Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 07:45

Саясат

Ж. Сааданбеков: Роза Отунбаевадан калкына калыс саясат керек

Роза Отунбаева президент катары ант берип, бир жарым жылга ишине расмий түрдө киришти. Жаңы президенттин алдындагы биринчи кезектеги милдеттер жана жоопкерчилиги жөнүндө коомдук жана саясий ишмер Жумагул Сааданбеков "Азаттыкка" ой-пикирин бөлүштү.

Роза Отунбаева 3-июлда ант берип, президенттик кызматына расмий киришти
Текст көлөмү - +
“Азаттык”: Мына Кыргызстанда референдум өттү, конституция кабыл алынды, президент да шайланды деп укуктук талаага түштүк деп жатабыз. Эми президенттин алдындагы биринчи кезекте аткара турган милдеттер кайсылар деп ойлойсуз?

Жумагул Сааданбеков: Кечээ күнкү инаугурацияга мен да катыштым. Р. Исаковна өзүнүн сөзүндө айтты Каныкей, Жаңыл мырза Курманжан датка энелердин өрнөгүн күндүз жанымдан чыгарбайм, түнкүсүн шам чырак кылам деп. Роза Исаковна азыр чындыгында элинин арка-бел туткан кызы болуп турат. 

Эң биринчи Кыдыр акемдин сөзү: “Ыймандуу бийде тууган жок, туугандуу бийде ыйман жок”, ушуну мен туу кылып алам деди. Бул киши бир жарым жылдын ичинде коррупция, тууганчылык, жердешчилик дегенди жоюш керек. Калыстык, кайра-кайра калыстык, биринчи милдети ушул.

“Азаттык: Кыргызстан көп улуттуу өлкө эмеспи, улуттар аралык ынтымак болбосо өнүгүү болбой тургандыгы түшүнүктүү. Андыктан азыркы президент жана башка бийлик өкүлдөрү, соңку мезгилде Ош жана Жалал-Абадда болгон окуяларды эске алганда, Кыргызстандын улуттар аралык саясатын кайра карап чыгыш керекпи?

Жумагул Сааданбеков: Өтө терең карап чыгыш керек. Биз чынын айтышыбыз керек, акыркы жылдарда улуттук саясат деген болгон жок. Улуттук саясат деген кадрдан башталат, өйдө жакты карасаң орустар жок министрлердин арасында, улутчулдукка ооп алдык. Көп улуттуу өлкө болгондон кийин кадрлардын арасында дагы, бардык саясатта башка улутту аралаштырыш керек. Бардык улуттар тең укутуу болуп турса, калыстык болсо, анан тынчтык болот. Эмнеден чыкты, ар кандай ушактар болуп атат, андай-мындай деп атабыз. Жыйырма жыл мурда болгон бул чатак дагы улуттук саясатта идеологиялык, уюштуруу маселелеринде кетирген каталардан келип чыкты.

“Азаттык”: Кадр маселеси деп атасыз, алдыда парламенттик шайлоо турат. Ошол шайлоону акыйкат өткөрүп алуу үчүн Роза Отунбаева калыстык кылып, гарант болуп бериши керек деп көп айтылууда. Мына ушул милдеттин өтөсүнө чыгыш үчүн президентке кандай кеңеш берет элеңиз?

Жумагул Сааданбеков: Жанагы эле калыстык. Жанында жүргөн партия жетекчилери турат. Ушуларды элдин арасына түшүрүп, башка партиялардын катарына коюп калыстык кылса эл айтат да калыс киши экен деп. Жанагы өзүнүн тегерегиндегилерге тарткан жок, эл катары катышты деп ойлойт эле. Мен ошол кеңешти берет элем.

Азыркы мамлекеттик бийликке башкача, партиялык кызыкчылыгы жок кишилерди, жалаң технократтарды, экономиканы түшүнгөн пайдалуу жигиттерди коюп алып, жалаң экономикалык инновация жана модернизация менен элдин турмушун жакшыртуу жагында иш кылыш керек.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: toka каяктан: москва
05.07.2010 17:48
Эн туура деп кошулам Калыстын созуно
Бакиеди эл алдында жазалоосун талап кылабыз,парламентке жаны адамдврдын жузун коргубуз келет
бизге Сариев,Атамбаедердин кереги жок,Алардын ишеничи телефон
аркылуу суйлошусу менен миллондрду болушкону менен иштери буткон

кимден: Калыс каяктан: Бишкек
05.07.2010 14:59
Акаевдер менен Бакиевдер өз жазаларын алмайын, териштирип элдин алдына күнөөлору койулмайын калыс саясат болот деп мен ишенбейм. "Өтту, кетти, болоору болду, калгандардын башы аман болсун" - деп кыргызчасынан жөн койсо кайра эле баягылар кайталана берет. Анан элдин ишеними кетет. Ошондуктан менин сунушум: мурунку эки президенттердин жана анын жан жөкөрлөрүнүн артын тазалаш керек, отургузуш керек ошондо эл калыстыкты көрөт. А так, баягы байгашканын таягы дегендей сөз.

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Тоң жер менен алышкан энергетиктер

Катуу сууктан электр энергиясын керектөө Бишкекте кескин жогорулап, авариялык өчүүлөр болуп жатат. (MiT)