Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 03:23

Саясат

Ошто ЕККУнун полициясына каршы митинг өттү

Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун полиция тобунун Кыргызстандын түштүгүнө киргизилишине каршы митингге эки миңден ашуун киши катышты. Алар адегенде мындайга чечимди кубаттаган өлкө жетекчилигин айыпташып, аларды элдин пикири менен эсептешүүгө чакырышты.

Текст көлөмү - +
Андан соң акция катышуучулары түз эле ЕККУнун Ош шаарындагы кеңсесин карай жүрүш жасап, уюмдун аймактагы башчысына талаптарын тапшырып, ал аткарылбаса 29-июлда уюм өлкөдөн чыгып кетиши керектигин эскертишти.

Ош шаарынын борбордук аянтында колдоруна «Кыргыз эли ЕККУ полициясына каршы», «ЕККУ полициясы жоголсун», «Ош шаары экинчи Косово болушуна каршыбыз», «Кыргызстандын ички проблемасын эл өзү чечсин! Тышкы күчтөр кийлигишпесин!» деген жазуулары бар плакаттарды көтөргөн акцияга байкоочулардын баамында, эки миңден ашуун, уюштуруучулардын эсебинде беш миңге жакын киши катышты.

Митингдин уюштуруучуларынын бири – “Мыйзамдуулукту коргоо” коомдук бирикмесинин башчысы Абдыкайым Кангелдиев элдин тынчсыздануусун төмөнкүчө түшүндүрдү:

- Оштогу акыркы коогалаңды алдын албагандыктан миңдеген кыргыздар өлүп, дайынсыз болуп жаткан чакта Отунбаева башында тургандардын бийликте отурганга моралдык акысы жок. Кокус өлкөгө полициячылар киргизилсе, анда түндүк-түштүк кылып бөлүп-жаруу саясаты жүзөгө ашат.

Ал эми жаштардын атынан сүйлөгөн Юруслан Истанов буларга токтолду:

- Өлкөдөгү башаламандыкка тиешеси бар деп шектелген Бакиевдерден башкалары неге кармалбайт? Июндагы жаңжалды уюштуруп, атүгүл каржылаган, учурда чет өлкөдө качып жүргөн өзбек лидерлери кармалып, эл алдында жооп беришин талап кылабыз!

Акцияга катышкан «ЭрК» партиясынын төрагасы, Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Турсунбай Бакир уулу маселе чечилип калгандыгын, аны көтөрүү зарылчылыгы жоктугун белгиледи:

- Бирок булар кеткенден кийин эртедир-кечтир кайра согуш башталса кантип табасың? Анткени алар артка кайрылышпайт. «Кандайсың кыргыз? Кандайсың өзбек?» деп сурап да коюшпайт. Ошондуктан полициячыларды алгачкы күндөн тарта бийлик эмес, эл жана коомчулук такай көзөмөлдөшү абзел. Алар катачылык кетирсе анда ишенбестик көрсөткөн оң.

Турсунбай Бакир уулу өз сөзүндө жакында ишке кирише турган Ош окуясын иликтөөчү эл аралык комиссиянын жоопкерчилиги кыргыз бийлигинин мойнунда экендигин кошумчалады:


- Маалымат согушунда ансыз деле жеңилдик. Эми ЕККУнун комиссиясы Кыргыз мамлекетине каршы чечим токуса, булар эки элдин ортосуна от жагып, жаңжалды ырбатса, ошентип жергебизде тынччылык орнобосо, анда бул чыккынчылык десек жаңылышпайбыз. Себеби биз эмес комиссияны өлкө жетекчилиги чакырбадыбы.

Акциянын катышуучулары андан ары Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун Оштогу кеңсесине карай жүрүш жасашты.

ЕККУнун Оштогу кеңсесинин башчысы Хюго Карлсон
Нааразы болгондор талаптарын уюмдун аймактагы башчысына тапшырышты. Европа коопсуздугу жана кызматташтыгы уюмунун Оштогу кеңсесинин башчысы Хюго Карлсон жооп эки күндөн кийин угузуларын билдирди.

