Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:39

Кандуу кагылыштын курмандыктары 68


Бишкектеги кандуу кагылыш, 2010-жылдын 7-апрели.
Бишкектеги кандуу кагылыш, 2010-жылдын 7-апрели.

Саламаттык сактоо министрлиги Бишкектеги кечээги окуяда атылган октон ажал тапкандардын саны бүгүн таңга карай 68 экенин кабарлоодо. Жаракат алгандар 400 чамалуу. Ордо калаа түнү бою талап-тоноочулуктун толкунунда калды.

Кыргызстанда 7-апрелде болгон окуяга азырынча так тарыхый баа бериле элек. Бирок саясат талдоочулар бийликтеги коррупция менен өзүм билемдик үй-бүлөлүк башкаруу беш жыл ичинде эле көпчүлүктүн көйгөйүнө тийгендигин бир күн ичиндеги бийлик алмашуу айгине кылды деп белгилей башташты. Жаңы бийликке келген күчтөр өлкө тарыхын таза барактан баштай алабы деген собол да көпчүлүктүн оюнда.

Элдик курултайдын борбордук аткаруу комитетинин мүчөлөрү жана бийлик өкүлдөрүнүн ортосунда кечээ кечинде болгон сүйлөшүүдөн кийин өкмөт башчы Данияр Үсөнов кызматынан чегинген арызын жазып берди. Элдик курултайдын борбордук аткаруу комитети элге кайрылуу жолдоп, бүткүл бийликти өз колуна алгандыгын жарыя кылды.

Тартип менен коопсуздукту орнотуу үчүн элдик кошундарды түзүп, Бишкектин коменданттыгына Турат Мадылбековду дайындап, тартип коргоо органдары менен аскер кызматкерлерин анын карамагына өткөрүп берди.

Он үч адамдан турган комитет төрайымдыгына Роза Отунбаеваны, Ички иштер министрликке Болот Шерниязовду, Коргоо министрлигинин башына түрмөдөн жаңы чыккан Исмаил Исаковду коюп, Кыргыз мамлекетинин жаңы барагын ачууга бел байлашты.

Бирок алдыга дароо ал баракты эмнеден баштоо керек деген суроо пайда болду. Жаңы өкмөттүн мүчөсү Азимбек Бекназаров эң башкы милдет деп мына буларды атады:

-Ушул 20 жылдан бери Кыргызстанды куруткан адамдардын фамилиясын ачыкка алып чыгыш керек. Аларды жазалашыбыз керек. Жердин түбүнөн болсо да байлыгын табышыбыз керек да элге кайтарып беришибиз керек. Ошондо эл бизге ишенет. Анан мындан кийин мамлекет башына келген бир адам эч убакта Конституцияны өзү үчүн каалагандай бурмалабай тургандай кылып Баш мыйзамды жазышыбыз керек.

А. Бекназаров андан тышкары мамлекеттин аймактык бүтүндүгүн сактап, эл бийлигинин үстөмдүгүн камсыз кылуу жана мыйзамдуулукту орнотуу керектигин да баса белгиледи.

Ал эми 8 жылдык жаза алып, түрмө жытын көрүп келген Исмаил Исаков сот адилеттигин орнотуу экинчи даражадагы милдет болбостугун айтат:

- Биз сотторду, прокурорлорду жана тергөөчүлөрдү да тазалашыбыз керек. Себеби мына биз отуруп чыктык, тергелип жатканда канчалаган балдарды кордуктап, тепкилеп, баштарына целлофан баштыктарды, противогаздарды кийгизип, газ кое берип жыттатып, кишен салып күнөөнү мойнуна алдырышат. Сот мыйзамда көз каранды болбойсуң деп жазылып турса да аны бузган адамдарды жазалашыбыз керек.

Анткен менен ал арада Курманбек Бакиев кызматынан баш тарткан тартпаганы белгисиз бойдон Ош шаарына учуп кетти жана ал жакта кол топтоп, жаңы бийликке каршылык көрсөтөт деген имиш пайда болду.

Ички иштер министрлигине келген Болот Шерниязов:

- Жарандар ортосунда кагылышуу чыкпайт. Бул бийлик Акаевдин бийлигине караганда көп канга малынып калды, бейкүнөө элдин каны төгүлүп жатса кайтып келип сес көрсөтүүгө абийири чыдабас жана акыры ал үчүн жазасын алат

Ал эми Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү кечээ кечинде жарат алгандардын саны өлкө боюнча 500 (анын 400ү Бишкекте) кишиден ашып, көз жумгандар 60тан ашты, жарадарлардын эң жашы 15, улуусу 50 жашта экендигин жана алар балдар ооруканаларына чейин жаткырылгандыгын билдиришти.

Каракчылар болсо Ак үйдөн баштап дүкөндөрдүн баарын тоноп, түнү бою тынышкан жок. Ички иштер министри менен Бишкектин коменданты аларга каршы элдик кошундарды ишке киргизди.

Элдик бийликтин колуна өткөн Улуттук телерадиокомпаниянын студиялары көрсөтүү берүүгө жараксыз болуп, түз эфирдеги маектерди ЭлТР каналында уюштурууда.

Бүгүн болсо көп көйгөйлөрдүн башы болгон Жогорку Кеңештин жана депутаттардын көбүн түзгөн “Ак жол” партиясынын тагдыры айкын болот.

Бакиевдин бийлиги учурунда чет өлкөгө кетүүгө аргасыз болгон айрым саясатчылар Бишкекке карай билет алып жатышкандыгын кабарлашты. Бирок алардын жаңы бийликте кандай орун алары азырынча белгисиз.

XS
SM
MD
LG