Бейшемби, Февраль 09, 2012 Бишкек убакыты: 01:48

Эркиндик

А. Нейстат: ЕККУ күчтөрү ынтымакты күчөтүүгө оң таасир этет

Эл аралык Хюман Райтс Уотч уюмунун учурда Ошто жүргөн өкүлү Анна Нейстат "Азаттыктын" суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстандын түштүгүнө эл аралык полиция күчтөрүн киргизиш керек, алар ынтымакты жана өз-ара ишенимди күчөтүүгө оң таасир этет деп эсептээрин айтты.

Текст көлөмү - +
- Сиздер Оштогу калабадан кийин кармалгандар кыйноолорго кабылып жатканын эмнеге таянып айтып жатасыздар?

- Акыркы бир апта үчүн биз байкаган маалыматтар тууралуу айта турган болсок, ондогон кармоолор болуп, алардын ичинен бери эле дегенде отузунда тергөө иштеринде мыйзамсыз ыкма колдонулган. Тактап айтканда уруп-сабоо жана кыйноолор болгон. Албетте учурда июнь айындагы кандуу окуяларды иликтөө иштери жүрүп жатат жана бул өлкөнүн тийиштүү органдары тарабынан өткөрүлүшү керектиги талашсыз. Бирок биздин булактарга ылайык, бул тергөө иштери көп учурда мыйзам бузуулар менен коштолуп жатат. Ал эми жанагы биз каттаган отуз иш-аракет бул жалпы мындай көрүнүштөрдүн аз гана бөлүгү. Анткени бизде камоо жайларына кирүүгө мүмкүнчүлүгүбүз жок, экинчиден көптөгөн үй-бүлөлөр алардын жакындары эмне болгондугу тууралуу маалымат берүүдөн кооптонуп жатышат.
Анна Нейстат, Хюман Райтс Уотчтун Ошто жүргөн өкүлү

Ал эми бизди абдан тынчсыздандырганы бул кармалгандардын басымдуу бөлүгүн өзбек тектүү тургундар түзүп жаткандыгы. Бул жүз пайыз ушундай деп айта албайм, себеп дегенде укук коргоо кызмат өкүлдөрү кармалгандардын арасында кыргыздар да аз эмес деп билдиришүүдө. Ошол эле маалда алар кайсыл улуттун өкүлү канча санда кармалгандыгы тууралуу маалымат беришкен жок. Бул түшүнүктүү. Бирок биз алган башка маалымат булактарына, маселен адвокат, юристтердин же ошол эле камактан бошоп чыккандар айткандарына тансак, тергөө операциялары өзбек улутундагы адамдар көп жашаган аймакта жана өзбек тургундарына каршы гана багытталгандай ой калтырат. Андан дагы маанилүүсү кыргыздар көп жашаган бир нече аймактарды кыдырып, силердин араңардан кармалгандар болдубу деп сурамжылоо уюштурганыбызда алар кандуу окуяларга тиешеси бар деп шектелип, бирөө да кармалган жок деп жооп беришти

- Кыргыз болобу, өзбек болобу ошол кармалгандардын арасында чындап эле оор кылмыш жасаган адамдар болушу мүмкүн эмеспи, сиздер ошол жагдайды көңүл сыртында калтырган жоксуздарбы?

- Мен ал кармалып жаткандардын арасында албетте күнөлүүлөр жок эмес деп айта албайм, бар. Буга ишенем, бирок кептин бары алардын кармалышында эмес, аларды кантип, кандай шартта кармап жаткандыгында болуп жатпайбы. Биз өлкө бийлигинин тергөө иштерин жүргүзүп жатканына эч каршылыгыбыз жок. Тынчсыздандырган жагдай - кармалгандардан кыйноо, уруп-сабоо менен көрсөтмө алып жатышкандыгы болуп жатат. Өзүңөр билгендей, жыйынтыгында бул тергөө иштери жана сотто терс таасирин тийгизүү менен бирге, эки элдин ортосундагы чыңалууну күчөтөт.

- Айрым эл аралык маасалык маалымат каражаттары өзбек тилиндеги интернет желелеринде өч алууга үндөгөн жана бул окуяларды кыргын деп таанытууга багытталган үгүт жасоого чакырыктар айтылат экен деп жазып чыгышты. Сиздер алып жаткан маалыматтар да ушундай бир иш-аракеттердин жыйынтыгы болушу мүмкүн эмеспи?

- Биз өзүбүздүн маалыматтарыбызды кандайдыр бир сайттардан албастан маектешкен конкреттүү адамдардан алабыз. Биз тигил жана бул тараптан айтылып жаткан айың кептер тууралуу дээрлик кабардарбыз. Андыктан бизге келип түшкөн ар бир фактыны биз ийне-жибине чейин текшеребиз.

- Анна, мына эми кырдаал ушундай. Бул кырдаалдан чыгуу үчүн сиздин сунушуңуз?

- Менимче, бул маселени чечүүдө бир нече баскыч бар жана алгачкы баскычтагы иштер жасалды. Президент дагы, башкы прокурор дагы кармоолорду жана тергөө иштерин мыйзам чегинде жүргүзүүгө буйрук берип жатышкандыгы бизге жакшы маалым. Бирок тилекке каршы Бишкектен келген мындай буйрук Ошто толук аткарылбай жаткандай. Экинчиден, Кыргызстандын түштүк аймагына эл аралык полиция күчтөрүн киргизиш керек. ЕККУдан жиберилген полиция күчтөрү улуттар аралык ынтымакты жана өз-ара ишенимди күчөтүүгө оң таасир этет. Үчүнчүдөн, июнь коогалаңын иликтөө үчүн эл аралык комиссия иштөөсү зарыл. Ошондо гана чындап күнөөсү бар тараптар кармалып, жазага тартылат деп ишенебиз.

- Рахмат маегиңизге.
Бул шерине жабылды, бирок анын мазмунун "Фейсбуктагы" барагыбыздан (www.azattykplus.kg) андан ары талкуу кыла аласыздар.
Электөө
Пикир
     
кимден: Lola каяктан: lola@mail.ru
16.07.2010 16:28
А ЧТО ВЫ ВСЕ ТАК ИСПУГАЛИСЬ СРАЗУ. ПУСТЬ ВВОДЯТ МИРОТВОРЦЕВ, ВЫ ЖЕ НЕ ВИНОВАТЫ, ЧЕВО ВАМ БОЯТЬСЯ, ЕСЛИ НИЧЕГО ПЛОХОГО НЕ СДЕЛАЛИ, И ПОТОМ ВЫ ЖЕ ЖЕРТВЫ КАК ГОВОРИТЕ САМИ. ВОТ И ВЫЯСНЯТЬ КТО КОГО ОБЪЕКТИВНО НЕ УЗБЕК НЕ КИРГИЗ. И ПОТОМ ВП НЕ СПРАВЛЯЕТСЯ ЖЕ. ТАК ВАМ И НАДО ДВА СОСЕДЯ-БРАТЬЯ НЕ СМОГЛИ УЖИТЬСЯ, ДРУГ ДРУГА НЕ МОГЛИ ВИДЕТЬ ЗАВИСТЬ ВАС ПОЖИРАЕТ. ВОТ И ВАМ СПРАВЕДЛИВОСТЬ БУДЕТЬ! ДЕМКОРАТИЮ АМЕРИКАНСКУЮ УСТАНВОЯТЬ ВАМ, БРАТЬЯ МУСУЛЬМАНЕ.

кимден: МИР каяктан: КЫРГЫЗСТАН
16.07.2010 14:10
АННА НЕЙСТАТ ХЮМАН РАЙТС УОТЧТУН ОШТОГУ ЖУРГОН ОКУЛУНО,СУРОО?? Эмне Озбоктор КЫРГЫЗСТАНДЫН! жаарандары эмеспи? Же алар асмандан туштубу! КЫРГЫЗСТАН жаараны болгондон кийин! МЫЙЗАМГА БАШ ИЙИП ЖАШАШ КЕРЕКПИ!же ЖОКПУ? КЫЛМЫШКЕР!Орус,кыргыз,озбок, уйгур деп! болунбосо керек! КЫЛМЫШКЕРДИН! Терористердин! Дининне,рассасына, улуттуна КАРАБАСА КЕРЕК??? Эмне кылмышкердин жаткан абагы жаман экен кыйналышып жатат экен деп! Терористерге! Беш жылдызду ОТТЕЛЬГЕ мейманканага ЖАТКЫРАЛЫБЫ???

кимден: Арстан каяктан: ОшМУ
16.07.2010 13:32
Р.Отунбаева, Кыргызстанга коопсуздук камсыз кыла албасанар эмнеге бийликте олтурасынар?

кимден: Aika
16.07.2010 09:47
ЕККУнун полиция кучторуно эл жон гана карап турабы? Козуно өөн учурагандарга каршы партизандык иш-аракеттерди башташы мумкун. Эгерде полициячы кучтор бирин-экин кыргызды Афганистан же Ирактагыдай кылып "чагымчыл аракеттери" же "тартипти бузганы" учун атып салса, башка кыргыздардын которулушуно шарт тузот.

кимден: Алай каяктан: KG
16.07.2010 09:16
Менин ойумча жардам бербейт, кайра күчөтөт. Бизге жардам келди деген мааниде түшүнүп алган туугандар шерденип ар кандай партизандык иштерин баштаарына(күчөтүүсүнө) ишенип койгула! Булар биздин УКК иш-аракеттеринин негизинде гана баш көтөрө албай жатышат азыр. Чет элдик күчтөр келгенден кийин кайра чыгып кетүүсү өтө кыйын( МАНАС а/базасы). Инагурация өткөндөн бери президентибиз да дымып калды, элге бир кайрылып койсо болмок...

кимден: Дайыр ОшМУнун студенти. каяктан: Жалал-Абад
16.07.2010 00:49
Урматту кыргыз элим бийликке кимдерди алып келип койдунар? Эгер эл аралык палиция Кыргызстанга кирсе кыргыздарды коргогон кыргыз баатырларынан айрылабыз. Озбектер баштагандан кийин озбектер камалышы керек. Копчулугу чындыкты билбей туруп эле бир тараптуу маалыматтарды берип жатат. Мен жеке озум озбектер урушту баштаганда, ОшМУнун жатаканасынын крышасында жургон досторума жардам бере албай ыйлап отургам.

кимден: актонду каяктан: новосибирск
16.07.2010 00:04
Анна,сиз эн биринчиден биздин элибиздин менталитетин,каада-салтын билбейсиз.Экинчиден,озунуз айткандай фактыга эмес,элден уккан созунузго таянып,жыйынтык чыгарып жатыпсыз.Бул канчалык чындык,аны оз абийиринизге койдук.Бирок,бул факты эмес. Ал эми камалгандар жалан озбектер,кыргыздар айылдарында эле эч нерсе болбогондой журушот деген тыянагыныз эмненин башын кылтыйтууда?..Сизге бир фактыны келтирейин.Июнь трагедиясы болгондун эртеси куну Орусиянын бир катар ири шаарларында озбек атуулдары митинг уюштуруп,бирдей саатта бирдей талап менен чыгышты.Бул эмнени канкуулайт? Бутундой кыргызстандыктардын оозунан келмеси тушуп турганда алар мынчалык активдуулук корсотушту? Сиздин аракеттер ошонун уландысы жыттанып турат...

кимден: Политтехнолог каяктан: Ордолуу Ош
15.07.2010 22:56
ЕККУ күчтөрү Кыргызстанга киргизилсе Роза Отунбаеванын саясий карьерасына чекит коюлат.Олко башкарам деген киши кандайдыр бир олуттуу чечим кабыл алардан мурун бут олко аймагы боюнча жашыруун соц. сурамжылоо жургузуп, анан чечим кабыл алыш керек.Элден маанайын байкабай туруп, жада калса аттуу-баштуу саясатчылар менен кенешпей туруп кабыл алынган мындай чечим олкодогу саясий туруктуулукту камсыз кылууда тескери роль ойнойт.

кимден: Актилек каяктан: россия
15.07.2010 20:41
Дүйнөдө ушулар барган жерлерде ынтымак болуп өнүгүп кеткендерди мен билбейт экем. Билгендер болсо, жазып койсоңор жакшы болоор эле. Афганистан, Ирактарда акыбал кандай болду экен? Менин билейин дегеним басма сөздөгү эмес, чыныгы турмуштагы жашоосун айтып атам. Имиш-имиш эле көбөйүп атат, ушулар бизге келе албай эле атайы таратып атышкан жокпу ошол имиштерди. "Өз өлтүрбөйт, жат жалгабайт"!

кимден: Калыбек Жапаров каяктан: Красноярск
15.07.2010 20:32
1990-жылдагы тополондо дагы орус аскерлери даамдуу жасалган палоолорго алданып, кыргыз элине кысым корсотушкон эле. Ошол сынарындай бул "эларалык Human Rights Watch уюму" дагы палоого тойуп алган эмеспи? Биздин эл озу иликтоо жургузушу керек. Себеби, Кыргызстандын кожойуну - бул Кыргыз эли, Манас-Атанын урпактары. Кожойундан сурабастан, чет жерден аскерлердин киргизилиши баскынчылык катары эсептелет. Роза эжеке кожойун эмес - Кыргыз эли кожойун. Так,что надо спросить у народа.

Онлайн шерине