- ЕККУнун Оштогу кеңсеси полициянын кеңешчи тобунун аймакка киргизилиши жараянына катышкан жок. Бул маселе Кыргызстандын Убактылуу өкмөтүнүн өтүнүчүнүн негизинде ЕККУга мүчө 56 мамлекеттин катышуусунда талкууланып, анан чечилген. Буга Бишкектин да тиешеси жок. Бирок талабыңарды сөзсүз Венага жөнөтүбүз. Анткени ал жакта ЕККУнун бардык жетекчилери отурушат.


Акциянын катышуучуларынын бири Арстанбек Алибаев талап алдыдагы эки күн ичинде аткарылбаса жердештери башка кадамдарга бара турганын эскертти:

- Көрсөтүлгөн мөөнөттө, тактап айтканда, 29-июлга дейре талаптарыбыз аткарылбаса, анда биз ЕККУну таптакыр жаптырып салганга аракет кылабыз. Адам укуктарын коргобогондон кийин мындай эл аралык уюмдун кимге кереги бар?

Тасмада: ЕККУ полициясына каршы Бишкектеги митинг

26-июлда Бишкектеги эски аянтта, Жогорку Кеңеш имаратынын алдында ЕККУнун полиция күчтөрүн өлкөгө киргизүүгө каршы митинг өттү. (MiT)

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Жалалабат каяктан: Жалалабат
28.07.2010 02:06
ОБСЭ нин полицайларынын Кыргызстанга киришине мен да каршымын.
Азыр Ош, Жалалабат негизинен деерлик тынчып калды. Биздин куч органдарыбызга ишенебиз.
Р. Отунбаева бул кучторду оздорун коргогону (шайлоо алдында )алып кирип жатышат. же болбосо алар бере турган жардамы учун макул болуп жатышат. Бизге мындай жардамдын кереги жок.

Эгер булар Ошко келсе кайра жанжал чыгышы мумкун. Мунун эки себеби бар:
биринчиден булар негизинен озбек улутундагылардын таламын талашып, жалган маалыматтарды дуйного алып чыгат. Аны буга чейин деле коруп жатабыз.

Экинчи себеп бул полициялардын кириши Башка региондорду билбейм, Ош менен Жалалабаттын элинин кыжырына тийип, нааразылык акцияларын кучотуп, орун алган стабилдуулукко терс таасирин тийгизет. Жанжалдын чыгышына себепкер болушу мумкун.

кимден: Зире каяктан: Ош
27.07.2010 16:01

27.07.2010 15:25 Мен Кыргызстанга ОБСЕнин полициясы киришин толугу менен колдоймун. Түшүнүп-түшүнбөй эле каршы болгондорго таң калам. Азыр бийлик чабал болуп тургандыктан, укук коргоо кызматкерлери тарабынан укмуштуудай мыйзамсыздыктарга жол берилип жатат. Канчалаган адамдар мыйзамсыз кармалып, сабалып, ал турсун өлүгү чыккан фактылар бар. ОБСЕнин полициясы куралы жок келишет жана биздин милиция кызматкерлеринин аракеттерине байкоо салышат. Алардын мындай эле байкоо салып турушу милиция кызматкерлеринин мыйзамсыз аракетине тоскоол болот. Азыр "ОБСЕнин полициясы Кыргызстанга келбесин" деген "патриот сөөрөйлөр" - алар же Кыргызстанга стабилдүүлүк орношуна каршылар, же өздөрүнүн болуп өткөн окуяларга тиешеси бар болгондуктан кылмышы ачылып калат деп корккондор, же жарандарды мыйзамсыз кармап, алардан акчы өндүргөнгө маш болуп алган милициялар менен табакташ болуп, кызыкчылыгы барлар. Алар калп эле патриот болумуш болуп кыйкырышып, өз кызыкчылыгын көздөп жатышат. Биздин тынччылыгыбыз үчүн, тезирээк карама-каршылыктар токтошу үчүн биз ички жана сырткы жардамдарга муктаж экенибизди эсибизден чыгарбообуз зарыл.
Силерге кыйкырык керек болсо, бизге - Ош шаарынын калкына тынчтык керек. Жакында окуу башталат, кантип балдарыбызды мектепке жиберебиз. Кааласанар Бишкегинерге полицияны киргизбей койгула, бирок бизге керек, келе беришсин.

