Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5617
KGS / 
EUR
61,275
KGS / 
USD
46,574

VIP маек

Сөз таануу

Саясат

Президент Баткенде дагы бир район түзүү демилгесин кубаттады

Президент Роза Отунбаева Баткен облусунда, 29-июль.

Президент Роза Отунбаева Баткен облусунда, 29-июль.

30.07.2010

Баткен облусундагы кечээки иш сапары учурунда Роза Отунбаева кыргыз-өзбек чегиндеги Бүргөндү өрөөнүндө да болуп, Өзбекстан иштетип жаткан бул жердеги мунай, газ кендерин Кыргызстанга кайтарып алуу, аталган аймакта өз алдынча район түзүү демилгелерин колдоду.

Президенттик бийликке келгенден бери биринчи жолу Баткенде иш сапары менен болгон Роза Отунбаева аймакта ири делинген Теке-Секирик долбоору, аны ишке ашыруу жолдору менен таанышты. Эгер бул долбоор ишке ашса Баткен районундагы 34 миң гектар жер суу менен камсыз болот.

Президент андан ары облус борборунда аймактын активи менен жолугушуп, убактылуу, андан кийинки техникалык өкмөттүн жасап жаткан иштер, алдыдагы максаттары тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Ош, Жалал-Абадда болгон өткөн айдагы кандуу окуяларга да токтолуп, бул аймактардагы абалды мындан ары жөнгөрүү үчүн ЕККУ полициясынын кеңеш берүүчү өкүлдөрүн киргизүүгө байланышкан маселе чырлуу болуп жатканын айтты:

- Эми аны полиция күчтөрү деп абдан коркунучтуу түрдө айтып атышат да. Мына демонстарциялар болуп атат, митингдер болуп атат. Азыр айтпаган киши жок бул жөнүндө. Саясий күчтөр болсо бул фактынын үстүндө жөн эле ойноп жатат.
Президент Роза Отунбаева Баткен облусунда, 29-июль.

Өлкө жетекчиси иш сапарын андан ары Кадамжай районунун Өзбекстан менен чектешкен Бүргөндү өрөөнүндө улантып, аймактын бош жаткан экинчи тарабын өздөштүрүү долбоору менен таанышты. Ак-Турпак айыл округунун башчысы Алчынбай Имаров бул долбоор каржылоого алынып калса Өзбекстан менен чектешкен 17 чакырымга созулган кароосуз аймаккка эл отурукташып, чек ара бекемделээрин белгилеп, бул аймактан Өзбекстан газ, мунай тартып алуу үчүн пайдаланып жаткан жерди кайра өлкөгө алуу маселесин кабыргасынан койду:

- Бир күндө эле 20 тоннага жакын нефтини өндүрүп, Өзбекстанга алып кетишип жатат. Кошуналар кен байлыктарыбызды ушинтип беп-бекер алып жатышат. Бул үчүн бизге эч кандай ижара акы да, салык да төлөшпөйт. Биз бул боюнча Өзбекстанга кайрылсак, катыбызга жооп да берип койушкан жок.

Президент менен жолугушуу учурунда кошуналар пайдаланып жаткан бул жер эч кандай талашы жок эле Кыргызстанга тиешелүү экени, бул маселени чечүү үчүн мамлекттик денгээлде чечкиндүү аракеттер көрүлүүсү зарылдыгы айтылды:

- Бул жерлер биздики болгондон кийин бизге өтүш керек болчу.Бул боюнча өкмөттүк денгээлде сөз болуп, биздин мүлк фондуна учурунда тапшырма да берилген болчу алгыла деп. Бирок эмнегедир ушул күнгө чейин маселе жылбай турат, - деди чек араны аныктоо боюнча паритеттик комиссиянын мүчөсү Назирбай Бөрүбаев

