Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 01:15

Эл үнү

Ош: “Бири кетти Эренге, бири кетти тереңге”

Кыргызстандын түштүгүндөгү июнь коогалаңынан кийин Оштон өлкөнүн башка аймактарына жана чет өлкөлөргө оогондордун саны арбыды.

Ордолуу Оштон кетип жаткандардын саны өсүүдө.
Текст көлөмү - +
Муну журт которгондор калаадагы ири базарлардын жабылышы, жумушсуздуктун күчөшү, ошондой эле коопсуздук маселесинин курч тургандыгы менен байланыштырып жатышат. Ошол эле учурда шаар жетекчилиги кабатырланууга негиз жоктугун билдирүүдө.

Ош шаардык миграция комитетинин билдиришинче, июндагы этникалык кагылышуудан кийин шаардан жыйырма миңдей адам Орусиянын Москва, Красноярск, Екатеринбург, Новосибирск калааларына иш таап, учуп кетишкен. Мындан тышкары унаа жалдап Бишкек аркылуу чет өлкөлөргө жылгандар да бар, бирок алардын так эсеби жок. Орун которгондордун басымдуу бөлүгүн өзбек улутундагылар экендиги маалымдалууда. Орусияга жол тарткандардын бири Рахима Ибрагимова буларды айтты:

- Эми бул жерде жашоо кыйындады. Көчөгө чыксаң эле уруп атышат. Ошондуктан бардыгы Оштон жылганга аракет кылышууда. Албетте мекендештерибиз чекесинен жаман дегенге ооз барбайт. Арасында жакшылары арбын. Ошентсе да өзбектердин аймакта жашоосунун келечеги жок өңдөнүп калды.

Ош шаарынын дагы бир жашоочусу Аксамаай Толкунбекова өзүнүн жана үй-бүлөсүнүн коопсуздугун ойлоп Казакстанга журт которуп жаткандыгын ачыктады:

- Кээ бир аймактар дале коркунучтуу. Киргенде атып, коркутуп аткан экен. Бейпилдикти камсыз этпегендиги үчүн биз бийликтегилерге нааразыбыз. Булар референдумдан кийин тигинин мэрин алмаштырсак, эртең муну которуштурсак деген болбогон жумуштар менен алектенишүүдө. Булардын максаты эптеп тууган-уруктарын жана жакындарын бийликке жайгаштыруу болуп калды өңдөнөт.

Аксамаай Толкунбекова жаңы бийлик эл камын жебестен мурдагы бийликтин жолуна түшүп, коррупциялаша баштагандыгын кошумчалады.

Айрым маектештерибиз Ош коогалаңында талкаланган же өрттөлгөн ири базарлардын жабылышы да жумушсуздукту күчөткөндүгүн, мунун айынан калктын калың катмары, айрыкча жаштар башка өлкөлөргө жумуш издеп көбүрөк агылышкандыгын белгилешти.

Ошто жашаган Чынара Балтабаеванын айтымында, массалык башаламандык учурунда өрттөнгөн борбордук базарда кеминде он-он беш миң киши эмгектенчү. Ушу тапта жергиликтүү бийлик аны биротоло жаап, бул жердеги соодагерлерди шаар чекесиндеги Батыш базарына мажбурлап көчүрүп жатышат.

- Бул жерде жыйырма жылдан бери оокат кылабыз. Ошончо жыл бою шаардын
бюджетин үзгүлтүксүз толтуруп келдик. Эми эч ким менен кеңешип-таңашпастан бизди чилдей таратып жатышат. Менимче, ар жактарга бөлүштүрүшөт экен. Жаңы ордубузду эбак менчиктештирип алышыптыр. 11-июндагы коогалаңда товарларыбыз бүт таланып-тонолуп, өрттөлгөн. Баарыбыз банктарга карызбыз. Бизди эми Батыш кичи районундагы таптакыр шарты жок жайга көчкүлө дешүүдө. Ал жерде кантип отурабыз?


Кыдырып жүрүп шаардагы чакан базарлар демейдегидей эле иштеп жаткандыгын байкадык. Алардын бири – унаа тетиктерин саткан жайга баш бактык. Соода түйүнүнүн башчысы Равшан Мурзаманов буларды айтты:

- Чекесинен ачып жатабыз. Тетик базарынын 80 пайызы иштеп атат. Мурдагыдай четтен бөлүктөр түшө элек, бирок колдо бар болгону сатылууда. Наркын көтөргөн жокпуз. Тополоңго чейинки баасы калтырылды. Мисалы, ТИКО унаасынын дөңгөлөгүн адаттагыдай 1200-1300 сомдон, чоңураактарын жана жаңысын 3 миң сомдун тегерегинде сатып жатабыз.

Ош шарынын вице-мэри Абдырахман Жолдошалиев коомдук-саясий кырдаал турукташып бараткандыгын айтып, калаа тургундарынын дооматтарын четке какты:

- Ош шаарында расмий маалыматтарга таянсак, 260 миң, ал эми бейрасмий булактардын эсебинде 500-600 миң калк жашайт. Улуттук курамына үңүлсөк, кыргыздар элүү пайыздан ашыгыраагын, өзбектер кырк пайыздын тегерегин түзөт. Калгандары жергебизди байырлаган башка улуттун өкүлдөрү. Бүгүнкү күндө элибиз тынчтыкта жана биримдикте жашап жатышат. Массалык түрдө көчүп жаткан эч ким жок. Бирок биздин шаардын тургундары өзбектер жана кыргыздар Орусияга же Казакстанга жылда барып иштеп келишет. Азыр деле ошол процесс кайталанууда. Андан трагедия жана чуу жасоонун кажети жок. Туура, мурдагы жылдарга салыштырмалуу быйыл сыртка агылгандар кичине көбүрөөк болушу ыктымал.

Абдырахман Жолдошалиев айрым дүйнөлүк бир катар уюмдар жана массалык массалык маалымат каражаттары оштук мигранттар туурасында апыртып жазып жатышкандыгына жердештери нааразы экендигин билдирди.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: известняк каяктан: Тверь шаары
31.07.2010 11:35
Айтылып жаткан Мажурум тал Черемушка Шейит добо Карасу кочосу тее 90 чу жылдары эле под сноско тушуп ал жерде жашаган жарандар он адыр тогуз адыр участкаларынан жер берилип окумоттон компенцация алынып буткон болчу Кочуруп кеткиле десе кок беттик менен ушул убака дейре жашап келишкен себеби базарга жакын.Сыйдын да чеги менен болгону жакшы Мелис мырзанын куйуп бышканчалыгы бар .Жайма базар дегенибиз ал жерге ош озгон трассасын туташтыруу копуро салып Шейит добо аркылуу жолду кенейтуу планы мындан он жыл мурун планга киргизилген.

кимден: Байкоочу каяктан: Ош
30.07.2010 11:11
Урматуу Калыс жана Интернационал, экоонордун тен айтканынарда чындык бар.

кимден: Internatsional каяктан: BIshkek
30.07.2010 10:21

кимден: КАЛЫС каяктан: БИШКЕК
Kalis sen kichine oy jugurtup suyloson,mekenin suygon adam ketpeyt deysin,,ish jok bolgondon kiyin ,emne kilsin, uyu-mashinasi-tuugandari orttolgon bolso emne kilsin, oturabersinbi...MAMLAKETTI SUYBOGONDOR MAMLEKTTIN BASHINDA OTURGANDAR..suranich Azattyk ushul pikirimdi chigarip koygulachi...

кимден: Нургазы каяктан: Оруся
30.07.2010 03:05
Урматуу кыргыз элим! Сиздерден суранарым оз элине куйуп, колунан келишинче иштеп жаткан да инсандарыбыз бар. Мейли Акаев мейли Бакиевдин маалындагы кишилер болсун, бизге патриот, оз элин ойлогон эр азаматтар керек. Оштун мэри Мырзакматовдун интервьюларын калтырбай окуймун, бардык айтып жаткан создору туура нерселер. Ош жанырышы керек, афганистанга окшогон махаллалардин кереги жок бирге. Озбектерге эч кандай кысым болбой жатат, бирок, баары аны "Улутчул" деп жамандап жатат. Озубузду сыйлайлы, анан бизди башкалар сыйлашат.

кимден: шордуу элдин баласы
30.07.2010 01:10
Бишкектик Калыска- анда айылдагы кары картандардан болок эчким мекенин суйбойт экен да, менимче бизге эч кандай улуттун кетишинин кереги жок, кайрадан коп улуттуу болгон жакшы, жакшы бийлик, тартип керек

кимден: Джеки Чан каяктан: Ар-жерден
29.07.2010 22:50
Мен тушунбойм, эмне эле ВПлар Мелис акэге асылып атышат? Бул мужик, улутчул болсо дагы ОРДОЛУУ ОШ шаарыбыздын татыктуу мэри жана боло беришине мен тилектеш элем...

кимден: КАЛЫС каяктан: БИШКЕК
29.07.2010 19:22
Кетип жаткандарды кармабаш керек,ата мекенин суйгон адам эч качан мекенинен кетпейт,демек мителер кетип жатышат кандай улуттан болсо дагы.Олкобуз озунчо бир организм болсо ал каросуз калып оор илдетке кабылып жашап келген,тилеке каршы хирургиялык операция жасалып калды,эмф айыгып кетсе болду...

кимден: Кайрат каяктан: Алай. Сарыташ айылы
29.07.2010 19:03
Эми вице-мэрдин созуно эмес мэр Мырзакматовго ишенип болбойт кайактагы тынчылыкты айтып атканын. Ошол эле базарда иштегендерди Мырзакматов озунун "ОШ ТААТАН" соода туйунуно дагы бири западныйдагы жаны базарга суйроп элди эзип бутушту. А айылда жашагандар жана башкалар бугун ошко барыштан коркуп турушат. Ал эми жаны курулат деген уйлору алигиче баштала элек анан каяктагы тынчылык да каяктагы бейпилчилик. Озу бугун чондорго ишенип болбой калды

кимден: Адилет каяктан: Бишкек
29.07.2010 18:33
Бакиев кеткен менен анын жана Акаевтин кадрлары кайра келе баштады. Эл ким учун котрулушко чыкты эле? Роза эже деле баягы Бакивтин жолуна тушуп алды корунот. Реформа жасаганга жондомдуу кишилерди бийлик бутактарына тартуунун ордуна баягы эле жеп-ичкенге тойбогон акаевчи-бакиевчи паракорлор келип отурушту.

кимден: Бекмамат каяктан: Ош
29.07.2010 17:42
Уйлордун кобу эскирип итак эле жаны сала турган болуп калды эле.Эми мамлекет жаны уй-салып берсе жаны уйлуу болуп калышат экен да биздин бир туугандар.Буюрса, жаны жылга чейин биз аларды жаны уйлору менен куттуктайбыз.Олкодо тынчтык болушун каалайм
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2201 - жалпы саны)

Окурман: Замандаштар, "Кыңырак" деген сөз эмнени түшүндүрөт?
Алдынала ыракмат! Толук

Сөз таануу