Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 03:38

Саясат

Шүгүрчүлүк, эми Мамлекеттик Кеңештен экөө

Парламенттин Мамлекеттик түзүлүш, конституциялык мыйзамдуулук комитети президенттин милдетин убактылуу аткаруучу адамды тандай турган Мамлекеттик Кеңеш түзүү жөнүндө сунушту Конституциялык Соттун кароосуна жөнөтүү чечимин кабыл алды.

Текст көлөмү - +
Парламент комитети дагы бир Мамлекеттик Кеңеш институтун түзүп, ага президент кызматын аткара албай калган чакта утурумдук мамлекет башчыны дайындоо укугун берүүнү Конституцияга киргизүүнү сунуштоодо.

Өлө элек аюунун териси

Ушул жылдын 21-январында Конституциялык Сот Башмыйзамга киргизилчү өзгөртүүлөргө берген корутундусунда президент өз милдетин аткара албай калган учурда анын ыйгарым укуктарын убактылуу аткаруучуну дайындоо маселесин Президенттик Кеңеш чече албайт деп белгилеген.

Мамлекеттик түзүлүш, конституциялык мыйзамдуулук комитети мурунку Президенттик Кеңешти Мамлекеттик Кеңешке алмаштырып жаңы өзгөрүүнү Конституциялык Сотко жөнөтмөкчү. Адилет министри Курмантай Абдиев мурунку Мамлекеттик Кеңеш жоюла электигин маалымдады.

- Азырынча ал Мамлекеттик Кеңеш бар. Эгер мобуреки кошумча кабыл алынып калса анын тагдыры чечилет да.

Башталган иштин аягы

Парламент төрагасы, өкмөт башчы, ошондой эле президенттик кызмат өкүлдөрүнөн турган жаңы Мамлекеттик Кеңеш мамлекет башчысы милдетин аткара албай калган чакта үч күн ичинде чогулуп, мамлекет башчысынын ордун кимге ыраа көрүштү чечишке укуктуу. Анын себеп жөнүн кесиптештерине депутат, “Ак жол” фракциясынын өкүлү Ажыбай Калмаматов мындайча түшүндүрдү.

- Мисалы үчүн мага Жогорку Кеңеш төрагасы автоматтык түрдө президенттин милдетин аткарып калганы жакпайт.

Конституцияга киргизилчү өзгөрүүлөр коммунисттер фракциясында да колдоо тапканын депутат Бейшебек Акунов белгилеп, бул жаңылык кесиптештеринин купулуна толгонун жашырган жок.

- Эмне болот деп отурсам, мынабу кичине ынандыргандай болуп калды. Мен ошон үчүн макул дедим эле. Көп деле кападар болбосок. Элдин баары беш колдой тең эмес. Бирөө ошол кеңешменин ичинен, ошол 750 кишинин ичинен эч болбоду дегенде каршы чыгышы мүмкүн да. Болбойт мунуңар деп.

Орун бирөө - ашыккандар экөө

Анткен менен Мамлекеттик Кеңеш мүчөлүгүнө кирген спикер, премьер-министр, анан да президенттик акимчиликтин жетекчилеринен куралган топ арасына көпчүлүктүн көзүн будамайлоону жактырган кайсы бир найсеп кирип калбайт деп деле эч ким кепилдик бере албайт. Аны парламенттеги социал-демократиялык фракциянын жетекчиси Роза Отунбаева ачык эле айтты.

- А болсо жалаң чиновниктерге берип атат. Ичинде баласы отурат. Баласы айтат экен да кимди алып келиш керек экенин. 
Баласы айтат экен да кимди алып келиш керек экенин. 
Мен айтып атам, ошол Мамлекеттик Кеңештин ичинде төртөө-төртөө болуп кармашып калса, мейли төртөө-бешөө болуп. Бирөө болсо Жаныш Бакиев деп. Бирөө болсо Максим Бакиев деп. Эки жагынан. А биз эмнеге ошолордун барымтасы болобуз. Эмне үчүн ушундай механизмди куруп жатабыз? Биз бирөөнүн кызыкчылыгына Кыргызстандын элинин тагдырын толук салып берип жатабыз.

Мамлекеттик Кеңеш, “Ак Жол” партиясынын төрага орунбасары Автандил Арабаевдин ырасташынча президенттин милдетин аткаруучу адамды дайындоого гана чогулушу керек.

Парламент комитети Конституциялык Соттогу талкууда “Ак жол” фракциясынан төрт депутатка Мамлекеттик Кеңеш жөнүндөгү сунушту түшүндүрүү тапшырмасы берилди. Конституциялык Сот ишти кабыл алса, аны үч ай ичинде карап чыгышы керек.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Нур каяктан: Чүй
03.02.2010 17:18
Роза эже анча мынча эркектерге караганда түзүк

кимден: Балта каяктан: Нарын
03.02.2010 09:45
Ажыбай ака, мыйзам нормалары жаккыдай же жакпагыдай ал эмне кыз беле. Кеп мыйзамдын иштөө механизминде, мамлекет бир саат, бир мүнөт да башчысы жок калбаш керектигинде, үч күндүн ичинде деген эмне болуп кетээрин бир кудай билет. Ошондуктан дүйнөлүк практикада мындай нерсе жок.

кимден: Kolpoch
03.02.2010 09:34
Роза Отунбаева эже туура айтасыз! Эки экиден болуп кырылып калыша турган болсо, кыргыздар "башы" жок дагы бир нече ай олтурабыз. Ошондо бармак тиштейбиз. Менимче Башмыйзамга өзгөртүү киргизип, Мартта курултай чогултуп, анан Курманбек Бакиев ден соолугума байланыштуу кызматтан кеттим деп, ордуна уулун даярдайт болушу керек. Анан 3-4 ай тегерегинде Президенттик шайлоо болуп эл башына кыргызча билбеген Максим Бакиев олтурат. Бул бир версия. Экинчиси. Максим же башкалар күч колдонуу менен Курманбек Бакиевди Баш мыйзамды өзгөртүүгө мажбурлап жатат. Эми андан аркысы сиздин аналитикалык ой жүгүртүүңүзгө жараша уланат...

кимден: Alexander каяктан: Rossia
03.02.2010 08:49
znaete vawa strana kak interesni serial. na vas smotriw, o chitaew i nevolno prixodiw k vivodu chto u vawix politikiov net zdravogo smisla. oni vse prodajnie, tochnee ix vsex kupili uje za growi.. chtobi poniat vawix politikov vam nado pochawe xodit v teatr kukol-marionetok. a u vas voobwe est takoe?? no serial prodoljaetsa...

кимден: немис каяктан: Германия
03.02.2010 01:36
К.Бакиев, Бакиевдин баласы 4 жылдан бери Кыргызстандын алакандай элинин жашоосун бир аз болсо да, жакшы турмушка жеткирип койсо, гүлдөгөн турмушту орнотуп койсо, кыргыз элине тиешелүү болгон жерлерин намыстуу болуп, коргоп койсо, кыргыз тилин сыйлап, көкөлөтүп койсо, кийинки муундарга келечегин перспективдүү кылып койсо, патриоттуулук духта тарбияга негиз кылып, көңүл толгудай система түзүп койсо, кыргыз эли, кыргызстандыктар Бакиевдин хандык бийлигине деле, баласы президент болушуна деле эл каршы болбойт беле деп ойлойм, б.а. Бакиев баласы менен кыргыз элине-жерине жакшылыктуу кызмат кылып, өткөзүп койгон бир нерсеси болуш керек да, анан ар кандай өзгөртүүлөрдү кыла берсе болот беле? Ал эми, Бакиевдин азыркы учурдагы кыргыз элине-жерине кылып аткан мамилесин карагылачы: тезек тергиле дегени, электрдин тарифинин көп эсе көтөрүлүшү, айлык акынын бир калыпта кичине бойдон турушу, коррупциянын, паракорлуктун гүлдөшү, элдин укуктарынын басмырланышы, азык-түлүктүн, ж.б. товарлардын ченебей баалары көтөрүлүшү, кыргыздын ата-бабаларыбыз кан төгүп сактап калган жерлерин сатыкка койуу, чек арадагы кыргыздарга башка улуттардын зордук-зомбулуктарына намыстуу жооп бербегени, ондогон жылдарга Кыргызстандын өнүгүүсү артка кеткени, илгерки хандык бийликти орнотуп атканы, бул эмне деген өз эли-жерине кылган наадандык мамиле? Бакиевдин бийлигинин күнү бүтөөрүнө аз убакыт калган го, же болбосо эмне мынча шашкалактап, бул президенттике өз баласын койгонго, негизги мыйзамды бузуп, танкадай эле дүркүрөтүп сүрүп баратат? Бул эмне деген өз эли-жерине болгон душмандык мамиле деги??? Элде сөз бар эмеспи «Ичтен чыккан жат жаман» деген. Мына бүгүнкү күндөрү, Кыргыз бийлигинде, ушул «сөз» иштеп аткан го анда?

кимден: Marat каяктан: Bishkek
02.02.2010 23:46
Kudai koldop ylaiym ele ak-jol kara-jol deputtary aitkandai tez ele prezident mildetin atkaralbai kalsa eken dep jatkanyna menda jana Kyrgyz elinin 95%koldop jatat.Emne uchun degende el shailagan emesda.

кимден: Кыргыз баласы каяктан: Москва
02.02.2010 20:43
Урматуу депутатар, констутициялык сот, дегеле жогорку кызматта иштеген адамдар. Мен тан калам, президентибиз тируу ден соолугу таза ишке жондомдуу, Анан эмне эле муну озунчо проблема кылып, депутатарыбыз канчалаган алтындай болгон убакытарын болуп атышат тушунбодум. Эмне депутатар башка кыла турган ишинер жокпу. Же биз бай мамлекетпизби. Андан коро канчалаган ото зарыл жумуштар турат андан коро ошол жумуштарды жасабайсынарбы. Мисалы: казактар Ысык-Колдогу курорторду алып жатышат, элибиз темселеп,Россияда, Казакстанда жана башка жерлерде журушот, итин кунун корушуп. Жарым кыргызыбыз Россиянин болуп кетишти. Чек арада канчалаган койгойлор турат. Айта берсе арман коп кыргыздарда. Айтайын дегеним депутаттар, жогорку кызматта иштеген адамдар майда чуйдо нерсе башынарды оорутпай. Мен мисал келтирген койгойлорду, кыргыз эли учун он жагынан чечунорду суранам. Биринчи жерин болсо анан мамлекет болот. Ошон учун жер маселеси биз кыргыз эли учун ото зарыл. Эгер мындай калыпта кете турган болсок, кыргыз эли чачырап жок болобуз, Ошон учун жогорку кызматтагылар аябай терен ойлонгула.

кимден: Акжол каяктан: Жалалабат
02.02.2010 20:21
Эмне мынча жанталашып шашып, "атыла элек аюунун терисин боло албай" жатышат. Же биздин президенттин ден-соолугу начарбы? Тын эле басып журот ко? Тромбасын айыктырды деп уктук эле. Не болсо да Президенттен колунарды тарткыла! Жаныш да, Максим да азыркы президенттен он эсе каардуу болоорун унутпагыла.

кимден: Nur каяктан: Bishkek
02.02.2010 19:30
Курмантай Абдиев агайыбыз айткандай " мобуреки" деп абдан так, бир соз менен тушундуруп коюптур го.

кимден: Руд каяктан: Нарын
02.02.2010 19:18
Эй туугандар илгери аталар айткандай "кардын башын кар жейт" анан башкасы бышса башкасын жейтта эмнеге сарсана болосунар элге тамак нан болсо дагыда акча болсо баарына кайыл чуркай беришетта!
УБАКЫТ БААРЫН КОРСОТОТ,

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)