Президент Роза Отунбаева болсо бул аймактан Өзбекстан пайдаланып келген мунай чыккан жерди, табигый газды сактоочу жерлерди кайтарып алуу, же Кыргызстан пайдаланган көгүлтүр отун үчүн өз ара эсептешип алуу маселелери жогорку денгээлде каралаарын белгилеп, аны чечүүнүн оңой жолу – аймакты өздөштүрүү экенине токтолду:

- Негизи азыр Өзбекстан менен биздин катнаштарыбыз жакшы. Өзгөчө акыркы окуялардан кийин бизде ушундай ишенимдүү сөзүбүз бар. Ошон үчүн бул маселени биз аягына чейин чыгарганга аракет жасайбыз. Мен мунун баарын Муралиевге айтам, ал киши билет мындай маселе барын. Ошону менен чечкенге аракет кылабыз. Бирок мен ойлоп жатам, жергиликтүү бийлик көтөрүп жаткан демилге боюнча бул аймакка суу чыгарып, бул жердин баарын өздөштүрүп алсак булардын баары биздин аймактын ичинде, короодо калгандай болуп эле чечилип калат экен. Ушул жолу да жакшы, мүмкүн ушул жол менен чечебиз.

Мындан сырткары президент Бүргөндү аймагына өз алдынча район статусун берүү демилгесин да кубаттап, аймакта инвестиция тартуу жакшы жолго коюлганын кошумчалады:

- Сөзсүз колдойм да. Мен акчалардын баарын тактап алдым бул жактан. Мен бир нерсени так айтып кетет элем, Баткен облусу боюнча. Бүгүн 2-3 жерден долбоорлорду көрсөтүштү, схемалар менен сандары так, адистер да ишенимдүү айтып жатышат. Мен абдан ыраазы болдум, мындай иш ар бир эле облуста боло бербейт.

Мындан тышкары президент Өзбекстандын Сох анкалвын айланып өтүүчү Пүлгөн-Бүргөндү-Баткен жолун кура турган кытайлык компаниянын уюштуруу иштерин көрүп, Кызыл-Кыядагы цемент заводунун иши менен таанышты. Ушуну менен президенттин Баткен облусундагы сапары карып, кечке жуук кошуна Ош аймагына жөнөп кетти.
Бул шерине жабылды
Электөө
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
кимден: Баткенчи каяктан: Баткен
01.08.2010 13:05
Теке-Секирик болбогон нерсе. Айжигитов курулай популизимдин оордуна, чек-ара, жер, онор-жай кайра иштетуу менен алктенбейби. Какыраган ташка суу чыгарам деп, эмне остургону жатат? Кайсы эл талаага чыгып иштейт? Баткендин жарым калкы Россияда жургондо. Эгерде бул долбоор ишке ашса, Баткен, Чонталаа массивдери сазга айланат, кошумча жер оздоштуробуз деп башка жерлерибизди жоготуп алабыз.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
31.07.2010 15:09
Бир сөз менен айтканда, Баткенди байытуу керек, антпесе андагы элдин баары жумуштун жоктугунан, Ошко, Бишкекке, ж.б. жактарга агылып кетип жатат. Алардын байырлап турган жерлерин ачыктан ачык эле коңшу туугандар басып, иштетип жатып калып жатат. Чек арадагы жашаган кыргыздарга, керек болсо ошол жерде жашап тургандыгы үчүн деп пособие менен камсыз кылуу керек. Антпесе территориябыз аздан кемирилип баратат.

кимден: Колдук бала
31.07.2010 12:11
"БАТКЕН" деген улуттук программа иштеп чыгып ал жерде жашаган кыргызга жардам бериш керек