кимден: Емма
27.07.2010 14:56
Айда озубуздун кучубуз жетпесе эмнеге тонкоруш жасашат

кимден: Кыргыз каяктан: Москва
27.07.2010 12:45
ЕККУнун полициясынын киришине мен да каршымын. Роза Отумбаеванын бул кадамга барышынын бир себеби чет элден жардамдар келбей калат деген коркунучтан кабыл алса керек. Бизде баары бар жетиштуу, политиканы эле туура жургузуп эл чун иштегенде биздин аткаминерлер. Эч кандай жардамсыз эле бул акыбалдан чыкса болмок. А биздин НПОлордо иштеген адамдарыбызга акча болсо болду, ким акча берсе ошолорду жакташат. Роза эжебиз да копко узабай калат го мындай кетиште. Эл менен бийлике келди эле го эми эл менен макулдашпай туруп, эсептешпей туруп бул чечимдм кабыл алганы туура эмес. Адахан Мадумаров айтпады беле откондо ОДКБнын материалдык жактан жардам алып бул проблемаларды чечсе болот деп. ЕККУнун полициясы эмнени уйротмок эле кыргыз тилин билбесе котормочулар башкача кылып айтса ошолорду эрчип кете беришет да. Мындан коро Материалдык жардам берсе болбой беле. милициялар колдоно турган спецтехникалардан ж.б..

кимден: АИДА каяктан: Бишкектен
27.07.2010 11:11
Озубуздун алыбыз жетпей канчалаган эл кырылды.. Мен булардын келишин гана колдойм, себеби озубуздун алыбыз жетпегендигин моюнубузга албасак, такыр эле кырылып калчудай сезилип калды. Кан тогулуп, ми\деген адам олгучо ЕККУну киргизип аман калганыбыз он эмеспи кыргыздар.. Мен эртенки кундон коркком. Атамдын, агаларымдын, инилеримдин олугун коргондон корком.. Эл Журтум ойгонгула....

кимден: Ernest Bolotbek каяктан: chicago
27.07.2010 11:06
Menin oyumcha bul OSCEge karshi chikkandar oz kizikchiligin koldop eldin bashin aylantip jatishat. Kim bilet kim emneden korkkondorun. Kosovo bolup ketishinen korkushabi je OSCE ayiptarin chukulap taap betine jababi?

кимден: Баткенчи
27.07.2010 08:48
Эн туура кылып жатышат. Анык Кыргызстан учун куйгондор ушулар болууда. Бийлик окулдорунун болсо омурлору узун болсун, аларга баари бир, шайлоо отсо болду.

кимден: Рус
27.07.2010 08:11
Рахмат силерге ушинтип намысты коргогонунар учун. Эми бийлик чечкинлуу болбосо эмне кыл дейсин. Казактар ЕККУ торагасы болуп кыйын болушат. Корот элем... оздору эч кимди жолотпойт болчу

кимден: АлтынБек каяктан: Алмата
27.07.2010 08:10
Биз Алматадагы алты жети минге чукул кыргызтандыктар ЕККУ полициясын келишине каршыбыз.Келе турган болсо биз да барабыз каршы болуп.Биз эчкимге мукташ эмесбиз бизде куч органы жетишту.

кимден: Patriot
27.07.2010 01:31
Bul kY4t0r e4 ubakta kirbew kerek kyrgyz jerine ! Kosovonu uwintip ele akirindan tartip aliwkan ! Kyrgyz el oygon !!!
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)