Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 03:45

Кыргызстан

"Калем": Жаш акындын алгачкы китеби

Жаш акын Махабат Касейинова 1985-жылы Нарын аймагында туулган. Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин тарых факультетин аяктаган.

Текст көлөмү - +
Алгачкы жыйнагым “Жолдо” деп аталды. Бул китеп менин биринчи жыйнагым болгондуктан колумда кандай ырым болсо ошонун баарын коштум. Негизинен “Сүйүү”, “Махабат” темасы басымдуу. Каражатка байланыштуу 250 нуска менен гана чыгарып калдым.

Уяңдык - бул менин эң негизги мүнөзүм дешет. Чыгармачылыкта да мен уяң поэзиянын өкүлүмүн. Уяң дегеним, жазганымды эл алдына алып чыгыш, жаштардын поэзия кечелеринде ыр окуш деген мен үчүн өтө оор. Мүмкүн чыгармачылыгым, дүйнөмдү ача албай жатканымдын башкы кемчилиги ушундадыр...

Жолдо


Бугум чыкпай эмнегедир жүрөктөн,
Бүгүн ыйлайм карап сени сүрөттөн.
Жерге түшкөн изиңди бир көрүүгө,
Жолго келдим далай жолу биз өткөн.

Жолдор жатат, жолдор кайда кетишмек,
Жоготту деп сени кайдан сезишмек.
Жетелешип кайра келет дешкендир,
Жүргөнүмдүү сезбей алар сени издеп.

Куштай болуп жаралуу да, аялуу,
Кээде кыштай бороон чапкын көңүлүм.
Ыраазымын өзүң менен жолуккан,
Ошол жолдо бүтсө менин өмүрүм.

Сен деп...

Карап калдым каректерге арбалып,
Сеникиндей жоодураган капкара.
Билгизбелим, бирок такыр ичимде,
Жалын болуп жалбырттап от жатса да.

Сеникиндей көздөр мага тигилип,
Коңур үнү, сенин үнүңө окшошот.
Учурашып мага сендей жылмайып,
Коштошкондо сендей болуп кштошот.

Жер жүзүндө жети окшошуң бар дешет,
Же ошондой окшошуңдун бирөөбү?
Сезимдери бирок аны башка экен,
Сеникиндей мен деп сокпой жүрөгү.

Жамгыр

Жамгыр эх, бир башкача,
Жаалданып шамалдагы коштоп алган.
Удургуп көңүлүмдө ойлор менен,
Унчукпас бир адамга окшоп алгам.

Ой- тилек, жакшы сезим, сүйүүлөрүм,
Ойноок кез баары менден алыстаган.
Жан дүйнөм сыздап ооруп турса дагы,
Жамгырдай төгүлө албай намыстанам.

Төкпөгүн жамгыр ичтен бук чыгара,
Төгүлүп башка бир сөз айта албасмын.
Сен кайтып көккө кездей кетпегендей,
Мен дагы балалыкка кайта албасмын.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)