Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 03:25

Саясат

В. Пономарев: Айрымдар Ошто чыр чыгышына кызыкдар болгон

Бул күндөрү Ошто кандуу калаба боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүп жаткан Москвадагы “Мемориал” укук коргоо борборунун жетекчиси Виталий Пономаревду аймактагы кабарчыбыз кепке тартты.

Виталий Пономарев, "Мемориал" укук коргоо борборунун жетекчиси.
x
Виталий Пономарев, "Мемориал" укук коргоо борборунун жетекчиси.
Текст көлөмү - +
- Виталий мырза, өткөн аптадан бери кандуу калабага кабылган Ош жергесин аралап жүрөсүз. Аймактагы азыркы акыбалды кандайча баалаар элеңиз?

- Албетте, акыбал чындап эле оор. Кандуу кагылышуу адамдардын тагдырына, психологиясына жана жүрүм-турумуна узак жылдарга чейин терс таасир этээри бышык. Ошого карабастан чындыкты жарандар билип коюуга тийиш. Бул багытта биз Ош окуясына байланышкан атайын доклад даярдамакчыбыз. Ошол себептүү мен азыртан эле шашылыш чала-була жыйынтык чыгарганга макул эмесмин. Көп жагдайлар бар, аларды сөзсүз такташыруу зарыл.

- Ош шаарын жана анын чеке-белин кыдырганда кандай таасир калтырды?

- Бир нече айылдарды, шаардын борборун жана четин, айтор, жапа чеккен аймактарды көрүп чыктым. Үйлөр дээрлик согуш мезгилиндегидей талкаланыптыр. Жергиликтүү жашоочулар мамлекеттик органдардын бир дагы кишиси эмдигиче аларга басып келбегендигине даттанышты. Мындан тышкары жанагыл катарынан өрттөлгөн үйлөрдүн эсеп-кысабы алигиче такталбаптыр. Каза тапкандардын расмий тизмеси чыныгы кырдаалды чагылдырбайт.

- Мындай пикирди эмнеден улам айтып жатасыз?

- Анткени, кишилер шаар аркылуу мүрзөгө баруудан коркушат экен. Азыр деле ошондой чочулоо басымдуулугунда өкүм сүрүүдө. Ушундан улам араздашуу маалында өлгөндөрдүн көбүн жаңы жайларга көмүп ташташкан. Принцибинде алардын ысымдарын тактоо анчалык деле кыйынчылык туудурбайт. Бирок бир дагы бийлик өкүлү ушундай иш менен алектене элек.

- Аймактын коменданты маалымдагандай, бул өңүттө иликтөө жүрүп жатпады беле. Сиз муну баамдабадыңызбы?

- Тергөө жүрүп жаткандыгын жарыялашкандай. Бирок элементардуу аракет, чыгымдарды аныктоо жана маркумдардын тизмесин түзүү далалаты болбой аткандыгын аңдоо кыйын эмес.

- Сөзүңүзгө аралжы, Убактылуу өкмөт эмне үчүн ушундай шартта чукул чараларды көрбөй жатат деп эсептейсиз?

- Бул жерде бир топ жагдайлар бар. Эмне үчүн азыр андай чараларды көрбөй жатат дегениңерде, менде мындай сезим жаралып олтурат. Кыргызстандын түштүгүн мамлекеттик бийлик толук түрдө башкара албаган түзүм бийлеп жатыптыр. Угушубузча, алар чатакты басууга анчалык аракет кылбаптыр. А түгүл арыздар бар, аскерлер чатакташкан тараптардын бирине кадимкидей болушкан. Ушунун өзү курмандыктардын көбөйүшүнө түрткү жасаган.

- Виталий мырза, айрым иликтөөлөрүңүзгө таянып, чоң жаңжалга айланган бул чатакты кимдер баштагандыгын айта аласызбы?

- Маселени жалаң ушул өңүттө талкуулап жатышат. Ким күнөөлүү өзбектерби же кыргыздарбы? Менимче, кандайдыр бир улутчул топтор кан төгүлүшүнө айыптуу деп айтууга таптакыр акыбыз жок. Кылмышты жасаган конкреттүү адамдар бар. Мунун өзү эмоция толкунун жараткан. Бул биринчи жактан. А башка жагынан караганда, айрым белгилерди байкадым. Кээ бир кишилер чырдын чыгышына кызыкдар болушкан. Албетте, биринчи араздашуунун күбөлөрүн табуу абдан кыйын. Ошентсе да, фактылар жана эпизоддор кошумча бышыктоолорду жана тактоолорду талап кылат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Мекенчил каяктан: Москвадан
26.06.2010 20:02
Пономарев айткандай,айрымдар Оштогу чырдын чыгышына чынында кызыктар болгондеп мен да ойлойм,бийлик адамдары эмес эле,жонокой эле карапайым калк демекчимин.Менин анчалык озбектерге жаман оюм жок,тынчтык болсо баарына эле жакшыго,туурабы.Бизде бир жакшы соз бар,беш манжа барабар эмес деген ошол создун чындыгы бар,жаман улут жок,болгону жаман адамдар болуп жатбайбы,дагы кыргыздын бир жакшы созу,бир короо койду,бир чычкак козу булгайт деген ошол сынары,ошол бир жаман адамдар баарын бузуп жатбайбы.Биринчилерден мындан кийин аткаратурган иш,жанакы озун бай сезип,кичине колуна акча тушо калса эле,бала топтоп бандит болокалган,же болбосо озунчо бир уюмдун тузокалып ага жетекчи болуп,анан ага колдоо коргозгондун устуно аларды жаман жака угуттоп,оздорунун саясатын жургузуп жаткан топтор жок эмес коп,ошолорду мындан кийин кобуроок козомолдоп турсаныздар жакшы болот эле.Дагы бир айттатурган нерсе,мункун болсо мектептерде.универстеттерде кобуроок кыргыздан маданиятын,тарыхын,манасты кобуоор окутуш керек,мункун болсо озбекче ТВ каналдарын азайтыш керек,бироо жетет,ошол эле Озбекстанды алалы,алжакта деле биздин Кыргыздын уруктары жашайт,эмне алардын оздорунун Кыргызча каналдары жок?эмнеге жок?бизде дагы ошондой закон кабыл алыныш керек.Болор иш болду,кийин мындай мункунчулук келбейт эми,ушул мункунчулуктон пайдаланып коп закондорду киргизип салыш керек,жогоруда мен айтып кеткен,а силер болсо анткендин оордуна кайра-кайра жалдырайсынар.болду эми ушунчасы жетет,эртеге озубузго кыйын болуп калат,айтаберсе катачылыктар коп,эми жетет кыргызстанда бир гана закон болуш керек, ошол закондун арты менен бардык кыргызстандын жарандары жашаш керек,ошол закондун арты меен жашаш учун сиздер иштешиниздер керек,ак жол сага КЫРГЫЗСТАН референдумду жакшы откозуп алалы...

кимден: kyrgyz
26.06.2010 01:01
Ybaktilyy Okmot tyshtyktogy kyrdaalga konylkosh karap jatat. Sariev, Atambaev jerdeshchilikten aryla albay jatkanynar baykalyp tyrat. Mezgil taraza. Ybagy kelgende taryx aldinda joobynardy beresiner.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)