Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 03:18

Эл үнү

И.Исаков: Оштогу окуялар атайын уюштурулган

Кыргызстандын түштүгүндөгү учурдагы кырдаал, Ош шаарындагы абал тууралуу коргоо министринин милдетин аткаруучу Исмаил Исаков “Азаттыктын” суроолоруна жооп берди.

Коргоо министринин милдетин аткаруучу, Убактылуу өкмөт башчынын түштүк аймагы боюнча өкүлү Исмаил Исаков (ортодо) кыргыз-өзбек чек арасындагы жолугушууда.
x
Коргоо министринин милдетин аткаруучу, Убактылуу өкмөт башчынын түштүк аймагы боюнча өкүлү Исмаил Исаков (ортодо) кыргыз-өзбек чек арасындагы жолугушууда.
Текст көлөмү - +
 - Азыркы мезгилде Ошто акыбал кандай болуп жатат?

Исмаил Исаков: Азыркы мезгилде Ошто акыбал өз нугуна түшүп баратат. Биз мына бул кризистен өткөндөй негиз болду. Көп жолдор жабык болчу, алардын басымдуу көпчүлүгү ачылып атат. Оорчунду жерлерге толук блок постторду коюп, ошол эл милициянын кызматкерлерин көрүп, бизди коргой тургандар бар экен деп Ош шаарынын жарандарында ишеним пайда болгондой шартты түзүп жатабыз.

Күчтөр, техникалар толугу менен жетет. Азыр Ош шаарын, Ош облусун стабилдүүлүккө алып келип, мындан кийин жагдайды жакшы жолго алып барганга толугу менен бардык структуралар күнү-түнү иштеп жатат.

- Демек азыр сыттан күч киргизүүнүн зарылдыгы жок экен да?


Исмаил Исаков: Азыркы күндө биз орус элине, Орусияга өтө чоң ыраазычылыкты билдирип, рахмат айтып коюшубуз керек. Ушундай кырдаалда бизге жардам беребиз дегенде күч пайда болгондой болду эле. Азыр ал жактан келген күчкө муктаж болбой калдык, ошондуктан биз аларга ушундай кырдаалда жардам беребиз дегенине кубанып, ушундай достордон жардам тиерине ишеним пайда болду. Бирок алардан келе турган күч структурасынын кереги жок, бизге гуманитардык техникалык жардам керек, ошолор болсо жакшы болот эле.

- Азыр кээ бир өзбектер топтолуп жашаган айылдарга, кварталдарга кирүү мүмкүн эмес деген маселе болуп атат. Бул маселе кандай чечилип атат?

Исмаил Исаков: Ушундай фактылар бар. Кечээтен бери Ош шаарын алты коменданттык аймакка бөлдүк. Ошол коменданттык аймакта комендантура ачылды, бүт структура ошолордун колунда болот. Ал жерде гуманитардык жардамдарды таратуу пункттары ачылат. Электр жарыгын оңдогонго, телефондорду оңдогонго суу, газ менен камсыз кылганга – ошол структуралар иштейт. Ошондуктан жаап койгон жерлерди ачтырып атабыз. Кудай буйруса, бүгүн-эртең бардык жерлерге барып иштегенге толук шарт түзүлөт.

- Гуманитардык жардамды жеткирүүдө кыйынчылыктар пайда болуп жатат деди эле бул маселе чечилдиби?

Исмаил Исаков: Биринчи күндөн тартып чынын айтканда мындай тажырыйбасы болгон эмес, бийлик тармактарында, жергиликтүү бийлик болобу, таркатуу баарыбыздын башыбызга түшкөн эмес. Ошондуктан башкаруу системасын калыпка келтиргенге чейин чындыгында кыйынчылыктар болду. Аз эле пункттарда ашыргандыктан элдерде ызы-чуу болуп, бирөөнө жетпей калыптыр, бирөөнө бербей коюптур, башкача бөлүп атат деген нааразычылыктар болгон жана болуп жатат. Ошондой шарт чындыгында бар. Бирок алты комендантты, шаардын мэри, мен да айттык квартал же көчө көчө кылып ошол жерде бир нече пункттарды өзү ачыш керек, тактап туруп бергенге аракет кылгыла деген тапшырмаларды алышты.

- Эки элдин ортосунда чагым салган адамдар кармалды, ал жалданган кишилер экен деген сөздөр болду эле. Ошол тастыкталып атабы? Тажикстандагы согушка катышкан адамдар экен деген да сөздөр болду эле?

Исмаил Исаков: Эми туура, ошолордун арасында аткычтар деп такталган адамдар бар, ошол жарандар бар экени маалымат болгон. Бир топ адамдар кармалды, азыр тергөө болуп аткандан кийин аларды толук айтканга менде мүмкүнчүлүк жок, мыйзам мага уруксат бербейт. Баары такталгандан кийин айтылат, азыр тергөө тобу күнү-түнү иштеп жатат. Чындыгында атайын уюштурушкан.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Омега каяктан: Бишкек
09.07.2010 09:17
Ош-Жалалабат кылым жоготуусуна Роза Исаковна башында турган УО куноолуу жана эртели кеч жооп бериштери керек,ансыз арбактардын астында карыздарбыз.

кимден: нация каяктан: кыргыз
18.06.2010 11:52
Бийликке болгон жеке Толук кандуу иштеп жаткан мамлекетти бүлүндүрүп, Кыргыз элин ушундай оор абалга алып келгендиги үчүн Роза Отунбаева башында турган Убакктылуу Өкмөт толугу менен күнөөлүү. Анткени апрель окуясындагы баш аламандык Өзбек улутундагы жарандык коомчулуктун учурдан пайдаланып Автономиялык область болобуз деп баш көтөрүшүнө алып келген. Ал эми мындай көрүнүш ансыз Кыргыз улутундагы жарандык коомчулуктун кыжырдануусун пайда кылган. Мамлекеттик башкаруу системасында тажрыйбасы жок Убакктылуу Өкмөт Кадыржан Батыров башында турган Өзбек улутундагы жарандык коомчулукка бирди сүйлөп, Кыргыз улутундагы жарандык коомчулукка экинчини сүйлө атышып кырдаалдын андан дагы чыналышына алып келген. Буга далил катары Исмаил Исаковдун Кадыржан Батыровду мызам чегинде жоопкерсилик тартат деп жеринде Кыргыздарга тил эмизип, Бишкекке келип кайрадан майлуу креслого көчүгү тийери менен мен эч качан Кадыржан Батыровду кармайм, камайм же Кыргыз элинин алдында кечирим суратам деген эмесмин деп өз жанынын тынчылыгын ойлоп отуруп алышы далил.Убактылуу Өкмөт Кадыржан Батыров башында турган жарандык коомчулукту ийгерип коюш колунан келбегендигинен Кыргыз эли өз жергесинде өз алдынча Өзбек улутундагы жарандык коомчулуктан коргонууга аргасыз болушкан. Натыйжада эки улут ортосундагы кандуу кагылыш болуп мындан бүткүл Кыргыз эли жапа чегип жаткан учур.

кимден: Asema каяктан: Osh
17.06.2010 20:43
Emne uchun chyndykty bilip turushsada achyk aitpaisyzdar nariman,on-adyrda jashagan kyrgyzdardy alyp chykpaisynar kuchtun jetishpegeninen al jaktarga kiralbaisynar alar joldordu beirasmyi tosup alyshkan ushunchalyk kyrgyztan alsyz bele eki tarapty eldeshtiruu natyija berbei jatat ...

кимден: Алтынбек каяктан: Алай
16.06.2010 22:35
Урматтуу Исаков! Бакиевдердин куноолу эмес экенин билип туруп ичинизден ийне жегендей болуп эле иштеп жатасыз. Сиз генерал деген атка татыктуу баарын таразалай билген адамсыз. Куноо
кимде экенин беш колдой билесиз. Атанды олтургонго эненди бер дейт кыргызда. Ушундай капсаланда ханды кечирип эле болгон чындыкты айтып чыкпайсызбы.

кимден: Айгул каяктан: Нарын
16.06.2010 17:02
Генералдар Исаков, Суваналиевдер жеринде иштеп, кырдаал онолот деп ишенем. Андан коро Атамбаев аларга убагында шек келтирди эле, "деревянные генералы" деп.кечирим сурайт болду бекен?
Деги эле Оштук боордошторго конул айтам, сабырдуу болгула. Шейит кеткендерди топурагы торколуу болсун. Кыргыз элим сабырдуу, акылман эл.
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2314 - жалпы саны)

Šaameržem: Erdin baary tyīyn ķuup Žaķželekeī... Ķymķuut.. Abiīir, Suīuu- žöntöktö Yīlamsyraīt tee köktö Ary ... Толук

Сөз таануу