Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 03:13

Эркиндик

20 жыл мурдагы Ош окуясын алдын алса болот беле?

4-июнда Ош окуясына 20 жыл толот. Жыйырма жыл мурдагы улут аралык кандуу окуя кандай негизде башталган? Алдын алса болот беле?

Жалал-Абадда 20-майдагы митинг
x
Жалал-Абадда 20-майдагы митинг
Текст көлөмү - +

1990-жылы Кыргызстанда болгон кыргыз-өзбек жаңжалынын чыгышында ошол кездеги жергиликтүү бийликтердин айыбы арбын деп эсептейт Ош шаарынын тургуну, драматург Абдугани Абдугафуров:

- Алар элден ажырап калган. Элдин арасында болуп, эмнени талап кылып атканын жакшылап билгенде, ага карата сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндө ал окуя башталбайт эле. Кызыкчылыгы бар үчүнчү күчтөр эл ичин бузуп жүргөнүн баамдабай калышты, аларга каршы чара да көрө албай калышты.

Ошол кездерде улут аралык араздашууну күчөткөн деп КДКны – Кыргызстан демократиялык кыймылын айыптагандар болгон. Айрым тарыхый документтерди көз алдынан өткөргөн Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун КДКнын таптакыр тиешеси жоктугун, тескерисинче, бул кыймылдын мүчөлөрүн аралаштырганда кан төгүлбөй калмактыгын эскертти.

КДКнын теңтөрагаларынын бири, ошол кездеги Жогорку Кеңеш депутаты, жазуучу Казат Акматов кыргыз-өзбек жаңжалы үчүн да, КДКга байланыштуу туура эмес маалыматтар үчүн да ошол кездеги Ош облусунун жетекчиси, Кыргызстан Компартиясынын Ош облустук комитетинин 1-катчысы Үсөн Сыдыковду күнөөлөдү:

- Ал кыргыз жаштарына жер бериптир. Бирок өзбектер көп жашаган колхоздун жерин берип салыптыр да. Жаңжал ушундан чыкпадыбы.

Үй куруу үчүн жер талап кылуу, жер басып алуу 1990-жылы Кыргызстандын бирден-бир көйгөйү болгон. Тарыхчы Кыяз Молдокасымов 4-июнда башталган Ош окуясынын болору мурда эле байкалып калгандыгын айтат. Байкалган үчүн ал КДКнын “Майдан” гезити аркылуу Кыргызстандын жетекчилерине: “Улут аралык араздашуулар болбойт деп кепилдик бере аласыздарбы?” деп суроо койгон экен.

Демек Ош облусунун эле эмес, республиканын, тактап айтканда, Кыргыз ССРинин жетекчилиги да айыпкер. Бул ойду Казат Акматов да бышыктап, Ош окуясынан эки ай мурда Ошто жашаган өзбек улутундагы көрүнүктүү адамдар өзбек автономиясын сурап, өзбек тилин мамлекеттик тил кылууну сурап ж. б. 20 чакты беренеден турган кайрылуу кат менен Кыргызстан КП БКнын 1-катчысы А. Масалиевге кайрылышкандыгын маалымдады. Бирок, К. Акматовдун айтуусунда, ага өз убагында жооп берилген эмес, түшүндүрүү иштери да жүргүзүлбөгөн. Ал турсун кат эмнегедир Өзбекстанга чейин жеткен.

Тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун пикиринде, Ош окуясы – Кыргызстандагы демократиялык кыймылдарды тизгиндөө максатында Москва тарабынан уюштурулган дегенге да негиз бар.

Ош окуясын азыр майдалап эскерүүнү туура көрбөгөндөр да көп. Ар дайыма аны сабак тутуп гана жашашыбыз керек, дейт Ош шаарынын тургуну, мусулман дин ишмери Садыкжан-кары Камалиддин.

Ош окуясында жүздөгөн адамдардын өмүрү кыйылган.

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Оштук жигит каяктан: Ошингтон
31.05.2010 20:22
Раматылык Баяман акемдин козу тирууболгондочу.....
Жалал-Абад,Ош,Кара-Суу балким Баткенда кирип калар беле. Ушул шаарларыбызды карап биринин башы которулбойт эле. Суйлогонун акырын жерге отургузуп коёт эле. Раматылык Баяман акени Кыргыздын идеалы катары корсо болот.
Баяман аке жаткан жериниз жайлуу, топурагыныз торко болсун.

кимден: Оштук жигит каяктан: Ош
31.05.2010 20:12
Кудайым озу сактасын согуштан.
Чындыгы айтсам мен окуганжокмун эмне деп жазылганын.
Билесинерби Акаев заманында Ош шаарынын УСМ аялдамасынын артына Исхак Раззаковдун эстелиги курулган. Ошондо Акаев келип лентасын кыркып суйлогон. Ошондо кыргыз-озбек согушун суйлогондо элдин кыжыры келген эми зорго унутуп баратсак согуш тууралу суйлойт деп.
Ошол жылдары кыргызы да озбеги да кырылган жаллан жаш балдар эле. Ал кимге кереги бар эле.
Туура илгертен бери озбек, кыргыз болуп жашап келгенбиз.
Эгер мен маршруткабы же таксидеби туугандарымдын Шералиси ырдап атса мен шаферге айтам очур же башкага кой деп. Алар мени туура кабыл алышат.
Ким жазмакчы биз мусулманбыз. Аларда да куно жок что Кыргызстанымда торолгонуно. Алар озбек болгону менен Кыргызстандык. Так что ынтымакта жашайлы туугандар!!!!!!!!

кимден: Мусулман каяктан: Киргизистон
30.05.2010 22:09
Ассаламу алайкум Урматту Кыргыз жана Узбек тугандарим силерге адам тан калат эмнениле талашватасинар бу киргизистан бардигивизге жетет силер андай мандай деб суйлойвермесден андан куро бир биринерди киииичине болсодо сийлагилачи саарттан бери биринг бирингерди хакарат килватасингар!!! эй туугандарим биздерди ата-бабалар бир болгон ушул нерсени унутпагила. бирингер бишкекди тарихин уки десенгер бирингер узбекистандаги кыргыздар акида суйлосонгор эй анадй эмесде бул жерлер килерден калбади бизденде калат биз ушунтуп пикирлеверсек балдаривиз эртенг бири бирине душмон булиб чунгойвойви бизди ата энелер бизге ушул нерсени жаштикдан уктуруп келгенде азыр ушунчалик болмок меле...!!! келгила баривиз жакши жашаватавиз андан куро жакшиликке кетели жаманликтен пайда барви албетте жок!!! мен узи узбекман мени дустларимни 90 фаизи кыргыз балдар бизде Кудайга шукр бундай суздор жук Алхамдуллиллах. а кечиресингер бирдекени айтишни унутупмин! бизга хеч кандай афтономияни кераги йук бизга тинчлик булса хукматни Кыргыз туганларимиз бошкарса булади чунки бу юрт Кыргыз элини юрти...биз энди шу ерда тугилганмиз буни тугри тушиниш керек биз узбекистондан кеволганимиз йук!!! нима килайлик узбекистонга борсак кыргызсан дейди бу ерда булса узбексан дейди ахир хамма ерлар Аллохникику биз Кыргыз хам бумайлик Узбекхам бумайлик биз Мусулмон булайлик!!!!!!!!!!!!!!!

кимден: Калыс каяктан: РФ
29.05.2010 21:47
эми кыргыз айколсун, кайсы базарга барсан озбектин ыры башынды оорутат. Ушуну басып койгон бир азамат жок, менин колумдан келбейт... Бугун жазып эле атам, жазып эле атам, жаман корбогуло. Чыныгы кыргыз болгондо мындайлар жазылбайт эле...

кимден: улутчул
29.05.2010 15:22
кыргыз эли жөн эле май көлбүз да, ушунчалык акылсызбыз.өзүбүздү өзүбүз жейбиз, башкалардын бизге арстан болуп атканына көңүл бурбастан жүрө беребиз. эгер тез арада туура саясат жүрүзбөсөк, жаман эле болот

кимден: Узбек каяктан: Ош
29.05.2010 15:03
Шериненинг башында пикр билдирген Кыргыз "кыгыз жеринде жакшы жашап туруп эми бийлике чейин барыбыз тен укуктуу болобуз дегени туура эмес" деп жазыптыр. Эмне озбектер 2 чи сорт адамбы кыргыз менен тен укукту боло албайт? Же Азаттык радиоси мекенчилдерге, улутчулдарга эмес, атайын ошондой улутчулерге (нацисттерге) пикр айтууга укук бере турган радиога айланып баратабы? Кыргыз, билбесен билип кой: Кыргызстан ошол жерде жашаган озбектердин дагы мекени. Билбесен Большая советская энциклопедиянин Бишкек деген жерин окуп корчу, болбосо интернетте Бишкек жана Ош тарихи жонунда малыматтардды издеп корчу, ошондо билесин озбектер Кыргызстанга кандайча эмгек корсотуп койгонун, анан Бишкек, Ош, Токмок кантып курулганын.

кимден: Улутчул Кыргыз каяктан: Ала Тоо
29.05.2010 11:18
Чек-ара иштерин тезинен буткоруп, анан олкобуздогу башка улуттардын Кыргыздарга интеграция болуу процесин башташыбыз керек.Аларды алдап-соолап озубузго синире башташыбыз керек.Алар барып барып оздорун Кыргызмын дей башташ керек.

кимден: Дагы мен каяктан: Бишкек
29.05.2010 11:17
Оштон Мен туура айтат.Кыргызстанда титулдук улуттун окулдору бийлейт.

кимден: кыргыз
28.05.2010 19:32
мен айтат элем ош окуясын атайлап чыгарышкан себеби
Масалиев Апсамат Масалиевди жумуштан алыш керек болчу мүмкүн
Россия да киришкен чыгаар.

азаттыкка рахмат

кимден: Мен каяктан: Ош
28.05.2010 11:03
Кыз боозуп энесин коркутат деген кеп бар озбек туугандар тынч болгула. Туркияда 15 милион курд эли автономиясы жок мамлекеттик тили жок тынч эле жашап жатышат. Силер болгону 1 миллион элсинер, экономикалык жактан жакшы жашайсынар. Дагы эмне керек.
Жалпы 2 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)