Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 03:21

Саясат

Нооруз күнү Ошто элдик бийлик орногон

Ош облусунун райондорунан көтөрүлгөн ыңкылапчылар 2005-жылдын 21-мартында, Нооруз күнү, Ош облустук акимчилигин экинчи ирет басып алып, аймакта элдик бийлик орногондугун жарыя кылышкан. Ыңкылаптын жолбашчылары ырасташынча, эл эңсеген максат жүзөгө ашты, бирок бул пикирге баары эле макул эмес.

Ыңкылапчылар жаңы бийлик үчүн добуш берүүдө. 21-март 2005-жыл
Текст көлөмү - +
Ыңкылаптын жолбашчылары ырасташынча, эл эңсеген максат жүзөгө ашты, бирок, кайчы пикирдегилердин оюнча,  тилекке каршы, ошондо коюлган талаптардын бири дагы ушу күнгө чейин аткарылган жок.

Окуя күбөлөрү эскеришинче, 2005-жылдын 21-мартында эртең менен Ош облустук жана шаардык бийлигинин жетекчилеринин катышуусунда Нооруз майрамы борбордук аянтта адаттагыдай белгиленип жаткан.

- Жаз жадырап босогобузду аттады. Аны менен кошо Нооруз жергебизге баш бакты, - деди диктор музыканын коштоосунда.

Түштүк башкалаасындагы Алишер Навои сейил багынан чубаган жана аларга жолдон кошулган 10 миңге чукул кишинин алды саат 11.00 ченде борбордук аянтка жетип, салтанатты таңыркаган элди тарап кетүүгө чакырык таштаган. Дал ошол маалда, ыңкылапчылардын жолбашчыларынын баамында, ошо кездеги губернатор Кубанычек Жолдошев жана мэр Сатыбалды Чырмашев байкатпай качканга үлгүрүшкөн.

- Акаев кетсин!
- Акаев кетсин!
- Акаев кетсин
! – дешти нааразылык акциясынын катышуучулары бир ооздон.

Ошо кездеги “Агым” гезтинин түштүк аймагы боюнча кабарчысы Алишер Токсонбаев элдик курултайдын алдында бийлик элге каршы күч колдонууга ниеттенип жаткандыгын жарыялоодо.
Ушинтип жаалданган миңдеген жарандар ойлонбостон туруп облустук акимчиликти карай чабуул жасаганда, имаратты курчаган куралчан жоокерлер, ошондой эле милиция кызматкерлери өз бетинче качып изин суутушкан. Мурда макулдашылгандай, аларды ыңкылапчылар сая кууп, кармаганга аракеттенген эмес.

Аз убакыт өтпөй ыңкылап жол башчысы, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Дүйшөн Чотонов Ош облустук ички иштер башкармалыгы алар тарапка өткөндүгүн жар салган:

- Ош облустук ички иштер башкармалыгы биз тарапка өттүк деп ачык айтышты. Шаардык милиция дагы ушул кадамды кайталап, элге баш ийсин. Жетекчилерин кууп чыгышсын. Жергиликтүү телеканалдан «Биз бийликтин саясий тапшырмаларын аткарбайбыз. Карапайым калкка каршы ок атпайбыз! Эч кимисин камабайбыз!» деп айтып, бирок анысын иш жүзүндө далилдешсин, ошондо гана аларга тийбейбиз.

Ыңкылапчылар борбордук аянтта, 21-март, 2005-жыл
Дагы бир нече мүнөттөн кийин Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын ошо кездеги бөлүм башчысы, полковник Эрмек Көчөров борбордук аянтка орнотулган трибунага көтөрүлүп, экинчи борбордун тартип сакчылары элдин жеңишин колдой тургандыгын ачыктаган:

- Ош шаардык ички иштер башкармалыгындагы кесиптештердин атынан сиздерге жеткирүүнү ылайык таптым. Биз ар дайым эл менен биргебиз. Кечээ Жалал-Абатка жөнөтүлгөн биздин балдар бириңиздерге да кол тийгизген жок, а түгүл каршы ок атпады.

