Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:36

Депутаттын өлүмү, парламент жана үч болжол


Депутат Санжар Кадыралиевдин сөөгүн атылган жерден алып кетишүүдө, 14-апрель, 2009
Депутат Санжар Кадыралиевдин сөөгүн атылган жерден алып кетишүүдө, 14-апрель, 2009

Депутат Санжар Кадыралиевдин өлүмүн ИИМ иликтеп, аны парламенттин комитети көзөмөлдөйт. Координациялык кеңештин чукул отуруму ушундай чечим кабыл алды. Маркумдун сөөгү 16-апрелде өзүнүн туулган айылына коюлмай болду.

Депутат Санжар Кадыралиевдин ок “жеп” өлүшү Жогорку Кеңештин өкмөт башчы Игорь Чудиновдун 2008-жыл үчүн отчетун угууну болжоп жаткан фракциялардын жыйындарын убактылуу токтотту. Анын ордуна Координациялык кеңеш өзүнчө, андан кийин Коргонуу, коопсуздук, тартип жана соттук-укуктук реформа комитети менен бирге кеңейтилген чукул жыйын өткөрдү.

Жабык өткөн бул чукул жыйында окуя боюнча Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин, Коопсуздук боюнча улуттук комитеттин жетекчилери маалымат беришти:

- Окуяны иликтөөнүн жүрүшү боюнча апта сайын маалымат берип туруу Ички иштер министрлигине тапшырылды. Экинчиден окуяны иликтөө өңүтү боюнча Башкы прокуратура менен ИИМ көзөмөлгө алынды, - деп билдирди жыйындан кийин комитет төрагасы Лейла Сыдыкова “Азаттыкка”.

Кеңейтилген жыйын ишти иликтөөнү көзөмөлгө алууну Коргонуу, коопсуздук, тартип жана соттук-укуктук реформа комитетине тапшырды. Ушул эле жыйын маркумдун иш бөлмөсүн ачып, текшерүүгө күч бийлигине уруксат берип, ага күбө болууга депутаттар Алишер Сабиров менен Рашид Тагаевди дайындады.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Бакыт Сейитовдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, Санжар Кадыралиевдин өлүмү боюнча Кылмыш кодексинин 294-беренесинин негизинде кылмыш иши ачылып, аны иликтөө ИИМдин Тергөө башкармалыгына берилди. Министрлик азыр үч божомолдун негизинде иштеп жатат, деп билдирди маалымат катчы:


- Биринчиси, коопдук ишмердүүлүгү багытында, экинчиси, криминалдык божомол, үчүнчүсү, өзүнүн коммерциялык иштери тууралуу божомолдор бар. Ошолордун бардыгын текшерүү, иликтөө, тактоо иштери учурда катуу жүрүп жатат.

Парламент болсо өз алдынча комиссия түзүү демилгесин көтөрө элек. Бул тууралуу маалымдаган Жогорку Кеңештин төрага орун басары Кубанычбек Исабеков депутаттын өлүмүн азырынча саясий себеп менен байланыштырган жери жок:

- Бул жерде саясий жагдай жок, албетте бул жерде саясий ишмер өлүп атат, Жогорку Кеңештин депутаты – бул, саясий ишмер.

Социал-демократтар фракциясынын төрага орун басары Иса Өмүркулов маркум тирүү кезинде ишкердик жүргүзгөндүгү жөнүндө маалыматы жогун айтты:

- Ал активдүү депутат болгон. Бир нерсе деп айтуу эртелик кылат, - деди депутат журналисттерге.

Маркумдун кылмыштуу иштерге аралашкандыгы тууралуу божомолду да чындыкка чыгаргандар боло элек. Дегеле Кадыралиевдин дээрлик бардык кесиптештери кандайдыр бир ой айтуудан карманып турушат. Маркум депутат мүчө болгон “Ак жол” фракциясынын төрагасы Улугбек Ормоновдун пикиринде депутаттын өлүмүнүн айланасында ачык талкууну анын сөөгү жерге берилгенден кийин жүргүзүү жөндүү. Акыркы маалыматтарга караганда бул маселеге парламент жума күнү кайрылганы турат:

- Эми ушундай кайгылуу окуя болуп калды. Эртең сөөгү жерге берилет. Ата-энеси туулган жерине алып кетебиз деп, алып кетишти. Себеби үй-бүлөсү жок жаш жигит эле.

Маркумду 16-апрелге белгиленген акыркы сапарга узатуу расмисине катышуу үчүн депутаттардын алды Куршабга кечээ барышты.


Жогорку Кеңештин депутаты Санжарбек Кадыралиевди 14-апрелде Бишкекте белгисиз бирөө атып кеткен. Ал парламентке 2007-жылкы кезексиз шайлоодо “Ак жол” саясий партиясынын тизмеси менен келген. 2006-жылы болсо Кадыралиев өкмөттүк ишке өткөн Адахан Мадумаровдун ордуна бир мандаттуу Куршаб шайлоо округунан шайлоого катышып мурдагы парламентке депутат болгон. Депутаттык мандатты ал атаандашы Мамат Орозбаев менен узак мөөнөттүү чыр-чатактардан кийин алган.

Санжар Кадыралиев саясатка келгенге чейин спорттун дзюддо жана эрежесиз кармаш түрлөрү боюнча спортчу катары таанылган.

Депутат Санжар Кадыралиевди атып кетишти
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:30 0:00
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG