Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 03:20

Эл үнү

Ж.Жолдошева: Оштогу толкунду эл өзү токтотуш керек

Азыр Ошто кырдаал курч бойдон турат. “Эки элдин ортосундагы мамилени жакшыртуу үчүн кандай аракеттерди көрүү керек?” деген суроо менен “Азаттык” Кыргызстан жана Өзбекстандын ортосундагы достук коомунун вице-президенти Жылдыз Жолдошеваны кепке тартты.

x
Текст көлөмү - +
- Бул жарандар арасында кутумчул иштерди жүргүзүп, араздашууну күчөтүп жаткан адамдарга, күчтөргө каршы кандай аракет көрүлүш керек деген ойдосуз?

Жылдыз Жолдошева: Албетте Оштогу окуя чоң трагедияга айланып кетти. Чындыкты айтышыбыз керек, бул атайын жасалып атат. Азыркы учурда Фурхат айылы тарабында кырдаал абдан курч болуп турат. Оштогу окуяга бир гана ички күчтөр эмес, тышкы күчтөр да абдан ынтызар болуп атканы билинип калды.

Мен кошуна өлкөбүздүн аскери кирип кетеби деп чочуп турам. Ошондуктан Убактылуу өкмөттүн төрайымы Роза Исаковнага, ошондой эле башка мүчөлөрүнө кайрылат элем, тез аранын ичинде Өзбекстан, Казакстандын жетекчилери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүшү зарыл. Эгер сүйлөшүүлөр жүргүзүлбөсө түн киргенде кандай болуп кетет – аны эч ким айта албайт. Ошондуктан Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү тез арада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүш керек.

Экинчиден, «Азаттыкты» бүт дүйнө жүзү угат, ошондой эле түштүктө ким угуп атса, айрыкча энелерге, аталарга кайрылып кетет элем: өзбектер кыргыз досторуңарга, туугандарыңарга, кыргыздар өзбек туугандарыңарга, досторуңарга токтотолу деп айтсаңар. Азыркы ушул толкунду бир эле эл өзү токтотуп алганга кудурети жетет, акылдуу кишилер чочубастан, коркпостон элди ынтымакка чакырса. Андан башка жол жок.

- Сиз бул атайын сценарий менен даярдалган деп айттыңыз. Анын авторлору ким деп ойлойсуз?

Жылдыз Жолдошева: Мен, тилекке каршы, тышкы күчтөр бар деп чочуп турам. Менин өкүнгөнүм, эгерде кыргыз эли бири-бири менен ынтымактуу болсо эч качан улут арасындагы маселелер чыкпайт болчу.

- Эки элдин аксакалдары тарабынан кандай аракет зарыл?

Жылдыз Жолдошева: Азыр аксакалдар эмес, ар бир кыргыз, ар бир өзбек, Ош облусунда жашагандар жоопкерчиликти сезип, өзбек-кыргыз аралашып жашаган айылдар толтура, ошолор бири-бирине кирип “токтотушубуз зарыл, болду” деп айтыш керек. Ошондой эле атайын кызматтар жакшы иштеши керек. Буга жол бербеши керек болчу. Бирок, тилекке каршы, жол берип жиберди. Эми азыр кошуна өлкөлөрдүн президенттери менен сүйлөшүү жүргүзүү зарыл.

- Рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Али каяктан: Кара-Балта
11.07.2010 03:51
Бекер эле Бакиевдерден коруп жатышат...Мен алардын бул кандуу окуяга 100%тиешеси жок деп баса белгилеп айткым келет.Ылайым эле чырдын туйуну адилеттуу чечилишин кудайдан мин мертебе суранам! Ак ийилип бирок сынбайт! Чыныгы уюштуруучулар табылышын каалайм,бирок азыркы окмоттун оюна койсо эптеп эле баарын Бакиевдерге тонкоруп ишти жаап койгулары келип жатпайбы,дагы бир жолу кайталайм,алардын мындай жасоого азыр чамачы чарк келбейт,алар бул окуянын алдында суттон ак!!!Кудай Ош,Жалал-Абаддагы бейкуноо кеткендердин жанын жаннаттан берсин,ал эми негизги уюштуруучулар ак жеринен куйгузуп караланган адамдардын ж-а шейит кеткендердин алдында абийир сотуна тушоору бул дуйнодо болбосо да тиги дуйнодо жооп берери бышык...

кимден: Аза каяктан: Бишкек
21.06.2010 13:38
Жылдыз эже бул коогаланды ким уюштурганын ачык эле айтпайсызбы??? Же кокус бахийлер кайта бийликке келип калышпасын деп аларды аяп жатасыз да ээ?? Чын соз эч качан бузулбайт!! Сиз деле алар мене жакшы эле табакташ болсонуз керек!!!

кимден: БОРООН каяктан: ЭЛ-ЖУРТ
11.06.2010 13:53
Бул адам омурун кыйган Улут-аралык жанжал ото окунучтуу,бул окуя Коншу жакынкы жана сырткы кучтордун пландуу атайын уюштуруусунун негизинде ички криминалитет-жаны байларкучотуп-тутантып,Ош шаарында болуп жатат.Криминал аны оз пайдсына колдонууда!!1990-жылды кайталоону коздоп Кыргыздын душмандары,Кыргыз мамлекетин уратып =кулатууну коздоп жасаган душмандыгы,27-июнда Референдумга каршы уюшулган акция-душмнадык!Бул карасанатайлыкка УБ Окмот,Мвд,АСкер кучун толук пайдаланып,Эки элдин Аксакалдары,жер жердеги лидерлери аркалуу келишим суйлошууменен тез арада тынчтыкка КЕлуусу керек!Бул жанжалга Бахиевдер да отокызыкдар болушууда! К,батыров уюштурган жанжал, Криминал-Черный «Айбек»олтурулушу, ушул окуялар,бытовой коонфиликтер бары биригип бир чынжырга байланган,Улут аралык жанжалды тутантуу максаты!УБ Окмот Катуу,Улут кызыкчылыгында туруп,Бул коогаланды куч мененда,дипломатия мененда басуу керек!КЕрек болсо Ошто Кыргыз Озбек чон аксакал-жаштар биргеликте Жыйын откоруукерек, айыл-айыл кыштактарда жыйын откоруп,тынчтыкка чакырып,араздашкан улут аралык адамдарды жараштырып,Инсиативаны Хизбут _Тахриге алдырбаш керек,Анда эле жанжал ырбап кетпесин!Чек араны катуу кучотулгон режимде кайтаруу керек!Эли _Жерибизде тынчтык болсун!
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу