Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 03:17

Саясат

Оштуктар бир беткей жаманаттылоого каршы

HRW эл аралык уюмунун июнь окуялары боюнча баяндамасы Ошто талаш-тартыштарды туудурду. Жергиликтүү бийлик айрым күч органдары өзбектерге каршы чабуулду кубаттаган деген айыптоолорду четке кагууда.

Оштогу ЕККУнун полиция күчтөрүн киргизүүгө каршы акциядан.
Текст көлөмү - +
Баяндамачылардын айткандарын бир катар жарандар фактыларды бурмалоо, титулдук улутту бир беткей жаманаттылоо катары баалап жатышат. Ошол эле учурда аймакка көз карандысыз комиссия киргизилип, этникалык кагылышуу калыс иликтенбесе, дагы бир жаңжалга жол ачылат дегендер дагы жок эмес.



Human Rights Watch эл аралык уюму жаңы баяндамасында өкмөтчүл айрым күчтөр өзбектерге каршы чабуулдарга колдоо көрсөткөндүгүн белгилеп, кыргыз өкмөтү коогалаңдын себептеринин астейдил иликтенишине анча кызыкпай жаткандыгын сындаган. Мындай пикирге Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын жетекчиси Замир Сыдыков макул эмес.

- Human Rights Watch эл аралык уюмунун докладындагы кээ бир дооматтар чындыкка анчалык коошпойт. Мисалы, айрым күч түзүмдөрү түштүк башкалаасын талкалоого жана талап-тоноого катышкан дешкени карандай калп! Укук коргоо органдарынын, анын ичинде Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери өзүбүз ушул аймакта жашап жана эмгектенип туруп кантип эле аны көрккө бөлөгөн мекеме-ишканаларды жана соода борборлорун талкалайлы. Кичине акылга сыярлык фактыны айтышпайбы. Муну жөн жеринен каралоо десек жарашчудай. Анткени, өзбегиби, кыргызыбы, бардыгы – биздин жарандар. Алардын укуктарын бирдей кароого биз милдеткербиз. Андан башка дагы уюмдар жазып атышпайбы “Милиция адамдарды тандап кармап, зордук-зомбулук көрсөтүп атышат” деп. Албетте, кылмышкерлердин улуту жок. Ошондуктан, биз кандуу окуяларга түздөн-түз тиешеси барларды гана тутуп, суракка алуудабыз. Мамлекетибиздин бүтүндүгүн жана сексенден ашык улут байырлаган эли-журтубуздун ынтымакчылыгын ойлосок, күмөндүүлөрдүн бардыгын кармайбыз. Алар этносуна карабай, кылган аракеттерине жараша сөзсүз кылмыш жоопкерчилигине тартылышат, - деди Замир Сыдыков.
 
Ал эми Кара-Суу районуна караштуу Шарк кыштагынын тургуну Фатимахан Тажибаева тополоң тыйылгандан кийин деле алардын үй-бүлө мүчөлөрүнө карата коркутуп-үркүтүү токтобой жаткандыгын, бирок бул туурасында дүйнөлүк уюмдар негедир кабардар эместигин билдирди:

- Кечээ дагы төрт аскер кийимчен бейтааныш жигит коңшу аялдын үйүнө кирип, катуу коркутуп, бала-чакасы каякта экендигин сураптыр. Кошуналар кыйкырганда гана изин суутушуптур. Ошондон кийин таң аткыча кирпик какпадык. Уулдарыбыздын жана аталарынын көбү коркуп, Орусияга кетип калышты. Деги бизге качан тынчтык орнойт? Бизди ким калкалайт?

Human Rights Watch эл аралык уюмунун баяндамачыларынын билдирүүлөрүн оштук бир катар тургундар фактыларды бурмалоо, титулдук улутту атайылап жаманаттылоо сыңары сыпаттап жатышат. Маселен, “Ош шейиттери” коомдук бирикмесинин төрайымы Турсунай Айтиева дагыле ушундай пикирди карманууда:

Кандуу калабада жүздөгөн үйлөр кыйрады
- Өзбектер бул чабышка айлап-жылдап камданышкан. Анын айынан бейкапар жаткан калк кырылып калды. Ушул кылган жоруктары туурабы, туура эмеспи, дагы бир мээсинен айлантып таразалап көрүшсүн деп аларга кыйлага унчукпадык. Улуттуштарынын үйүлгөн өлүктөрүн көргөндөн кийин гана кыргыздар өзү катылгандарга жооп кайтарбадыбы. Эми минтип сырт жерде туруп алып “андай-мындай” деп акыл айтып, чет өлкөлүктөр башыбызды оорутушпасын! Ошол баяндама жасагандар анчалык акыйкат экен, Ошто эл аралап бир ай жашап көрүшсүнчү? Ошондо чын-бышыгына жетип, урушту ким, качан жана эмнеге баштаганын билишет эле.

Ош облус губернаторунун орун басарынын милдетин аткаруучу Таалайбек Зикиров июндагы жаңжалды иликтеген чет өлкөлүк уюмдарды калыстыкка чакырды:

- Ош окуясынан кийин жарандарды улутуна карап кемсинтүү же куугунтуктоо күчөгөндүгүн билбейт экенмин. Себеби, бийликтин өкүлдөрү мыйзам чегинде ар бир адамдын укугун коргоп жатабыз. Мындайда эл аралык уюмдар кайсыл булактарга таянгандыгы биз үчүн бүдөмүк, бирок алар жалаң жалган маалыматтарды таратып жатышкандыгы эч кимге жашырын эмес. Мисалы, “Чек арасыз дарыгерлер” уюму “Өзбектер мамлекеттик ооруканаларга бара албай жатышат, ошон үчүн жыйырма миңдейин биз дарыладык” дешти. Эми буга ким ишенет? Ошондуктан, кандай гана мекеме болбосун так жана туура маалымат таратуусун каалайт элем.

Ошол эле учурда түштүк аймагына эл аралык көз карандысыз комиссия киргизилип, этникалык кагылышуу калыс иликтенбесе, дагы бир жаңжалга жол ачылат дегендер дагы жок эмес.

- Мен жашаган Ленин көчөсүнөн Рыспай Абдыкадыров атындагы филармония аркылуу тээтигил мечитке чейин катарынан өрттөлдү. Алты адам атып өлтүрүлүп, артынан күйгүзүлдү. Human Rights Watch докладында бул жагын өтө сылык түрдө сүрөттөптүр. Минтип мен жалпысынан кыргыз элин караламакчы эмесмин. Ошентсе да, алардын арасынан чыккан бандиттер жасады бул канабайрамды. Ошолордун бири дагы калбастан кармалып, жазаланууга тийиш! Мына коогалаңды иликтөө боюнча улуттук комиссия уюшулуптур. Анын төрагасы Эркебаевден тартып президент Отунбаевага дейре мени жакшы билишет. Мамлекеттик комиссия жана анын мүчөлөрү реалдуу эч нерсени иликтеген жок, эч кимди сураштырбады, кимдир бирөөлөрдүн айыбын аныктаганга даабай жатат. Ошондуктан, мен буларга таптакыр ишенбеймин! Андан көрө сырттан киргизилген көз карандысыз комиссия, мейли Бириккен Улуттар уюмунанбы, же ЕККУданбы, калыс жыйынтык чыгаруусу абзел. Ансыз биздин өкмөттүн буга кудурети жетпейт! - деди Ош окуясынан жабыркаган укук коргоочу Равшан Гапиров.

Анткени менен жергиликтүү серепчилер Кыргызстан ички маселесин өзү чечүүгө тийиш, эгерде сырткы күчтөр аралашса, этностор аралык каршылашууну ого бетер курчутат деп эсептешет.

Оштогу кандуу тополоң

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
17.08.2010 16:25
"HRW эл аралык уюму жаңы баяндамасынын" жарымын окуп эле калганын окубай очуруп таштадым. Мааниси тушунуктуу. Ар бир "Киргиз" деген создун жанында "погромщик" деген соз коштоп турат. Бул уюмду Кыргызстанга кирип, иликтоо жургузууго озу ким уруксат берди? Дагы канча эл аралык уюм кирип, кыргыз элин жаманатты кылат? Болду, жетишет, мындай эл аралык уюмдарга богот коюу керек. Калайык калк, мындай уюмдар менен озубуз курошпосок, бийлигибиз эч кандай чара корбойт. Ар ким келип, оозуругу бош, каалаган жеринен оттоп, ар нерсени жазып кетип жатат.

кимден: Туугандар!!!! каяктан: Оштон
17.08.2010 14:07
Мен да мына ошол канабайрамдын чак ортосунда журдум. Элибиздин (кыргыз-озбек) пейили, моралы, акыл коронгосу жана ыйманы абдан бузууп кетиптир. Биздин мына ушул бузулуп кеткен жерибизден пайдаланып эми Кыргызстанды болуп жарууну каалаган кучтор каалагандай "ойнотот". Эми биз козубузду туман басып, озубузду оз улутубуздун "баатыры"сымал элестетип, дагы канча ката иштерге жол коебуз?! Болду, жетишет!!!! Козунорду ачкыла, Мусулмандын каны ушунчалык "арзанбы"?

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
17.08.2010 12:48
ушу жада калса озунорду коргоп, силер учун снайпердин огунан корпой куну-туну жургон милициягны да коргой албайсынар! ар кимге жем болуп бутту! эй колдобойсунарбы аларды! мына месе деп карабай койсо кырылыасынар баарынар

кимден: Асангайгы каяктан: Теңиртоо
17.08.2010 12:12
мундай жанды кашайткан жалаанын калип чыгышына өкүмөт менен улуттук коопсуздук тармактарынынн жөндөмсүздүгүнөн улам болду. кылмыш болгон екен ал аймакты чектелген аймак кылып бекитип оштун сырткы дүйнө менен болжон алакасын кан буугандай бууп салып анан апаратсыйасын катуу алып баруу керек болуучу. болгону уруксат берилген кабарлар гана ачыкка чыгарууга уруксат калганада калаймакан ушакты айткандарды катуу тартипке салганда еле бардык маеле чыкбайт болуучу. андай кылууга курбу жетбеген екен мундай дооматтардан кутулуу мүмкүн емес. бул аймаккка калаймакан адамдар менен калаймакан уйумдардын кирип чыгуусуна катуу тыйуу салынат болуучу. кыскасы өкүмөттүн жөндөмсүздүгүнөн аргандай кептер чыгууда.

кимден: Кадыр каяктан: Бишкектен
17.08.2010 12:11
Эй Иса мырза ! Чон Атан , Оз Атан , ата бабан карманган динди сатып башка динге отконун аз келгенсип - Элдин башын оорутканын , Улуу орозо айында туура эмес . Аллах сага ыйман берсин , адашкан жолдон туура жолго салган болсун .

кимден: Ali каяктан: Malazia
16.08.2010 23:25
ОО,Иса!Иса пайгамбар "мен тынчтык эмес,кылыч алып келгенмин"-деп өзү айтып жатса эмне аны бурмалап кайра актанасың?Же Исламдын атын жамынган душман-бузукулардын кылмышынан сен да пайдаланып калайын деп жатасынбы?Андан көрө акыйкат Ислам дининин баалуулуктарын туура окуп түшүнүп алып,аны башкаларга туура жеткиргенге аракет кылсаң боло!Чыныгы бакыттын жана жашоонун акыйкат дини бул -Ислам!Баарыңардын орозоңор кабыл болсун!

кимден: Иса Жусупов
16.08.2010 22:43
Ош согушу азандан башталды. Иса сиздерди сүйөт. Иса кылыч менен эмес, сүйүү менен келди. Эмки келишинде Сот катары каар менен келет. Азыр аны жамандап, кемсинтсе Кудай унчукпайт, бирок келечекте чоң сүйлөгөндөр түбөлүк отко ыргытылат. Иса кылыч менен келбейт.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)