Ошентип, 21-март күнү түшкө маал Ош облусундагы жана шаарындагы бардык бийлик ыңкылапчылардын колуна толук бойдон өткөн. Анвар Артыков Элдик Кеңештин төрагасы-губернатор, Кушбак Тезекбаев, Мирадил Бакашев орунбасарлык милдеттерин аркалоого киришкен. Ош шаарынын мэри вазийпасын аткаруу Ош облусунун азыркы губернатору Мамасадык Бакировго жүктөлгөн.

Баса белгилей турган жагдай: аймак эли ошо күндөн 2005-жылдын 24-мартына чейин президенти жок эле жаңы бийлик менен жашаган. Оштогу ыңкылаптын штабын жетектеген Мырзабек Акматов Кыргызстандын түштүк борборунда жана Ош облусунда Бишкектегидей башаламандыкка жол коюшпагандыгын жылуу эскерди:

- Ош аймагында бир дагы адамдын мурда канаган эмес, бир дагы дүкөн тонолгон жок!

Ал эми ыңкылаптын активисттеринин бири, «Жаңы Кыргызстан» партиясынын Ош облустук төрагасы Керим Макеев санаалаштарынын мээнети кайтпай калгандыгына кыйла тызылдады:

- Ыңкылапты кошоматка кой сойгондор гана пайдаланышты. Дагы эле баягы Аскар Акаедин убагында ичип-жегендер жыргап атышат. Төңкөрүш жүзөгө ашты, бирок талаптарынын бири дагы аткарылган жок.

Бул аралыкта Аскар Акаевдин реформаларын колдогондордун бири, Оштогу «Элим үчүн - элим менен!» коомдук фондунун директору Аманбай Сатыбаев биринчи президенттин тактан куулушун кечирилгис катачылык катары сыпаттады:

- Курманбек Бакиев кыска мөөнөттө бийлигин бир канча жолу узурпациялады. Өзү демократиялык мамлекетте мындай адамды президент шайлоо өтө опурталдуу. Мен, мисалы, Аскар Акаевди өтө интелектуалдуу адам катары эсептеймин. Президентке чейинкисин айталычы. Бакиевдин командасынын, жеке өзүнүн 2005-жылдын мартында Жалал-Абаттагы банкты тоноого катышкандыгы абдан өкүнүчтүү.

Ошентсе да, президент Курманбек Бакиев былтыр Ош жергесине жасаган сапарында 2005-жылдагы март ыңкылабынын акыбети кайткандыгын, беш жыл ичинде өлкөдө стабилдүүлүк толук орногондугун, социалдык-экономикалык багытта чоң жылыштар байкалып жаткандыгын белгилеген.

- 2005-жылдан берки эң чоң жетишкендик, жумуриятта стабилдүүлүк орноду. Жогорку Кеңеш ыраттуу жана жаратман мекемеге айланды. Тышкы саясатта биз өлкөбүздүн жана элибиздин таламын талаша алаарыбызды далилдедик, - деген эле президент Курманбек Бакиев.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Esen каяктан: France
22.03.2010 06:58
Kyrgyzstanda jashagan eldin baary teng ele kyrgyz desh kerek birok tegi bashka bolushu mümkün. Misaly Fransada dele baary teng jarandayk alganda fransuzbuz dep jazdyrat. Turkiyada dele oshondoy. Amerikada dele.

кимден: Аутилек каяктан: Тоо Таш
22.03.2010 02:25
Элдин үмүтү акталбай калбадыбы. Эми дагы бир жолу үмүтүбүз тилегибиз таш каппаса эле болду.

кимден: Кедей каяктан: Кыргыз
21.03.2010 12:24
1990-Ош шаарын кимдер талашып чыкканын жакшы билесиңер. Андан бери канча жыл өттү? Бийлик алмашкандан кийин канча жыл өттү? Чек-ара маселеси тезинен чечилбесе, кайрадан Ошту талашкандар чыкпайт деп ким гарантия бере алат? Оппозицияны күнөөлөбөй чек-араны тактабайсыңарбы? Социалдык Фонддун централдык аппаратындагы официалдуу документтен көргөм, Ош облусунун калкынын 50% тен көбүн Кыргыз эместер түзөт!!! Бул эмне деген сөз?

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)