Шаршемби, Май 23, 2012 Бишкек убакыты: 03:13

Илим, билим берүү, IT

Ош: 74 жаштагы студент быйыл окуусун аяктады

Батыр Жалиев өзүнөн дээрлик 51 жаш кичүү улан-кыздар менен жогорку окуу жайын аяктап, эң улгайган студент катары Кыргызстандын тарыхында калды.

Мултимедиа

Үндү жүктөө
Текст көлөмү - +
"Азаттык": - Батыр аксакал, саламатсызбы? Биринчиден, мамлекеттик сынакты ийгиликтүү тапшырышыңыз менен куттуктайбыз! Бааларыңыз кандай болду?

Батыр Жалиев: - Рахмат. Бааларым тууралуу айтсам, окууну бүткөнчө бардык эле сабактардан «эң жакшы» деген баа алдым. Ошого жараша дипломдук ишимди да өтө тыкандык менен жазып, тынбай окуп, аягында аны да бешке тапшырдым. Эми дипломумду күтүп жатам. Шайлоодон кийин беришет окшойт.

"Азаттык": - Айтсаңыз, кандайча жашыңыз жетимиштен ашкандан кийин студент болуп калдыңыз?

Батыр Жалиев: - Өзүңөргө белгилүү, биз Советтер Союзу учурунда окуп, сүрөтчүлүк адистигин бүтүргөнүбүз менен орто билимдүү болуп калганбыз. Анан дагы бир максатым бизге окшогон улгайган адамдар окуса балдарга, жаштарга таасири тийеби деген ой. Себеби жаштар "ушул 75ке таяп калган кишилер окуп жүрсө, биз эмне кылып жүрөбүз" деп намыстанабы деген ой. Билим алуу, окуу өзүнчө бир касиет экен. Мындан өткөн кызыктуу турмуш жок. Окууну дагы улантсаң болот, бирок бизге ылайыктуу окуу калбай калгандай. Жаш балдар-кыздар менен окудум, неберелерим менен тең.
Сүрөтчүнүн кол өнөрчүлүгү

"Азаттык": - Сабакты көп калтырган учурларыңыз болбодубу?

Батыр Жалиев: - Жок. Тескерисинче такай сабакка бардым. Мен барган сайын бардык студенттердин да кызыгуусу артып жатты.

"Азаттык": - Батыр агай, өзүңүз "неберелерим менен тең балдар-кыздар менен окудум" деп белгилеп өтпөдүңүзбү. Ошолор менен студенттик күндөрүңүз кандай өттү?

Батыр Жалиев: - Чындыгында алар менен окуштун, замандаш болуштун өзү кызык болду. Алардын түшүнүгү башкача, меники башкача дегендей. Бирок баары бир алар билгенди үйрөнүшкө аргасыз болдук да. Алар менен үйрөнүштү, мен алардан үйрөндүм. Бирок намыстанып жүрүп алар менен барабар эле окудум.

"Азаттык": - Дал ошол курсташтарыңыздын, досторуңуздун же үй-бүлөңүздүн сиздин студент болушуңузга көз карашы кандай болду?

Батыр Жалиев: - Үй-бүлөм каршы чыккан жок. Жоро-жолдошторум айтышты «Батыр, сен кыргыз эл сүрөтчүсү болсоң окуп эмне кыласың?» дешти. Кээлери "окууну бүтсөң эле сага көп айлык төлөчү иш бар бекен" дешти. Мен "окуш керек, баары бир окуш керек" дедим.

"Азаттык": - Сиз деле билет болушуңуз керек, ЖОЖдордо экзамен убагында «акча сунуштамай, пара бермей» өнөкөтү бар го. Ушул өнөкөттү сиз да башыңыздан өткөрдүңүзбү?

Батыр Жалиев: - Мен окууну бүткөнчө пара бергендерди такыр көрө албай койдум. Атайылап карап жүрдүм, параны кантип беришет экен, мугалимдер кантип алышат экен деп. Көргөн жокмун. Угуп калам, ошондой жөрөлгө бар экенин. Эми жаштарыбыз окуй албай пара берип, ошентип бара берип эптеп жүрүшсө бул деген окуу эмес да. Ал деген окуу жай эмес.

"Азаттык": - Көпчүлүк окурмандар таң калса керек, "74 жаштагы адамга диплом алуу зарылбы?" деп. Эми, алган дипломуңуздун сизге кандай пайдасы тийет?

Батыр Жалиев: - Биздин мусулманчылыкта ушундай да, пайданы гана көздөйбүз. Дипломумдун балдарыма, неберелериме, элге пайдасы тийет. Иште же башка жакта айтып калышчу мени, бул киши орто билимдүү да деп. Эми "жогорку билимдүүмүн, жогорку маалыматтуу" деген сөздүн өзү мага чоң жетишкендик. Жаштар ушуну эч качан эсинен чыгарбашы керек.
74 жаштагы студент небереси менен 

"Азаттык": - Батыр агай, сиз улгайганда студент болуп, студенттик турмуштун баркын жакшы билсеңиз керек. Азыркы студенттер сиздин купулуңузга толобу? Көз карашыңыз кандай?

