Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 03:33

Басма сөз

Кыргызстандагы окуялар дүйнө дүрбүсүндө

Кыргызстанда июндагы коогалаңдан кийин улутчул маанай күчөгөнү, ал жаңжалдан кийинки абалга, парламенттик шайлоого кандай таасир этиши мүмкүн экени дүйнөдөгү бир топ гезит-журналдарда кызуу талкууга алынып жатат.

Ош шаарындагы ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүүгө каршы акциядан.
Текст көлөмү - +
16-августта EurasiaNet.org интернет-басылмасы Кыргызстандын айрым расмий адамдарынын «патриоттук» маанайы жөнүндө жазды. Анда өкмөттүк адамдар менен өздөрүн «патриотмун» дегендер, өздөрү коррупция менен мыйзамсыздыкка батканына карабай, «өлкөдөгү бардык проблемаларда эл аралык уюмдарды күнөөлөп жатышат» деп айтылат.

Мисалы, вице-премьер-министр Азимбек Бекназаров өткөн аптада: «Эл аралык уюмдарга ишенип болбойт, анткени алардын Оштогу жергиликтүү өкүлдөрү - өзбектер», - деп айткан.

Расмий адамдардын мындай билдирүүлөрү ашкере улутчул топторго «эл аралык коом өзбектерди колдоп, кыргыздарга каршы кыянаттык кылат» деген сыяктуу жалган белгилери абалды андан бетер татаалдаштырат, деп жазылат макалада.

Ал эми Британиядагы «Телеграф» (Telegraph.co.uk) гезити Оштун жергиликтүү өкмөтүнүн июндагы коогалаңда талкаланган шаарды калыбына келтирүү пландары жөнүндө жазган.

Макалада «Үйлөрүнөн ажыраган өзбек тегиндеги жарандар кайсыл жакка көчүрүлөт? Эмне үчүн алар курула турган көп кабаттуу үйлөргө баргысы келбейт? Расмий адамдар бул боюнча эмне дешет?» деген өңдүү суроолорду койгон.

«Көп кабаттуу үйлөргө турак жайлары өрттөнүп кеткендер көчүрүлөт. Эгер ал жакка көчүүнү каалашпаса, мурдагы үйлөрүн өздөрү оңдоп алышсын, - деп айткан Оштун вице-мэри Таалай Сабиров. Жергиликтүү бийликтин өзбектерди көчүрүү пландары эл аралык уюмдарды тынсыздандырат, деп айтылат макалада.

13-августта EurasiaNet.org түштүктөгү коогалаң өзбек-кыргыз аралаш никелүү үй-бүлөлөргө кандай таасир эткени жөнүндө жазды. 10 жылдан бери кыргыз жубайы менен бактылуу жашап келген өзбек тегиндеги Алишер Сулайманов коогалаңдан кийин аялы жана тогуз жашар баласы менен көрүшө албай жатканы жөнүндө арманын айтат. Макала мындай аралаш үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгү оор абалда калганын, эки жактын тең туугандары каршы турганынан көбүнчө жубайлар ажырашып жатышканы баяндайт.

«Глобалдык үндөр» (Global Voices) деп аталган интернет-баракча Кыргызстанда күчөп бараткан улутчулдук жөнүндө жазып, аны алдыдагы парламенттик шайлоодогу таймаштын негизги темасы болуп калат деди.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: I LOVE MY каяктан: KYRGYZSTAN
18.08.2010 12:03
Илхом Хожаев биздин озбок тугандардан сага окшогон алысты коро билген, ичкен суусуна тукурбогон кыргыз жерим кыргызым деп куйгон инсандардан коп болсо экен. ийгилик сага!

кимден: кыргыз каяктан: корея
17.08.2010 22:20
Илхам сенин пикиринди окуп алып журогум эзилди,биздеги озбектин бары сендей патриот болгондо мындай уруш болмок эмес,озбектер Озбекстанга таянчыле же болбосо барыбыз эле Россияга ишенчилек ошолор урушуп жатканда кой деп ажыраттыбы,тескеринче суроп олтурду экижакты. Озбектин барыле бул согушка куноолу эмес ,бир аз улутчулдардын иши болду,биз буларды кечиришибиз керек ,алар да бизди ,бизда бир аз катуурак кеткенибизди моюндаш керек,жонокой адамдардын уйлорун орттоп кереги жок болчу.

кимден: Baktybek каяктан: Kytai
17.08.2010 20:41
Bul el aralyk uium bashty oorutup buttugo,bizdin biulik emne ele alarga echnerse debei atat?Ei aitsanar birdeme,oozunardy achyyp oltura berbei.Ei aralyk uium kyrgyz biuligin jamandap atsa dele oozunardy achpai olturasynar da?jana bul jerdegi Ilhom degen jigit,azamatsyn,sen kyrgyzstan uchun kuiot ekensin,birok sendei ozbek tuugandar oshol Kyrgyzstandyn barkyn,kadyryn bilbei koibodubu?

кимден: немис каяктан: Германия
17.08.2010 14:11
Ушул эл аралык уюмдар айтып атат деп эле кыргыз окмоту аландап, корккону туура эмес болот. Эл аралык уюмдардын Кыргызстандын ички иштерине кийлигишкенке акысы жок. Кыргызстан озунун ички проблемаларын озу чечуу керек, эгерде чет жактан жардам сурап отура берсе, коз каранды болуп калат. Ал оз кезегинде Кыргызстандын онугуусуно терс таасирин тийгизет жана баш аламандыктар токтобойт, себеби чет элдик уюмдарга дестабилдуулук болуп турганы жакшы. Кыргыз окмоту, бийликтегилер козунорду чон ачып, озумчулдук коз караштарынарды токтоткула, чет жактан келген анча-мынча кунумдук акчаларга сатылбагыла деп чакырат элем!!! Андан коро КЫРГЫЗ ЭЛИНИН таламын талашып, чыныгы патриоттуулук жана ак ниетинер менен олкобузго иштеп, пайда алып келип берсенер, кийинки урпактар, муундар силерге мин мертебе алкышын айтат эле.

кимден: Илхом каяктан: ош
17.08.2010 13:59
Мен озбек туугандарга нааразымын. Озум озбек болом, бирок кыргыз мектепти бутуп, кыргыздан дос куттум. Кыргызстанда туулуп остум, суусун ичтим, билим алдым. Эми ошол алтын уяга кайра түкүргөн болбойт. Биринчиден, бул кандуу окуяны озбектер баштады, б.а. инициаторлору озбек улутундагы адамдар болушту. Экинчиден канчалаган бейкуноо жарандарыбыз кырылды. Учунчудон, окуяны баштагандар Кыргызстаныбызды дуйно элине "геноцид"деген соз менен жаманатты корсотту. Силерди Кудайга салдым.Кыргызстандагы кийинки жашоонорду ойлободунар. Кыргызстанга бутундой озбек калкын жаман коргоздунор.Силерге окшоштордун айынан мен да эми озумдун балалыгым откон жерди таштап Россияга кетууго мажбурмун.Ал Россияда Кыргыздарга жасаган нерсенер отпойт. Ушул нерселерди ойлоор бекнсинер. Озун сыйлабаган озбектерге Уят.Озун сыйлабаган озгону да сыйлабайт деген кыргыздардын улуу макалы бар, эгер билсенер. Бизди кыргыз эли бакты, сыйлады, билим берди. Дагы силерге эмне кылыш керек эле?
Илхом Ходжаев. Ош.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)