кимден: Kiyalbek каяктан: Kipr
31.07.2010 07:47
Men oshol Burgondudogu gazdi Ozbekstan ishtetip jatkanin korup janim keyigen ele.Anan Shahimardan jana Jigit Piri degen Kyrgyzdin es aluu jerlerin korup ushunchalik okmotko naraazi bolgon elem.Soh aklavina koshna bolgon Boz-Adyr ayilinda chonoygom.Ayilibizdin janina cheyin kirip kelgen Ozbekterdin jirgap jashap (suuluu jerlerde) baykush Kyrgyzdardin azabin oyloy berip kun otkon eken ele.Birok bu jerde mamlekettik syr bar .Chnongdor bul jerlerdi ubaginda satip jibergen da bolbogon akchaga je doolotko.Emi bul okmotko insap berip bul jerlerdin esebin chigarsa meken aldinda chong ish kilganday bolmok.Burgondu aymaginin rayon boluuu demilgesi jakshi oy.Konul burulat ele jana aymaktik chek ara dagi chechilip kalmak. Roza Isak Kyzy buyursa bul maselede tike turup berse chechilbey turgan masele emes.

кимден: патриот каяктан: ош
30.07.2010 20:23
Роза эже эгерде Баткенде ошол соз болгон жерге дагы бир район ачып берсе, анан ошол жердеги нефтинин Кыргызстандын иштетуусун камсыз кылса, анда эл арасындагы кадыр баркы эбегейсиз которулот.Мындай кадам улут коопсуздугуна да топ келет.Кыргыз маданиятынын жайылышына да таасир берет.Территориялык бутундук маселесинде да чон роль ойнойт.Роза эжеге Баткен сапары учун ыраазычылык билдирип, ишине ийгилик каалап кетмекчимин.

кимден: Ысманов Мамашарип каяктан: Баткен
30.07.2010 19:10
Мен Баткендикмин, райондун борборуна келсен Облустук, райондук мамлекеттик кызматтагы автоунаалардын көптүгүнөн баш айланат. Ал эми кылган ишинин дайыны жок. Бюжетте да жарытылуу акча жок. Жөн жерден акчаны мамлекеттик структураларга корото бербестен пайдалуу иштерге жумшоо керек. Бүргөндү аймагын район катары бөлүп койгон менен маселе чечилбейт. Андан көрө суу чыгарып, жерлерди ишке киргизип, газ-нефтилерди иштетүүчү кичи ишканаларды ачып миграция агымын токтотуу керек. Анан эл аралык полицияны киргизбөө жөнүндө элдин пикирин кабыл албастан саясий күчтөр ойноп жатат дегени эмнеси. Же бийликке келгендердин көзүнө карапайым калк эмес саясатчылар гана көрүнүп калабы?

кимден: Алмаз каяктан: россия
30.07.2010 18:20
Роза эже Баткенде берген убадалрыңыз ошол эле жерде калып кеттиби дейм же өзүңүз менен кошо ала кеттиңизби.Борборго барганда эсиңизден чыгып калбас,кудай өзүңүзгө ынсап берсин,сиз деле убагында жөнөкөй адам болсоңуз керек,же ошондой даражада пайда болдуңуз беле.Сиден сураныч өзбекистан менен чектеш жерлерди бекемдеп бир жак кылып чечтирип берсеңиз,азыр Кыргызстандын тагдыры өзүңүздүн колуңузда.Сиз деле бир кезде ниет кылгандырсыз Президент болсом кыргызстанды момндай кылмакмын тигиндей кылмакмын деп,ана эми баары өз колуңузда аракет кылың .

кимден: Тагайбий каяктан: Сеулдан
30.07.2010 18:20
Аябай жакшы пландар бар экен ишке ашырса жакшы болот, ошону катуу козомолго алып добоорду ишке ашырыш керек. Кыргызстандын жерин Узбекистандан кайтарып алыш керек, же эмне бизге газ жана нефть кереги жокпу.

кимден: Баткен каяктан: Баткен
30.07.2010 17:31
Роза апче ! эл менен эмес чиновниктер менен жолугушуп кеттиниз да. эл да бар Баткенде анча мынча калганы ошолордун абалы менен да таанышып кетсениз болмок. буякта район тузолу депсиз а кошуналар пайдаланып аткан газды нефтини качан алабыз

кимден: jika каяктан: alai
30.07.2010 16:47
tyyra kilip jatat Rosa ejebis! kildattik menen iwtept .
    Кийинки 
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)