Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 03:26

Эл үнү

Ош: Көчөлөрдөн тосмолорду алуу иштери жүрүүдө

Бүгүнкү күнгө чейин Ошто өзбек улутундагы 637, ал эми кыргыз улутундагы 432 адам алмашылуу жолу менен барымтадан бошотулду. Оштогу бүгүнкү абал тууралуу аймактагы кабарчыбыз Алишер Токсонбаев маалымат берди.

Талкаланган Ош.
x
Талкаланган Ош.
Текст көлөмү - +
- Ушул тапта Ош шаарында кырдаал кандай?

- Ош шаарынын комендантынын айтуусуна караганда, кырдаал дээрлик турукташып калды десек болот. Биз азыр комендант Курсан Асановдун тобуна кошулуп, шаарларды кыдырып жүрөбүз. Учурда көчөлөрдөгү жол тосмолорду тазалоо иштери жүргүзүлүүдө. Жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, ошондой эле шаардын коменданты баш болуп, шаардын тургундары менен жолугуп, айрыкча Шейит-Дөбө, Калинин көчөсүндөгү тосмолорду жок кылуу аракеттерин көрүп жатышат.

- Бүгүн күч органдары көчөлөрдө коюлган тосмолорду саат онго чейин ачпаса, ондон кийин атайын операциясын баштайбыз деди эле. Бул маселе кандай болуп атат?

- Кечээ жергиликтүү бийлик ошентип жарыялаган. Бирок шаардын комендантынын билдирүүсүнө караганда, жергиликтүү калк мындай талаптарга баш ийбей жатат. Ошондуктан алар менен азырынча сүйлөшүү жолу аркылуу маселени чечүүгө шаардын коменданты өзү баштап кийлигишип атат.

- Барымтада бир топ атуулдар бар деген маалымат чыкты эле. Мындан кабар алдыңызбы?

- Азыр эле Ош шаарынын коменданты Курсан Асановдун «Азаттыкка» маалымдашынча, эки тарапта тең адамдарды барымтага кармоо жүрүүдө. Ушул учурдагы маалыматка караганда, өзбек улутундагы 637, ал эми кыргыз улутундагы 432 адам алмашылуу жолу менен барымтадан бошотулду. Мындан тышкары коменданттын айтымында, 322 өзбек улутундагы адам кыргыз тараптардын барымтасынан бошотулду.

- Каза болгондордун сөөгүн берүү маселеси көтөрүлдү эле?

- Каза болгондордун сөөгүн берүү боюнча азырынча жолугушуулар учурунда сөз жүрө элек. Бирок бизге жеткен маалыматтар боюнча, ошол маселени өзбек тараптан да, кыргыз тараптан да кечетен бери коюп келатышат. Атүгүл тирүүлөрдү да, сөөктөрдү алмаштыруу боюнча кечээ Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Отунбаева Ошко келгенде да сөз болгон. Бирок аларга бийлик тарабынан азырынча так жооп айтыла элек.

- Гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү маселеси бир ыкка коюлдубу?

- Убактылуу өкмөттүн атайын өкүлү Айгүл Рыскулованын айтымында, эки күндөн бери гумжардамды таратуу маселеси дээрлик нукка түшүп калды десек болот. Бирок ошол эле учурда жергиликтүү тургундар тарабынан нааразычылыктар көп. Анткени гуманитардык жардамдарды көбүнчө аймактык кеңештердин төрагалары эле алып кетишүүдө, бирок ал жерде тизмелери так эмес, кимге таратканы белгисиз болуп атат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Алмаз каяктан: Ош Он адыр
19.06.2010 22:32
Ошто Карл Маркс мектебинен ойдо которулгондо 2пост бар биро алына элек. Военныйлар эмне кылып олтурат? Озбектердин арасында 7кыргыздын уйу бар келип карашпайбы?

кимден: Адилет каяктан: Ош
19.06.2010 21:45
озбектердеги бардык курал жарактарды (аларды огороддоруна же эгин талаасына да комуп салган болушу мумкун) ошолорду жыйнап алуу зарыл. Бир гана ошол кагылышуу болгон жерлердеги эмес Ноокаттагы жана башка райондордогу озбектерда курал жарактар менен жабдылган болошу мумкун ошондуктан ошолорду да СНБ,МИД,органдары металлоискатель атайын операция аркылуу катуу текшерип чыгуу зарыл..
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу