Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 03:24

Саясат

А. Орозов: Айтканга оңой, аныктоо кыйын

Коопсуздук Кеңешинин катчысы Алик Орозов “Азаттыктын” суроолоруна жооп берип жатып, HRW уюмунун түштүктөгү коогалаң боюнча бийликке айткан сындарынын айрымдарын моюнга алды. Ал тополоң окуялардын алдын алууда, токтотууда бийлик тараптан да, күч структуралары тарабынан да ыкчам аракеттер болбой калганын белгиледи.

Кыргызстандын Коопсуздук Кеңешинин катчысы Алик Орозов
Текст көлөмү - +
Бирок аталган уюмдун айрым өкмөттүк аскерлер маалерге жасалган чабуулга аралашып кеткен деген маалыматын иликтеп, тактоо зарыл деп эсептейт.

-  Өкмөттү күнөөлөп аткан кээ бир учурлар: толук аракеттерди, иш чараларды көргөн жок, чала кылган дегени туура, аны четке кагууга болбойт да, өзгөчө 10-11-12-июнь күндөрү чынында эч кандай аракет болгон эмес да.

- HRW уюму өзүнүн баяндамасында өкмөттүк айрым күчтөр билип туруп эле же кокусунан өзбек маалелерге жасалган чабуулдарга өздөрү да аралашып кеткен деп билдиришти?

- Аны аныкташ керек. Аскерлер БТР менен киришкен, алар дагы катышкан, атышкан дегенди. Ал жакта көп бандиттер, окуяны баштаган кишилер формачан, камуфляж кийип алып жүргөн. Күч органдары же бөлөк адамдарбы формачан жүргөн, аны аныкташ керек. Андай учурлар болгон. Формачан камуфляж менен келген кишилерди көрүп, ойлоп атышса керек аскерлер келишкен деп.

-Аталган уюмдун отчетунда түштүктөгү окуяны иликтеш үчүн түзүлгөн комиссиянын иши айрым катачылыктар менен коштолуп жатат деп билдирилген. Ушул жаатта пикириңиз кандай?

- Бул аябай татаал, кыйын окуя болбодубу. Аны иликтеш үчүн бир нече күндөр, айлар керек. Кайсы комиссия болбосун, эл аралык комиссия түзөбү, кемчилик болбой койбойт. Бул тараптан да, тиги тараптан да нааразылык болот. Комиссиянын чечим чыгарышы аябай кыйын иш.

-Күч органдары түштүктөгү проблеманы чечпей, тескерисинче анын бир бөлүгү болуп калышканын белгилешиптир. Күч органдары негизинен эле коопсуздукту, тартипти камсыз кылуу үчүн кандай иштеп атат деп ойлойсуз?

- Акыркы күндөрү оңолуп атат, жаңырып атат, башка кызматкерлерди коюп атат, кичине тартипке келип атат. Биринчи күндөрү, албетте, мурунку бийликтен калган калдыктар, ошолор койгон органдагы жетекчилер баарын бузуп кетишпедиби. Керек болсо органдарда, милицияда атайын каражаттар – дубинка, шлем, щит, бронежилет эч нерсе жок калыптыр. Ошон үчүн өзүн өзү сактай албай калган. Ошондуктан мурунку бийлик бардыгын бузуп, коррупцияга айландырып, бузук адамдарды койгон. Ошолор азыр иштебей калышты, качып тарап кетишти, элин таштап. Албетте, азыр деле кемчиликтер көп, тазалаш үчүн көп убакыт керек, бирок акырын-акырын бутуна туруп атат.

-Дегеле иликтөө комиссиясынын ишине сиз кандай баа бересиз?

- Адилеттүү болуш үчүн, административдик жагынан кысым болбош үчүн ал Убактылуу өкмөттөн чыгып кеткен. Толук көз карандысыз комиссия болсун, өкмөткө көз карандысыз болсун деген колдон келишинче аракет болуп жатат. Бирок кандай чечим чыгарат, туура чечеби же баарын изилдеп көрөбү, аны мен айта албайм. Ага убакыт бар, ноябрда, октябрда бүтсө кандай.

- Түштүктөгү окуяга тийиштиги бар деп эле адамдарды тушкелди мыйзамсыз камаган нечендеген окуялар болду деген айыптоолор да бар да “Хюман райтс вотч” уюмунун баяндамасында. Сиздин оюңуз кандай?

- Күнөөсү жок кишилерди камаган фактыларын билбейм. Балким коррупцияга малынган милициялардын пайда көрөйүн деген аракеттери боюнча бир аз фактылар бардыр. Бирок массалык түрдө болду деп айтыш кыйын. Бирок өзбектер көбүрөөк кармалып отурган, ошон үчүн айтып атат го.

-Бүгүн маалымат жыйынында эксперт Александр Князев ал Кыргызстандын түштүгү экинчи Палестина болуп кетүү коркунучу бар деп айтыптыр?

-  Кыргызстан биринчи күндөрү караганда ошондойго айланып бараткан, тартип жок, бардыгы бузулду деп. Бирок биздин эл акылдуу, эстүү эл, токтолот, бардыгы ордуна келет. Биз Африкага же Палестинага айланып кетпейбиз. Биз өзүбүздү өзүбүз сактап, дүйнөгө маданиятыбызды көрсөтүшүбүз керек. Биз өзүбүздү өзүбүз сактай албай, согушка айландырып, уруу-уруу болуп бөлүнүп чабышсак, анда албетте башка күчтөр Америка, БУУ, ЕККУ бизден сурабай эле кирип келет. Ошондой болбош үчүн биз өзүбүздү карап, токтотуп, бири-бирибизди сыйлап жүрсөк, андайга жеткирбейбиз. Мен буга толук ишенем.

-ЕККУнун полициялык кеңеш берчү тобу качан келген атат?

- Ал азырынча чечиле элек. Сүйлөшүп атат, бир нечеси келсе дагы Бишкекте туруп сабак берип, Оштон 10-15тен милиция кызматкерлерин жарандардын укуктарын кандай сакташ керек деп бул жакка келип окутуп, үйрөтүп кайра жөнөткөндөй жолго барган атабыз.

-Демек келе турган куралсыз 50 адам түштүккө барбай эле Бишкекте калат турбайбы?

- Ошондой сунуш кылдык, сүйлөшүү болуп атат ошол жөнүндө.


Оштогу кан тополоң күндөр

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
18.08.2010 14:59
журо бергиле озунарды ачып! силерди чиновниктерди коргондо уялам кадимкидей. сапка саярынар жок аранарда

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
18.08.2010 12:52
Орозов жакыш макал тааптыр, ушул созуно туруп Кыргызстанды дуйнолук СМИилерге маалымат берип актап чыгарса жакшы болот эле . ТИГИ келесоолорго кошулуп отура бербей

кимден: Каныбек каяктан: Кадамжай - Охна
18.08.2010 10:29
Кыргызстанда коп элдин улуттары жашаса,биз ага каршы эмеспиз.Бирок Кыргызстанда "Улуу акенин ордун" Кыргыз ээлеш керек.Эгер озубуз ал орунга татыктуу болбосок,бизди мындан ары да экинчи-учунчу,..... укаларибиз акырын тоотпой,моюн которо берет.Озубуз татыктуу болмойунча кыйын эле болотко Кыргызыма.

кимден: Бек каяктан: Ош
17.08.2010 16:29
Озбектин созу чындык болгондон кийин ошону айтышатта. Кылар ишти кылып койуп мынча бызылдайт булар?

кимден: Расул каяктан: Турция
17.08.2010 14:37
Мен ошол кундору Ошто болдум кее бир бугункулордон айырмаланып, Князевдин айткан дегендерине жооп бербесе болбой калды окшойт.
Ал кундорду чынында эстеш мен учун абдан кыйын жана ООР

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
17.08.2010 10:37
Эй бийликтеги тоболдор, эмнеге ошол HRW уюмуна силердин созунор отпойт, озбек туугандардын создору, айткандары чындык болуп жатат. Чындыкты айтып жеткирбейсинерби. Тигиндей-мындай деп, бирин толковый суйлой албайсынар. Бирин да бийликте отурганга татыктуу эмессинер

кимден: ПАТРИОТ
17.08.2010 09:30
Ошол кундорду эстесем бир туруп тушумдо болуп жаткандай сезилип, бирде жашоо бутуп кетип аткандай болду мен учун, элестеткиле баш аламандык, ызы -чуу, ар тараптан атылган октордун уну, чынын айтсам аябай оор болду мен учун, Оштуктар учун, Кыргызстан учун билгендерге!

кимден: Мурат.М.М каяктан: Россия,Л-К,Жалалабад
17.08.2010 02:04
Кыргызстанда жашагандан кийин озбек эли Кыргызстандын закондору менен жашаш керек,алар озбекстандын же башка мамлекеттин жараандары эмес да,кыргызстанда жашагылары келбейби ал алардын эрки эмне эле аларга жалдырап жалбарып жатышат тушунбойм...

кимден: Артек каяктан: Бишкек
17.08.2010 01:21
Ооба, аныктоо кыйын, көпкө созулат. бирок керек.
Балакеттин баары;1-Ажонун,
2-Хандын мезгилиндеги "шайлоолордо","референдумдарда" ишенимдүү добуш топтоо үчүн, тил статусун соодага коюшту, улуттук азчылыктарга камкордук деп "от менен ойноп, -жасалма лидерлерди, депутаттарды" өстүрүшүп, иштери бүткөндөн кийин аларды карабай коюшту. Алар үзөнгүдөн бутун чыгаргысы келген жок... Аягында өздөрү ушул идеяларынын "барымтасы" болушуп, бүтүндөй өлкөнү коркунучтуу кырдаалга алып келип олтурушат. Азчылык улуттардын кыргызстанда жүдөмүш жашаганы аз санда, бул чындык. Ал эми оз укуктарынан аша чаап пайдаланууга эч кимге жол берилген эмес.
Азыр, эми саясий партияларга добуш керек болуп турат. Жараткан - Алла Лидерлерге таза ой, асыл максат шерик кылсын!
"HRW" айткандарына көпчүлүктүн санаасы тынчыбай турат. Албетте, абсолюттук чындык эч жерде жок. Демек,баардык тараптын ишенимине кирген чындык керек. Ар ким өзүнүн чындыгын жалпыга тануулоо,башкалардын укугун тебелегенге барабар.
Ошентсе,да "HRW" и Князев мырзанын божомолдоруна карата таза жана калыс ойлор айтылат чыгаар? Себеби, келечекти биз жакшы көз менен, ишеним менен карайбыз!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)