мыйзамды сыйлабайт кудайдан да коркпойт бу киши
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)