Батыр Жалиев: - Союз ыдырагандан бери биздин көпчүлүк жаштарыбыз четке кетип калышпадыбы. Алар ал жактан көбүрөөк акча табып, окууну эч ким барктабай калды. Алар ойлошот "окубасаң деле машине аласың, үй аласың" деп. Бирок акыркы учурда билимдүү, илимдүү болбосоң иш табышың кыйын болуп калды. Ишке албайт билимсиздерди. Анан окуусуз, билимсиз болсоң турмуштан эч кандай ырахат ала албайсың! Менн окуп жүргөндө кээде жаштарга капа болуп кетчүмүн. Сабакка аябай кызыгып, бүгүн бир жакшы нерсе үйрөнөлү деп барсаң, аудиторияда бир дагы студент жок болуп чыгат. Өзүң каласың. Анан ойлоп, "мейли бүгүнкүлөр мындай болсун, эртеңкилер балким жакшы окушар" деген үмүт менен жүрө берчүмүн.

Аз күн мурда эле экзамендерин жалаң бешке тапшырган 74 жаштагы Батыр аксакал быйыл Ош технологиялык университетинин «Декаративдүү колдонмо чыгармачылык» адистигин аяктап жатат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Гулбурак каяктан: Ноокат району
31.07.2009 16:25
Баатыр аба ала турган дипломуңуз майлуу сүттүү болсун. Ийгилик сизге.

кимден: Айпери каяктан: Германия
30.07.2009 12:46
Баатыр аба, сиздин эмгегиңизге таазим, алган дипломуңуз кут болсун! Туура айтасыз, акча берип, эптеп эле дипломдуу болгон жаштар кийин жумуш таба албай, тапса да өз ишин мыкты билбей жатпайбы. Сизге ийгилик каалайм!

кимден: Mars каяктан: New-York
30.07.2009 06:38
Salamatsyzby Baatyr agai? birinchiden jogorku biliminiz, diplomunuz kut bolsun!!! Kyzgyzda bir makal bar go "Bilim aluu, iine menen kuduk kazgandai" dep elibiz bekerinen aitpasa kerek, jashynyz bir topko baryp kalsa da talykpai bilimge berilgeninizge dank. Siz Kyrgyz elinin akylduulugun, bilimdyylygyn danazalapsyz, sizdei agailar arabyzda arbyn bolsun. Omyrynyz uzun, den-soolugunuz chyn bolup myndan ary da Kyzgyz eline talykpai emgektene berin.

кимден: Алыбай каяктан: Бишкек
30.07.2009 03:43
Батыр аке, сизди чын жүрөктөн куттуктайм. Дипломуңуз кут болсун. Сизге окшогон инсандар аз. Сиз кыргыз жаштарына үлгү болдуңуз.
Терең урматтоо менен
Алыбай

кимден: Abdusattar каяктан: Turkıya
27.07.2009 14:21
Baatir ake diplomunuz kuttuu bolsun,ilim aluunun maaniluu ekenin dalildep jashtarga chon ornok boldunuz.Kuday uzun omur bersin.

кимден: Zarina каяктан: Melbourne
27.07.2009 07:42
Batyr aksakal, diplomunuz kut bolsun! Jashtar sizden ulgu alish kerek. Sizge iygilikter.

кимден: adecaz каяктан: Turkia
27.07.2009 02:32
Батыр ата күчтүү бала экенсиз. Сизди чын жүрөктөн куттуктайм. Дипломуңуз күлүк болсун. Тилегим мыкты кесип ээси болуп Кыргызстандын керегине жараган жигиттеринен болуңуз. Сизге окшогон инсандар аз. Сиз кыргыз жаштарына үлгү болдуңуз деген ойдомун. АЗАМАТ экенсиз. Азыркы жаштар окушпайт. Билимдүүлүк деңгээли барган сайын төмөндөп баратат. Аны жогорулатыш үчүн сизге окшогон күчтүү инсандар бизге дем-күч берет деген үмүттөмүн биздин өлкөгө. Терең урмат менен
adecaz

кимден: Арген каяктан: Москва
26.07.2009 17:51
Баатыр аксакал сиз тайатаман да улуу экенсиз, сиз просто супер аксакалсыз!!!

кимден: Cherikchi Baatyr каяктан: Tokio
25.07.2009 19:11
Myndaj korunush Zhaponijada qadimki ele nerse, Azyrky zhapon prefekturalarynyn birinin akimi zhe gubernatoru 50 zhashynda univerdi buturup anan shajloonu utup aldy. Higashi Kokubaru degen insan. Andan syrtqary 82 zhashynda, 60 zhashtagy studentter meni menen dele oqushat

кимден: Лариса каяктан: Жалалабад
25.07.2009 10:59
Батыр агай, чындап эле бизди ойгото койдуңуз. Мен сиз жөнүндө үй-бүлөмө, досторума айтып бердим.
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине