Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 00:56

Эл үнү

Ош: азаптуу жана армандуу күндөр

Ош менен Жалал-Абадда болгон кагылышта үй-жайы өрттөлгөндөр, качып кеткендер жашаган аймактарына кайра кайтып барышканы менен, толук жайгашып, орун-очок алыша элек. Өзбек улутундагы кыргызстандык жарандар жыш жайгашкан андай аймактардын бири - Шейит-Дөбө.

x
Текст көлөмү - +
Шейит-Дөбө айылынын кире беришинде куралчан эки-үч жоокер турат. Айылдын ичинде өзбек жамааттары көп жашайт, ошол себептүү бул жактан кыргыз улутундагыларды көрө албайсың. Бул жердеги үйлөрдүн көпчүлүгү өрттөлгөн. Жергиликтүү тургундар бизди тосуп алышып, арыз-армандарын айта башташты: 

- Мен Мансурова Амина. Өзбекстанга неберелеримди алып өттүм. Ал жакта жакшы карашты.

"Азаттык":
Мен азыр көптөгөн өрттөлгөн үйлөрдү көрүп турам. Ушунун арасында сиздики да барбы?

- Баарыбыздыкы күйгөн, кызымдыкы да, келиндимдики да. Жашоо үчүн эч үй жок.

"Азаттыктын" кабарчысын бул жерде көптөгөн адамдар талашып, үйлөрүн көрсөтүүгө аракет кылып жатышты.

"Азаттык": Бул сиздин үйүңүзбү?

- Ооба.

"Азаттык": Канча жаштасыз?


- Мен 73 жашка келдим.

"Азаттык": Силерге азыр кандай жардам болуп атат, чатырлар берилип атабы?

- Палатка эмес эч нерсе жок. Картошка, пияз, макарон берип атышат.

Биздин алдыбызга адамдар тез эле топтолуп кетти. Алар өздөрүнүн нааразылыктарын айтышты, арыз-арманын айтып ыйлагандар да болду.
 
Шейит-Дөбө айылында үйлөрү өрттөлгөн адамдардын көбү кошуна-колоңдордукуна жашап аткышат. "Азаттыктын" кабарчысы баш баккан бир үй-бүлөнүн ээси бир үйдө беш үй-бүлө тыгылып жашап атышканын, азык-түлүктөн жардам берилбей жатканын айтты.  

Өзбекстандан жаңы эле Кыргызстанга кайтып келген бир аял бир тууган эки элди уруштурган башка күчтөр деген пикирин билдирди:

- Мен айтмакчымын, мен кыргыз калкына эч кандай нааразылыгым жок. Анткени биз бир улут сыяктуу, пайгамбарыбыз бир, динибиз, үрп-адатыбыз бир. Биз кыргыз-өзбек калкы дайыма бир үй-бүлөдөй жашап турганбыз, бири-бирибиз менен кудачылык кылганбыз. Бул иштерди бирөөлөр кылгандан кийин ушундай иш болду. Кыргыз ким, өзбек ким? Мен баарыбыз бир калкпыз деп эсептейм.


"Азаттык": Кыргыз айылдарында "чын эле өзбек-кыргыз эч кандай урушмак эмеспиз. Бул жерде ортодо бир күчтөр отту жагып койду" деп айтышат. Сиз да ушуга кошуласызбы?

- Ооба, албетте ошондой болду. Мен өзүбүздүн маалени эле айтып кетейин, снайперлер келгенде биздин эркектер бизди коргогону келген. Мечиттерди айтып атат, азан айтканда башталды деп. Ооба, биз да билебиз. Бирок маалени сактоо үчүн, тур, уктаба, сени басып келатат деген ушактар менен чакырды.

- Азыр бул жерде көптөгөн адамдар гумжардамдын аз келгенин айтып жатышат, же болбосо такыр эле келген эмес. Ошол эле убакта чатырчалар да жок деп айтып атышат. Сиз бул боюнча эмне айта аласыз?

- Мен Досматов Махмуд. Мен Бишкекте окугам, кыргыз досторум бар. Эки жума болду, бирок силерге эмне болду деп бир жардам бере элек. Бир жолу гумжардам алдык. Куралдарды сурап атышат, курал жок бизде, эч нерсе жок бизде.

- Документтериңер кандай?

- Документибиз жок, кечээ убактылуу паспорт алып, домком берген справкасы менен добуш бердик.

- Сиздердин айылыңыздарда шайлоого катышуу кандай болду?

- 40-50 пайыз эл махаляга келди, эркектер жок, аялдар келдик. Тынчтык орношу үчүн добуш бердик.

Жанарбек Акаев:
Мен Өзбекстанга качып барып кайра кайтып келип, үйлөрү өрттөлгөн адамдар менен сүйлөшкөндөн кийин кайра Ак-Тилек кичи районуна келдим. Бул жерде 24 чатырча тигилип, Сүрө-Таш айылы жактан, тактап айтканда Кызыл-Кыштак айылынан качып келген 300дөн ашуун кыргыз жарандары бар экен. Алар үйлөрүнө өзбектер кирип алганын, ошондуктан качып кетишкенин, бул жакта бир чатырда алты-жетиден үй-бүлө жашап атышканынан кырдаал тынчыса үйгө кайтуу ниетинде экенин билдиришти. 62 жаштагы Майрам апа:

-Үйүбүзгө баргыбыз келет, бирок кооптуу. Оштон качып барган өзбектер биздин үйлөрүбүзгө кирип, талап-тоношуптур деген сөз бар. Ал жакта жалаң өзбектер жашашат. Ошон үчүн жашоо бир калыпка келгенге чейин, биздин айылга атайын аскерлер көзөмөл салышы керек.

Жанарбек Акаев: Мен Оштун тургундарынын көптөгөн көйгөйлөрүн уккандан кийин касиеттүү Сулайман-Тоого чыктым. Адатта, адам аягы үзүлбөгөн ыйык тоодо азыр бир да адам көрүнбөйт. Шаарга көз жүгүртсөң, коомдук транспорт каттап, дүкөндөр, банктар иштеп баштаганын байкоого болот. Бирок, эки улуттун өкүлдөрү дале болсо бири-бирине аралашып кете албай турушкандай.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Аты-жөнү жазылбаган каяктан: Columbus
25.07.2010 22:12
Eki ei ozdory biri-biri menen mamlesin ulantysh kerek. Byga syrttan okymottun jana prezidenttin aitsa ele onolyp ketpeit. Otkondy aita berbei kelechekti oilonoly mekendeshter.

кимден: Асейин каяктан: Бишкек
24.07.2010 13:33
Урматтуу мекендештер!
Биздин өлкөдө жашап жатышкан бардык улуттардын бир гана мекени бар. Ал - биздин Кыргызстан! Бул жерде карапайым элдин эч кандай күнөөсү жок экен. Анткени мен дагы жакында Эл аралык "Интербилим" борборунун ыкчам тобуна кошулуп Түштүк аймагына барып келдим. Келгиле, мекенибизди сактап калалы! Кек сактоону жоготолу! Тынчтык болсун! Ал эми окуяны уюштурган адамдарды, бийлик тез арада табышы жана татыктуу жаза бериши керек!

кимден: Nur каяктан: Jalal-Abad
22.07.2010 15:57
Ассаляму алейкум!Чынында Ошто акыбал оор,шаардын аурасы оор,адамдардын жузундо кайгы,ызырынуу,жашоодон умутсуздук корунуп турат.....Эртереек ыйык Рамазан айы келсе,эки эл кичине жарашып,сабыр кылабы деген ойдомун....Мындай маселелер эч качан куч менен чечилбейт....

кимден: кен
21.07.2010 15:35
эмнеге ушул убакка чейин эч кандай жыйынтык жок,чондорубуз ооздорун коптуруп убада бергенден башка колдорунан эмне келип атат?шорун бар беле кыргызым,мындай жашоо дагы канчага чейин созулат?

кимден: рамис каяктан: Кызыл Кыя
19.07.2010 00:54
Эми мындай корунуш кайра кайталанбаш керек. Алдын алуу ото зарыл. Эки элди уруштуруп коюу 3-кучтун негизги максаты болду. 3-куч ким екени белгисиз болгону ото окунучтуу...

кимден: KG каяктан: ОШ
16.07.2010 14:29
Эми урматтуулар болоор иш болду кай бироолор максатына да жетишти кай бироолор дагыда максатына умтулууда мындан ары сен жаман сен жакшы деп акыйнек айтышпастан кыргызбы озбекпи баарыбыз бир Туунун алдында чоголоп, бир Гимн ырдап,бирдиктуу идеологияга сугарылып мен кыргызстандыкмын мен кыргызмын деп жашообуз замандын талабы.

кимден: Aidarbek Datka каяктан: Osh
14.07.2010 23:15
Болор иш болду.Мунун алдын алалбаган УУК министири уялбай эле иштеп басып журот. Королу, дарамети канчалык, кантип дагы иштээрин.
Убактылуу окмот болсо оштуктардан кечирим сурады, ушундай болуп кетти деп. Бекназаров болсо асманга ата берип ок тугонуп калды деп шерменде кылды аскерлерди. Биринчи эки кун бири-биринер менен атыша бергиле деп коюп коюшту. Эми окмот тайсалдабай оздору айткандай учунчу куч, дагы куралданган сепаратисттер менен таш таяк кармап согушкан, кыргыз жеринин бутундугу, эркиндиги учун курман болгон уул-кыздарын унутпай, эскерип, эстелик коюп, 1000 000 сомдон компенсация берсе, мумкун эл кечирет. Лидер- сепаратисттерди бийлик кармап келип элге коргозсун, жаш баланы тутуп мактанбай!

кимден: Айзат каяктан: Турция
02.07.2010 15:32
УБАКТЫЛУУ ОКМОТ тун жасаган жумуштуры, кылган кылыктары эл чыдагыс болуп бара жатат. Кудай эле сактасын! Акаев менен Бакиев дарыянын аркы жээгинде эле калгандай болду булардын жанында. Кыргызымын келечеги кандай кунго туш болду? Кудай эле сактаса экен. Убал-сообун оздору эле тартышсын!

кимден: Максатбек каяктан: Москва
02.07.2010 14:14
Кыргызтанды бул акыбалдан чыгаруу учун,армияны кучотуу керек.Себеби жаштарды тарбияга чакыруу керек.Азыркы жаштардын тартиби, ыйманы жок болгондуктан ушундай иштерге тез бурулуп жатышат.Армиясыз бийлик кучсуз.

кимден: Айнура каяктан: жалаабад
02.07.2010 11:55
Камашты, кармашты билсенер Кадыржан Батыровду эмне кармай албайсынар жаны бийлик?!
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2201 - жалпы саны)

Окурман: Замандаштар, "Кыңырак" деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Алдынала ыракмат! Толук

Сөз таануу