Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 03:19

Эл үнү

Укук коргоочулар түштүктө штаб түздү

Түштүктөгү кырдаал, укук коргоочулардын аракеттери тууралуу “Азаттыкка” “Жарандар коррупцияга каршы” уюмунун жетекчиси Төлөйкан Исмаилова маек курду.

x
Текст көлөмү - +
- Учурда абал кандай болуп жатат? Жарашуу аракеттери көрүлө тургандыгы айтылган эле. Ушул туурасында айтып берсеңиз?

Төлөйкан Исмаилова: Азыр жарашуу аракети бар. Бирок аз болуп атат, бирок мунун башталганы бизди аябай сүйүндүрүп атат. Кечээ күндөн тарта ар кайсы кичи конуштарда, махаляларда, көчөлөрдө ошондой демилге болуп атат. Бирок бизди тынчсыздандырган нерсе – качкындар үчүн убактылуу лагерь уюштуруш керек. Анткени азыр миңдеген адамдар Жалал-Абад, Ош жактан качып атышат. Коопсуздук маселеси аябай оор турат.

Экинчи жагынан жабык махалялар бар. Ысык күнү толгон-токой өлгөн кишилерди да чыгаралбай атабыз. Азиза Абдрасулова баш болгон 11 укук коргоочу болуп, азыр И.Исаковго кирип, Роза Отунбаева менен кабарлашып, укук коргоочулардан, журналисттерден турган штаб түзүп атабыз.

Өзбек өнөктөштөрүбүз менен бирге махаляларга кирип, гуманитардык жардам көрсөтүп, өлгөн адамдарды чыгарып, прокуратура менен иштеп, маалыматты так берип атабыз. Анткени кыргыз болобу, орус болобу, өзбек болобу коменданттык саатты, мыйзамды аябай жакшы кармашы керек. Тез чараларды көрбөсөк коопсуздук маселеси аябай кыйын болуп атат.

Үчүнчүдөн, окуялар башталганда жер төлөөлөрдүн алдында жабылган адамдар көп, аларды чыгарыш керек. Ошондой практикалык иштерди жасап атабыз. Мына азыр махалялардын ичине жана жабык пунктарды ачканга кетип атабыз.

- Жараштыруу боюнча маалыматты айттыңыз, азыр кимдер жараштыруу иштери боюнча иштеп жатышат?

Төлөйкан Исмаилова: Сүйлөшүүлөр аябай жакшы болуп атат, башталды. Махалялар ачылгандан бери кечке дейре тынчтык орнотуучу топтор болду. Биз азыр баарын айта албайбыз, анткени көп демилгелер пайда болду. Үчүнчү жактан Жылдыз Жолдошева баштаган 300 айым азыр ошол маселелер боюнча чукул тез иштерди жасап, азыр да иштеп атышат.

- Шаарда ок атышуулар токтоп калдыбы?

Төлөйкан Исмаилова: Токтоп калды. Ош бүгүн жакшыраак, түн да жакшы болду. Бирок Жалал-Абадда абал жаман болуп атат. Сузак, Жалал-Абад, Базар-Коргон, Ноокен, Кочкор-Ата жана Маданият, Ташрабат, Өскө, Достук чек араларында абал өтө оор болуп атат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Kyrgyz каяктан: Kyrgyzstan
22.06.2010 12:47
''известные киргизские правозащитники Т.Исмаилова и А.Абдирасулова, которые вчера находились в селе Нариман, сообщали, что когда над селом стал кружить вертолет, люди в панике начали покидать свои дома. Во время побега был убит один житель села. «Многих жителей избили, забирают в милицию под предлогом отсутствия документов, в село подбрасывают наркотики, оружие, - рассказывали правозащитники, - 23 человека (жителей) получили огнестрельные ранения, еще один скончался позже в результате полученных побоев''. (Фергана.ру)

Т.Исмаилова и А.Абдирасулова ушул создору учун жоопкон тартылсын. Силерге окшогон жагалданган кишилердин айынан Кыргыздар басмырланып жатат. Аскерлердин тынчтык орнотуу учун жсаган операциясына силер кантип туура эмес маалыматтарды бересинер? Силердин оюнарча Озбек атуулдардын жашырып сактап жаткан курал жарактарды, кыргыздарга каршы колдонуулары учун албай эле коюш керекпи? Силердин эмненер акыйкатчы? элдин арасын бузбай аскер, милицияны жамандабай уюнордо отургула. Куралдуу кучтордун тынчтык орнотуу ишине тоскоол болгондор жана каршылык корсоткондор жазаландырылышы керек.

кимден: Рашид каяктан: Ош
15.06.2010 01:50
Урматуу Кыргызстандыктар келгиле чек арадагы озубуздун озбектерге гуманитарлык комокторубузду берейли колдон келишинче. Ал жерде аялдар,жаш балдар кемпир-чалдар. Првакацияларга барилбейли. Кудайым озу кубо баарына. Олтургондор озун жазасын тартан бул кундору болбосо башка жактан тартат. Ош,Жалал-Абад forever! Келгиле ынтымакта жашайлы!

кимден: Омка
14.06.2010 21:44
ОШтогу олукторду качан жыйнашат. Роза Отунбаева Ошту бир коруп кетпейсизби? Же коркосузбу, Олгондордун арасында бир туугандарыныз же балдарыныз болгондо эмне кылат элениз?

кимден: Нурила каяктан: Талас
14.06.2010 21:36
Укук коргоо органдарысынарбы, айткыла УО кетсин. Кандуу майдандын авторлоруна жеткиргиле же молдочулук кылып, олгондорго куран окутуп журо берсин, тиги Роза Аманова менен Женишбек токмо акынды ээрчитип алсын. Олгондорго кошок кошуп турат. Ал эми Тундуктор бизге жуз пайыз кошулат деп УО жанылат, кимдин -ким экенин билинди

кимден: Мирлан каяктан: Ош
14.06.2010 21:33
Толойкан эже кызыксыз, мыйзамды убактылуу окмот сыйлабай, колунда бир лозунгу жок ак уйду курал -жарак менен басып алган, мыйзамсыздыкты ушулар УОнор баштап келди. Азырынча мыйзам жонундо оз ачпагыла. Кадыржан Батыров Президенттин уйун, хан ордосун, кыргыздын желегин орттогондо Роза апчениздин патриоттулугу ойгонбогон, эми ойгонмок беле?

кимден: bir bala. каяктан: turkiya.
14.06.2010 21:30
ay KG dosum jakshi eskertuu. birok jıgıp jok kılıp salchuu sın pikirler paydaluu jana taasirduu bolboy kalat kobunese.
punksyanalniy je bolboso atkaruuchu (paydaluu) sin pikir ar dayım jakshi.

bir kemchildikti kordunuzbu anı ondoochu chara da sunushtaniz.
"mahallya debey anın orduna moomınday deniz" dep aytsaniz oshol siz aytkan tuura bolso oshonu koldono bashtashat. konush je ayıl dep sunushtap koyunuz misalı. bul menin oyum kapachilik bolbosun anan.

кимден: KG каяктан: KG
14.06.2010 16:51
''махалялар'' ДЕБЕЙ КЫРГЫЗЧА АЙТСАНАР БОЛБОЙБУ
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу