Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 03:43

Экономика

60 тыйындын артына катылган миллиондор

Кыргызстандын 4 миллион ашуун калкы уюлдук телефон байланышын пайдаланат. Алардын жыл бою сүйлөшүүлөрү 250 миллион ашуун долларды түзөт.

Текст көлөмү - +
1-февралдан тарта байланыш кызматын көрсөтүү акысы дагы 60 тыйынга көтөрүлүп, экономикалык кризис тушунда иши өзгөчө жүрүшкөн компаниялардын капчыгын дагы кампайтканы турат.

60 тыйын деле чоң акча

Жылдан-жылга кирешеси арбып бараткан уюлдук байланыш компанияларынын 1-февралдан тарта кызмат акысын 60 тыйынга көтөрүшү артынан толгон-токой түкшүмөл суроолорду жаратты. Өткөн жылдын 30-декабрында мамлекеттик байланыш агенттиги “Кыргызтелеком” ачык акционердик коомунун тармактары аркылуу байланышты камсыз кылуунун акысы 0,09 центтен ашпашын милдеттендирген буйругун чыгарган.

Агенттик директири К.Кыдыралиев 0,09 цент уюлдук байланыш операторлору кызматы үчүн мындан ашык баа коюшка укугу жок экенин ырастап, жеке менчик байланыш компаниялары бааны кандай көтөрүүнү өздөрү чечишке укуктуу экенин билдирүү менен тим болду.

Эмнеликтен кирешелүү уюлдук байланыш компаниялары бир күндө, бир убакка бааны 60 тыйынга кымбатташынын себеп-жөнү көпчүлүккө табышмак боюнча эле калды. Азырынча “Megacom” , “Beeline”, “Fonex” уюлдук байланыш компаниялары кызмат акыны 60 тыйынга көтөрүп, калган “Nex”, “Katel” баа көтөрүштү чечише элек. “Fonex” уюлдук компаниясынын кызматкери Сергей байланыш кызматына 1-февралдан тарта 60 тыйын кошулганын ырастады.

- Гезиттерде жазып жатышпайбы, ошондой болуп жатат. Кошуп бергенибиз үчүн 60 тыйын алабыз.

“Katel” уюлдук байланыш компаниясынын кызматкери Елена Евсюкова 60 тыйын азырынча кошула электигин маалымдады.

- Компания кошкону үчүн азырынча акча албайт. Кийин болуп калса кардарларды кабардар кылабыз. Азыр бардык компаниялар акча алып жатышат.
Биз андан баш тарттык.

Ушундай эле позицияны “Nex” компаниясы да карманууда.

Акчанын артындагы кызыкчылык

Экономикалык кризис шартында деле иши жүрүшүп жаткан ийгиликтүү тармактын байланыш агенттигинин кезектеги буйругунун сыясы жакшы кургай электе чөнтөк телефон көтөргөндөрдүн нааразылыгын пайда кылган жаңы тарифтин артында кайсы таасирдүү күчтүн кызыкчылыгы баш багып турганын көпчүлүк боолголоп, анысын Интернет айдыңындагы пикир алышууларга жаадырууда.

Парламент депутаты, “Ак Жол” фракциясынын мүчөсү Бегаалы Наргозуевдун ырасташынча, уюлдук байланыш компаниялары экономикалык кызыкчылык үчүн ичара биримдикке келе алышты.

- Бирөөлөрүн алдаган, бирөөлөрүн коркуткан, бирөөлөрү менен болсо тил табышкан. Ушундай бир тариф орнотуп алсак баарыбызга пайдалуу дегендей кылып.

Парламенттеги социал-демократиялык фракциянын мүчөсү депутат Дамира Ниязалиеванын эсебинде, 60 тыйындын арты менен күнүнө он жолу телефон чалган адам 6 сом, бир аптада 42 сом, айына 180 сомго кошумча чыгым болот.

- Эми ушул 180 сомду 4 миллион 100 кардарга, уюлдук байланышты колдонгондорго көбөйтсөңүз бир айда 17 миллион доллар түшүп жатат.
Аны кайра он экиге көбөйтсөңүз бир жылда 200 миллионго чейин жалаң ушул тарифтен түшөт. 

Антип орточо эсептин артынан чыга келген миллиондорду эсептеп чыгышка ашкан акылдын деле кереги жок. Каражат табуунун кыныгын ала баштагандар үчүн уюлдук байланыш компанияларынын укмуштуу акчасы эле эмес, жыл аягында дайынга чыкчу энергетикалык компаниялардын кирешеден алынчу салыгын эмитен ай сайын өндүрүп алуу маселесин башка бирөө эмес өкмөт башчынын өзү коюп олтурат.

Анын баары Өнүгүү фондуна, реалдуу экономиканы өнүктүрүүгө жумшалары байма-бай айтылууда. Өлкөнүн экономикалык стратегиясына жоопкер борбордук агенттик менен анын алдындагы фонддон азырынча дымактуу билдирүүлөр менен демилгелер эле чыгып, оңор эмес каражаттардын көбү күргүштөлүп ошол жакка бурулууда.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Жамалидин Парманкулов. каяктан: Бишкек. КУУнун студенти,
04.02.2010 17:42
Мен биринчиден Даниярды күнөөлөйм. Себеби келери менен электр энергиясына болгон баанын көтөрүлүшү жана базар баасын жогорулаткандыгы үчүн, ал эми бүгүн мына минтип уюлдук байланыштардын ээлерин жыйнап мен айтканга маакул болбосоңор бизнесиңерди токтотом дегендигине.Урматтуу азаттык үналгынын кызматкерлери сиздер биздин үнүбүздү эркин жеткизестер деген үмүттөмүн.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
04.02.2010 09:35
балык башынан сасыйт дейт эмеспи, анын сыңарындай данияр келип-келбей жатып энергияга, жылуулукка ж.б. тарифтерин көтөрүп, " элдин эмнесин аяйсыңар" таризинде жол көрсөтүп койсо, башкалары карап турабы. эрге отурганда эле көчүгү кыйшык болду даниярдын, эми баягы боз үй тигип тоого чыгып кете турган күнгө жеткизбесе болгону. коңшулар элин алга карай баштайт экен, биздин бийлик тескерисинче болду го... элдин эсебинен кантип байышты ойлонгончо бабалардан калган мурастарды ( боз үйдү, калпакты, Манас эпосун... туулган жерди чексинен казып да (экс спикер тууралуу) бүтүндөй да сатып жатканын айтып-айтып элдин да ММКнын датили өтпөдү.) башкаларга тарттырып жибербей кантип сактап калуу керек деген маселенин үстүндө бир аз ойлонуп коюшса тарыхта кала турган чоң иш кылган болот эле. мына биздин Улуу урматтууларыбыз....

кимден: Nadkobey каяктан: Osh
03.02.2010 22:04
Oto uyat bolgon jeri ushunda: jakinda ele Bul kompanyalara (Megacom, Belline) ar-jakka kiykirip jatishpadibi ele.
Hit cheksiz!!!, a bul kanday boldu emi cheksiz degen chegi jok, tybolykko degenigo a bul chegerelenip kaldi, uyat bolduda bunday ati chikkan kompanyaga jarashpayt
Beeline Ukmush 50 tiyin Beeline kompanyasin Ukmushu 2 ayga dele chozulbadi kim bilet kanday niyette chigargan eken bul tarifti kompanya eeleri.

кимден: Жонокой бала каяктан: Ош
03.02.2010 21:18
Бу Кыргыздын Жегичтерине кол чабып Танданса Болот. Жештин дагы жолдорун укмуш билет. Алар кантип элдин акчасын жеш керек деген китеп чыгарышса деле болот. Бул жолкусунда өтө төмөн түшүп кетишти окшойт Жесе да Эби менен да туурабы Туугандар.

кимден: зарыл каяктан: Бишкек
02.02.2010 18:44
булар өлтүргөнү калтыптыр бизди. ошон үчүн телефондорду өчүрүп коюш керек бир эки күнгө, в знак протеста .а то ойлоп атышат, унчукпай эле төлөп жүрө беришет деп. көнгөн да элдин жолунан кайыш тилип жүрүп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
02.02.2010 17:30
Salik albette jakshi nerse birok mamleketke kirgen salik jakshi, saliksiz ec bir olko onukpoyt. Birok bizdikiler tilekke karsi alingan salikti bolushup alip jep jatishpaybi. Turtsiyada jakshi nerse bar, jeke biznes menen alek bolgondor sayasatka kire alishpayt jana sayasattagilar da jeke biznes menen alek bolo alishpayt, alar mamlekettin bergen ayligina jashashat

кимден: Мика каяктан: Ош
02.02.2010 16:30
Башкаруучалар буга дагы каниет кылбайт дагы көп нерсени кымбаттатат тойбостор экен да

кимден: synchy omar
02.02.2010 10:55
jakynda dem alganybyz uchun dagy akcha tolop kalabyz go. :)
atalgan uilduk operatorlor tarifin taktap reklamalashsyn emi. ukmush 50 tiyin mega hit 75 tiyin degen nerse joildu da. bir eskertuu kyrgyz telecom ushundan paidalanyp jonokoi telefondordun satyp aluu jana ornotuu baasyn kymbattodoo.

кимден: Шамши каяктан: Баткен
02.02.2010 10:51
Урматуу Бийлик төбөлдөрү. бирдиктүү декларация деп элден бир процент мүлкүн тартып алууну колго алдыңар, эми өнүктүрүү фондуна (бул фонд кимдин менчик фонду экени орустун баласына да түшүнүктүү эле) баласы орусияда жер төлөдө жашап, кар күрөп жүргөн кемпирдин тапкан каражатынан да 60 тыйын алып байысаңар ошол байлык көрүңөргө эстелик болуп берүүгө жараар бекен. Бийликтин шиши толду.

кимден: Жанета каяктан: Бишкек
02.02.2010 10:27
Булар биздин өзүбүздүн каныбызды гана эмес, битибиздин да канын соруп алышмай болду го!
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)