Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:34

Өкмөт башчылыкка талапкер - Данияр Үсөнов


Жогорку Кеңештеги “Ак жол” фракциясы премьер-министрликке Данияр Үсөновдун талапкерлигин талкуулап баштады.

Президент 20-октябрда реформаларды жарыялагандан кийин эле өкмөт толук курамы менен кызматтан кетип, ошол эле күнү кечинде “Ак жол” партиясынын саясий кеңешинин жыйыны болуп, жаңы премьер-министрди дайындоо маселесин карады.

Премьер-министрлик кызматка үч талапкер: Игорь Чудинов, Бишкек мэри Нариман Түлеев жана президенттик администрациянын башчысы Данияр Үсөнов каралып, акыркы талапкер колдоо тапкан.

Мындай маалыматты Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясынын депутаты Бегалы Наргозуев “Азаттыкка” билдирди. Бүгүн 21-октябрда “Ак жол” фракциясынын жыйыны болуп, анда жаңы премьер-министрдин ысмы ачыкталат.

Мурдагы премьер-министр Амангелди Муралиевдин пикиринде Данияр Үсөнов башкаруу системасын, коммерция, бизнести да мыкты билет. Бирок өкмөт башчы болуп калса, президенттин реформасын ишке ашыра алабы же жокпу аны мезгил таразалайт.

“Ак шумкар” партиясынын лидери Темир Сариев реформадан президенттик бийлик чыңдалып, бөлүнгөнү менен ким эмнеге жооп берээри аныкталбай калганын “Азаттыкка” билдирди.

Конституция боюнча премьер-министр өкмөттүн түзүмүн аныктап, Жогорку Кеңешке бекитүүгө сунушташ керек. Бирок өкмөттүн жаңы түзүмүн президент шейшембиде жарыялап салды. Эми жаңы өкмөт башчы дайындалгандан кийин структураны аныктоо боюнча формалдуу гана иштерди жүргүзөт.

Игорь Чудинов өкмөт башчылыкка 2007-жылдагы президенттик шайлоодон кийин келген. Ал башчылык кылган өкмөттө бир нече ай мурун эле ири өзгөрүүлөр болгон. Маселен, биринчи вице-премьер-министрликке Өмүрбек Бабанов келген. Каржы министри алмашкан болчу.

Президент жарыялаган реформа боюнча өкмөттүн тутуму да өзгөрөт. Эгерде азыркы өкмөттө 14 министрлик, беш мамлекеттик комитет жана жыйырмадан ашуун агенттик, кызматтардан турса, жаңы структурада 14 министрлик, жети агенттик жана алты кызмат, эки фонд болот.

Эгемендүү өлкө болгону өкмөт башчы жана анын милдетин аткаруучуларды кошо эсептегенде бүгүн 18-премьер-министрдин ысымы аныкталат. Буга чейин 19 жылдын ичинде Кыргызстанда өкмөт башчы жана анын милдетин аткаруучулар 17 жолу жаңырган.


КЫРГЫЗ ӨКМӨТҮН КИМДЕР БАШКАРГАН?

1. Насирдин Исанов, премьер-министрлик кызматта 22.01.1991 – 29.11.1991
2. Андрей Иордан, премьер-министрдин кызматын аткарган. 29.11.1991 – 10.02.1992
3. Турсунбек Чынгышев, премьер-министр болуп турган кези. 10.02.1992 – 13.12.1993
4. Алманбет Матубраимов, премьер-министрдин милдетин аткарган. 13.12.1993 – 14.12.93
5. Апас Жумагулов, премьер-министр болуп турган. 14.12.1993 – 24.03.1998
6. Кубанычбек Жумалиев, премьер-министрлик кызматында 24.03.1998 – 23.12.1998
7. Борис Силаев, премьер-министрдин милдетин аткарган 23.12.1998 – 25.12.1998
8. Жумабек Ибраимов, премьер-министр болгон 25.12.1998 – 04.04.1999
9. Борис Силаев, премьер-министрдин милдетин аткарган. 04.04.99 – 12.04.1999
10. Амангелди Муралиев, премьер-министр 12.04.1999 – 21.12.2000
11. Курманбек Бакиев, премьер-министр 21.12.2000 – 22.05.2002
12. Николай Танаев, премьер-министр 22.05.2002 – 24.03.2005
13. Курманбек Бакиев, премьер-министрдин да милдетин аткарган 25.03.05 – 15.08.05
14. Феликс Кулов, премьер-министр. 15.08.2005 – 29.01.2007
15. Азим Исабеков, премьер-министр. 29.01.2007 – 29.03.2007
16. Алмазбек Атамбаев, премьер-министр болуп дайындалган күнү: 29.03.2007 -
17. Игорь Чудинов, премьер-министр.

XS
SM
MD
LG